Линктер

ишемби, 16-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 15:01

Орусиялык чыгаан археолог жана кыргыз таануучу, тарых илимдеринин доктору, профессор Юлий Худяковдун 70 жылдык мааракеси тууралуу тарыхчынын блогу.

Азыркы тапта кыргыз тарыхын иликтеш үчүн Евразиянын кокту-колотторунан бери ээн-эркин кыдырып, ал түгүл кыргыздарга таандык болбогон тарыхый инсандардан бери “менчиктештирүүгө” далалат кылып жаткан замандаштар четтен чыгат.

Ал эми 1980-жылдардын башында Кыргызстан Компартиясынын идеологиялык жетекчилиги астында Кыргыз ССР Илимдер академиясынын тарых институтунун “лөктөрү” Энесай Кыргыз каганатынын тарыхынан ачык эле баш тартышкан. Ал түгүл “кыргыз” этностук аталышы жөн гана башка курам эл тарабынан “көчүрүлүп келген” дегенге чейин жетишкен. Бул ошол учурдагы маскөөлүк хакас профессору Леонид Кызласовдун “байыртадан эле хакас эли болгон, теңир-тоолук кыргыздардын Түштүк Шибердеги хакас мамлекетинин тарыхына эч тиешеси жок” деген жоромолуна дээрлик үндөш эле. Ал кезеңде буларга каяша айтчу адисти табуу кыйынга турчу.

Юлийдин ата-энеси Сергей жана Ирма Худяковдор.
Юлийдин ата-энеси Сергей жана Ирма Худяковдор.

Дал ошол кыйчалыш учурда байыркы жана орто кылымдардагы бирдиктүү кыргыз тарыхын өз илимий эмгектеринде тастыктап, теңир-тоолук кыргыздар да Энесай Кыргыз каганатын негиздеген элдин урпактары деп белгилеп, орус адабиятында “киргиз” термининин ордуна ырааттуу “кыргыз” деп жазып, кыргыздын аскер өнөрү өз доорундагы Борбордук жана Ички Азиядагы өнүккөн өнөр болгонун саймедирлеп жазып чыккан адис – новосибирскилик жаш археолог Юлий Сергеевич Худяков болду.

"Жаш археолог". Ирма Геккер-Худякова бул сүрөттө уулу Юлийди тарткан. 1972.
"Жаш археолог". Ирма Геккер-Худякова бул сүрөттө уулу Юлийди тарткан. 1972.

Анын өмүр таржымакалы тууралуу көп эле жаздык, тек гана мурдагы макалаларыбыздын бирине шилтеме бере кетелик да, быйыл 8-декабрда 70 жылдык торколуу тою белгиленип жаткан устатыбыз Юлий Худяковдун кыргыз таануудагы салымдарынын айрымдарын гана эскерте кетелик (ал Евразиядагы көптөгөн калктардын археологиясын жана аскер өнөрүн, этностук-маданий карым-катнаштарын терең иликтеген; бул чакан макалада анын башка өңүттөрдөгү ири салымдары жөнүндө токтолуп отурбайбыз).

Юлий Худяков VI к. – XIII к. башындагы Энесай Кыргыз каганатынын тарыхынын бардык баскычтарын иликтеп, бул каганатка таандык археологиялык жаңы жана орчун маалыматтарды Шиберде, Монголияда жана башка аймактарда ырааттуу жүргүзгөн археологиялык казууларынын жүрүшүндө таап, илим чөйрөсүнө эч маалкатпастан тааныштырды. Ал, ошондой эле, "кыргыз аскер өнөрү” деген илимий түшүнүктү Евразия археологиясы жана курал-жарак таануу, аскер өнөрү тарыхы тармактарына эң жогорку деңгээлде киргизүүгө жетишти.

Академик В.В.Бартольд (Wilhelm Barthold).
Академик В.В.Бартольд (Wilhelm Barthold).

Ал 840-925-жж. аралыгын камтыган Улуу Кыргыз каганаты доорун академик Василий Владимирович Бартольд (немисче Wilhelm Barthold; 1869—1930) “Кыргызское великодержавие” – “Улуу Кыргыз дөөлөтү” деп мүнөздөгөн бааны тайманбай тастыктап, дал ушул доор орто кылымдардагы кыргыз тарыхынын жылдызга кол сермеген сааты болгон деп чыкты. Бул аныктамага кыргыз айдыңдары (Түгөлбай Сыдыкбек уулу, Чыңгыз Айтматов, Өмүркул Караев, Имел Молдобаев, Кеңеш Жусупов, ж.б.) өзгөчө маашырланса, ал эми компартиялык идеологиялык чийинден чыкпай жүргөн ал кездеги илим бюрократтары бул бааны кыртышы сүйбөй кабыл алышкан.

Юлий Худяков кийинки иликтөөлөрү аркылуу байыркы хун доорундагы кыргыздар Чыгыш Теңир-Тоодо, анын ичинде азыркыга чейин Манас дарыясы деп аталган дарыяга жакын тоолуу аймактарда байырлаганын байыркы ханзу жазма булактарындагы топонимдик маалыматты жаңыча локалдаштыруу (жер-суу аталыштарынын нагыз ордун табуу) аркылуу тастыктады.

Чынында да, профессор Ю.С.Худяков калыс белгилегендей, чыгыштан чапкын жасаган аварлар (жужандар) кысым кылган чакта, айрым түрк уруулары Чыгыш Теңир-Тоодон Алтайга чейин көчүүгө мажбур болгон. Алар кийин, VI кылымда Улуу Түрк каганатын негиздешкен. Ал эми алардын тарыхый коңшулары – чыгыш теңир-тоолук кыргыздар Алтайдын чыгышына – Энесай ойдуңуна ошол эле маалда журт которушкан жана VI кылымда Түштүк Шиберде өз мамлекетин калыбына келтиришкен.

Этностордун же алардын бөлүктөрүнүн мындай ири аймакка журт которгон учурлары тарыхта буга чейин да (хундардын Европа чордонуна чейин сүңгүшү), мындан кийин да (кыпчактардын оболу Алтайдан сүрүлүп, акыры алардын кайсы бир бөлүгүнүн Балканга жана Мажарстанга, ошондой эле Түндүк Африкадагы – Мысырдагы мемлүк султандыгына чейин жетиши, ж.у.с.) орун алып келген.

КЭРдин Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусунун Улуу-Чат шаарындагы Манастын айкели. 08 .7.2014.
КЭРдин Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусунун Улуу-Чат шаарындагы Манастын айкели. 08 .7.2014.

Ю.С.Худяковдун бул жоромолу “Манас” эпосунун өзөккү окуяларынын бирин да тарыхый жактан аңдоого мүмкүндүк берет: эки миң жылдан мурдагы тарыхый окуялардан бери көркөм чагылдырган бул эпосто кыргыздар бүткүл Борбордук жана Ички Азияда чачылып калганда, алардын Алтайга чейин сүрүлгөн бир бөлүгүнүн журт башчысы хан Жакыптын жалгыз уулу Манас акыры тарыхый атажуртуна – Теңир-Тоого, анын ичинде Таласка кайрадан көчүп келет эмеспи (жаңыдан эмес, кайрадан келет, кайтып келет жана мындагы кыргыздарга кайрадан кошулат). “Манас” орденинин ээси, профессор Ю.С.Худяков да өз эмгектеринде “Манас” эпосунун мол маалыматтарын ырааттуу пайдаланып, бул чыгарманы эл аралык коомчулукка даңазалап келди.

Юлий Худяков өзүнүн досу жана кесиптеши Астайбек (Виктор Яковлевич) Бутанаев менен кошулуп да Шибердеги кыргыздардын кийинки тарыхы боюнча эмгектерди жаратып, орто кылымдардын соңундагы Шибер кыргыздарынын улустарынын тарыхы жана этностук өнүгүшү боюнча да илимий жана илимий-жамаагаттык усулдар менен баяндап келди.

Профессорлор Юлий Худяков менен Астайбек (Виктор) Бутанаев. Бишкек. 18.4.2017.
Профессорлор Юлий Худяков менен Астайбек (Виктор) Бутанаев. Бишкек. 18.4.2017.

Профессор Ю.С.Худяковдун археолог Леонид Кызласовдун бурмалоолоруна каршы өз учурунда жана ырааттуу жазган калыс, так, даректүү жооптору да кыргыз тарыхнаамасында өзгөчө орун ээлейт. Дал ушундай илимий жооптордун негизинде Орусиянын түркология илиминде тар улутчул кызыкчылыкка жетеленген кызласовдук бурмалоолор четке кагылган.

Устат катары да Юлий Сергеевич кыргыз шакирттерине 1989-жылдан тартып талаа шартында көмөк кылып келүүдө. Ал жылы Кыргызстан Жаш Тарыхчылар жамааты уюмунун демөөөчүлүгү менен уюштурулган жана жаш археолог Кубатбек Табалдыев жетектеген археологиялык экспедицияга Ю.С.Худяков алгачкы ирет устат катары катышкан, кийин болсо Кубат Табалдыев, Ороз Солтобаев сыяктуу археологдор анын жолун жолдогон шакирттери болуп калышты.

2012-жылдан тартып Кыргыз Президентине караштуу Тарых илимин өнүктүрүү боюнча комиссия Кыргыз, Карахандар каганаттарынын жана түрк мамлекеттеринин археологиясы, этнографиясы жана саясий-маданий тарыхы жаатында жыл сайын эл аралык илимий жыйындарды уюштуруп келүүдө. Юлий Худяков өз шакирттери менен кошо бул жыйындарга үзбөй катышып, кыргыз таануунун көйгөйлөрүн эл аралык деңгээлде изилдөө жаатында прагматикалык сунуштарын жолдоп келет.

Жалпысынан, ал кыргыз тарыхын эл аралык кеңири илимий коомчулуктун кызматташтыгы аркылуу иликтөөдө данакер айдың болуп келди.

Юлий Сергеевич өзгөчө жупуну, эч качан көйрөңдөнүп мактанбаган, ар дайым маектешинин пикирин уга билген, өзүндөгү илимий саамалыктарды айтуу аркылуу башка кесиптештерин кыргыз таануу жаатында салым кошууга тымызын шыктандыра алган педагог инсан.

Археолог, профессор Кубатбек Табалдиев. 28.1.2012.
Археолог, профессор Кубатбек Табалдиев. 28.1.2012.

Шакирти Кубаттын айтымында, археологиялык казуулар учурунда ал эч тыным албастан иштеп, башкаларга өрнөк көрсөтөт (кээ бир “мырза чалыш археологдор” башкаларга “тигини же муну казгыла” деп коюп, өздөрү кымыз уулап, аңчылыкка чыгып, же көл жээгиндеги кумга кактанууга кетип калган учурлар болгонун жаш адистер аңыз кылып айтып жүрүшөт).

Башкалар үчүн көмүскө болгон жагдай – профессор Юлий Худяков Орусия Федерациясынын илимий гранттарын жана Батыш Шибердеги А.С.Попов атындагы радио ишканасы сыяктуу компаниялардын демөөрчүлүк жардамдарын да кыргыз тарыхын иликтөөгө багыттап келди.

Айрым кысымга учураган же бюрократтык ыкма менен обочодо калтырылган кыргыз таануучу окумуштууларга Ю.С.Худяков өзгөчө көмөк кылган адилет ишмер катары белгилүү. Маселен, кызласовчулар 1980-90-жж. хакастын чыгаан этнографы Астайбек Бутанаевге каршы кастарын тиккен чакта, Ю.С.Худяков өз досун ырааттуу колдоого алды. Кыргыз тарыхнаамасында жаңы багытты туткан Өмүркул Караев, Имел Молдобаев ж.б. докторлук диссертацияларын коргогон учурларда да Юлий Худяков жылуу пикири менен аларды колдоду.

Кыргызстан эгемендик доору түгүл, коммунисттик Маскөөгө баш ийген советтик доордо деле Энесайга археологиялык иликтөө үчүн атайын топ жиберүүгө мүмкүндүк ала алган эмес. Демек, биздин жергиликтүү илимибиз үчүн Ю.С.Худяков жана анын Новосибирскидеги жана башка орусиялык шаарлардагы археолог кесиптештери ыктырдуу түрдө бүтүндөй тарых институтубуз эч аткара албай турган зор жумуштарды жүзөгө ашырып келишти. Ошондуктан Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы профессор Ю.С.Худяковго өзүнүн ардактуу академиги наамын абдан туура ыйгарган.

Азыркы тапта Юлий Худяков Кыргызстанда өзгөчө кадыр-баркка ээ орусиялык илимпоз. Анын жана ал тарбиялаган шиберлик жана ала-тоолук окумуштуулардын ишмердигинин мисалында пост-советтик доордо Орусиянын мыкты айдыңдары менен кыргызстандык айдыңдар мурдагы илимий жана чыгармачыл кызматташтыкты сактап калууга жана андан ары арттырууга чоң салым кошконун тастыктай алабыз.

Окумуштуу Ю.С.Худяковго “Данакер” ордени ыйгарылган чакта, албетте, сыйлык өз ээсин тапты деп ыраазы болгон элек. Бир кезде Василий Васильевич Радлов (нем. Friedrich Wilhelm Radloff; 1837—1918), Николай Александрович Аристов (1847—1910), Василий Владимирович Бартольд, Саул Менделевич Абрамзон (1905—1977) сыяктуу орусиялык аалымдарга кыргыз таануу жаатындагы бурулуш жасаган эмгектери үчүн ыраазычылык айтууга кыргыздарда мүмкүнчүлүк жок болду. Эми алардын да эмгектери аздектелип, кайрадан жарык көрүп, алардын ишин бүгүнкү улантуучуларга да жылуу баа берилүүдө.

Сөз акырында айтаарыбыз – торколуу 70 жылдык тоюңуз кут болсун, урматтуу Юлий Сергеевич!

Сиз “Манас” эпосундагы сөөгү башка улуттан болсо да, руху кыргыз болуп калган Алмамбеттин жаңы бир өрнөгүсүз! Эми бери дегенде 110 жылдык мааракеңизге чейин устаттык салымыңызды кошуп, төрдө сый көрүңүз.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG