Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2022 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:36

САЙМАЛУУ ТАШТАРДЫ САРГАРТКАН ХИМЭКСПЕРИМЕНТ


Уктуруубузду Кыргызстандагы тарыхый эстеликтердин сактоо маселесине байланыштуу тема менен улантабыз. Мындан 5 жыл мурда Чолпон-Ата шаарындагы петроглифтерди реставрациялоо-конвервациялоо иштери жүргүзүлгөн. Анын натыйжасында чоң тарыхый мааниге ээ сүрөттөр түшүрүлгөн петроглифтер жабыркагандыгы тууралуу айтылууда. Айрым адистер тарыхый эстеликтерге мындай мамиленин жасалышын кескин сынга алып жатышат.

2002-жылы “Кыргызреставрация” илимий изилдөө, долборлоо институту германиялык археолог Бодо Анхенин катышуусунда Чолпон-Ата шаарындагы 300дөн ашуун петроглифти палароид химиялык затын колдонуу менен реставрациялоо-консервациялоо иштерин жүргүзгөн. Бул ишке Германиянын Кыргызстандагы элчилиги каржылык жактан колдоо көрсөткөн. Бул петроглифтерде чийилген сүрөттөрдүн эң байыркылары биздин заманга чейинки экинчи миң жылдыктын орто ченине таандык деп эсептелет, бир бөлүгү сак-усун дооруна караштуу.

Бир аз убакыт өткөн соң, палароид менен жабылган петроглифтердин өңү өчүп, алардагы чийилген сүрөттөр начар көрүнө баштаган. Буга байланыштуу реставрациялык-консервациялык иштер канчалык деңгээлде так жүргүзүлгөндүгү боюнча атайын комиссия түзүлгөн. Комиссия бул иштерди оң баалаганы менен, Россиядан чакырылган окумуштуулар палароид заты Кыргызстандын климатын эске албай туруп колдонулган, эксперимент иретиндеги бул иштин натыйжасында петроглифтер илимий иликтөөнүн объектиси катары өз маанисин жоготуп койгон деген жыйынтыкка келишкен.

Бирок, “Кыргызреставрация” илимий изилдөө, долборлоо институтунун директору Жумамедель Иманкулов палароид бара-бара петроглифтерден сыйрылып түшөт жана тарыхый эстеликтерге эч кандай зыянын тийгизбейт деген пикирде:

-Бул палароид химиялык заты буга чейин Пакистандагы жана башка өлкөлөрдөгү петроглифтерди реставрациялоо-консервациялоо иштеринде пайдаланылган. Биз да Чолпон-Атадагы петроглифтерди баарын бирдей эмес, ар кандай өлчөмдө химиялык составды колдонуу менен реставрациялык-консервациялык иштерди жүргүздүк. Бирок, чындыгында петроглифтердин 30 пайызы бозоруп калды. Анын коркунучу деле жок. Анткени, палароид белгилүү мөөнөт өткөндөн кийин, өзү сыйрылып түшүп калат. Эми петроглифтерди, деги эле кандай тарыхый эстелик болбосун, аларды реставрациялоо өтө кыйын, бул оңой иш эмес, дароо эле натыйжа болбойт .

Чолпон-Атадагы реставрацияланган петроглифтерди көрүп келген адистер алардын бүгүнкү күндөгү абалына тынчсыздануусун билдиришүүдө. Өлкөнүн Улуттук Илимдер Академиясынын археология бөлүмүнүн илимий кызматкери Айдай Сулайманова бул маселе боюнча мындай көз карашын айтты:

-Албетте, бул иш Чолпон-Атадагы петроглифтердин сакталышын жакшыртуу максаты менен жасалган. Бирок, мындай жооптуу иштин алдында бул тармактагы адистердин катышуусунда кеңешме өткөрүп, анын корутундусу менен гана жүргүзүлүүгө тийиш эле. Ошол палароид Кыргызстандын климат шарттарында петроглифтерге кандай терс таасирин тийгизи ыктымал деген суроо койулушу керек эле. Ошондуктан, тарыхый эстеликтерге эксперимент катары мамиле жасалышы туура эмес. Биз өзүбүз барып, ошол палароид менен жабылган петроглифтердин абалын көрүп келдик. Петроглифтердин абалы өтө начар. Эми бул тарыхый эстеликтеди эч качан толугу менен мурдагы абалына келтирүү мүмкүн эмес. Петролифтер бозоруп, алардын беттериндеги сүрөттөр жакшы көрүнбөй калган. Бул петроглифтердин датировкасын аныктоого да терс таасирин тийгизиши ыктымал. Натыйжада, петроглифтер илимий иликтөөнүн объектиси катары өз маанисин да жоготуп койушу да толук мүмкүн .

Адистердин бир бөлүгү Ысыккөлдөгү петроглифтерди тарыхый эстеликтерди бузуунун башкы факторлору иликтенбей, стандарттык документация түзүлбөй, адистердин корутундусуз реставрациялык-конвервациялык иштерди жүргүзгөндүнгү үчүн тиешелүү адамдар жоопко тартылышы керек деген талапты да койушууда. Бул тууралуу тарыхчы-окумуштуу, кыргыздардын Европадагы “Манас” коомдук бирикмесинин өкүлү Чинара Исраилова мындай дейт:

-Чолпон-Атадагы петроглифтерге байланыштуу реставрациялык иштин эң коркунучтуусу - бул палароидди петроглифтердин беттеринен толугу менен кетирүү мүмкүн эмес. Мен акыркы жолу ал жерде болгонумда, палароид менен жабуу аркылуу жарактан чыгарылган петроглифтердин бир бөлүгүн жоготуу аракети да жасалгандыгын байкадым. Тарыхый эстеликтерге мындай мамиле жасаган адамдар жоопко тартылышы керек. Андай болбосо, биз көптөгөн тарыхый эстеликтерибизди жоготуп койушубуз мүмкүн .

Жергиликтүү адистер Ысыккөлдөгү гана эмес, деги эле Кыргызстандын бардык аймактарындагы тарыхый эстеликтерди сактап калуу маселесине өкмөттүн, коомчулук көңүлүн буруунун зарылдыгын айтышууда. Антени, учурда тарыхый эстеликтер жайгашкан жерлерге курулуш объектилери салынып, же ошол жерлер үлүшкө берилген, петроглифтер курулуш материалдары катары пайдаланылып жаткан учурлар көп кездешүүдө.

Азиза Турдуева, Бишкек
XS
SM
MD
LG