Линктер

шаршемби, 26-июнь, 2019 Бишкек убактысы 10:47

Жаш тарыхчылар уюмуна 30 жыл


Жусуп Мамай (солдо) менен Кеңеш Жусупов. 1989-жылдын май айы.

30 жыл илгери, б.а. 1989-жылдын 3-июнунда, КУУнун студенттери «Кыргызстан жаш тарыхчылар жамааты» коомдук уюмун түзүүгө жигердүү катышкан.

Алгачкы жыйын

Мезгил деген куштан да тез учат эмеспи! Деги, мезгилдин кайсы-бир көз ирмемдерине артка кылчайып, акыл калчоого эмне жетсин!

Мындан 30 жыл илгери, 1989-жылдын 3-июнунда, Бишкек шаарындагы эски өкмөт аянтынын түндүгүндөгү Кыргызстан Жазуучулар биримдигинин башкы жыйын залында (азыркы тапта Кыргызстандын Жогорку соту ээлеп турган тарыхый имаратта) олуттуу коомдук жыйын болгон.

Кыргыз акын-жазуучулары Кремлде (солдон оңго): К.Жусупов, К.Артыкбаев, С.Жусуев, Ч.Айтматов, Т.Сыдыкбеков, З.Сооронбаева, М.Абылкасымова, Т.Касымбеков, М.Мураталиев. 1986-жыл.
Кыргыз акын-жазуучулары Кремлде (солдон оңго): К.Жусупов, К.Артыкбаев, С.Жусуев, Ч.Айтматов, Т.Сыдыкбеков, З.Сооронбаева, М.Абылкасымова, Т.Касымбеков, М.Мураталиев. 1986-жыл.

Ага сый конок болуп катышкан жана төрдө отурган эки кадырман аксакалды эле эскерте кетейин: бири – Кыргыз эл жазуучусу, кийин эгемен Кыргыз Республикасынын Баатыры болгон Түгөлбай Сыдыкбек уулу, экинчиси – Кытайдан чыгармачыл сапар менен келген залкар манасчы, чет элдик кыргыздардан алгачкы жолу (жана азырынча жалгыз гана) Кыргыз Республикасынын Баатыры наамына татыган Жусуп Мамай эле.

Алар аска-зоодой болуп, бул жыйынга көрк да болду, анын өтүшүнө каршы чыккан ошол кездеги Кыргызстан Компартиясынын идеологдору үчүн сес да болду деп айта алабыз.

Бул жыйналыш – жаңыдан түзүлүп жаткан «Кыргызстан жаш тарыхчылар жамааты» (КЖТЖ; орусча – Ассоциация молодых историков Кыргызстана; АМИК) деп аталган коомдук-чыгармачыл бирикменин уюштуруу жыйыны эле. Баарынан кызыгы, ал кездери далай коомдук жыйналыштар орусча өтчү же жок дегенде орусчасы эч которулбастан өткөрүлчү.

1989-жылы 3-июнда КЖТЖнын уюштуруу жыйынынын котормочусу болгон ал кездеги студенттер Акчолпон Койчиева менен Арслан Капай уулу. 31-октябрь, 2015-жыл.
1989-жылы 3-июнда КЖТЖнын уюштуруу жыйынынын котормочусу болгон ал кездеги студенттер Акчолпон Койчиева менен Арслан Капай уулу. 31-октябрь, 2015-жыл.

Бул уюштуруу жыйыны болсо «чү» дегенде эле кыргыз тилинде башталды жана анын иши синхрондуу түрдө орусча которулуп жатты. Бирин-экин орусча сүйлөгөн тарыхчылар (маселен, Александр Тузов сыяктуу кесиптештерибиздин сөздөрү) синхрондуу түрдө кыргызчага которулуп турду. (Ал эми кыргыз тилине мамлекеттик тил макамын ыйгарган мыйзам мындан үч жарым айдан ашуун убакыттан кийин, б.а. 1989-жылы 23-сентябрда кабыл алынган эмеспи!)

Айтматовдук Жазуучулар биримдигинин батасы

Ошол кезде Бишкектеги коомдук жайлардын ичинен ушундайча синхрондуу котормо жабдуулары бар жападан-жалгыз жай – Кыргызстан Жазуучулар биримдигинин башкы жыйын залы болчу. Ал имараттын экинчи кабатында жайгашкан эле.

1986-жылдан тартып Кыргызстан Жазуучулар Биримдигинин биринчи катчысы болгон Чыңгыз Айтматов КЖТЖнын демилгечилерине бул жыйын залын бекер колдонууга уруксат берген.

Дубалында коммунисттик үгүт маалыматтары жана дүйнөлүк коммунисттик лидерлердин сүрдүү сүрөттөрү илинген ушул залда Кыргызстандын жана дүйнөнүн тарыхына карата Компартия таңуулаган идеологиялык чектөөлөргө каршы каяша сөздөр арбын айтылып, Энесай Кыргыз каганатынын тарыхы, 1916-жылкы көтөрүлүштүн тарыхы сыяктуу темалар боюнча жаңычыл пикирлер жаңырып жатты.

Котормочу студенттер

Бул уюштуруу жыйынынын куттуу 30 жылдык мааракесинде мыкты окуган, дилгир студенттердин КЖТЖнын уюштуруу отурумундагы унутулгус эмгегин эскерте кетким келди.

Алар – Арслан Капай уулу Койчиев, анын келинчеги Венера (Акчолпон) Койчиева жана алардын курсташы Алмаз Кулматов эле. Буга чейин коомдук жайда синхрондук котормо жасоо тажрыйбасы болбогон бул идиректүү жаштар Кыргыз мамлекеттик университетинин (азыркы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин) 3-курсун аяктап жатышкан.

Адатта КЖТЖ жана бул коомдук уюм кийинчерээк түзүүчүлөрдүн бири катары кошулган «Кыргызстан» демократиялык кыймылы (КДК) сыяктуу бирикмелер жөнүндө сөз болгондо көбүнесе алардын лидерлери тууралуу сөз менен чектелип калабыз.

Чынында уюмду түзүүгө белсенип көмөк кылган жаштарсыз анын тарыхын толук чагылдырууга мүмкүн эмес.

Арслан Капай уулу жана Венера Койчиевдер, Алмаз Кулматов жана алардын далай студент кезден үзөңгүлөш болгон курдаштары (арасында Динара Иманова, Жаңыл Турганбаева, ж.б. бар) кийинчерээк да КЖТЖнын жыйындарына жана башка демократиячыл коомдук уюмдардын демилгелерине үзбөй катышып турушту.

Эгемендик доорунда Арслан кыргыздардын XIX кылымдын биринчи жарымындагы араб арибиндеги дипломатиялык каттары боюнча кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү жактады, ошондой эле чек ара маселелери боюнча ар кыл илимий эмгектерин кыргыз, орус, англис тилдеринде жарыялады. Ал тээ 1989-жылы эле биринчилерден болуп «кыргыз» этнониминин 2200 жылдыгын XX жана XXI кылымдар тогошкон жылдары өткөрүү тууралуу сунушун айтып чыкканы да эсибизде. Эми болсо ал кыргыз тарыхый романдарын жарыялаган чебер калемгер катары жамы журтка дайын болуп калды.

Алмаз Кулматов.
Алмаз Кулматов.

Арсландын жубайы Акчолпон – Би-Би-Си Дүйнөлүк кызматына караштуу Кыргыз кызматынын продюсери катары аттын кашкасындай таанылды. Азыр да ал кыргыз тарыхына жана көөнөргүс байланыштуу берүүлөрдү обого чыгарып келет.

Алмаз Кулматов болсо өлкөдө Ак-Талаа районунун, Нарын шаарынын акими сыяктуу кызматтарда иштеди, өзүн публицист жана коомдук ишмер катары таанытты.

Германдык кыргыз таануучу Гундула Салк айым Тоголок Молдонун санжырасынын айрым жерлерин тактоо боюнча көмөк сурап бизге кайрылганда, Алмаз мырза Ак-Талаадагы санжыра билген аксакалдардан бир катар маалыматтарды бул кесиптешибиз үчүн тастыктап бергендиги эсимде.

Жаш тарыхчылар өз устаттары менен Стамбулда. 1994-жылдын сентябры.
Жаш тарыхчылар өз устаттары менен Стамбулда. 1994-жылдын сентябры.

Демилгелүү жаш тарыхчылар

КЖТЖны уюштурууга демилгечилердин бири катары белсене катышкан жана анын жетекчиси катары шайланууга эч ашыкпастан, бирок далай кара жумуштарын жүзөгө ашырган ошол кездеги жаш илимпоз Кыяс Молдокасымов болчу. Ал кезде ал күндүзгү аспирантурада окуп жаткан. Кийин да ал КЖТЖнын иштерине ырааттуу катышып, 1995-жылы ноябрда КЖТЖ бирикмеси «Кыргызстан тарыхчылар жамааты» коомдук бирикмеси катары кайра уюштурганда анын жетекчиси болуп калды.

Дагы бир белсемдүү жаш окумуштуу – педагогика илимдеринин кандидаты, тарыхчы Адыл Кожобаев эле. Кийинчерээк илимий-коомдук иштерден четтеп, жеке ишкердик менен алектенип калганына карабастан, Адылдын ошондогу орчундуу салымдарын айта кетүү абзел.

Тарыхчы Кыяс Молдокасымов. 19-октябрь, 2016-жыл.
Тарыхчы Кыяс Молдокасымов. 19-октябрь, 2016-жыл.

Адыл жана ушул саптардын ээси КЖТЖнын уюштуруу жыйынынын чечимине ылайык 1989-жылы жайы бою Кыргызстандын тарыхын окутуу боюнча жаңы темалык планды кыргыз жана орус тилдеринде даярдадык.

Аны жарыялоого келгенде тактика кылып, татар улутундагы профессор А.Чукубаев аксакалды калемдеш болууга чакырдык. Ал агайыбыз биз даярдаган жаңычыл концепциянын бир тамгасын да өзгөртпөстөн макул болуп кол коюп берди. Бул тематикалык план 1989-жылы сентябрдын башында «Мугалимдер газетасы» жана «Учитель Киргизстана» басылмаларында кыргызча жана орусча жарык көрүп, кийинки эгемендик доорундагы Кыргызстан тарыхы боюнча окуу программаларына да багыт болуп калды.

Дагы бир жаш окумуштуу – археолог Кубатбек Табалдыев ошол 1989-жылы КЖТЖнын демөөрчүлүгү менен археологиялык экспедицияны жетектеп, бир катар ачылыштарды жасаган.

Худяков: Ысык-Көлдө жашамакмын
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:54 0:00

Кийинчерээк Кубатбек баса белгилеп айтып жүргөндөй, новосибирскилик башка археологдор: «Сага жап-жаш лаборант кезиңде бүтүндөй археологиялык экспедицияны өз алдынча жетектөөгө уруксат бериштиби?» деп таң калышкан экен. Албетте, КЖТЖнын археологиялык экспедициясына нускоочу катары сибирдик таанымал археолог Юлий Худяков да келип жардам кылган.

Кийинчерээк профессор Юлий Худяков Кубатбек Табалдыевдин жана дагы бир жаш археолог – Орозбек Солтобаевдин (бул жигит да Арслан, Венера, Алмаздардын курсташы болчу) ийгиликтүү корголгон кандидаттык диссертацияларына илимий жетекчи болду.

КЖТЖнын жигердүү мүчөлөрүнүн арасында Дөөлөт Сапаралиев (анын КР УИАсынын Тарых институтунда жаштардын илимий иштерин уюштуруудагы тажрыйбасы мол эле), Айдарбек Көчкүнов, Токторбек Өмүрбеков, Аалыбек Акунов, Муратбек Кожобеков, Нарынбек Алымкулов, Бектемир Жумабаев, Александр Тузов, Билал Чыныбаев, Алымбек Кушубеков, Төлөбек Абдрахманов, Турдумамат Кадыров, Турсунбай Бакир уулу, Сынару Алымкулова, Таалайбек Бейшеналиев, Олжобай Каратаев, Акылбек Кылычев, Сыдык Смадияров, Динара Иманова, Роза Абдыкулова, Замира Урстанбекова, ж.б. болду.

Жогоруда сөзгө алынган жаш окумуштуулардын басымдуу көпчүлүгү 20лардын ичиндеги жана 30дан жаңы оогон инсандар эле.

Устаттар жана тилектештер

Ал эми КЖТЖнын ишине колдоо көрсөтүп, нускоочу болгондордун жана тилектештик билдиргендердин арасында (жогоруда айтылган патриархтарыбыз Ч.Айтматов, Т.Сыдыкбеков, Ж.Мамайдан тышкары) көптөгөн жашы улуу замандаштар жана муундаш коомдук ишмерлер болду.

Атап айтканда, Кушбек Үсөнбаев, Өмүркул Караев, Салмоорбек Табышалиев, Сабыр Аттокуров, Галина Супруненко, Садыбакас Өмүрзаков, Айып Идинов, Бейше Урстанбеков, Төлөгөн Касымбеков, Кеңеш Жусупов, Ашым Жакыпбеков, Казат Акматов, Жалил Садыков, Жунай Мавлянов, Асан Жакшылыков, Юлий Худяков, Астайбек Бутанаев, Имел Молдобаев, Топчубек Тургуналиев, Субакун Бегалиев, Роза Отунбаева, Чынара Жакыпова, Анара Табышалиева, Кадича Ташбаева, Бакыт Аманбаева, Ташманбет Кененсариев, Абылабек Асанканов, Сулайман Кайыпов, Зайнидин Курманов, Райымкул Дөкөнов, Кадыралы Конкобаев, Темиркул Эшенкулов, Жыпар Жекшеев, Кадыр Матказиев, Разак Сайдилканов, Аскар Салымбеков, Эдилбек Сарыбаев, Чыныбай Турсунбеков, ж.б. айдыңдар жана коомдук ишмерлер КЖТЖнын демилгелерине ар кыл колдоо кылышкан, айрым жыйындарына катышкан.

Маселен, Кеңеш Жусупов «Ала-Тоо» журналына жана «Кыргыздар» жыйнагына жаш тарыхчылардын жаңычыл макалаларын жарыялаган. Төлөгөн Касымбеков өзү кожоюн болгон конок үйүнө КЖТЖнын илимий жыйындарына келген чет элдик кыргыз таануучуларды жаткырган.

КЖТЖны негиздөөгө ошол кездеги реформачыл жаштар, алардын арасында «Ленинчил жаш» гезитинин жамааты, Нурлан Аскаров сыяктуу комсомолдук лидерлер да тилектеш болгондугун айта кетүү абзел.

1989-91-жылдардагы «Ашар» козголушунун лидерлеринин бири Жумагазы Садыр уулу Усупов. 18-август, 2011-жыл.
1989-91-жылдардагы «Ашар» козголушунун лидерлеринин бири Жумагазы Садыр уулу Усупов. 18-август, 2011-жыл.

Кыргызстан Компартиясынын ошол кездеги идеолог жетекчилеринин бири: «Бул жыйынды кийинкиге калтырсаңар кандай болот?» деп бизге кайрылганда, «Ленинчил жаш» (кийинки «Асаба») гезитине КЖТЖнын уюштуруу жыйыны 1989-жылдын 3-июнунда өткөрүлгөнү жаткандыгы тууралуу жарыяны май айында жарыялата салдык да, ошону шылтоолоп, жыйналышты кийинкиге эч калтырбай турганыбызды айтканбыз. Бул учур да артта калды...

Орошон кезең

Бишкектеги бийликтегилердин мындай коомдук жыйындардан чочулаганынын да «жөнү бар» болчу: ошол тапта кыргызстандык жаштар тарабынан коммунисттик цензура менен «эч чатагы жок» эркин болгон «Ашар» козголушу, Үй куруучулар уюму сыяктуу бир нече коомдук уюмдарды түзүү иштери удаа жүрүп жаткан.

Ошол 1989-жылы жана 1990-жылдын башында – Маскөө менен Ленинградда (азыркы Санкт-Петербург) да кыргыз жаштары өздөрүнүн диаспоралык расмий эмес уюмдарын түзүү менен алектенип жаткан кез эле. Ал эми расмий Бишкек ал кезде ар кандай реформачыл кыймылдардан сестенип турган. (Кыргыз коомчулугундагы ички кыймылдардан эч кабары жок бир орусиялык журналист Кыргызстанды «белгисиз жумурият» деп келекеге алганы эсте).

КЖТЖнын ишмердигинен учкай сөз

1989-95-жылдардын аралыгында КЖТЖнын мүчөлөрү кыргыз улутунун келип чыгышы, анын көөнө доордогу тарыхы, Энесай Кыргыз каганаты, руна сымал алфавитке жана Карахандар доорунан тартып өнүккөн араб жазмасын колдонууга кыргыздардын түздөн-түз катышы бардыгы, көп улуттуу Кокон хандыгы да кыргыздардын бир бөлүгүнүн мамлекети болуп саналаары, Түндүк Кыргызстандын аймагы деле баскынчыл жортуулдар аркылуу падышалык Орусияга каратылгандыгы, Барсбек, Мухаммед Кыргыз, Полот хан, Курманжан датка, жадидчилер сыяктуу тарыхый инсандардын ролун адилет баалоо зарылдыгы, ж.у.с. маселелер боюнча бир катар илимий талкууларды жана коомдук жыйындарды уюштуруп келишти.

Тарыхчы Нарынбек Алымкулов.
Тарыхчы Нарынбек Алымкулов.

1990-жылы күзүндө КЖТЖнын атынан Маскөөгө Субакун Бегалиев менен Нарынбек Алымкуловдор жиберилип, алар маскөөлүк ар кыл архивдерде иштешип, «Фрунзе» аталышы кыргызстандыктарга жогортодон (сталиндик режим тарабынан) таңууланганын далилдешти.

Кыяс Молдокасымов XIX кылымдагы орус окумуштуусу Николай Пантусовдун (1849–1909) сейрек маалыматын калайыкка жарыялады. Анда да орус адабиятындагы «Пишкек» топониминин жергиликтүү калк ичиндеги аталышы «Бишкек» болгону, аны чүйлүк кыргыздар Бишкек Баатырдын ысымы менен байланыштырышканы айгинеленет.

Башка да жаш тарыхчылар бул илимий жана саясий иш-аракетке катышып, 1991-жылдын башында өлкөнүн борбор шаарынын тарыхый аталышынын «Бишкек» түрүндө кайтарылышына өз салымдарын кошту.

КЖТЖнын мүчөлөрү 1990-жылы 25-26-майда КДКны негиздөөгө, 1991-жылы июлда «Өмүр көчү» жөө жүрүшүн уюштурууга иштиктүү катышкан.

КДК Өкмөт Үйүнүн дубалына илген антикоммунисттик жарыя. 23-октябрь, 1990-жыл.
КДК Өкмөт Үйүнүн дубалына илген антикоммунисттик жарыя. 23-октябрь, 1990-жыл.

1992-жылдан тартып КЖТЖ Кыргызстан тарыхы боюнча жаңы окуу куралын даярдоо үчүн усулдук макалаларды «Эл агартуу» журналына жана башка басылмалдарга жарыялап, өз алдынча китептерди да жарыялай баштаган. КЖТЖнын мүчөлөрүнүн жаңычыл китептери 1995-ж. «Сорос–Кыргызстан» фонду (жетекчиси Чынара Жакыпова), «Мурас» долбоору (жетекчиси Абылабек Асанканов) ж.б. тарабынан жарыяланган.

КЖТЖ кийинчерээк Кыргызстандын Тарыхчылар жамааты (1995) жана «Кыргыз Тарых Коому» эл аралык коомдук бирикмеси (2012) болуп кайра түзүлгөнүн кошумчалай кетели.

Жалын жүрөк студенттер

Айтмакчы, жогоруда макала башында сөз болгон ыктыярдуу синхрондук котормочу студенттер жана алардын курсташтары болгону 21–23 жаштардагы эле улан-кыздар болчу. Бир жылдан кийин алар да КДКны түзүүгө, анын саясий ачкачылык сыяктуу демократиячыл иш-чараларын жүзөгө ашырууга белсенип катышкан.

КДКнын иш-чараларынын бири. Бишкек, 1991-жыл.
КДКнын иш-чараларынын бири. Бишкек, 1991-жыл.

Бул студенттер өздөрү да эскерип калышат: 1990-жылы 22-27-октябрда КМУнун (азыркы КУУнун) тарых факультетинин деканатынын өкүлдөрү факультеттин студенттик жатаканасынын кире беришине отуруп алып, студенттерди Өкмөт Үйүнүн жанында өтүп жаткан саясий ачкачылык, саясий пикет сыяктуу нааразылык чараларына жибербестин айласын кылганда, далай студенттер экинчи кабаттын терезесинен жип менен түшүп, бул демократиячыл ураандар астында өткөн КДКнын коомдук иш-чарасына катышкан.

Студенттер КЖТЖнын илимий жыйындарында да тарыхка жаңыча көз караш камтылган илимий баяндамалар менен чыгып жатышты. Ал эми Арслан Капай уулу бүтүрүүчү студент кезинде эле тарыхчы Осмонаалы Кыдык уулу Сыдыков (1875–1942) тууралуу брошюрасын жазып бүткөн. Ал кездеги жаш окутуучу Муратбек Кожобеков да «Ала-Тоо» журналына Осмонаалынын мурасы тууралуу макала жарыялаган.

Эскерте кетсек, агартуучу жана тарыхчы Осмонаалы Кыдык уулу Сыдыков падышалык доордо эле кыргыз тарыхына арналган эки китебин Өфө шаарында кыргыз тилинде араб жазмасында жарыялаган. Бирок ал 1930-жылы «эл душманы» катары камакка алынган. 1931-жылы аны Бишкектен Ташкен түрмөсүнө жеткирип бара жатышканда, Осмонаалы эптеп качып кетип, Батыш Кытайга барып баш паанек тапкан.

Тарыхчы Мурат Кожобеков Осмонаалы Сыдыковдун мурасы тууралуу айтууда. Кочкор. 7-август, 2014-жыл.
Тарыхчы Мурат Кожобеков Осмонаалы Сыдыковдун мурасы тууралуу айтууда. Кочкор. 7-август, 2014-жыл.

Ал 1942-жылы Текес жергесинде бозгунда жүрүп өлгөн. Анын кош эмгеги СССРде «Кайра куруулардын» акыркы жылдарына чейин тыюу астында болгон. Демек, Арслан студент кезинде эле Осмонаалынын мурасын иликтеген.

КЖТЖнын мүчөсү Олжобай Каратаев 1994-жылы ономастика, тарых жана этнография (этнология жана антропология) жаатында кандидаттык диссертациясын жактап, Кыргыз тарыхы, этнография жана түрк тилдери шифрлери (б.а. ар кыл илимий тармактар) ширелген оригиналдуу тема боюнча изилдөөсүн жүзөгө ашырган алгачкы тарыхчы болуп калды. Учурда ал Түркияда Кастамону университетинин профессору болуп иштөөдө.

Этнограф Олжобай Каратаев. 18-апрель, 2017-жыл.
Этнограф Олжобай Каратаев. 18-апрель, 2017-жыл.

КЖТЖга мүчө болгон айрым башка студенттер 1990-жылдардын башында Түркияга кетип, ал жакта докторлук диссертацияларын коргошту. Маселен, Динара Иманова Энесай кыргыз тарыхы боюнча, Гүлниза Айнакулова орто кылымдардагы араб булактары боюнча иликтеп, «Фергана өрөөнүнүн түрк элдеринин маданий тарыхындагы орду (IX-XIII кк. аралыгы)» – (Fergana Vadisi'nin Türk kültür tarihindeki yeri (IX-XIII.yy arası)» деген темада докторлук диссертацияларын (PhD) коргошту. Алар да Түркияда иштеп жүрүшөт. Маселен, Гүлниза Сиирт университетинин профессору.

Ал эми КЖТЖнын илимий иш-чараларына катышып жүргөн дагы бир мыкты окуган студентибиз – Роза Абдыкулова 1990-жж. Түркиянын Хажеттепе, Газы университеттеринде таалим алып, Бишкекке кайтып келип, «XIX к. экинчи жарымы – XX кылымдын башталышындагы Орто Азия менен Осмон мамлекеттеринин байланыштары тууралуу архивдик документтер» деген темада докторлук ишин (PhD) ийгиликтүү жактаган. Анын илимий жетекчиси – КЖТЖнын жигердүү мүчөсү Муратбек Чалаке уулу Кожобеков.

Тарыхчы Роза Абдыкулова. 22-июнь, 2010-жыл.
Тарыхчы Роза Абдыкулова. 22-июнь, 2010-жыл.

Роза Абдыкулованын соңку дагы бир орчундуу иши – 1916-жылы Түндүк Кыргызстандагы көтөрүлүш очоктору дээрлик басылып калган кезде келип, Улуу Үркүнгө күбө болгон беш түрк тууралуу изилдөөсү болду.

КЖТЖнын дагы бир мүчөсү Жаңыл Турганбаева өзүнүн маркум жубайы Таабалды Эгембердиев менен бирге «Супара» этнокомплексин негиздеп, кыргыз туризм өнөр жайында жаңы нук таштагандардын арасында болду.

Бул студенттердин мисалында, чынында, алатоолук жаштар күлгүн кездеринде, 20ларында эле, тоо томкоргондой иш жасап келгени далилденди деп айта алабыз.

(Ал эми 1920-жылдары 30 жашка чыга элек далай чыгаан атуулдар Кыргызстандын советтик мамлекеттин курамындагы автономиялык облус жана автономиялык жумурият катары негизделиши үчүн опол тоодой салым кошкон эмеспи! 2005- жана 2010-жылдардагы элдик ыңкылаптардын кыймылдаткыч күчү да жаштар болду).

Элдик ыңкылапка жаштар жигердүү катышты. Ортодо - жараланган элдик баатыр Алиясбек Алымкулов. Бишкек. 7-апрель, 2010-жыл.
Элдик ыңкылапка жаштар жигердүү катышты. Ортодо - жараланган элдик баатыр Алиясбек Алымкулов. Бишкек. 7-апрель, 2010-жыл.

КЖТЖнын 30 жылдыгы күнү биз бүгүнкү алатоолук жаштар да коомдук маселелерди чечүү жаатында мурдагы муундарга караганда алда канча демилгелүү болушса экен деген тилегибизди айткыбыз келет.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG