Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:49

Орусияга огожо болгон өлкөлөр жана Путиндин бешинчи мөөнөтү


Москвадагы аскердик парадга катышкан лидерлер, 9-май, 2024-жыл
Москвадагы аскердик парадга катышкан лидерлер, 9-май, 2024-жыл

Украинага кол салгандан кийин изоляцияда калган Орусия жана анын президенти Владимир Путинге мурдагы советтик республикалардан курулган эгемен мамлекеттердин айрымдары огожо болуп келатат. 8-майда Москвада Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин саммити, 9-майда аскердик парад өттү.

Жогорку Евразия экономикалык кеңештин кезектеги саммити формалдуу түрдө уюмдун түзүлгөнүнүн 10 жылдыгына арналды. Эксперттер экономикалык карым-катышты жакшыртуу максатында түзүлгөн уюмда, иш жүзүндө, товар жүгүртүүдөгү тоскоолдуктар жоюла электигин белгилешет.

Путиндин бешинчи мөөнөтүндөгү алгачкы эл аралык жыйын

8-майда өткөн Москвадагы жыйын - Владимир Путиндин бешинчи жолу президенттик кызматка шайлангандан кийинки алгачкы эл аралык чогулушу. Ал 7-майда ант берип, 25 жылдан бери жаңыртылып келаткан кезектеги мөөнөтүнө киришти.

Уюмга төрагалык кылуу кезеги Арменияда болгондуктан, премьер-министри Никол Пашинян жыйынды алып барып, Беларустун президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана Орусия Федерациясынын президенти Владимир Путин сөз сүйлөштү.

ЕАЭБге байкоочу катары катышкан Кубанын президенти Мигель Диас-Канель жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге да микрофон берилди.

Мамлекет башчылары 2020-жылы 11-декабрда кабыл алынган "Евразиядагы экономикалык интеграцияны 2025-жылга чейин өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттары жөнүндө" чечимдин аткарылышын талкуулашты.

Мындан тышкары Биримдиктин алкагында өз ара аракеттенүүнүн багыттары тууралуу сөз болду.

Мындан тышкары уюмдун Монголия менен соода-сатыгы, бул өлкө менен экономикалык байланышты арттыруу да күн тартибинде болду.

Жапаров: Кагаз жүзүндө эмес, иш жүзүндө ишеним мейкиндигин түзөлү

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров өз сөзүндө уюмдун артыкчылыктарын белгилеп, ошол эле маалда эмнелерге көңүл буруу зарылдыгына да токтолду. Анын ою боюнча, өлкө "биримдикте болуу менен макроэкономикалык туруктуулукту сактап, азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздукту камсыз кылды".

"Жумушсуздуктун деңгээлин төмөндөтүп, өндүрүштүн туруктуу өсүшүн сактап, товарларды сатуунун жаңы рынокторуна чыга алдык", - деди ал.

ЕАЭБдин жыйыны.
ЕАЭБдин жыйыны.

Жапаровдун айтымында, уюмга кирген акыркы 10 жылда өлкөнүн тышкы соода жүгүртүүсү 5,6 млрд доллардан 15,7 млрд долларга чейин жетип, 2,8 эсеге өскөн. Экспорттун көлөмү 2,2 эсеге, импорт 2,9 эсеге жогорулаган.

Садыр Жапаров уюмдун артыкчылары менен катар келечекте эмнелерге көңүл буруу зарылдыгын да айтты. Анын пикиринде, биримдиктин потенциалын максималдуу пайдалануу жана өз ара кызматташуунун деңгээлин жогорулатуу боюнча биргелешкен чараларды көрүү зарыл.

"Биз кагаз жүзүндө эмес, иш жүзүндө ишеним мейкиндигин түзүшүбүз керек. Товарлардын жүрүү жолунда жагымдуу шарттарды түзүү жана административдик чыгымдарды кыскартуу аракеттери туруктуу жана тынымсыз мүнөздө болууга тийиш", - деди президент.

2014-жылы 29-майда түзүлгөн Евразия экономикалык кеңешине Кыргызстандан тышкары Армения, Беларус, Казакстан жана Орусия мүчө.

Маалыматтар боюнча, Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине мүчө болгон жылдары ичинде анын курамындагы мамлекеттер менен соодасы 76% өсүп, 2,5 млрд доллардан 4,4 млрд долларга жеткен.

Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорту 3 эсеге артып, 410 млн доллардан 1,23 млрд долларга, ал эми импортунун көлөмү 2 млрд доллардан 3 млрд долларга чейин жеткен (50%).

"Кыргыз Республикасынын ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспортунун көлөмү жогору бойдон калууда. Алсак, алтын экспортун эсепке албаганда, биздин экспорттун 80% ЕАЭБ өлкөлөрүнө туура келет", - деди Садыр Жапаров Москвадагы сөзүндө.

Президент Евразиялык экономикалык интеграцияны андан ары өнүктүрүү, анын ичинде товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн тоскоолдуксуз бирдиктүү рыногун түзүүнү маанилүү деп эсептей турганын айтты.

"Максат аткарылбай жатат"

ЕАЭБ - бажы чек аралары жок, товар, тейлөө кызматын жүгүртүү, капитал жана жумушчу күчүнүн эркиндигин камсыздоо үчүн бирдиктүү экономикалык саясат жүргүзүү максатында түзүлгөн уюм. Ошого карабай, мүчө мамлекеттер ортосунда “соода согуштары” байма-бай жүрүп келатат.

Жогорку Кеңештин депутаты, экономика министринин мурдагы орун басары Элдар Абакиров 10 жыл мурда түзүлгөн Евразия экономикалык биримдигинин койгон максаттары иш жүзүндө аткарылбай калган учурларга токтолду:

“Негизги максат – бул товарды жүгүртүү эркиндиги, капитал эркиндиги жана жумушчу күчүнүң эркиндиги деп айтылган. Эми, мисалы, товарды ташуу эркиндигин алсак, Кыргызстандын товарларын ташууга Казакстандын чек арасынан тоскоолдуктар болуп келатат. Мындан тышкары Кыргызстанда өндүрүлгөн балык, колбаса, сүт азыктарын сатууга да Орусия тарабынан чектөөлөр боло калып жатат. Ырас, жумушчу күчү эркин эле жылыштырылып аткан, бирок Орусия-Украина согушунан кийин кыргызстандык жумушчулардын Орусияга баруусу кооптуу болуп калды. Баргандар болсо ал жактан кетип жатышат - же Бишкекке кайтууда, же башка мамлекеттерге бет алышты.”

Элдар Абакиров.
Элдар Абакиров.

Былтыр Орусия санитардык нормалар сакталган эмес деген жүйө менен Кыргызстанда өндүрүлгөн колбаса азыктарын, сүт жана балыкты экспорттоону чектеген учурлар болчу.

Андай тоскоолдукка кабылган ишканалардын бири "Тойбос" компаниясы өзү чыгарган продукцияларынан чочконун эти табылбаганын көз карандысыз лабораториялардан далилдегенин бир нече ирет билдирген.

Кыргыз форелине салынган чектөөлөр бир жылдан бери толук алынып салына элек жана анын кесепетин балык өндүрүүчүлөр эмдигиче тартып келатышат.

Уюмдун маалыматы боюнча, ЕАЭБ 10 жыл аралыгында мүчө мамлекеттердин ички дүн өнүмү 1,6 трлн доллардан 2,5 трлн долларга өскөн, ал эми өз ара сооданын көлөмү дээрлик эки эсеге - 80,5 млрд долларга жеткен.

Үчүнчү өлкөлөр менен товар жүгүртүү 60 пайызга жогорулаган.

Мындан тышкары, биримдиктин тышкы карызы он жылда 15 %га кыскарып, өз ара түз инвестициялардын портфели 17,7 млрд долларга жеткен.

Биримдик Кытай, Вьетнам, Иран, Сингапур, Сербия менен соода келишимдерине кол койгон.

Сооданы либералдаштыруу жаатында Индия, Египет, Индонезия, БАЭ менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

Сыналган Армения - Орусия мамилеси

Жыйындын бул ирет май айына туштап өткөрүлгөнүнүн да мааниси бар. Мындан 79 жыл мурда аяктаган Экинчи дүйнөлүк согуштагы Жеңиш майрамы - мурдагы советтик республикалардын башын бириктирип келаткан тарыхый дата.

Орусия Украинага кол салган эки жылдан ашуун убакыттан бери дүйнө лидерлери Владимир Путинден жүз үйрүп турган маалда, мурдагы советтик республикалардан курулган эгемен мамлекеттердин айрымдары ага огожо болуп келатат.

Москвадагы парад учурунда тартылган сүрөт. 9-май, 2024-жыл
Москвадагы парад учурунда тартылган сүрөт. 9-май, 2024-жыл

9-майдагы Москвадагы аскер парадга президент Садыр Жапаровдон тышкары, КМШга мүчө мамлекеттерден Казакстандын, Беларустун, Тажикстандын, Түркмөнстандын, Өзбекстандын президенттери, ошондой эле Кубанын лидери катышты.

Парадда Армения менен Азербайжандын лидерлери болгон жок.

Армениянын президенти Никол Пашинян Орусия лидерлик кылган чөлкөмдөгү дагы бир уюмду - Жаматтык коопсуздук келишим уюмун кескин сындап келатат.

8-майда Москвада ЕАЭБдин жыйынынан соң Орусиянын президенти Путин менен Армениянын премьер-министри Пашинян бетме-бет жолугуп, ортодо топтолгон бир катар актуалдуу маселелерди бир сааттай талкуулашты. Алардын жолугушуусу эки өлкө ортосунда чыңалган абал түзүлгөн учурда өттү.

8-майда Москвада Путин менен Пашинян ортосунда жетишилген макулдашууга ылайык, Армениянын бир катар аймактарында жайгашкан Орусиянын аскерлери жана чек арачылары чыгарылмай болду.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песковдун айтымында, "армян тараптын өтүнүчү боюнча" орусиялык чек арачылар “армян-түрк жана армян-иран чек ара тилкесинде калышат".

Советтик, андан соң орусиялык чек арачылар ал жакта СССР урагандан кийин да кала беришкен.

Путин менен Пашинян. 8-май, 2024-жыл
Путин менен Пашинян. 8-май, 2024-жыл

Путин Пашинян менен жолугушууда Орусия жана Армения ортосундагы эки тараптуу мамилени жана экономикалык алаканы жогору баалады, ал эми Песков "Москва Ереван менен мындан аркы кызматташтык келечегин жалпысынан оң баалай турганын» билдирди.

ЕАЭБдин жана ЖККУнун толуккандуу мүчөсү Армениянын өкмөт башчысы Пашинян буга чейинки сөздөрүндө Орусия жана анын өнөктөштөрү Тоолуу-Карабак чырында Арменияга иш жүзүндө жардам бербей койгонун бир нече ирет ачык айткан. "Окуяларды талдоо көргөзгөндөй, биз көп жылдардан бери ишенип келген коопсуздук системалары жана союздаштарыбыз уюмдун алсыздыгын ачыкка чыгарды" деген болчу ал. Ал Орусия жетектеген Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) таяна албай турганын бир нече жолу айткан.

2020-жылы Армениянын Азербайжан менен Тоолуу Карабак боюнча куралдуу жаңжалы курчуганда азери аскерлери басып киргенин айткан армян өкмөтүнүн өтүнүчү боюнча орусиялык чек арачылар жана аскерлер Армениянын бир катар түштүк жана чыгыш аймактарына жайгаштырылган. Эми расмий Ереван аларды чыгарып кетүүнү өтүндү.

Азербайжан былтыр сентябрда эки өлкө көптөн бери талашып келген Тоолуу Карабак аймагын өз карамагына толук алгандан кийин ортодогу атышуу дээрлик токтогон. Бул аймакта жашаган 100 миңдей армян улутундагы киши үй-жайын таштап чыгып кетүүгө мажбур болгон.

Ушул окуялардан кийин Армения былтыртан тартып ЖККУнун аскердик машыгууларына катышуусун токтото баштаган, мисалы, анын Кыргызстандын Балыкчы шаарында өткөн акыркы машыгуусуна армяндардын куралдуу күчтөрү келген эмес.

Ошол эле маалда расмий Ереван Евробиримдик менен интеграцияны арттырууга бет алганы белгилүү.

Ереван: Митингчилер премьер Пашиняндын кетишин талап кылууда
please wait

No media source currently available

0:00 0:14:14 0:00

  • 16x9 Image

    Кубат Оторбаев

    "Азаттыктын" "Арай көз чарай" талкуусунун алып баруучусу жана саясат, экономика, эл аралык алакалар багытында баяндамачы. 

XS
SM
MD
LG