Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:01

АКШ Киевге берген курал менен Орусияга сокку урууга макул болобу?


Иллюстрация
Иллюстрация

Украинанын президенти Владимир Зеленский өлкө түндүк-чыгыштагы жерлерин тарттырып жатканын моюнга алып, майдандагы абал бир жума мурункуга караганда жакшырганын кошумчалады. Зеленский АКШны алар берген куралды орус аймагына сокку уруу үчүн колдонууга уруксат берүүгө чакырды.

Харьковду аткылоо, Волчанск шаарын алдыруу коркунуч

Харьков облустук прокуратурасы шаршембиде Орусиянын соккуларынан 11 жайкын тургун жабыркаганын билдирди. Мекеменин маалыматына ылайык, Харьков шаарына эки авиабомба ташташкан. Шевченко районунда бир нече автомашина, турак жайлар жана дүкөндөр зыян тартты. Ал жерде 10 киши түрдүү жараат алды. Прокуратура троллейбустун 55 жаштагы айдоочусу оор абалда экенин, эки бутун ампутациялоого туура келгенин кабарлады.

Харьков шаары соккудан кийин. 22-май, 2024-жыл
Харьков шаары соккудан кийин. 22-май, 2024-жыл

Калаанын мэри Игорь Терехов “тилекке жараша троллейбуста жүргүнчүлөр жок болгонун” кошумчалады.

Прокуратура дагы бир аял Холодногорск районунда жабыркаганын маалымдады. Ал сокку урулган заводдун жанында иштечү. Согуш башталгандан бери ишкана токтоп турат.

Ошол эле облуста, айыгышкан кармаш жүрүп жаткан Волчанск шаарынан калкты коопсуз жактарга чыгарып кетип жаткан полициянын машинесине орус армиясы жанкечти-дрон менен сокку урду. Бир тартип коргоочу мүрт кеткенин ички иштер министри Игорь Клименко билдирди.

22-майга караган түнү орус армиясы С-400 ракеталары менен Харьков облусундагы бала бакчанын имаратына чабуул койгону кабарланган. Ал соккулардан сегиз киши, анын ичинен үч жаштагы наристе каза болгонун Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызмат билдирди.

Далилдерге карабай, Москва Украинадагы жарандык жайларды, тынч калкты бутага алганын танып, аскердик объектилерге гана чабуул койгонун айтып келет.

Волчанск шаарынан эвакуациялангандар. 12-май, 2024-жыл
Волчанск шаарынан эвакуациялангандар. 12-май, 2024-жыл

Украин аскерлери бир нече күндөн бери Волчанскини колдон чыгарбоо аракетин көрүүдө. Шаарды коргоого башка тилкелерден аскердик бөлүктөр жөнөтүлгөн. Алардын бири, Павло аттуу жоокер абалды мындайча сүрөттөйт:

"Алардын (Орусиянын) жөө аскерлери күнү-түнү жакындап келатат, биз алардын чабуулдарына туруштук берип, каршылык көргөзүп жатабыз. Биз буга чейин Бахмуттун аймагында согушуп келдик, эми бул жерге жөнөтүштү. Бул жакта абал алда канча курч. Бахмутта мынчалык айыгышкан кармаштар жок. Бирок биз аларды сүрүп чыгарууга аракеттенүүдөбүз".

Украин армиясы чек арага беш чакырымга жакын жайгашкан Волчанскинин 60% көзөмөлдөгөнүн, көчө кармаштары жүрүп жатканын биллдирди. Орусия ал шаарды алса, бул – үстүбүздөгү айда Харьков багытында ачылган экинчи фронттогу ири утушу болуп калмакчы. Өлкөнүн экинчи чоң шаары Харьков ал жерден 70 километр аралыкта жайгашкан.

“Бардыгы эскалациядан коркот. Ал арада украиндер өлүп жатат"

Расмий Киев ок-дары, курал-жарак тартыш болгонун көптөн бери айтып келатат.

Украин президенти Владимир Зеленский 20-майда Рейтер агенттигине берген маегинде Орусияга абадан туруштук берүү үчүн F-16 үлгүсүндөгү 120-130 учак керек экенин айтты. Ушу тапта Батыштагы өнөктөштөр 60 учак берүүгө даярданууда.

Зеленский кайрадан НАТОго кайрылып, орус ракеталары Украинанын батыш аймактарына сокку урганда, аларды Польшадан атып түшүрүүгө үндөдү:

"Алар муну кыла алабы? Кыла алат деп ойлойм. Андай учурда НАТО өлкөлөрү чабуул койгон, согушка аралашкан болуп калабы? Жок. Алар НАТОго ташылган газ сактоочу жайга тийиши мүмкүн деген ракетаны атып түшүргөн, аны коргогон болобу? Ооба. Же альянстын тынч жарандарына тийиши мүмкүн деген ракетаны атып түшүрүшөбү? Ооба".

АКШнын оор техникасы Запорожье аймагында.
АКШнын оор техникасы Запорожье аймагында.

АКШ америкалык ракеталарды Орусиянын аймагына сокку уруу үчүн пайдаланууга уруксат берүү чакырыктарына макул болбой келатат. Вашингтон Украинага жардам коргонуу максатында гана берилип жатканын белгилейт. Батыш жаңжалдын андан аркы чыңалуусунан чочулайт.

“Бардыгы эскалациядан коркот. Ал арада украиндер өлүп жатат. Бардыгы буга көнүп калгандай. Бул – эскалация болбойт”, - деп айтты Зеленский.

Украин мамлекет башчысы өнөктөштөргө ыраазычылыгын айтып, ошол эле маалда жардам жай келип жатканын белгиледи.

Зеленский Украина түндүк-чыгыш аймагында жерлерин тарттырып жатканын моюнга алуу менен майдандагы абал бир жума мурункуга караганда жакшырганын кошумчалады.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков 21-майда украин аскерлери фронтто абдан кыйын абалга кептелгендиктен, Зеленский Батыштын жаңжалга көбүрөөк аралашуусун каалайт деп билдирди. Ал ошондой эле Украинага четтен берилген жардам орус аскерлеринин алга жылуусуна жолтоо боло албасын кошумчалады:

“Киев режиминин Зеленский баш болгон улам бир өкүлү акыркы күндөрдө билдирүүлөрдү жасап келатышат. Айрым учурларда алар истерияга алдырып жатат. Себеби фронттогу абал Киев режими үчүн абдан оор болууда".

АКШ Конгрессинин 13 мүчөсү украин армиясына Орусияга сокку уруу үчүн америкалык курал-жаракты колдонууга уруксат берүүгө чакырды. Пентагондун башчысына жолдонгон катка демократтар да, республикачылар да кол койду.

Кайрылуу авторлору Харьков багытындагы чабуулдун фонунда Байден украин күчтөрүнө “Орусиянын кол салуусуна жооп кайтарууга зарыл болгон операциялардын бардык комплексин жүргүзүүгө уруксат берүүгө тийиш” деп эсептешет.

Мыйзам чыгаруучулар ошондой эле украин учкучтарын F-16 истребителдерин башкарууну үйрөтүүгө, Киевге дагы жети даана “Patriot” абадан коргонуу комплекс берүүгө үндөштү.

Буга чейин Киевге барган маалда АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен АКШ украин аймагынан тыш жерлерге сокку урууну жактырбаганы менен, Киев “бул согушту жүргүзүүгө байланышкан чечимдерди өзү кабыл алышы керек” деп айткан.

Буга чейин Лондон өз куралын Орусияга сокку уруу үчүн пайдалануу уруксатын берген.

Украин куралдуу күчтөрү да аскерлердин тартыштыгына туш болуп келатат. Шейшембиде украин Юстиция министрлиги абакта жазасын өтөп жаткан 3 миңден көп киши куралдуу күчтөрдө кызмат өтөөнү каалап жатканын маалымдады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG