Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:51

Москвада мигранттар жашаган жатаканада өрт чыкканы кабарланды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Москвада борборазиялык эмгек мигранттары жашаган жатаканада өрт чыкканын «Озоди» радиосу кабарлады. Маалыматта айтылгандай, кырсык 17-майда «Новые Черемушки» метро станциясынын жанындагы аймакта болгон.

Жатаканада Тажикстандын жана Кыргызстандын жарандары жашап жатканы, алар ошол жерде иштеген эмгек мигранттары экени кабарланды.

Адамдар жабыркаганы тууралуу маалымат жок, алар документтеринин баары күйүп кеткенин айтышты.

Кырсыктын чоо-жайы боюнча териштирүү жүрүп жатат. Жатаканада канча киши жашаганы тууралуу маалымат жок.

Москва полициясы, эки өлкөнүн расмий бийликтери окуя тууралуу азырынча маалымат берише элек. (RK)

XS
SM
MD
LG