Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:54

Азамат Алтай жана Чыңгыз Айтматов


Азамат Алтай жана Чыңгыз Айтматов
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:59 0:00

Азамат Алтай Кыргызстандан алыс жакта туруп, Чыңгыз Айтматов өз мекенинде жашап, экөө бирдей курал-жараксыз, аң-сезим жана акыл күрөшүн жүргүзүшкөн. Экөөнүн куралы - сөз, принциптер жана баалуулуктар болгон. Чыңгыз Айтматов тогуз жашында атасынан ажырап, бир үйдүн таянар тоосуна айланса, Азамат Алтай ондогон жылдар бою жакын адамы жок чет жакта өмүр сүрдү. Бул экөө тең жашоо үчүн эртелей чоң күрөшкө аттанууга аргасыз болушкан. Ал күрөш көбүнесе аң-сезимди чырмаган эмоционалдык күрөш болгон. “Азаттык” үналгысынын кыргыз кызматынын алгачкы журналисти, Кыргызстандагы демократиялык жараянга бараандуу салым кошкон коомдук ишмер Азамат Алтай 2006-жылы 23-майда 86 жашында көз жумган. Маркумду акыркы сапарга узатуу расмысы Нью-Йоркто өткөрүлгөн. Ал эми залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов 2008-жылы 10-июнда 79 жашында каза болуп, сөөгү "Ата-Бейитке" коюлган. (видео баян англис тилинде)

XS
SM
MD
LG