Линктер

дүйшөмбү, 26-август, 2019 Бишкек убактысы 10:49

Кайыр кош, Токо, үзөңгүлөш агам!


Токо "Азаттыкта" мейманда. 18.7.2009.

Тарыхчы, профессор Токторбек Наматбек уулу Өмүрбековдун (27.3.1955 –– 30.7.2019) элесине багышталган кичүү кесиптешинин эскерүү макаласы.

Тагдырда күүгүм тартып келе жаткан маалда үзөңгүлөштөн ажырагандан оор учур болобу!.. Чыгаан тарыхчы агабыз Токторбек Наматбек уулу Өмүрбеков теке (июль) айынын 30унда таңга маал дүйнө салган экен... Тун уулу Анвардын айтымында, таңкы саат алтыларда бир аз сыртка басып келип, анан кыңайган бойдон жүрөгүнөн кармап кете берген экен!..

Атпай журтка таанылган Токтогул Сатылган уулун тарыхта “Асыл Током!” деп айтышаарын көп эле окуганбыз. Достору, тели-теңтуштары, аны жакшы көргөн шакирттери үчүн биздин Токобуз да “Асыл Токо” эле...

Быйыл 64 гана жаштын чайын ичип жаткан. Алдыда дагы далай чыгармачыл долбоорлору бар болчу. Кенжебиз Элзар үйлөнсө экен деп эңсечү. Ар дайым дасторконун кенен жайып жаркылдаган жары Жаңылга таянып, мага “башка досторуңду да ээрчитип бизге башпагып чык!” деп тураар эле...

Токо кызы Асел менен Карлштейнде. Чехия. 2009-жылдын июлу.
Токо кызы Асел менен Карлштейнде. Чехия. 2009-жылдын июлу.

Сүйүктүү кызы Асел менен чогуу 2009-жылы Прагага келип, бизде конокто болуп, бул жактагы кыргыз диаспорасынын тойлоруна катышып, бир кездери өзү да тарых боюнча кызыктуу макалалар даярдаган “Азаттыктын” баш кеңсесине кайрылып, айтор, чечекейи чеч болгону эсте...

Токо менен Казакстанда, Түркияда, Орусияда жана Германияда бир катар илимий жыйындарда чогуу болдук, Берлинде Рейхстагга барып сүрөткө түштүк...

Бир ирет Кытайдан профессор Мамбеттурду Мамбетакундан чакыруу кат алып калдым. Ал Үрүмчүгө илимий жыйынга бир нече киши келсеңиздер деп өтүнгөн экен. “Азаттыктын” күндөлүк түйшүгүнөн чыга албадымбы, же башка да себеп болдубу, айтор, сиз барып келиңиз деп эптеп Токону көндүрдүм. Ал жаш тилчи Канат Садыков менен чогуу Алматы, Кулжа аркылуу автобус менен Үрүмчүгө жөнөп кетти.

Кийинчерээк ал күлдүрүп айтканы эсте. Ал кезде Алматы–Үрүмчү жолу азыркыдай мизилдебей, кароосуз калган, жолду ката чаңга оронгон акыбалда экен. “Жеткиче мени каякка барууга көндүрдү деп сени тилдеп жүрүп отурдум. Анан эле бизди Үрүмчүдө окумуштуулар тим эле космонавтты тоскондой жаркылдап тосуп алышканда, кайра ушунчалык сүйүнгөнүмдү айт!” – деп калчу эле. Чын эле, пост-советтик тарыхчы катары Чыгыш Теңир-Тоону карай ал алгач баскан жолду кийинчерээк абдан көп кесиптеши кайталады.

Мындан 30 жыл илгери биз Кыргызстан жаш тарыхчылар жамааты уюмун түзгөнүбүздө, Токо баралына келип турган, 34кө жаңы чыккан жаш окумуштуу эле. Үч жыл өтүп-өтпөй, биз Кыргызстандын тарыхын жаңыча жазуу боюнча биргелешкен иштерибизди баштадык. 1992-жылы экөөбүз Кыргызстан жаш тарыхчылар жамаатынын колдоосу менен “Түндүк Кыргызстандын Орусияга каратылышы: 1855–1868” (Бишкек: "Учкун" концерни, 1992) аттуу китепчени жарыяладык. Азыр бардыгы тең эле бул жаатта өз оюн эркин жаза алышат, бирок бул китепче бир кездери Кыргызстан Компартиясынын жетекчиси Т.Усубалиев таңуулаган “Түндүк Кыргызстан Орусияга өз ыктыяры менен 1855–1863-жылдары кирген” деген жоромолго каршы жаш кесипкөй тарыхчылардын ашканадагы кулуарда эмес, басма сөздө жарыяланган алгачкы каяшаларынын бири болчу.

Андан саал мурдараак, 1986-жылы, айтылуу Желтоксон окуяларына чейин, Токобуз Алматыдагы Казак мамлекеттик университетинде “Жети-Суудагы элдердин XX кылымдын башындагы улуттук боштондук кыймылына катышуусу (1900––1917-жж.)” деген өтө олуттуу темада кандидаттык ишин коргоду. Адатта, бизде 1916-жылкы көтөрүлүштү изилдеген тарыхчылар дээрлик жок деп сыртынан тон бычып сындай беришчү. Иш жүзүндө, бул диссертация профессор Кушбек Үсөнбаевдин (1916-жылкы көтөрүлүш тууралуу китебинин басмага берилген кол жазмасы 1983-жылы Т.Усубалиев тарабынан адилетсиз сынга алынган чыгаан илимпоздун) иликтөөсүн андан ары уланткан жана оригиналдуу архив маалыматтарына негизделген баалуу эмгек болчу.

Токонун ошол диссертациясын кош колдоп сүрөгөн казак илимпоздорго да ыраазыбыз. Бул диссертациянын алгачкы илимий жетекчиси – эти казак, сөөгү кыргыз Анварбек Хасанов (1914––1984) агай болчу. Токо өз тун уулун ушул агайдын атынан койгон.

Бизде улуттук көтөрүлүштөрдү реакциячыл, бай-манапчыл, диний-клерикалдык деп жерип турган кыргыз авторлорго Анварбек агай тайманбай каршы чыгып, бул көтөрүлүштөр прогрессивдүү болгон, улуттук боштонддукка чыгаруу алардын башкы мүдөөсү болгон деп жүрүп көзү өткөн. Токо бул агайдын илимий жобосун ырааттуу жактады; 1916-жылкы көтөрүлүш тарыхы боюнча жактаган кийинки шакирттерин да ушуга чакырды.

Булардын бардыгын азыр ачыктап айтып койбосок, Токо баралына жетээрде баштан кечирген оор идеологиялык кырдаал жаш муундардын түшүнө да кирбес.

Кыргыз таануучулар. Солдон оңго: тарыхчылар Муратбек Кожобеков, Кыяс Молдокасымов, Санжарбек Данияров, Тынчтыкбек Чоротегин, Кушбек Үсөнбаев, Зайнидин Курманов, Имел Молдобаев, Өмүркул Караев, Токторбек Өмүрбеков жана адабиятчы Абдылдажан Акматалиев. Стамбул, 1994-жылдын сентябры.
Кыргыз таануучулар. Солдон оңго: тарыхчылар Муратбек Кожобеков, Кыяс Молдокасымов, Санжарбек Данияров, Тынчтыкбек Чоротегин, Кушбек Үсөнбаев, Зайнидин Курманов, Имел Молдобаев, Өмүркул Караев, Токторбек Өмүрбеков жана адабиятчы Абдылдажан Акматалиев. Стамбул, 1994-жылдын сентябры.
Кыргыз көтөрүлүшчүлөрүн курал кармап колдогон орус жана украин келгиндер да кыргыз рухун, салтын, таза дилин аңдай алган жана анысын куралдуу күрөштө тастыктаган өз элинин эр азаматтарынан болгон
Токторбек Өмүрбеков

Ошол эле эгемендикке жетээрдеги 1990–1991-жылдын алгачкы жарымындагы басма сөздөн көрсө болот (Мисалы: Өмүрбеков Т.Н., Чороев Т.К. 1916-ж. көтөрүлүшкө кимдер катышкан // Кыргыз маданияты. - 1991. - 9-май; Өмүрбеков Т.Н., Чороев Т.К. 1916-жылкы көтөрүлүш жөнүндө // Кыргыз маданияты. - 1991. - 17-октябрь; Өмүрбеков Т.Н., Чоротегин Т.К. Үркүнгө 75 жыл // Кыргыз маданияты. - 1991. - 27-март; ж.б.) – Жеңиш Жунушалиев сыяктуу коммунист тарыхчы агайларыбыз 1916-жылкы көтөрүлүш катачылык болгон, Орусия менен жоолашпоо керек эле деген сыяктуу ойлорун жазышты, “Ашар”, КДК уюштуруп жаткан “Өмүр көчү” жүрүшүнө караманча каршы болушту.

Бул темалар, демек, улуттук кайра жаралуу, улуттук ойгонуу үчүн өзөккү орунда турган. Токонун эң соңку эмгектеринин бири да “Кыргызстандагы 1916-жылкы улуттук боштондук көтөрүлүш: (Кыскача тарыхый баян)” (Бишкек, 2016) деп аталып, Кушбек агай менен Анварбек агайдын арбактары ыраазы болгондой жаңыча жалпылама китеп болуп калды.

Айтмакчы, Токо 1916-жылдагы көтөрүлүштө кыргыздардын кубаттуу кыймылын колдоп чыккан славян тектүү инсандар жөнүндөгү архивдик маалыматтарды таап жарыялап: “Кыргыз көтөрүлүшчүлөрүн курал кармап колдогон орус жана украин келгиндер да кыргыз рухун, салтын, таза дилин аңдай алган жана анысын куралдуу күрөштө тастыктаган өз элинин эр азаматтарынан болгон”, – деп калыс жазып чыкты.

2016-жылдын 12-майында ал Бишкектеги Эл аралык Ала-Тоо университетинде “Silk Road” изилдөө борбору тарабынан уюштурулган «Үркүнгө 100 жыл» аттуу илимий талкууда чыгып сүйлөгөн; анын терең мазмундуу жана татаал тарыхый көйгөйдү ар тараптуу чагылдырган сөзү менен азыр интернеттен да таанышууга болот.

Токонун кыргыз тарыхындагы жана кыргыз таануудагы дагы бир чоң саамалыгы – буга чейин жылуу сөз айтылбаган, атайылап унуткарылган же жерилген тарыхый инсандарга калыс баа берүү жаатындагы тынымсыз иш-аракети болду. 2004-жылы ал инсан таануу жаатында алгачкы докторлук диссертациясын кыргыз тилинде жактады. Токонун залкар инсандардын Кыргызстандын тарыхындагы ролу жана орду (XIX к. ортосу – XX к. башы) тууралуу бул эмгеги “Эл башылар, эрендер жана эл тарыхы: (Тарыхий очерктер)” (Бишкек, 2014) деген жаңы эмгек менен улантылды.

Токо 1916-жылкы көтөрүлүштүн тарыхына арналган эл аралык илимий жыйында. 21.10.2016.
Токо 1916-жылкы көтөрүлүштүн тарыхына арналган эл аралык илимий жыйында. 21.10.2016.

Токо 2012-жылы “Кыргыз Тарых Коому” бирикмесин түптөөгө да зор көмөк көрсөттү. Кыргызстандын президентине караштуу Тарых илимин өнүктүрүү боюнча комиссияда да анын бир катар иштиктүү салымдары болду.

Андан тышкары, ал пост-советтик доордо бир нече ирет кошумчаланып басылган окуу китептери аркылуу гана эмес, жамааттык маалымат каражаттары аркылуу да Кыргызстандын тарыхына жаңыча көз караштарды жайылтууда үзгүлтүксүз мээнет кылды. Анын омоктуу ойлорун калайык “Азаттык”, Би-Би-Си, КТРК, ЭлТР жана башка каражаттар аркылуу да угуп, көгүлтүр экрандан көрүп келди.

Оболу мен студент, ал жаш окутуучу болуп жүргөндө эле өз кеңештерин таңуулабай тургандай айтып жүрчү. Кийинчерээк үй-бүлөбүз менен катташып калдык (жубайы Жаңыл менин Нарын шаарында чогуу окуган классташым болот). Ошондой тыгыз алакаларыбызды ал өзгөчө аруу тута алды деп ойлойм.

Көз караштарыбыз дал келип, болгон ойду бири-бирибизге ачык айтып, калпыс же өксүк жагыбызды чогуу оңдоп, бир туугандан да жакын жүрдүк. Анын жана курсташы Ташманбет Кененсариев агайдын эмгекчилдиги артынан келе жаткан биздей жашыраак кесиптештери үчүн студент кезибизден эле өрнөк болчу.

Атаганат, ал студент кезинде жамактатып да ыр төгө койчу эле... Ушул өнөрүн уланта албай калганына кейийм. Балким, бул өнөрдү тарыхчылык супсак, бирок мазмундуу тексттерди жазуу чеберчилигине айырбаштап алгандыр?

Эскерүү макаласынын алгачкы сүйлөмүндө “үзөңгүлөш” сөзү колдонулду. Бул сөздү орус туугандарыбыздын “Баланча менен чалгынга чогуу барууга даярмын” деген сүйлөмүндөгү мааниге теңдеш кароого болот. Төрт көйнөктү кечирээк жыртсам да, Токо менен үзөңгүлөш болгонума сыймыктанам.

Сиздин чыгаан окумуштуу жана педагог катары жаркын элесиңиз түбөлүккө кала берет. Сиздин ойготкуч айдыңдык эмгектериңиз кыргыз таануунун китеп текчесинде көөнөргүс болуп сактала бермекчи.

Жаткан жериңиз жайлуу, топурагыңыз торко болсун!

Кайыр кош, үзөңгүлөш агам!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (62)

XS
SM
MD
LG