Линктер

дүйшөмбү, 26-август, 2019 Бишкек убактысы 11:29

Борбор Азия илимпоздору Циртаутас айымды унутпайт


Профессор Илзе Лауде-Циртаутас Чыңгыз Айтматов жана Мухтар Шаханов менен. «Ысык-Көл шеринеси», Кыргызстан. 18-июль, 1997-жыл.

Июлдун соңунда кайтыш болгон профессор Илзе Лауде-Циртаутастын (1926-2019) элесине арналган тарыхчынын блогу.

Жакында Борбордук жана Ички Азиянын тарыхын, адабиятын жана жалпы маданий мурасын изилдөөчүлөр чоң жоготууга учурады. АКШда 93 жашында белгилүү адабият таануучу, эпос таануучу, фольклор таануучу, түрколог профессор Илзе Лауде-Циртаутас айым дүйнө салды.

Өзбекстанда бул илимпоз айымды кадырлап «опа» («эже») деп чакырышчу. Бул «апа» сөзү кыргыз тилинде «эне» маанини да берет эмеспи.

Ал Ташкен шаары менен АКШнын Сиэтл шаарынын ортосунда бир тууган шаарлар катары достук жана маданий карым-катнаш негизделерде, ташкендик жетекчиликтин ниетин 1972-жылы сентябрда Сиэтл шаарынын мэри Уэс Улман (Wes Uhlman) мырзага жеткирип барып, данакерлик кылган. (1973-жылы 22-январда Сиэтл шаардык кеңеши Ташкенди бир тууган шаар катары расмий жарыялаган чечим кабыл алган).

Мунун натыйжасында Өзбекстандан далай айдыңдар совет доорунда эле АКШга илимий сапарга көбүрөөк барып, өздөрүнүн кесиптик сапаттарын арттырышкан; башка да маданий карым-катнаш аракеттери жүзөгө ашырылган (эгерде жалаң Маскөө аркылуу чакырык жасалса, анда орто жолдо бул чакырыктарды ал кездеги борбор башка жумурияттарга берип салышы ажеп эмес эле. Мисалы, жаштарга тагыраак болсун үчүн бир окуяны айта кетсем, 1989-жылы Париждеги Сорбонна университети бир кыргызстандык илимпозду илимий тажрыйба алмашууга чакырганда, анын ордуна Маскөөдөн башка адис жөнөтүлүп салынган. Ал эми Сиэтл болсо ташкендиктерге сапарга чыгуучулардын ысымдары такталган даректүү чакырык жиберчү).

Илзе Лауде-Циртаутас Кыргызстанга, Казакстанга жана башка советтик жумурияттарга да байма-бай каттап, мындагы чыгыш таануучулар менен тыгыз кызматташ болгон.

Эсимде, 1986-жылы Ташкен шаарында Эл аралык туруктуу алтай таануу жыйынынын (ПИАК) 29-жылдык отуруму болуп калды. Бул советтик Борбор Азиядагы биринчи жана акыркы отурум болду (кийин, СССР кулаган соң, 1992-жылы Алматы шаарында, 2018-жылы Бишкекте жана Ысык-Көлдө ПИАКтын жыйындары болду, бирок «кайра куруу» доору жарытылуу тереңдей электеги ПИАКтын отуруму айыгышкан «кансыз согуштун» кырдаалында, б.а. идеологиялык тирешүүнүн шартында өткөнүн баса белгилөө керек).

Ошондо Ташкендеги отурумда Илзе Лауде-Циртаутас Сагынбай Орозбак уулунун айтуусундагы «Манас» дастанынын вариантына негизделген илимий баяндамасын сунуш кылган.

(Анын илимий макаласы кийинчерээк кыргыз тилинде да жарык көргөн: Циртаутас И. Кыргыз акын-ырчысы С. Орозбаков (1867–1930) жана «Манас» эпосу // Улуу манасчы Сагымбай / Редактору Кеңеш Жусупов. – Ала-Тоо журналы. – 1992. – Б. 106–110).

Өзгөчө байкасак, ошол кездери Сагынбай Орозбак уулунун мааракесине карата Кыргызстанда жарытылуу деле иш-чаралар өткөрүлгөн эмес. (Маскөөдө гана анын варианты орус тилине которулуп, кыргызча текстине коштолуп чыгып жаткан). Илзе Циртаутас айымдын бул чакан макаласы дүйнө коомчулугуна ошол «кансыз согуш» маалында да кыргыздын чыгаан манасчысынын мурасын калыс баалап, Батыш илим чөйрөсүнө таркаткан сейрек эмгектердин бири болгон.

Ал кезде Өзбекстан ИАсынын Абу Райхан Беруни атындагы Чыгыш таануу институтунун аспиранты болчумун. Мен үчүн ПИАК отурумуна Батыштан, Түркиядан келген окумуштуулар менен таанышуу өзгөчө бир жаңы дүйнөнү ачууга тете болгон. Ошондо да Батыштын далай окумуштуулары виза ала албай калганын кийин билдик.

Кудай жалгап, саясат менен түздөн-түз иши жок Циртаутас айым сыяктуу илимпоздор ошол идеологиялык тирешүү заманында деле Батыш менен Евразиянын илимий мектептеринин ортосунда көпүрө кызматын аткарып беришти.

Айтмакчы, Илзе Лауде-Циртаутас айым кийин да кыргыз таануу маселелерине ырааттуу кайрылып турду. Ал Айтматов таануу жаатында да эмгек сиңирди. 1997-жылы экинчи ирет өткөрүлгөн эл аралык Ысык-Көл шеринесине катышып, Чыңгыз Айтматов жана Михаил Горбачев менен жолукканын Илзе эже кийин да ар дайым саймедиреп баяндап келгенин шакирттери айтып калчу.

Профессор Илзе Циртаутас Чыңгыз Айтматов, Михаил Горбачев ж.б. «Ысык-Көл шеринесинин» катышуучулары менен. Кыргызстан. 18-июль, 1997-жыл.
Профессор Илзе Циртаутас Чыңгыз Айтматов, Михаил Горбачев ж.б. «Ысык-Көл шеринесинин» катышуучулары менен. Кыргызстан. 18-июль, 1997-жыл.

Мен билгенден, Илзе айым профессор Роза Төрөкул кызы Айтматова менен да тыгыз карым-катнашта болду. Алардын 1990-жылдардын ортосунда чогуу жүргөнүнө мен Бишкектен да күбө болгон элем.

Андан тышкары, Илзе айым Элмира Көчүмкулова сыяктуу кыргыздын өзгөчө таланттуу жаштарына да илимий кеп-кеңештерин берди. Ошондой эле, профессор Циртаутас түркиялык Али Игмен, америкалык Алва Робинсон сыяктуу өзгөчө шыктуу жаштарды да кыргыз таануу жаатындагы илимий темаларга тартты. Учурда Алва Робинсон кыргыз таануу маселелерин да камтыган «Борбордук жана Ички Азия баарлашуу журналы» (Journal of Central and Inner Asian Dialogue; шарттуу кыскартылган аталышы – JCIAD) аттуу илимий журналды чыгарууда.

Циртаутас айым Кыргызстандагы маданий жаңылыктардын да жарчысы болду. Маселен, ал жазуучу Кеңеш Жусупов түзгөн «Кыргыздар» жыйнагына 1994-жылы эле пикир жазып, бул баалуу жыйнактын мазмуну тууралуу АКШнын жана Батыштын окурмандарына маалымат берген.

(Cirtautas, Ilse Laude. K. Jusupov, ed., Kïrgïzdar. 2 vols, Bishkek, 1991, reviewed in Kazakh & Kirghiz Studies Bulletin. Published by the Kazakh & Kirghiz Studies Group, University of Washington, Seattle, Washington, Vol. 2:1, 1994, p. 21-23.).

Анын жалпы кыргыз таануу жана Айтматов таануу тармактарындагы салымдарын эске алып, 1998-жылы Эл аралык Айтматов академиясы аны ардактуу мүчө кылып шайлаган.

Илзе Лауде-Циртаутас айымдын кенже кесиптеши, учурда Бишкектеги Америкалык Борбор Азия университетинде иштеп жаткан алтай таануучу, профессор Чарлз Карлсондун эскергенине караганда, Илзе айым Борбор Азиядан Сиэтл шаарына келип, Вашингтон университетинде кесиптик деңгээлин арттырган бардык жаш окумуштууларга ар тараптуу көмөк берчү, айрымдары Илзе айымдын үйүндө узак мөөнөт жатып да жүрүшчү. Маселен, «Азаттыктын» өзбек кызматынын Адолат, Замира деген өкүлдөрү да меймандос Илзенин үйүндө жатышканын билем, дейт Карлсон мырза.

Маркум Илзе айымдын өмүр таржымалы тууралуу кийинчерээк да кеңири айтаарбыз. Тек гана белгилей кетсек, ал Германиянын Гамбург жергесинде туулуп-өскөн. Гамбург университетинде 1948-жылдан тартып иштей баштаган чыгыш таануучу Бертолд Шпулер (1911––1990) жана 1949-жылдан тартып иштеген түрколог жана чыгыш таануучу Аннемари фон Габайн (1901––1993) Илзе айымга сабак беришкен. Илзе айым бул университетте өзүнүн докторлук (Ph.D.) диссертациясын коргоп, илимге жолдомо алган.

Илзе Циртаутас айым (бул тегатты ал өзүнүн кийинки күйөөсүнүн тегатынан алган) 1960-жылдардын башында АКШга көчүп барып, ал эми 1965–68-жылдары Блумингтондогу Индиана университетинде салыштырма түркологиялык изилдөөлөр жаатында дарс окуган.

Ал эми 1968-жылдан пенсияга чыкканга (2015-жылга) чейин ал Сиэтл шаарындагы Вашингтон университетинде түркология жана башка чыгыш таануу тармактары боюнча дарс окуду жана мында Жакынкы Чыгыш тилдери жана цивилизациясы факультетинде Түрк тилдерин, адабиятын жана маданиятын изилдөө борборун түптөдү. Ал эми 1987-жылдан тартып ал «Борбордук жана Ички Азия изилдөө семинары» деген илимий топту негиздеп, эс алууга кеткенге чейин жетектеди. Ал ПИАКка да жандуу катышты.

Профессор Илзе Лауде-Циртаутас (1926–2019).
Профессор Илзе Лауде-Циртаутас (1926–2019).

Ал Өзбекстандын борборуна көп жылдар бою ырааттуу топтогон китептер эми, 2013-жылдын сентябрынан тартып, Өзбекстан Илимдер академиясынын китепканасында «Илзе Циртаутастын китепканасы» деген аталышта өзүнчө каталогго салынып сакталууда. (Бир мисал келтирсек, ал 2004-жылы декабрда «Өзбекстан аба жолдору» компаниясы сатып алган алгачкы «Боинг» учагы АКШдан Ташкенге учканда, 90дой кутуга илимий китептерди салып, Илзе айым өзү да коштоп келген). Бул топтомдо 16 миңден ашуун нускадагы ар кыл баалуу китептер бар.

Өзбектин таанымал акыны Эркин Вахидов 1989-жылы ал тууралуу «Илзе ханым» («Il’za xonim») деген поэма жазган.

Илзе Лауде-Циртаутас айымдын жаркын элеси анын борбор азиялык жана башка өлкөлөрдөгү замандаштарынын, шакирттеринин жана окурмандарынын эсинен эч качан чыкпайт.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (15)

XS
SM
MD
LG