Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:08

"Асман жарылгандай болду". Орусия Харьковго чабуулун күчөттү


Харьковдогу чабуулга кабылган турак жай. 10-май, 2024-жыл.
Харьковдогу чабуулга кабылган турак жай. 10-май, 2024-жыл.

Орус күчтөрү Украинанын түндүк-чыгышындагы Харьков облусунда чабуулдарын күчөттү. Алар облустагы Киевдин 2022-жылдагы контрчабуулунда бошотулган шаар-кыштактарды аткылап, Украинанын коргонуу тилкесин бузуп өтүүгө аракет кылышты. Эксперттер Орусия Украинада буфердик аймак түзгүсү келерин айтышууда.

Орус күчтөрүнүн күчөгөн артиллериялык аткылоолору жана аба чабуулдары Харьковдун Орусия менен чектеш аймактарынын миңдеген тургундарын жер которууга аргасыз кылды.

Облустун түндүк аймактарында уруш күчөгөнүнө байланыштуу 4 миңден ашуун киши коопсуз аймактарга көчүрүлдү.

Алардын арасында орус чек арасынан алты чакырым гана алыстыктагы Волчанск шаарынын жашоочулары да бар.

"Түндө учактар шаарга толтура бомба таштады. Асман жарылгандай туюлду. Күрү-күү түшүп, өтө коркунучтуу болду", - деп айтып берди ишемби күнү жер которгон тургундардын бири.

Согушка чейин Волчанскинин 17,5 миңдей тургуну бар эле. 2022-жылдын 24-февралында Орусиянын кеңири масштабдагы согушу башталгандан бери калаанын тургундарынын көбү жер которуп кетип, 3 миңдейи гана туруктуу жашап жатат.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана ыктыярчылар аларды Орусиянын бомбалоолорунан жанын аман сактап калууга чакырууда.

"Суу алыс жакта. Эл кезекке турушу керек. Ушундай бомбалоодон кийин суу ала албайсың. Биз аткылоолордон, бомбалоолордон, өлүмдөн, Орусиянын өлүмүнөн качып баратабыз", - деп айтып берди жер которууга аргасыз болгон тургундардын бири Валерий Дубский.

Волчанск шаарынан көчкөн тургундар, 10-май, 2024-жыл.
Волчанск шаарынан көчкөн тургундар, 10-май, 2024-жыл.

Фронтто кармаш күчөдү

Орусия Волчанск шаары жайгашкан Харьков облусунун бир топ бөлүгүн согуштун алгачкы апталарында ээлеп алган. Бирок украин күчтөрү 2022-жылдын күзүндөгү ийгиликтүү контрчабуулдарынын алкагында орус армиясын облустун аймагынан дээрлик сүрүп чыгарган.

Андан бери Харьков утур-утур аткыланып турса да соңку бир нече күндөгүдөй тынымсыз чабуулдарга көптөн бери кабыла элек болчу.

Аткылоо жана аба чабуулдарынан тышкары жумага караган түнү орус күчтөрү Харьковдо украин тараптын коргонуу тилкесин бузуп өтүүгө жана ок атууга аракет кылды. Киев бул чабуулдун мизин кайтарганын белгилеп жатат. Айрым маалыматтарга ылайык, украин армиясы аймакка кошумча күчтөрдү жиберүүнү караштырууда.

Орусиянын Коргоо министрлиги болсо Харьковдогу бир нече айылга көзөмөлүн орнотконун билдирип жатат.

"Түндүк" аскерлер тобунун бөлүмдөрү чабуул жасоо аракеттеринин натыйжасында Харьков облусундагы Борисовка, Огурцово, Плетеневка, Пыльная жана Стрелечья калктуу конуштарын бошотту", - деп айтылат 11-майдагы расмий билдирүүдө.

Бирок бул маалыматты Киев ырастаган жок. Аны көз карандысыз булактар аркылуу тастыктоого мүмкүн боло элек.

Ошентсе да украин бийлигинин маалыматы соңку күндөрү Орусиянын чабуулдары күчөгөнүн бышыктап турат.

Украин армиясынын Башкы штабы 11-майда билдиргендей, акыркы 24 сааттын ичинде ракета жана дрон чабуулдарынан тышкары орус күчтөрү менен украин тараптын ортосунда 100дөн ашык аймакта кармаш болду.

Украин президенти Владимир Зеленский да 11-майдын кечиндеги билдирүүсүндө фронттун айрым аймактарында кырдаал оңой эмес экенин айтты.

"Бүгүн биздин көңүл фронт тилкесине, Орусиянын чабуул коюу тобокелчилиги жогору болгон аймактарыбызга бурулуп турат. Харьков аймагында биздин коргонуу аракеттерибиз уланууда", - деди Зеленский. "Эки күндөн бери биздин күчтөрү ал жакта контрчабуулдарын улантып, Украинанын аймагын коргоп жатат."


Москванын Харьковдо көздөгөнү эмне?

Вашингтондогу Согушту изилдөө институту Орусия Харьков облусун толук каратып алууну же Харьков шаарына көзөмөлүн орнотууну көздөбөгөнүн белгилеп жатат.

Институттун божомолуна ылайык, Москва Харьковдо чабуулдарын күчөтүү менен Украинанын ансыз да чектелген аскердик күчтөрүн жана ресурстарын Орусиянын миң чакырымдык чек арасын бойлой чачыратып жиберүүнү көздөп жатышы мүмкүн.

Соңку кырдаал Украинаны өз күчтөрүн чек аранын ар кыл бөлүгүндө текши бөлүштүрүүгө аргасыз кылышы ыктымал. Натыйжада Орусияга Донецк багытындагы максаттарын дагы оңоюраак ишке ашырууга жол ачылышы мүмкүн.

Институттун маалыматына ылайык, Орусия Волчанск тарапта чабуулдарын күчтүү менен Харьковдогу Купянск шаарына көзөмөлүн орнотууну да көздөп жатышы ыктымал. Москванын бул шаарды каратып алуу аракеттеринен соңку алты айдан бери майнап чыга элек.

Мындан тышкары Москва Украинанын чек арасын бойлой "демилитаризацияланган" же "санитардык" буфердик аймак түзүүнү да максат кылууда. Адистердин баамында, Кремл бул максатты 2024-жылдын башынан бери ишке ашыргысы келип жүрөт.

Би-Би-Синин орус кызматы да Орусиядагы армияны жактаган "Рыбарь" ресурсунун автору Михаил Звинчуктун орус күчтөрүнүн буфердик аймак түзүү максаты тууралуу пикирин жазды.

Мындай буфердик аймак украин аймагынан Орусиянын Белгород облусунда жасалган чабуулдарды азайтууга мүмкүндүк бериши мүмкүн.

Белгороддогу чабуулдар

Орусиянын Украина менен чектеш аймактарында, анын ичинде Белгороддо дрон чабуулдары утур-утур катталып келет. Расмий Киев бул чабуулдардын көбүнө жоопкерчиликти расмий түрдө мойнуна албаганы менен Москва ал үчүн украин тарапты айыптайт.

Белгороддогу жекшембиде бир тарабы урап түшкөн имарат, 12-май 2024-жыл.
Белгороддогу жекшембиде бир тарабы урап түшкөн имарат, 12-май 2024-жыл.

Жекшемби күнү эртең менен Белгороддогу көп кабаттуу үйлөрдүн бир бөлүгү урап түштү. Жергиликтүү бийлик буга "снаряддын түз тийгени" себеп болгонун айтышты. Каза тапкандар тууралуу маалымат айтыла элек. Кеминде 20 киши жараат алганы кабарланды.

Ушул эле күнү дрон чабуулу делген окуяда Орусиянын Украинага жакын жайгашкан Волгоград облусунда мунайды кайра иштетүүчү заводду өрт чулгаганы белгилүү болду. Заводду иштеткен "ЛУКойл" компаниясы да, Киев да бул чабуул боюнча комментарий берген жок.

Кантсе да мындай дрон чабуулдары азырынча фронтто чоң өзгөрүүлөргө жол ача элек. Украинанын чалгын кызматынын жетекчисинин орун басары Вадим Скибицкий айдын башында The Economist басылмасына курган маегинде расмий Киев апрель жана май айлары оор болорун алдын ала эле билгенин, украин тарап үчүн эң башкы маселе куралдын жетишсиздиги экенин айтты.

Украин чалгын кызматынын маалыматына ылайык, орус күчтөрү кеңири масштабдагы согуш башталгандан бери чоң жоготууга учуруганына карабай, ушул тапта жарым миллиондой орус аскери же Украинанын аймагында же өлкөгө чектеш жерлерде жүрөт.

Согушту изилдөө институтунун эксперти Жорж Баррос CNN телеканалына билдиргендей, орус күчтөрүнүн Украинанын түндүк тараптарына жакын аймактарында чабуулдарын күчөткөнүн "Түндүк" же "Север" деп аталган аскердик бөлүктүн жаңы түптөлүшү менен байланыштуу болушу мүмкүн.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG