Линктер

бейшемби, 23-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 21:17

Мумия чатагы: Тарыхый мурасты сабатсыз бакшы тейлебеши керек


Баткенде байыркы мумия шашылыш көмүлдү. 14.10.2017.

Кыргызстандын борборундагы Мамлекеттик тарых музейинин казынасында сакталып келген байыркы мумиянын Маданият министрлигиндеги комиссиянын чечимине ылайык шашылыш түрдө Баткенге жеткирилип, космостук тездик менен көмүлүшү өлкөдө чоң чуу жаратты. Тарыхчынын блогу ошол окуяга арналмакчы.

Баткенде байыркы мумия 2017-жылы 14-октябрда кайра жерге берилиптир. Бул илимге жат чечимди Кыргызстандын Маданият министрлиги түзгөн кандайдыр бир мекемелер аралык комиссия колдоп бериптир (ага мүчө болгон жалгыз археолог адис - Кадича Ташбаева айым гана бул чечимге каршы чыгыптыр). Өтө өкүнүчтүү иш!..

Менин азыркы тапта да өзгөчө сыйлаган агайым - Түгөлбай Казаковдун Маданият министри болуп турган чагында дал ушундай жосунсуз кадам жасалгандыгына азыр абдан капа болуп турам.

Маданият министрлигинин бул мумияны тез арада жерге берүү зарылдыгы тууралуу түшүндүрмөсү күлкү келерлик эле болуп калыптыр. Же күлөөрүңдү, же ыйлаарыңды билбейсиң...

Бамиандагы Будданын талкаланган айкелинин ордунун жанында турган талип. 26.3.2001.
Бамиандагы Будданын талкаланган айкелинин ордунун жанында турган талип. 26.3.2001.

2001-жылы март айында Ооганстандагы Бамиан жергесинде бийликтеги талиптер Будданын эң ири айкелин жапайыларчасынан талкалаганы эсте.

Кыргызстандагы соңку окуя дал ушул каргашалуу кылмышка тете калпыс иш болду. Ушундайда оперативдүүлүк кылып, дароо эле Баткенге жеткирип бара калып көмө салышканын кантесиз?

Баткенде көөнө мумия шашылыш жерге берилди. 14.10.2017.
Баткенде көөнө мумия шашылыш жерге берилди. 14.10.2017.

Адатта, маданий эстелик тууралуу китеп чыгаралы, музейди ремонттойлу деген сунушка жарым жыл жоопту создуктуруп, анан министрликте же Өкмөттө акча жок деп жооп узатышчу эле...

Айтмакчы, Президентке караштуу Тарых илимин өнүктүрүү боюнча комиссиянын мүчөлөрү Кыргыз Өкмөтүнө Археологиялык эстеликтер боюнча атайын Өкүл кызматы киргизилсин, ал кызмат эч бир министрликке, анын ичинде (айрым түркөйлөр да кызматта отурган) Маданият министрлигине баш ийбестен, түздөн-түз Өкмөт башчыга баш ийген көзөмөлдөөчү орган болсун деп 2014-15-жылдары кайрылганбыз. Бул сунуш Тарых комиссиясынын чеимдерине да кирген.

"Кыргыз Тарых Коому" коомдук бирикмесинин вице-президенти, КТМУнун профессору, археолог Кубатбек Табалдыев сыяктуу белдүү мүчөлөрү да бул сунушту толук колдошкон. Оболу Кыргыз Өкмөтү бул сунушка "макул" дегендей эле кыймылдап калгансыган...

Угушума караганда, өз археологиялык изилдөө аймагынын "картасынын төбөлү" болуп эркин бизнес кылган айрым археологдор өздөрү археологиялык мурас боюнча министрлерден көз каранды эмес Өкмөт өкүлү кызматын киргизүүгө каршы болуп коюшуптур. Бул кызмат - археологиялык мурастарды сактоо жана иликтөөлөрдү системага салуу боюнча координаторлук милдетти да аткармак.

Бул чын болсо - анда жеке кызыкчылыгын жогору койгон ошол айрым археологдорго да уят...

Азыркы тапта археологиялык иликтөөлөрдө чар-жайыттык (орусча “бардак”) өкүм сүрүүдө. Кээ бир артефакттар "кара археологдор", "кара нумизматтар" тарабынан сыртка уурдалып чыгарылып кетип жатат. Археологияга тиешеси жок кээ бир кишилер Ысык-Көлдүн түбүнөн бери "иликтеп" жүрүшөт. Аз жерден Таластагы Кароол Чокуну "хан казынасын табабыз" деп каздырып сала жаздаган учур эстен кете элек. Балбалдардын бетине, Бурана мунарасынын кирпичине өз атын жазган шоркелдейлер дагы эле учурап жатышат.

Маданият министрлигинин туруму - тигиндей тейде.

Эгерде мыйзам улук болсо, анда...

Мумияны Бишкектен чыгарып кетип, Баткенде жерге берүүгө катышы бар расмий жетекчилердин, алиги комиссиянын мүчөлөрүнүн бардыгынын аты-жөнү ачыкка чыгышы керек!

Алардын ишин мыйзам негизинде териштире алчу прокуратура азыр табылбаса, коомдук кеңири маалымдоо аркылуу деле, ар кандай вандалдарды моралдык айыптоо жолу менен деле коомдун башка жаш жана карыя мүчөлөрүн бул маселе жаатында ойлонууга чакырса болот. Эң башкысы, бул жосунсуз жорук - акыркы болууга тийиш!

15-октябрда Кыргызстандын президенти А.Атамбаев Би-Би-Синин Кыргыз кызматынын кабарчысынын суроолоруна жооп берип жатып, мумияны көмүү менен байланыштуу окуя ал үчүн да күтүүсүз бир ката окуя болгонун ачыктады:

Менимче да, чоң ката! Мен кечээ интернеттен көрүп алып капа болдум... Бул туура эмес нерсе. Башка мамлекеттер мындай (эстеликти) таппай жүрсө... Жоопкерчиликке деле тартылчулар, мен ойлоп турам, болот ко”.

"Ала кушту атынан чакырып", азыркы вандалдарды, ажайып Артемида ыбаадатканасын өрттөгөн байыркы Герострат сыяктуу түркөй жана өзүмчүл инсандарды, чөнтөгүндө университеттик соп-сонун дипломдору бар руханий сабатсыздарды өз аты-жөнү менен билишибиз керек.

Болочокто мындай түркөйлүккө орун бербөө үчүн тийешелүү кишилер (анын ичинде Мамлекеттик Тарых музейинин жетекчилиги да, эгерде "бакшыларды туу туткан" комиссиялык чечимге макул болуп койгон болсо) мыйзамга ылайык жооп бериши кажет.

Тарых музейинде өрт чыккан. 22.7.2016.
Тарых музейинде өрт чыккан. 22.7.2016.

Музей жетекчилиги 2016-жылы июлда экспонаттардын өрттөлүп кетиши боюнча да калайык алдында дурустап жооп айта элек...

Ачуубуз менен “былтыр Тарых жана маданият жылы уюштурулду эле, быйыл ошонун тетириси жасалып жатабы?” деп Фейсбукта жаздык эле.

Кайра иликтеп көрсөк, дал ошол "тарых жылынын" маалында мурастарыбыз жаатында жаңы маалыматтарды таркатууга жана алар менен таанышууга аралашкан илимпоз инсандардын бардыгы бул мумиянын музейден чыгарылып барып, Баткенде көмүлүп салынышын Фейсбукта айыптап чыгышкан экен.

Менимче, мумияны Баткенде жерге берүү - бул Кыргыз мамлекетинин көп кылымдык тарыхты так жазуу жана тарыхый мурасты бапестеп сактоо жаатындагы заманбап аракетине каршы арттан урулган бычакка тете иш болду.

БатМУнун илимпоздору Тамга-Таш сүрөттөрүн сактап калууга демилгечилерден болушту. 16.4.2016.
БатМУнун илимпоздору Тамга-Таш сүрөттөрүн сактап калууга демилгечилерден болушту. 16.4.2016.

Эми акыбалды кайра оңдоо үчүн азыноолак уюштуруу иштерин ыкчамдык менен жасоо керек.

Баткен мамлекеттик университетинде Чөлкөм таануу музейи түзүлүүдө. БатМУнун илимий иштер боюнча проректору Бүназарат Гайыпова бийликтердин уруксаты менен алиги мумияны кайра казып, университеттин музейине бапестеп жеткирүүгө даяр экендиктерин билдирди.

Археолог Бакыт Аманбаева айым болсо мумияны Сулайман-Тоодогу музейге жеткирүү да ылайык деген пикирин Фейсбук аркылуу билдирди.

Кандай болсо да, курулай талкууга алдырып, бул маселени создуктуруп албоо да керек.

Тарыхый мурастарды археологиялык ж.б. изилдөө боюнча акыбалды оңдоо жаатында башка да иштиктүү сунуштар айтылганы жөн.

"Жок" деп оозду куу чөп менен аарчыбастан, бүжөткө оор болсо да, КУУдан башка да ОшМУ, БатМУ, Ысык-КөлМУ, ЖАМУ, НарынМУ, ТаласМУ сыяктуу университеттерде археология, музей таануу, этнография, диалектология, фолклор таануу ж.б. жаатында атайын кадрлар даярдоо үчүн кафедралар ачып, адистерди даярдоодо акырындап алга илгерилөө керек.

Адатта, акчаны ушул сыяктуу милдеттерден битиреп аяйбыз да, аткаминерлерге кымбат баалуу автоунааларды сатып алганга машпыз.

Жакында кыргыздын бир жаш илимпозу Новосибирск шаарында археология жаатында кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргоду. Бул - абдан жакшы иш. Бирок неге ал сыяктуу жаш археологдор диссертацияларын өз өлкөбүздө коргой албай жатышат?

Археология боюнча аспиранттарга багыттуу колдоо көрсөтүп, Бишкекте бул тармакта диссертация жактоо боюнча атайын кеңеш ачуу зарыл. Пост-советтик тарых боюнча дээрлик жүздөгөн диссертациялык эмгектер жазылат, археология боюнча жазганын жактай албай жүргөн азганактай изилдөөчүлөрдү санасак - бир колдун беш манжасы да көптүк кылат, бирок алар үчүн жактоого шарт жок.

Балким, археология сыяктуу сейрек тармактар боюнча диссертацияларга "бир жолку" ("разовый") диссертациялык кеңештердин отурумун уюштурууга ЖАК өзү шымалана көмөк кылышы абзелдир?

Өтө сейрек жана маанилүү адистикти аркалаган жаш илимпоздорго Бишкек мэриясы же башка мекеме, ошондой эле, көп кабаттуу үй куруп жаткан жеке компаниялар, атайын "социалдык максатта" деп бөлүнүп койгон батирлерден бекер ыйгарса, анда кыргыз илимине чоң кызмат кылышаар эле. Мыкты археолог менен чыгыш таануучу бери дегенде 8 жылда жетилет, бул үчүн татаал булакты изилдөөдөн тышкары, бир нече тилдердеги адабиятты салыштырып үйрөнүү керек; ара-чолодо үйлөнүп, бала-бакыраны да камсыз кылуу зарыл; илимпоздун азыркы маянасына батир куруу эмес, батирди ижарага алып туруу араң өп-чап жетет; ал эми "пост-советтик Кыргызстандагы баланча мекеменин тарыхынан" деген теманы (мисал үчүн эле алдык; мындай изилдөө темасы деле жоктур) мекеменин жылдык баяндамаларын жана статистикалык баяндамаларды окуп атып эле бир жылда чүргөй салса деле болот.

Калайыкты жана жер-жерлердеги бийликтерди ар айылда тарыхый эстеликтерди сактоо үчүн чөлкөм таануу музейлерин түзүүгө шыктандырып, бул жаатта жергиликтүү бийликтер жана карапайым жигердүү атуулдар үчүн да кызыктыруучу сыйлыктар уюштуруу зарыл. Бул сыйлыктарды көз карандысыз адистер бербесе, Маданият министрлиги эми жайсаңчыларга, бүбү-бакшыларга, эски мумияны жоготкондорго сыйлык ыйгарып салышы деле ажеп эмес.

("Мурас" фонду жер-жерлердеги ушундай демилгелүү карапайым инсандарга сыйлык ыйгаруу сунушун жогору жакка жолдогон; азыр да бул тизме кайсы бир кабинетте үстөл жапкычтын астында сакталып жатса керек).

Окуянын кийинки өнүгүшү

17-октябрда саат 11:00де кыргыз тарыхчылар тобу "Аки-Пресс" кабар агенттигинин медиа жыйын залында мумия чатагы боюнча чукул маалымат жыйынын өткөрдү. Анда акыбалдан чыгуунун аргалары тууралуу сунуштар жана айрым талаптар ачыкталды.
Музейлик экспонатты атайылап кыянаттык менен жок кылуу аракети үчүн тийешелүү жетекчилер кызматтан алынышы керек жана башка да жоопкерчилик чаралары каралышы керек,
Баткен мумиясынын калдыгы кайрадан тез арада илим чөйрөсүнө кайтарылышы зарыл, дешти археолог, булак таануучу, музей таануучу, этнограф, тарыхчы адистер.

Ал эми Маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаковдун "Азаттык" үналгысына 17-октябрдагы айтканын уксак, тарых музейинде 60 жылдан бери сакталып турган байыркы мумия 1997-жылдан бери каралбай, бузула баштаган экен:

- Бул маселени президентке кандай жеткиришти. Эртеден кечке тытмалап окумушутуулар изилдеп атса, колдорунан жулуп барып Баткенге көмүп салгандай айтып жатышат. Мумия музейде 60 жыл жатты, бир окумуштуу басып келип караган жок, эч ким изилдеген жок. Муну антрополог, генетиктер, биологдор изилдеши керек эле. Союз учурунда Эрмитаждан атайын адистерди алдырып бальзамдашкан экен. Андан кийин алар таштап кеткен химиялык заттар менен бальзамдашкан. Кийин ал заттар да, адистер да жок туруп калган. Ачык жерде жаткан үчүн бузулуп баштаган.

Илимде музейлик экспонат дал ошол музейдин өзүндө түбөлүккө сакталууга тийиш деген мыйзамга жазылбаса да, кылдат аткарылган тартип бар. Ар бир экспонат - ошол музейдин жана ал музейди каржылаган мамлекеттин кадыр-баркы.

Баланча композитордун сонун ыры 1997-жылдан бери азыраак ырдалып калды, мурдагы табакчалар да чаңдап кетиптир, ал эски ыр жазылган табакчаларды бүт таштандыга таштайлы деп бир пенде айтып чыкса, анда ошол эле археологдор менен этнографтар Чолпонбайчасынан көкүрөгүн тосуп, бул мыкты ырдын үн жазгыч архивдеги нускаларын болочокку муундар үчүн сактап калалык деп алпурушаары бышык.

Мына, Кенже Каранын доошу жазылган "Семетейдин" үзүндүсү камтылган үн тасма XX кылымдын башындагы манасчылыктын өрнөгү катары XXI кылымдын башында интернеттик жаңы жашоосун баштады.

Археолог Кадича Ташбаева туура белгилегендей, коңшу Кытайда Такла-Макан чөлүндө жана башка жерлерде далай мумиялар табылып, музейлерде татыктуу ордун ээлеп турат. Мусулмандыгы жагынан кыргыздардан кем калышпаган мысырдыктар деле Куранда Муса пайгамбар тарабынан сынга алынган фараондордун жана башка көөнө мысырдыктардын жана алардын ит-мышыктарынын мумияларынан бери сактап отурат. Бул мумияларды бүткүл дүйнө изилдөөдө.

"Азыр илимибиз жакыр, эч ким изилдебептир" деген жүйөө менен артефактты талаага ыргытып салчу өлкөнү "үчүнчү дүйнөнүн" эч биринен кезиктирбедик (албетте, Ооганстанды убактылуу бийлеген маалында эстеликтерди ойрон кылган талиптер, Жакынкы Чыгыштын, Эки Дарыя аралыгынын ажайып архитектуралык эстеликтерин кыйраткан "селдебай террорчулар" - башка кеп; бирок биз мындай түркөйлөргө теңелбейбиз да, же андай эмеспи?)

Ар бир археологиялык табылга - жалпы адамзаттын байлыгы катары тийешелүү музейлерге көз карегиндей сактоо үчүн берилген аманат деп бааланышы керек жана мыйзам тарабынан корголушу абзел.

Айтмакчы...

Аткаминерлер (бюрократтар) өлкөбүздө дагы бир “руханий минаны” (“жардыргыч затты”) даярдашууда.

Эми Билим берүү жана илим министрлигиндеги аткаминерлер Кыргыз тарыхына бөлүнгөн азганактай саатты тарых жана географияга бөлүү тууралуу токтом токуптур дешет. (География - таптакыр башка илим; аны коомдук илим тармагы болгон тарых менен чаташтырууга болбойт; бирок муну министрликтеги адистер аңдашпаса керек).

Кыргыз тарыхы – бир эле учурда комплекстүү сабак; ал кыргыз философиясы, адабияты, фолклору, музыкасы, кол өнөрчүлүгү ж.б. өнүккөндүгүн, адам укуктарын чагылдырган маалыматтарга бай. Эми, алиги министрликтин аткаминерлеринин ыгына койсок, анда алар "Кыргыз тарыхынын" башка сааттарын деле коом таануу, адабият, музыка ж.б. сабактарга да бөлүп салууга чейин барышы ыктымал.

Мамлекеттик идеологияны эч бир партия таңуулабашы керек, бирок мамлекеттин болочогун көксөсөк, атуулдарды өз эл-жеринин тарыхын жана учурдагысын мыкты өздөштүргөн, коомдук өнүгүү жолдору тууралуу өз алдынча ой жүгүртө алган инсандар катары татыктуу тарбиялоо үчүн “Кыргыз тарыхы” сабагынын көлөмүн бөксөртүүгө эч жол бербешибиз керек.

Билим берүү министрлиги өрнөк болуунун ордуна теңирден тескери кадамга барып жаткандыгы өкүндүрөт. (Эгерде акыркы 20 күндө акыбал өзгөргөн болсо – анда “ак чөп башта”!).

Өлкөдөгү Маданият жана Билим берүү министрликтери тарыхый мурас жана тарых маселелерине таандык көйгөйлөрдү талкуу кылганда, жок дегенде, Президентке караштуу Тарых илимин өнүктүрүү боюнча комиссиянын мүчөлөрүн, бул комиссия менен тыгыз иш алып барган илимпоз Мира Карыбаеваны (ал - КУУнун Тарых факультетин аяктаган), Президенттик аппаратка караштуу “Мурас” фондунун жетекчиси Кыяс Молдокасымовду, КР УИАнын Тарых жана маданий мурас институтунун жетекчиси Абылабек Асанкановду, белгилүү тарыхчы, археолог, этнолог, чыгыш таануучу ж.б. илимпоздорду, анын ичинде педагог тарыхчылардын Билим берүү академиясындагы өкүлдөрүн (М.Иманкулов ж.б.) аралаштырышса, анда өз учурунда кесипкөйлүк жооп угуп турушмак жана дилетанттык жана башка сабатсыз чечимдерге таптакыр бөгөт коюлмак.

P.S.

Бул сөзүмө чычалагандар эми башка жүйөөлүү жооп таба албастан, мени "батышчыл" деп кекээрдей баштаары шексиз ("жайсаңчылар" мени ошентип жаманатты кылып келишет).. Мен, эгерде жогорудагы маданий мурасты сактоо маселеси жаатында атуул катары айткандарым "батышчыл" нукта деп каралса, анда сыймыктануу менен "батышчыл" эле боло берем.

Кытай, Жапонияда да маданий мурастарды жакшы бапестеп сакташат, ал жагынан мисал кылсам - мен "чыгышчылмын";

Индияда индустар менен бутпарастар мусулман доорунан калган таш симфониясын - Таж Махалды бапестээрин баса айтып кетем, бул жагынан "түштүкчүлмүн";

Орусиянын Шибери менен Казакстанда болсо улам жаңы археологиялык эстеликтерди каздырып, жаңы ажайыпканаларга жайгаштырышууда. Муну айтуу менен "түндүкчүл" деле болуп калдым көрүнөт.

Келгиле, мындан ары чындап "ала-тоочул", "чордончул" кесипкөй бололук, дилибиздин асманын түркөйлүктүн, билимсиздиктин, кайдыгерликтин кара туманынан чогуу-чаран тазарталык! Билимкөй, кесипкөй деген сапаттар да нукура кыргызстандык сапат экенин ишибиз менен тастыктайлык.

"Википедия" ачык энциклопедиясынан:

Мумия (араб тилинде:مومياء) , ар кыл себептер менен (маселен, диний, саясий ж.б.) жана ар башка усулдар аркылуу өлгөн кишинин же башка жаныбардын чирүүдөн сакталып коюлган сөөгү.
Бул археологиялык "мумия" терминин кыргыз тилинде колдонулган "мумия" же "момия" деп аталган дары-дармек түрү менен эч чаташтырууга болбойт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG