Линктер

ишемби, 17-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 04:59

1988—2018: “Кош тилдүүлүк күрөшүнө” 30 жыл


Чыңгыз Айтматов Брюсселдеги “Тенбош” гүлбагында. Ибрагим Бакировдун белек фотосу.

Азыркы айрым жаштар Кыргызстанда жергиликтүү айдыңдар 1988-жылы “кош тилдүүлүк” үчүн күрөш жүргүзгөнүн биле бербеши мүмкүн. Тарыхчынын блогу.

Эне тилдин кадыр-баркы, саясий бедели үчүн камкордук аракети оторчулук акыбалында калган элдер үчүн акыры саясий мааниси бар күрөшкө айланаары адамзат тарыхында жакшы эле тастыкталгандай болду.

Бирок бул жагдайларга маани бербеген айрым жаштар мындан 30 жыл мурда Ала-Тоодо эмне деген окуялар болгонунан кабарсыз.

Тоонун шар аккан суусуна келсең, таштарды көмөлөтүп, кишини ат-паты менен ала салдырчудай аккан учурлары да болот. Ошол өзөндөрдөн куралып, анан кеңири сайды ээлеп, жай гана аккан, суусу терең чоң дарыяга келсең, үстү мелт-калт, бирок суусу акырын гана төмөнүрөөк тарапка кетип жатканын боолголойсуң. Ошол суунун астында эмне гана кыймыл-аракет болуп жатат, кандай гана буркан-шаркан түшкөн күчтөр өз ара алышып жатат, аны атайын кызыкпаган пенде аңдабай деле коюшу ыктымал.

1988-жылга карата совет кыргыз коому дал ошол жай жана терең аккан дарыядай эле. Бирок, эне тили жаатын алганда, суу астында карама-каршылыктар дүйнөсүнүн ички кагылышуусу болуп жаткан.

Кыргыздын саясий каймагынын, ал түгүл эл акындары жана эл жазуучулары катары даңазаланган далай инсандарынын балдары деле жалаң орусча сүйлөп, “мына-мына, бир аз эле жүткүнсөк, коммунизмге жетебиз, андай коомдо бизге орус тили гана жетишерлик” дегендей маанайда өмүр кечирип жатышкан. Орус тилинде акцент менен сүйлөгөндөр экинчи сорттогу кишинин акыбалына түшкөн кез.

Касым Тыныстанов
Касым Тыныстанов

Тээ 1930-жылдардын ичи — 1950-жылдардын башында Касым Тыныстанов, Тазабек Саманчин, Зыяш Бектенов, Кусейин Карасаевдей далай чыгаан кыргыз тилчилери четинен кармалып, атылып, абакка салынып, же жумуштан куулуп, ага удаалаш далай чыгаандары улуу согуштун эпкининен курман болуп, айтор, 1950-жылдардын ичинде кайсы бир деңгээлде күнкор болгон саясатчы-тилчи төбөлдөр “кыргыз тилине орус тили аркылуу өздөштүрүлгөн сөздөр орус тилинин орфографиясында кандай жазылса, кыргыз текстинде да ошондой жазылат” деген эрежени токушту.

Бул эреже бардык окуу китептер жана маалымат каражаттары аркылуу таңууланды.

Эгерде кыргызча сүйлөгөндөрдөн улуу муундар 1940-жылга чейин “Кеңеш”, “төрага”, “курултай” деп айтып жана жазып келишсе, 1950-60-жылдардагы муундар сүйлөгөндө “савет”, “пырсыдател”, “сыяз”, “калкос”, “сапкос”, “пебырал”, “сакүн” деп, кыргызча текстти жазганда милдеттүү түрдө “совет”, председатель”, “съезд”, “колхоз”, “совхоз”, “февраль”, “закон” деп орус тилиндеги эрежеге таяп жазып турушту.

Бала чагымда эсте калгандарынан айрымдарын айта кетейин: ардагер болуп калган муундар (чоң ата, чоң апалар) орусча сөздү кыргыз тилинде так өздөштүрүп айтканды эч эрөөн-төрөөн көрүшчү эмес.

“Баланча келин тиги Котур Ак-Талаадан экен” деп айткандарын угуп, “ал айылда, эмне, котурлар жашайбы?” — деп ойлоп калчумун. Көрсө, бул сөз — орусча “хутор Ак-Талаа” аталышы, б.а. бир кезде падышачылыктын казак-орус оторчулары басып келип, өзүнчө коргонуу жайы бар кичинекей кыштакты (“хутор”) негиздегенден кийин калган аталыш экен да!

“Төлөнчөнүн кызы же уулу ден оттукка келиптир дейт”, — дешип байбичелер чай үстүндөгү теманы кеңейтип калышаар эле. Мындагы “ден оттукту” (орусча “день отдыха”) азыр “дем алыш” деп эле татынакай колдонобуз.

Ыраматылык Сейдана таянем (ал киши арапча кат тааныган, арап арибинде китептерди окуган таалимдүү инсан эле, бирок, кирил алфавитин өздөштүрбөй калганына байланыштуу, расмий түрдө аны “сабатсыз” санашчу) дайыма “уйбээрмак” деп каткалаң Қ менен айтчу. Аны туурап, анын колунда тарбияланган жээндери да бизге келгенде “уйбээрмакта болушканын” айтышаар эле. Көрсө, алар Нарын шаарындагы эки кабат чоң дүкөндө — “универмагда” болушкан тура.

Саат басып, кыргызча текстке “картөшкө” деп жазып салсаң, мугалим келип акырын түшүндүрүп, аны “картошка” деп кайра оңдотуп коюшчу.

Анан орус тилинин, тактап айтканда, бул тилдин үстөмдүгүн көксөгөн Кремлдин көшөкөрлөрү 1970-жылдардан тартып эне тилди ого бетер жипсиз муунтуп киришти. Бала-бакырасынын саясий карьерасын ойлоп, өздөрүнүн балдарын орус тилдүү бала бакчаларга, мектептерге бергени аз келгенсип, кыргызча мектептерди экинчи планга калтырышты. Борбор шаарда (ал кездеги Фрунзе шаарында) болгону бир кыргыз мектеби, бир кыргыз интернаты бар болчу. Анан калса, Т.Усубалиевдин доорунда орус тилдүү мектептерден кыргыз тили сабагын жок кылышты да, 1970-жылдардан тартып “орус тили — экинчи эне тилибиз” деген ураанды чакырышты.

Бул саясатка каршы көмүскө күрөш жүргөндүгүн деле айта кетишибиз абзел. Ал кездеги кыргыздын чыгаан педагог окумуштуусу, физика-математика илимдеринин кандидаты, Фрунзе политехникалык институтунун (азыркы И.Раззаков атындагы Техникалык университеттин) проректору Ракым Усубакуновдун (1929—1982) жогорку математика боюнча окуу китептерди кыргызчалап, техникалык ЖОЖдо кыргызча сабак өтүү аракети үчүн кодулангандыгы эч унутулгус.

Айтмакчы, мындай ЖОЖдор Өзбекстанда эчак эле өзбекче дарс окулчу агымдарга ээ болгон. Ташкен, Самаркандга чейин барып, ал шаарларда ЖОЖдо таалим алган далай ага-эжелерибиз сабак өзбек тилинде өтүлөөрүн айтып келишкен.

Эне тилди жериген мындай саясат Кыргызстанда “өз жемишин” толук берген учурга биз, 1950—60-жылдарда туулгандар, өспүрүм чакта жана жетилген куракта туш болдук.

Ал түгүл бала чагыбызда жана жаш кезибизде кыргыздын айдың “лөктөрүнүн” өз ара тирешине да күбө болуп калдык. Эл акыны Аалы Токомбаев кыргыз тексттеринде деле “Советтик Родина” деп, р тамгасын чоң кылып жазуу керек, анткени “Советтик Родина” деген сыймыктуу түшүнүктү кыргыздын “ата мекен” сөзү дурус чагылдыра албайт, деп көшөкөрлөнүп чыкты. Ага каршы эл жазуучусу Түгөлбай Сыдыкбеков жана башка калемгерлер чыкты. Алар кыргызча “Ата мекен” сөзү кайсы гана мазмунга салынбасын, мааниси төп келчү сөз экенин айтышты.

Ошол жылдары “ата мекен”, “ата журт” сөзүн байма-бай колдонгон чыгармалар чыкты, арасында Кеңеш Жусуповдун “Ата Журт” китеби бар.

Эне тилге кастарлап мамиле кылуу — кыргыз тарыхын жана маданиятын калыс иликтөө менен да байланыштуу. 1980-жылдары (Т.Усубалиевдин тушунда) кыргыз тарыхы да кемейтилип жаздырыла баштады. Анын Энесай Кыргыз каганаты дооруна таандык баскычы 1984-жылы орусча жарык көргөн “Кыргыз ССРинин тарыхы” китебинин 1-томунан таптакыр чыгарылып салынды.

Бул окуяларга тушташ эл жазуучусу Чыңгыз Айтматов өз романы аркылуу “маңкурттукка” каршы күрөш зарылдыгын улут эсине салды.

Ушулардын бардыгын жон терибизден өткөргөн соң, ал күндөр биздин түшүбүзгө да кирет.

Бишкекте бир троллейбус айдоочусу аялдаманы кыргызча жарыялап койгону үчүн эле кызматынан айдалган.

Эң алыскы айылда 99 кыргыздын арасына бир орус же бир орус тилдүү шаардык кыргыз аралашса эле, жалпы жыйында чулдурап орусча сүйлөгөнгө далаалат кылуу — демейдеги көрүнүш болчу.

Ошол кезде биз АКШдагы Анжела Дэвистин, Түштүк Африкадагы Нелсон Манделанын укуктарын коргочубуз, аларды колдогон ачык кат (“открытка”) жазуу өнөктүгүнө да катышканбыз. Анжела Дэвисти колдоп сүйлөп жатып, ага боору ачыган айрым кыздарыбыз көзүнөн мөлтүр жаш агызып, ыйлап жиберишээр эле.

Ошол эле учурда кыргыз тил илимине опол тоодой эмгек сиңирген Эшенаалы Арабай уулу, Касым Тыныстанов, Сыдык Карачев, Тазабек Саманчин сыяктуу инсандарыбыз “кара тизмеден” түшпөстөн, бизге душман катары таңууланчу.

Ал кездин бир илдети бар эле. Тээ 1920—30-жылдардан тартып эле Ленин, Маркс сыяктуу ойчулдардын, Пушкин, Толстой, грузин акыны Шота Руставели сыяктуу алптардын чыгармаларын кыргызчага которуу иштери жүргөн.

1960-жылдардын акыры — 1980-жылдардын башында "Кыргыз энциклопедиясы" толук даярдалып бүткөн; ар бир “татаал” делген илимий тармактар боюнча деле орто мектептердин окуу китептери кадимкидей эле кыргызча жарыяланып жаткан. Кыргыз тилинде сүйлөп, бөлчөк бөлчүбүз, тамыр чыгарчубуз, Пифагордун теоремасын кыргызча эле түшүндүрчүбүз. Химия, физика боюнча деле улан-кыздар кыргызча окуу китептерин окуп, СССРдеги олимпиадаларга катышчу.

1985-жылы “Айдоочунун окуу китеби” да кыргыз тилинде колубузга тийип, эмгек сабагынын ордуна биз айдоочулукту эки жыл үйрөнгөнбүз. “Мотор”, “двигатель” сөзүнүн ордуна “кыймылдаткыч” сөзүн окуп, китепти шылдыңдаган кишилер да эсимден кетпейт. Мага болсо бул китеп абдан жаккан.

Өмүрүнүн соңунда Кремлге көшөкөр болуп калган, бирок учурунда улуту үчүн залкар тоо чокусудай кызмат өтөгөн Аалы Токомбаевдин 1930-жылдардын этегинде сталиндик абакта жатып чыкканын эч бир окуу китептен учураткан эмеспиз. Анын “Момия” китебин “жаңылыш жарыялатып” алып, кайра калайыктан чогултуп, өрттөшкөн учурда ыраматылык атам бир нускасын сандыкка салып жашырып койгон. Аны кийинчерээк агам Жумамүдүн да бапестеп катып жүрчү.

Негедир Аалы Токомбаев атабыз 1980-жылдары “катаал коммунист цензор” катары “Манас” дастанына да каршы чыга баштады. Ал 1950-жылдары бул элдик дастанды жакшы эле коргоого алган күрөшкер айдың болгон эле.

Балким, ал жалаң орус тилдүү чөйрөгө кабылгандан улам ушундай болдубу, билбейм. Аны акын катары азыр да урматтайбыз. Кээде анын айрым ырлары, Алыкулдун Ысык-Көл тууралуу саптарындай эле, өзүнөн өзү тилдин учуна түшүп келе берет:

“Күндөр учат канаты бар немедей,

Айлар сызат кербен тарткан кемедей,

Жылдар жылга куюулушат токтобой,

Кайда барат дөңгөлөнүп ченебей?

Ал баратат чокусуна таалайдын -—

Коммунизм — ал түбөлүк середей...”

Мындагы “коммунизм” сөзү далай кыргыздар үчүн куру кыял катары 1989-91-жылдары эле көмүлдү. Бирок ага чейинки саптар философиялык мазмуну менен азыр да бул ырды жаттагандарды арбап келет.

Айтор, Чыңгыз Айтматов бул аксакалдын жоромолдорун четке кагып, “Манас” дастанын идеологиялык жактан кескилебестен жарыялоо талабын ачык айтып чыкканда, чынында, Чыңгыз атабыз элдик баатырга айланды.

Адабиятчы Осмонакун Ибраимов бул окуялардын жүрүшү тууралуу өз пикирин мындайча сунуштаган:

Аалы Токомбаев менен Чыңгыз Айтматовдун “Манас” эпосу жана кыргыз тили боюнча 1987-жылдагы талашына келели. Чатакты адегенде Аалыке баштады. Бүт Советтер Союзу окуган “Комсомольская правда” гезитинин 29-ноябрдагы (1987-жыл) номуруна берген интервьюсунда ал киши Айтматовго бир катар оор идеологиялык айыптарды койду. Атап айтканда, Айтматов эпосту ыксыз көкөлөтүп жатканы, “Манаста” кошуна Кытайдын территориясына басып кирүү жана кол салуу эпизоду бар экендиги, Манастын “канкор” деген аты болгондугу, ошондуктан этиет болуу керектиги, эби менен мактоо зарылдыгы айтылды.

Баарынан да Аалыкебиз Айтматовдун кыргыз тили колдонуудан чыгып баратат деген оюн жалганга чыгарып, кыргызча бала бакчаларын ачуунун зарылчылыгы жок, бул улуттук менменсинүүгө, бөлүнүүчүлүккө алып келет деген ишенимин билдирди. Буга жооп кылып “Кыргызстан маданияты” гезити “Токомбаевге жооп” деп редакциянын атынан Аалыкеге абдан катуу жазылган жоопту басты. Андан соң Чыкебиз бир чоң жыйында кыргыз адабиятынын аксакалын жерине жеткире сындады, кийинчерээк жазуучулардын чоң чогулушунда бул маселе талкууланып, Аалыке аёосуз ур-токмокко алынды. Кыргыз адабиятынын аксакалын аз жерден эл душманы, маданиятыбыздагы бардык балакеттердин башы дегенге чейин жеткендер болду”.

Мен ал кезде, 1983—88-жылдары, Кыргызстандан тышкары жакта — коңшу Өзбекстандагы Илимдер академиясынын Абу Райхан Беруни атындагы Чыгыш таануу институтунда эки жыл стажёр болуп, андан соң аспирант катары таалим алып жаткан элем. Ал кездеги почтоону ыраазычылык менен эскерсе болот, Бишкектен кыргызча гезит-журналдарга, Алматыдан “Коммунизм туги” (“Коммунизм туусу”) деген уйгурча гезитке, Маскөөдөн айрым илимий, маданий басылмаларга жазылып койсом, алар четинен келе берчү. Китепканаларда да жумурияттар аралык алмашуу иштери жакшы жүрчү.

Кыргызстандагы ошол окуялар сырттан караган жана телчигип келе жаткан илимпоз үчүн Бишкекте жүргөндөгүдөн кыйла башкача көрүнөөр эле. Анткени кыргызстандыктар ойлогон айрым маселелер, айрым көйгөйлөр Өзбекстанда эчак эле чечилген болчу.

Ал кезде өзбек тилчилери, башканы кой, Алишер Навоинин, Бабурдун чыгармаларынын сөздүктөрүн түзүп жатышкан. Өзбек тилинде илимий журналдар чыгаар эле. Өзбекстан Илимдер академиясында өзүнчө эле бакыйган Кол жазмалар институту бар болчу (кийин аны И.Каримовдун тушунда жоюп салышкандыгы чоң катачылык болду деп эсептейм).

Көчөдөгү далай орустар биз менен татынакай эле өзбекче сүйлөшчү. Ураандар да көбүнесе өзбек тилинде илинип турчу. “Эшиклар йапылады, кейинги станция — Собир Рахимов!” (“Эшиктер жабылат, кийинги бекет – Сабир Рахимов”) деп, метродо Советтер Биримдигинин баатыры, генерал Сабыр Рахимовдун атындагы бекетке карай жолго чыгаарда салтанаттуу жарыя кылган өзбекче үн азыр да кулагымда жаңырат (бул метро бекети азыр “Алмазар” деп аталып калды).

Тарыхчы катары кошумчалаарым: 1987-жылы Аалы Токомбаев “Комсомольская правда” гезитине Чыңгыз Айтматовго каршы макаланы бекеринен эле жазган эмес.

"Желтоксон окуяларынын" курмандыктарына арналган эстеликке гүл коюу. Алматы. 17.12.2016.
"Желтоксон окуяларынын" курмандыктарына арналган эстеликке гүл коюу. Алматы. 17.12.2016.

1986-жылы бештин айынын (декабрдын) 17-18деринде Алматыда улуттук кадыр-баркты сыйлоону талап кылган казак жаштары тынч нааразылык жыйынга чыгышкан соң, совет бийлиги тарабынан кандуу жазаланышкан. Алар Динмукамбет Кунаевдин (казакча: Дінмұхаммед (Димаш) Ахмедұлы Қонаев; 1912—1993) кызматтан четтетилишинен оболу, анын ордуна Казакстан Компартиясынын жетекчиси кызматына казактын дайындалбай, Орусиянын ичкерисинен алынып келген Геннадий Колбиндин (1927—1998) дайындалышына көбүрөөк каршы чыгышты го деп ойлойм. Бул маселе — Орусияга теңата каралган советтик Казак жумурияты үчүн шарттуу эгемендикти сактап калуу маселеси болчу.

Анан 1987-жылдын башынан тартып Борбордук Азиядагы башка жумурияттарда да “улутчулдарды” күндүзү чырак менен жана чырагы жок издей башташты. Бишкекте этнограф Сабыр Аттокуров, экономист Давлес Айкеев, ж.б. айдыңдар жазыксыз жерден куугунтукка кабылышты.

КГБчылар тээ алыскы Ички Теңир-Тоонун айылдарын кыдырып, басмачылык доорундагы эркин акын Казыбек Мамбетимин уулунун (1901—1936) кол менен көбөйтүлүп таркалган ыр жыйнактарын издеп жүрүштү.

Кыргызстандагы ар бир мекемеде улутчулдуктун зыяны жөнүндө дарстар окулуп, тарбиялык иштер жүрүп жатты. Буга ого бетер өчөгүшүп, тымызын каяша кылган кыргыз калемгерлери казак-кыргыз боордоштугу тууралуу чыгармаларды байма-бай жарыялап, кыргыз элинин маданий мурасы жөнүндө жаңыча ойлор камтылган чыгармаларды арттырышты. Кыргыз тарыхчылары да Энесай Кыргыз каганатынын тарыхын жериген расмий көз карашка каршы ойлорду өз дарстарында айтып жүрүштү.

Дал мына ошондо Аалы Токомбаев “жогортодон буюртма” болбогон чакта да, ошондой буюртма алган карт коммунисттерчесинен “улутчулдукка каршы айбаттуу” чыккан.

“Манас” эпосунун элдүүлүгү жаатындагы ушул талаш-тартыш башка көйгөйлөрдү да ачык козгоого жем таштады. Айдыңдык (интеллектуалдык) күрөш Чыңгыз Айтматовдун ачык жарыяланбаган лидерлиги астында жаңы сереге чыкты.

Бул сере – залкар жазуучубуз алтымышка чыгаар жылы, тактап айтканда 1988-жылы, өзгөчө ураан менен аныкталды. Бул ураанды “кош тилдүүлүк үчүн күрөш урааны” десек болот.

Азыркы ала-тоолук жаштар үчүн эки тилди билүү — элементардык нерсе. Чыңгыз Айтматов өзү азыркы жаштар “бери дегенде төрт тил билүүгө тийиш” деген осуят калтырган эмеспи.

Жогорудагы ураан сөз “СССРдин курамындагы күнкор советтик Кыргызстанда кыргыз тили орус тили үстөмдүк кылып келген саясий жагдайга теңата жогорку макамга ээ болушу керек” деген талапты туюнткан.

“Кыргызстан СССРдин Баш мыйзамындагы өзүнүн ыйгарым укуктарына ылайык СССРден өз эрки менен чыгып кете алат”, — деген илимий жобону жазгандыгы үчүн (б.а. Конституциядагы нерсени эле микроскоп аркылуу даана көрсөтүп жазгандыгы үчүн) юрист окумуштуу Кубанычбек Нурбеков (1928—1985) тээ 1970-жылдары (Т.Усубалиевдин тушунда) куугунтукка учураган. Кыргызстан өз укугун сөз жүзүндө гана окушу керек болгон.

Ошондой соңку чабуулдардын бири 1980-жж. алгачкы жарымында болгон. Кыргызстан Компартиясынын БКсы (Биринчи катчы – Т.Усубалиев жана анын жетекчиликтеги тобу) тарабынан жазуучу Төлөгөн Касымбеков “Сынган кылыч” романы үчүн, Казат Акматов “Мезгил” романы үчүн, тарыхчы Кушбек Үсөнбаев 1916-жылкы көтөрүлүш тарыхы жаатындагы кол жазма түрүндө басмага берилген монографиясы үчүн бөөдө жерден сынга кабылышкан.

Демек, “Кайра куруулардын” деми Балтика боюндагы жумурияттарга салыштырмалуу Кыргызстанга өтө кеч келгендиги, бир чети, кыргыз айдыңдарга карата 1970-80-жылдардагы саясий куугунтуктардын “профилактикалык” кесепетинен, далай калемгерлердин жүрөгү үшүп калгандыгынан улам болсо керек.

Чынгыз Айтматов: "Талма бийди Венгрияга келип көрдүм!" (Оңдо - Даут Кара Шомфайи). Будапешт, 2006.
Чынгыз Айтматов: "Талма бийди Венгрияга келип көрдүм!" (Оңдо - Даут Кара Шомфайи). Будапешт, 2006.

Кандай болсо да, улуттун руханий лидери Чыңгыз Айтматовдун 60 жылдыгы өткөрүлөөр жыл — “кош тилдүүлүк үчүн күрөш” жүрүмүнүн мезгили болду жана бул жүрүм Кыргызстанда улуттук боштондук үчүн күрөшкө камылга кылган жаңыча түшүнүктүн желаргысын пайда кылды.

Орусча да, кыргызча да мыкты билген, өз доорунда дүйнө тилдеринде чыгармалары өзгөчө көп которулган советтик жазуучуга айланган, бүткүл Советтер Биримдиги боюнча кадыр-баркы зор болгон Чыңгыз Айтматов дал ушул “кош тилдүүлүк” урааны аркылуу калктын калың катмарын өз эне тили, өз маданияты, өз тарыхый мурасы үчүн астейдил аракет кылып күрөшүүгө чакырган символдук баатырга айланды.

Баарынан таң калычтуусу, өздөрүн “гуманист” деп түшүнгөн айрым орус тилдүү ага-эжелерибиз бул өнөктүккө каршы чыгышса болобу!

Маселен, Кыргыз мамлекеттик университетинде (азыркы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде) тарых факультетинде иштеп, бизге Европа тарыхын мыкты окуткан, Жан Жак Руссо, Волтер, Робеспиер (ичкертүү белгилерди атайын алып салдым) сыяктуу тарыхый инсандар жөнүндө окуу китептен тышкаркы маалыматтарды арбын сунуштап, дарсы менен өзүнө арбап алган, сабактан тышкаркы учурда философиялык ийримге катыштырып, "тентек ойлорду" айтууга шыктандырган теги немис эжекем — Волтраут Фрицевна Шелике — бул кош тилдүүлүк саясатына каршы макала жарыялап чыкса болобу!

Чыдабай кетип, Ташкенде жатып, Шелике эжекеме каршы макала жаздым. Бишкекте бир макалам жарыкка чыкты, бирок Маскөөдөгү “Правда” гезити орусча сын макаламды четке какты.

Анан бир күнү Чыгыш таануу институтунун деректиринин катчысы өңү кубарып, биз отурган бөлмөгө чуркап келди.

— Сени шашылыш Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинен суратып жатышат!

— Эмне маселе экен? — деп таң калдым.

— Билбейм, тезирээк кел.

Мен астына түшүп келгенимде, институттун ал кездеги деректири, булак таануучу, профессор Асам Урунбаев өзүнүн жылуу-жумшак отургучун мага берди да, кабинетинен чыгып, каалганы сыртынан жаап койду.

Телефонду алсам, өзүн “Аскар Какеев” деп тааныштырган бир агай дароо эле айтты:

— Менин телефон чалганымдан эч чочулабагын. Тек гана протокол үчүн бир нерсени маалымдап коймокчу болуп байланышып жатам. Сенин макалаңды “Правда” гезити эч жарыялабай тургандыгын өзүңө билдирип коюубузду редакциядан суранышты.

Анын доошунан мени сындаган, жекирген же айыптаган маанайдын эч изи билинген жок. Кайра мага тилектеш болгонсуп сезилгенсиди.

Ал кезде Кыргызстан КП БКда иштеген Аскар Чукутай уулу агай менен телефондон коштошуп, сыртка чыксам, Асам Урунбаев агай мени эмнеге чакырышканын кызыгып сурамжылай кетти.

— “Кош тилдүүлүктү” жактап, Шелике деген эжекемди сындап макала жазгам. Аны “Правда” гезити чыгарбай тургандыгын маалымдаш үчүн чалыптыр”, — дедим.

Деректир агай жактыргансып, далымдан акырын таптап коюп, өз кабинетине кирип кетти. Ошондон тартып бул кабар зымсыз телефон аркылуу илимий жетекчим, ыраматылык Бөрү Ахмедов (1924—2002) жана башка өзбек кесиптештериме таркады окшойт, алар мени ого бетер сыйлап калышканын туйдум.

Чыгыш таануу институтундагы жаштар менен иш алып барган жетекчилик Махмуд Кашгари Барскани тууралуу илимий макалаларымдын түрмөгү үчүн илим жаатындагы Ташкен облусунун Ленин комсомолу сыйлыгына менин талапкерлигимди сунушташты. “Жеңбесем деле катышып койойун? Өзбек достордон артмак беле” деп ойлоп, анчейин ишениңкиребестен, суратылган документтерди жыйнап, сынакка тапшырып салдым, 1988-жылдын соңунда орто кылымдардагы Ички Азиядагы түрк калктарынын көчүүлөрү жана этностук кырдаалдар жөнүндөгү диссертациямды жактап, Бишкекке кайтып кеттим.

Кийинки жылы мага “сыйлыгыңды алып кет” деп Ташкенден телефон чалышты. Сыйлангандардын арасында жалаң гана өзбектер эмес, ташкендик азербайжан жана башка этностордун өкүлдөрү да бар экен...

Бул жеке маалыматтарды аралаштырып жибергеним, балким, натуурадыр. Бирок бул күндөлүк (блог) "Марстан келген кишинин" колу менен эмес, ошол 1988-жылы тирүү жан болгон, окуяларга ичтен көз чаптырган кыргыз тарабынан жазылып жаткан соң, ар кандай чегинүү жасоо укугумдан пайдаланып жатат көрүнөм.

Сыягы, Кыргызстандагы кош тилдүүлүк жана улуттук кадыр-барк үчүн күрөш жүрүмүнө Өзбекстандагы боордошторубуз өзгөчө тилектештик кылганын өзбектердин арасында жүргөн мендей кыргыздар мыктыраак билсе керек. Өзбекстандыктар үчүн бул күрөш — эчак эле өткөн тарыхый баскыч болчу.

Бул жүрүм аларда деле күрөш менен жүргөнү тарыхта белгилүү. Маселен, падышалык оторчулук доорунда Ташкенде деле оторчулар жергиликтүү калктын өкүлдөрүн эркелетип, башынан сылаган эмес.

Бул чакан маалыматты караңыз:

“Өткөн кылымдын 30-жылдарындагы тасмалар менен тааныш болгондор [Ташкендеги] Кауфман гүлбакчасына кире бериштеги “Катардагы жоокерлерге, сарттарга жана иттерге кирүүгө тыюу салынат!” деген сөз жазылган тактача чагылдырылган кадрды шексиз түрдө жадында сактап калышкан болуу керек (С. Хожаев тарткан “Таң алдында” [«Перед рассветом», 1933] аттуу үнсүз тасманы караңыз)... Мындайда айтылып жүргөндөгүдөй, эч комментарийсиз [калтырабыз]”.

“Те, кто знаком с фильмами 30-гг. прошлого века, наверняка запомнили запечатленную на кадре табличку у входа в сквер Кауфмана, гласящую "Солдатам, сартам и собакам вход воспрещен" (см. немой фильм "Тонг олдидан" С. Ходжаева)… Без комментариев, как говорится”.

(Шилтеме булагы: Асанов, Эльдар (магистр НУУз). Страсти по узбекской истории или у кого бревна в глазу? (Ответ Максиму Бейлису) // centrasia.ru. — 12:18; 13.10.2011).

Арийне, Шараф Рашидов сыяктуу авторитардык усулда башкарган лидерлер өз улутунун да патриотторунан болушкан. Алар өзбек тилинин мейкиндигин эч тарытпастан, тескерисинче, өз эне тилинде жазылган илимий эмгектер аркылуу медицина, айыл чарба, так илимдерге байланыштуу тармактарды улам жаңы бийиктикке чыгарууга шарт түзүп беришкен.

Бирок өзбек досторубуз да кыргыз адабиятын, тилин мактаган учурлар аз эмес эле.

Навои жана Бабурдун сөздүгүн даярдап жаткан Бердак Юсуфов сыяктуу тилчи өзбек досторубуз «кээ бир эски сөздөрдү түшүнө албай калганда, кыргыз-орус сөздүгүн ачып, ачкычын табабыз!» деп ыраазы боло айтканы эсимде.

(Пахтачылыктагы жемкорлук менен байланыштуу болгон жана Леонид Брежневдин жакын чөйрөсүнө барып такалган чоң жаңжалдуу окуяны борбордук басылмалар «өзбек кылмыш иши» («узбекское дело») деп атаганда, жазуучу Чыңгыз Айтматов аны сындап, "өзбек элинин бул кылмыш ишине эч тийешеси жок" деп жазып чыкканда, Өзбекстанда Айтматовду гана эмес, кыргыздарды да кадырлап калышканы эсте).

Ташкенде жүрүп аңдаганым — эне тилибиз жалпы Борбордук Азиядагы «чагатай тили» деген орток адабий тилге чоочун эмес. Бул орток адабий тил азыркы өзбек тилинин өзөгүн түзүп калды, бирок башка түрк тилдери да бул орток адабий тилдин руханий мураскорлору болуп саналышат. Муну жогорудагы кыргыз тилинин сөздөрүнүн лексикалык байлыгынын өзбек тилчилери тарабынан астейдил иликтенишинен көрсөк болот.

Ошол сыяктуу эле, айрым кыргыз сөздөрүнүн бизде унутулуп бара жаткан же унутулган маанисин Шибердеги, Алтайдагы түрк тилдүү боордоштордун лексикалык корунан таба алабыз (бир мисал: «телегей» сөзү; бизде «телегейи тегиз» сөз айкашы бар; түпкү мааниси — «космос», «аалам», «дүйнө» шиберлик боордоштордо сакталган).

Демек, биз эне тилибизди, анын диалекттерин, мурдагы адабий орток жазма тилди гана өздөштүрбөстөн, бизге тектеш болгон чакан этностордун сөз казынасын да изилдешибиз абзел.

Ал эми мындан 30 жыл мурдагы «кош тилдүүлүк» үчүн өнөктүк — кыргыз тилин жумуриятыбызда расмий тил катары сактап калуунун акыркы дээрлик аргасы болчу. Өзүн «чыныгы интернационалист» санаган, бирок шовинизмдин тегирменине суу куйган профессор Шеликени мындай койолук, Ала-Тоодогу айрым маңкурт кыргыздар да ушул «кош тилдүүлүк» өнөктүгүнө каршы чыкканы эсте.

Мындайлардын саркындысы азыр деле кээ бир учурларда көрүнө калып жүрөт. Өзү эне тилин жакшы өздөштүрө албай калган пенделер «кыргыз тилинде сөз байлыгы тар болгонуна байланыштуу, кебимди орусча эле улантайынчы!» деп каадаланып сүйлөп калышат.

Айрым илимпоздор кыргызча китебинде же макаласында, маселен, Шекспирге (Shakespeare) же Гөтеге (von Goethe) шилтеме кылгысы келсе, бул шилтемени орусча жазгандарына кээде куйка курушуп кетет. Орустар деле бул ойчулдардын пикирлерин башка тилдерден өз эне тилине бир нече вариантта которушкан. Шекспир менен Гөте болсо эч качан орусча эмгек жазышкан эмес!

Менимче, кыргызчага эч которулбай турган текст деген «бул жалган дүйнөдө» таптакыр болбойт...
Т.Чоротегин

Бул дагы жалкоолуктун, энөөлүктүн же кайдыгерликтин көрүнүшү. Эгерде алардын оюн бузгуңуз келбесе, анда котормонун жанына англисче же немисче түп нускадагы текстин кашаага алып жазып коюшуңуз керек го дейм.

Менимче, кыргызчага эч которулбай турган текст деген «бул жалган дүйнөдө» таптакыр болбойт, бирок өз эне тилине которо албай турган чала сабат дипломдуулар четтен табылат. Алар өз жармачтыгын көрбөстөн, эне тилге доо кетирип түшүндүргөнү гана күйгүзөт.

Махмуд Кашгаринин дүйнө картасынын чордону - Теңир-Тоо жана Ысык-Көл. 1072-1077.
Махмуд Кашгаринин дүйнө картасынын чордону - Теңир-Тоо жана Ысык-Көл. 1072-1077.

Айтмакчы, мындан дээрлик миң жыл мурда, 1072-1077-жылдары, бабабыз Махмуд Кашгари Барскани даңазалуу «Диванынын» жазылыш себебин көрсөткөнү эрксизден эске түшөт. Бул сөздүктү ал өзүнүн эне тили (б.а. жалпы түрк тилдери, анын ичинде Карахандар кагандыгын байырлаган түрк калктарынын тилдери) мусулмандык кайра жаралуу (ренессанс) доорунда дүйнөгө дин жана илим-билим тили катары таркалган арап тилинен эч калышпастан, марага чогуу арыштап чуркап келе жаткан кош аргымактын бири катары далилдөө үчүн жазып жатканын айткан. Кош аргымактын бири – өз эне тили, экинчиси – арап тили.

Менимче, мындан 30 жыл илгери Кыргызстанда улутчул айдыңдарыбыз Махмуд Кашгари Барскани умтулган мүдөөнүн так өзүндөй максат үчүн күрөштү. Алар кыйла кор болгон кыргыз тилине Кыргыз ССРинде расмий түрдө таанылган тил катары макам берүү үчүн күрөштү.

Бул — ансыз да Бириккен Улуттар Уюмунда дүйнөлүк тилдердин бири катары расмий таанылган орус тилине каршы күрөш эмес болчу. Бул — эне тилге маңкурттарча мамиле жасоону токтотуу үчүн күрөш болчу.

Молдо Кылычтын "Кысса-йи зилзала" чыгармасы. 1911.
Молдо Кылычтын "Кысса-йи зилзала" чыгармасы. 1911.

Жогоруда Аскар Какеев агайды эскере кеттим. Ал кезде бул кишилерди «партократ» деген ат менен атай баштаганбыз. Кийин гана, жаңы фактылар колго тийген соң, ушул партократтардын арасында да реформачыл күчтөр жандана баштагандыгы, дал ошол 1988-жылы алар дагы Эшенаалы Арабай уулу (Арабаев), Касым Тыныстанов сыяктуу жазыксыз жерден набыт кеткен чыгаан тилчи илимпоздорду жана Молдо Кылыч сыяктуу башка айдыңдарды саясий-идеологиялык жактан актоо үчүн тымызын камылгалар жүргүзүшкөндүгү жөнүндө билдик.

(Ушул доорду алар ар бир саатынан бери эскерип, тактап жазып коюшса жакшы болмок. Азыр да кеч эмес. Маселен, 1987-жылы этнограф Сабыр Аттокуровду куугунтукка алганда, Кыргызстан КП БКнын илим боюнча бөлүмүн Аскар Акаев башкарган деп калышат. Кийинки жылдары ал салыштырмалуу либерал боло баштаганы да чын. Эгерде А.Акаев 1987-жылы борбордук саясий буюртмага каршы чыгып, агымга каршы сүзгөн болсо, анда ал 1989-жылы Кыргыз ССРинин Илимдер академиясынын президенти болуп дайындалмак эмес. Бул жагы да түшүнүктүү, бирок ошол жылдын «оюнчулары» окуяларды эч жылмалабастан жазып калтырышса, кийинки урпактар үчүн абдан сонун болмок).

Молдо Кылыч менен Касым Тыныстановдун мурасын кайрадан актоо жүрүмүнүн 1988-жылы кандайча улантылгандыгы тууралуу иликтөөлөрдүн маалыматтарын аки-чүкүсүнө чейин кайталап отурбайын.

(Толугураак караңыз: Болпонова А.Б. К.Тыныстанов – ученый и государственный деятель Кыргызстана. – Каракол: ИГУ, 2011. -178 с. — ISBN 978-9967-441-72-9. — Б. 143-148).

Менимче, партократтардын реформачыл бир тобу Михаил Горбачёвдун Маскөөдөгү либералдаштыруу жаатындагы кадамдарына таянып иш кылышса, ал эми бийликке тийешеси жок айдыңдар «Кайра куруулардын» жалпы агымынын удулун пайдаланып калуу үчүн күрөшкөн.

Мындан 30 жыл илгери кыргыз айдыңдары күрөш удулун жөн гана өткөрүп жиберген болсо, анда 1989-жылы 23-сентябрда кыргыз тилин Кыргызстандагы жалгыз мамлекеттик тил катары тааныган, орус тилине этностор аралык баарлашуу куралы катары гана экинчи катардагы орунду берген даңазалуу мыйзам кабыл алынмак эмес. Бул мыйзам Маскөөнүн буйругу менен эмес, жергиликтүү саясий жана айдыңдык элитанын демилгеси менен кабыл алынган.

"Ашар" кыймылынын мүчөсү Ракыя Жусупова.
"Ашар" кыймылынын мүчөсү Ракыя Жусупова.

Бул мыйзам — 1988-жылы жүргөн «кош тилдүүлүк» үчүн өнөктүктүн жеңишинин, 1989-жылдын жаз-жай айларындагы «Ашар» уюмунун жана башка коомдук демилгеге негизделген социалдык кыймылдардын жеңишинин символу. Бул мыйзам — Чыңгыз Айтматовдун маңкуртчулукка каршы үндөөсүнүн жемиши.

Быйыл, залкар ойчул Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын белгилеп жатып, ал өзүнүн 60 жаштык мааракесинин ирегесинде да эне тил, улуттук маданий асыл-нарктарды сактоо күрөшүнүн алдыңкы сабында демилгелүү иш-аракет жүргүзгөн кадырман лидер болгондугун дагы бир ирет эскерип өтсөк ашыкча болбос.

Жефф Лили. 25.10.2017.
Жефф Лили. 25.10.2017.

P.S.

2018-жылы чын курандын (апрелдин) 17-18деринде АКШнын борбору Вашингтондо изилдөөчү Жефф Лилинин (Jeff Lilley) калеминен жаралган "Тоолор урадыбы?" (“Have the Mountains Fallen?”) деп аталган жаңы китептин бет ачары өттү.

Азамат Алтай жана Чыңгыз Айтматов
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:59 0:00

Бул китеп эне тилибиздин жана эгемен мамлекетибиздин жаркын болочогу үчүн эки башка жээкте туруп, бири-биринен көз каранды эмес болуп, бирок орток мүдөө үчүн күрөшкөн эки залкар — Чыңгыз Айтматов жана Азамат Алтай (1920—2006) тууралуу баяндайт. Өтө калыс, бейтарап жазылган бул англисче китеп мындан 30 жыл илгерки кош тилдүүлүк өнөктүгүн жаңыча изилдегендерди кайдыгер калтырбайт деп ишенем.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG