Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 18:11

Тарых музейиндеги мумиянын 14-октябрда Баткенде жерге берилиши коомдо чоң нааразылык жаратты. Ал арада өнүккөн өлкөлөрдө бул сыяктуу тарыхый мурастарга болгон мамиле кандай деген суроонун үстүндө тарыхчы, илимпоз Арслан Капай уулу өз оюн билдирди.

"Азаттык": Улуттук тарых музейинде ондогон жылдардан бери турган байыркы мумияны жерге берүү тарыхый, маданий чөйрө үчүн туура чечим болдубу?

Арслан Капай уулу: Албетте, ондогон жылдардан бери өлкөнүн тарыхый, маданий эң баалуу экспонаты катары турган мумиянын илимий чөйрөнүн чечими менен эмес, диниятчылардын каалоосунан улам жерге берилишин кыргыз маданиятына урулган чоң сокку деп белгилесек болот.

Дүйнөлүк коомчулукту, бизде илим жаатында эмгектенгендерди, археологиялык эксперттерибизди таң калтырган жосунсуз жорук болуп калды. Бул албетте өтө кейиштүү көрүнүш. 1950-60-жылдардагы кыргыз илимий чөйрөсүнүн өтө чоң эмгеги, аракети менен ишке ашкан тарыхый ири ийгилиги, ачылышы болчу.

Ошол себептүү мунун көмүлүшү өтө туура эмес көрүнүш. Жеке эле кыргыз коомчулугу эмес, Батышы, Чыгышы, Кытайы, Орусиясыбы айтор, бардык эксперттерден сурап көрсөңөр деле өтө таң калып, керек болсо шылдыңдоо менен да мамиле кылышы мүмкүн.

"Азаттык": Дүйнөлүк эксперттер деп калдыңыз, дүйнөдө ушул сыяктуу тарыхый артефакттарга, адамдын калдыктарына болгон мамиле кандай?

Арслан Капай уулу: Бул жаңылык эртең эле дүйнө жүзүнө желдей таркарын бөркүмдөй көрүп турам. Коңшу өлкөлөрдө деле "Кыргызстанда мына ушундай окуя болуптур" деп тетири мааниде айтылса деле эми таңкалычтуу эмес.

Мумиялар тарых музейинде сакталгандыктан албетте, келгиндерди, туристтерди өзүнө азгыруучу күчү бар. Анан эң эле башкысы агартуучулук мааниге ээ.

Өтө уникалдуу, ушунчалык жакшы сакталып калган тарыхый экспонат, артефакт болчу. Башка өлкөлөр деп калдыңыз, мына Британиянын музейинин мисалында алып көрөлү. Себеби, мен ошол музейде көп жүрүп калдым. Ал жакта Ассирия, Египет, байыркы Месопотамиядан калган фараондордун, атактуу кишилердин мумиялары өтө жакшы деңгээлде сакталып турат.

Аларды сактоонун бир нече мааниси бар. Тарыхта, маданиятта адамзат басып өткөн жолун, тигил же бул коомдун жөрөлгөлөрүн изилдөөдө мааниси зор. Экинчиден, мумиялар тарых музейинде сакталгандыктан албетте, келгиндерди, туристтерди өзүнө азгыруучу күчү бар. Анан эң эле башкысы агартуучулук мааниге ээ.

"Азаттык": Азыр социалдык тармактарда айрым колдонуучулар мумияны көмбөй эле Батыш окумуштууларына мындан ары изилдөөгө берип койсо болмок деп да жазып жатышат.

Арслан Капай уулу: Эч жакка бербеш керек деген ойдомун. Азыр Кыргызстандын тарых музейине миллиондогон каражат жумшалып, оңдолуп жатат. Анда коңшу өлкөлөрдүн тарых музейлери менен теңтайлаша турган кандай экспонаттар бар деген суроо да жаралат. Ошондой эл аралык деңгээлде атаандашчу баалуу мурастардын бирөө болчу. Ал көздүн карегиндей сакталышы керек эле.

Мына мен жакында эле "Байыркы скифтер, Сибирдеги эң байыркы баатырлар" деген аталыштагы Эрмитаждын көчмө көргөзмөсүн Британ улуттук музейинен барып көрдүм. Анда дагы биздин замандын 4-5-кылымда табылган Минусин доорунун мумиялары турат. Хронологиялык жактан эсептесек, алардын жашы таш дооруна барып такалат. Кыргыздын мумиясы да кайсы бир деңгээлде ошол доорго таандык эле.

Эң баалуу экспонат катары Эрмитаж ошол мумияларды Батыш өлкөлөрүн кыдыртып, чоң илимий, агартуучулук кызыгууну жаратканына мына мен өз көзүм менен күбө болдум. Ал мумиялар азыр бизде жок, Эрмитажда сакталууда. Кыргызстандын Улуттук тарых музейинде мындай уникалдуу экспонаттар саналуу. Ошондуктан, керек болсо биздин мумияны казган жеринен кайра алып келип, азыр ремонттон өтүп жаткан музейге эң баалуу мурас катары коюп, илимий изилдөө жүргүзүүнү сунуштайм.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG