Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:05

Түгөлбай Казаков: Мумия 1997-жылдан бери каралбай калган


Баткенде байыркы мумия шашылыш көмүлдү. 14.10.2017.
Баткенде байыркы мумия шашылыш көмүлдү. 14.10.2017.

Кыргызстандын Маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаковдун "Азаттыкка" билдиришинче, тарых музейинде 60 жылдан бери сакталып турган байыркы мумия 1997-жылдан бери каралбай, бузула баштаган.

- Бул маселени президентке кандай жеткиришти. Эртеден кечке тытмалап окумуштуулар изилдеп жатса, колдорунан жулуп барып Баткенге көмүп салгандай айтып жатышат. Мумия музейде 60 жыл жатты, бир окумуштуу басып келип караган жок, эч ким изилдеген жок. Муну антрополог, генетиктер, биологдор изилдеши керек эле. Союз учурунда Эрмитаждан атайын адистерди алдырып бальзамдашкан экен. Андан кийин алар таштап кеткен химиялык заттар менен бальзамдашкан. Кийин ал заттар да, адистер да жок туруп калган. Ачык жерде жаткан үчүн бузулуп баштаган.

Мумияны кайра жерге көмүү демилгесин бир катар коомдук уюмдар көтөрүп чыгышкан. Маданият министрлиги бул маселени карап, 12-октябрда кайра ордуна алып барып көмүү чечимин чыгарган.

Б.з. 4-5-кылымдарга (исламга чейинки доорго) таандык аялдын мумиясын көмүү чечимине көпчүлүк археолог жана илимпоздор каршы чыгышкан. Бүгүн (17-октябрда) да тарыхчылар тобу "Аки-Пресс" кабар агенттигинде маалымат жыйын өткөрүшүп, дүйнөлүк деңгээлдеги баалуу артефактты бүлдүрүүгө шарт түзгөн жетекчилерди, анын ичинде маданият министрин жана Мамлекеттик Тарых музейинин жетекчисин кызматтан алуу талабын айтып чыгышты.

Президент Алмазбек Атамбаев да Бишкектеги Мамлекеттик тарых музейинин казынасында сакталып келген байыркы мумиянын көмүлүшүн туура эмес чечим болгон деп эсептей турганын Бишкекте 15-октябрда журналисттердин суроосуна жооп берип жатып билдирген. Мамлекет башчы мындай чечим чыгаргандардын жоопкерчилиги маселеси каралышы ыктымалдыгын да белгилеген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG