Линктер

шаршемби, 12-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 14:25

Жалгыз кайык: көл түбүндөгү айыл арманы


Түгөлбай Казаков

Түгөлбай Казаковдун “Жалгыз кайык” аңгемеси күйүттөн күл болуп калган момун адамдын башына түшкөн оор мүшкүлдү баяндаган чыгарма. Табият кырсыгы айтып келбейт. Тоо арасындагы кичине айыл көчкү алдында калып, андан төмөнгө түшүп кеткен Муса гана аман калат.

Жакындарына ажыраган Мусанын кийинки жашоосу куру үмүт менен өтөт, көл үстүндөгү жалгыз кайыкта жакындарын издеп, аргасыз күн кечирүүгө өткөн адамдын муң-зары баяндалат.

Мусанын кайгысы кайыктан ары кетпей, ың-жыңсыз көл үстүндөгү арманын уккан киши жок. "Кыргыз аңгемесинин классикасы" түрмөгүнүн бул чыгарылышы Түгөлбай Казаковдун “Жалгыз кайыгына” арналат.

Кара жолтой түш

“Жалгыз кайык” аңгемеси композитор жана жазуучу Түгөлбай Казаковдун кара сөздөгү эң мыкты туундуларынын бири. Анын музыкасы, поэзиясы окурман менен угарман журтун кандай куштар кылса, кара сөз чыгармалары деле ошондой ыкыбалга туш келүүдө. Анысын айтылуу “Эсимде” эскерме баяны китепкөйлөрдүн колунан түшпөс китебине айланышынан деле байкоого болот.

Ал эми “Жалгыз кайыкта” тоо арасындагы кичинекей айылдын башына түшкөн оор мүшкүл, тоо көчкүнүн алдында калган айылдын арыз-муңу, арманы алдыңкы планга чыгат.

Ошол кырсык болордо иш менен төмөнгө түшүп кеткен Муса гана аман калып, ошол гана унутта калган айылдын тирүү эстелиги катары жасалма көл үстүндөгү кайыкта жакындарын издеп жүрөт. Көчкү алдында калган тепкедей айылды түзгө көчүрүү аракети мурда көп эле болгон. Социализм заманында жарыгы, жакшылыктуу жолу жок, тоо арасында унутта калган айылды эми минтип тоо көчүп, басып отурбайбы. Көнгөн жерин таштагысы келбеген он алты кожолук ошентип тоо арасында түбөлүк калышат.

Кырсык болорго чукул Муса эки жылдык эчки тыбытын алып райборборго түшкөн, үй салганга жер издеп, анысын Мамат акеден таап көңүлү куунак болчу. Анан таңга жуук жаман түш көрүп отурбайбы. Аңгеме ошол аян түштөн башталат.

“Таңга маал түш көрдү: «Кайдагы бир бийик жар. Төмөн жагы капкара болуп тумандап жатат. Кырында үйбүлөсү. Алыстан көрөт. Өзү ылдыйда, тигилер бийикте. Негедир алдындагы туңгуюкка секиргени жатышат».

"Секирбегиле! Артка кайткыла!" – деп кыйкырайын дейт, үнү чыкпайт. Чуркайын десе, буттары жылбайт. Анан эле аялы, артынан балдары чогуу аңга бой таштады. Эң артында көкүрөк күчүгү – жаңы төрөлгөн кызы эки колун атасына сунган бойдон кулады. Эч кимиси кайра чыккан жок”.

Таңга маалкы түшүнөн чочулаган Муса саардан апыл-тапыл айылын көздөй жолго чыгат.

“Ордунан атып туруп жолго чыкты. Жамгырды сезген деле жок. Ликилдеп келатат. Улам бир баласы көрүнүп барып жок болуп кетет. «Айланайын, Жараткан! Пендем десең аман коё көр! Башка эч нерсе сурабайм, айланайын, Жараткан!»

Акылы жетишинче жалынып-жалбарып, кээде анысы сыртына чыгып келатат.

Бир туруп өзүн-өзү: «Мен эмнеле болуп атам? Жараткан адилет да. Биз ага акаарат келтирбесек, эмнеге жамандык жибермек эле? Жөн, жаман жорук баштабай! А көрө балдарыңдын татты кыялдарын эстебейсиңби, – кагып коёт да, – ырас эле жакшылыкка жоруюнчу», – деп ал оюн ээрчип кетет.”

Муса жамандыкты көзү менен көргөнчө кырсыкка ишенбей, амандыктан үмүт үзбөй келет. Наар албай ачка жолго чыккандыктан өзөгү карарып, жолдо балдарына деп алган таттыдан ооз тийбей суу ичкиси келет.

“Сайдагы суудан эле кере-кере жутуп алам деп ойлоду. Келсе сайда гүлдүрөтө таш агызган суу жок. Бирөө буруп кеткендей. Бир кулактай суу калыптыр. Бу суу Мусанын айылы аркылуу өтөт. Бура турган жери жок эле. Кайда кетти? Акылы айран болуп ого бетер шашты.”

Кырсык капыс баскан экен. Тоо ичиндеги кичинекей айылы жок. Селейген Муса башка жерге келип калдымбы деген алдамчы ойго алданып, үйүн таппай, айылын таппай карайлап туруп калат. Адам айласыз оор кайгыны көтөрөт. Муса да жамгыр алдында эси ооп, айласын таппай тоо арасында алапайын таппай турат.

“Муса жамандыкты ойлогондон коркту. Ал айылдын ордунда турган тоону карап нес боло түштү. «Адашып эле калсам экен… Үйүм наркы сайда болгой эле… Түшүм болуп калгай эле…»

Ой-санаасы сапырылып, кулагы чуулдап, буттары баспай, жаак эттери былкылдап тартылып, жаны жер тартып баштады. Башы айланып, жер тегеренип келатканда намазга жыгылган кишидей бүк түштү.

Ошол учурда эмне болгонун, бүрүшүп канча жатканын өзү билбейт. О-о, бироокумда башын көтөрүп канталаган көздөрүн ирмеп-ирмеп алып, тиги жаңы тоону көздөй чуркап жөнөдү. Муса жакындаган сайын тоо бийиктеп баратты. Жеткенде тике чыга албасын билди окшойт, айлана чуркады. Балдарынын аттарын айтып кыйкырып коёт. Аны ушу кезде тоону айланса эле анын артында айылы апаман турат деген үмүт жетелеп баратты.

Аерге да жетти. Көчкөн тоо сууну бууп, көл боло баштаган экен. Жээгине чуркап барып, суунун түбүн карады. Ылайланган суудан эчтеме көрө алган жок. Тоонун үстүнө чуркап чыгып, ары жак, бери жагын карады. Кайра жээкке келип шалдырап туруп калды. Көргөн көзүнө ишенбей, тээ тереңинде бир жакшылыктын үмүтү үзүлбөй, ошого жармашты. Аялы балдарын жетелеп чыга келчүдөй болуп, эки көзү сууда. Жамгыр эми нөшөрлөп кирди. Мусанын жүзүн жамгыр жууп жатканын же шолоктоп ыйлап жатканын, эки ийнинин солкулдаганы үшүгөнүнөнбү же өпкө-өпкөсүнө батпай жатабы, билиш кыйын эле. Мүмкүн, экөө бир келгендир…”

Опсуз тоо арманды артынган кайык

Көчкү баскан тоо арасындагы айылдан аман калган жалгыз Муса райондон келгендер таштап кеткен жалгыз кайык менен жээктеги чатырды ээлеп, көлдү кайтарып калат.

Мурдагы жандуу айылдын ордун ың-жыңсыз жымжырттык басып, дүлөй тынчтык орногон. Суу алдында калган балдарын, аялын көрүп каламбы деп кайык менен көл кыдырган жалгыз адам. Баары өчкөн, бул дүйнөнүн кызыгын, жашоонун шаңын тоо басып, баары жасалма көл түбүндө калган. Каш менен кабактын ортосунда болуп өткөн кырсыктан аман калган Мусанын арманы суу тереңине түшүп, жалган үмүткө акыркы күндөрүн өткөрүп калган момун пенде. Эми ага түзгө түшүп үй салыштын, балдарын ойлоп шашылыштын эч кажаты жок.

Аңгеменин эпиграфындагы “күйгөн эмне экенин күл гана билет” деген сөздүн маани-жайы ушундай.

Тугөлбай Казаковдун чыгармаларында тирүүлүктөгү ар бир жарык күндүн улуулугу даңазаланат. Алыскы тоо арасындагы Мусанын бул дүйнөдөн тапкан бактысы - анын үй-бүлөсү болчу. Ошолор деп жашап, ошолордун кайгысы кайгы, кубанычы кубаныч болуп, дем алган абасы, ойлогон ою балдары, анан эрине тик карабаган аялы эле.

Эми Муса аларды эстеп, ошолордун эсинде калган жоруктары, чогуу өткөргөн күндөрү менен гана жашап,үй-бүлөсү көрүнүп калабы деп жалган үмүткө алаксып күн өткөрүүгө көчкөн. Көл ичине сыр катып, агымын өзгөрткөн сай башка жакка агып, бир гана Мусанын арманы мелтиреген сууну айланчыктап, арман-күйүт менен чогуу жашап калган.

Белгилүү журналист Вера Беделбек кызы “Жалгыз кайык” аңгемеси турмуш чындыгын жаап-жашырбай ачык жазган оор чыгарма деген пикирде.

- Окуган адамдын жан-дүйнөсүн аңтар-теңтер кылчу трагедиялуу чыгарма экен. Балдарым, үй-бүлөм деп жашаган жакшы адамдын турмушу сүрөттөлөт. Негизги өзөк – адам табият алдында, анын кырсыгы алдында алсыз экенине байланган. Табият мыйзамы адам эркине баш ийбейт экен. Чыгармада сүрөттөлгөн турмуш болуп өткөн окуя же бир болмуш катары сезилет. Болор кырсык Мусага түш аркылуу аян болуп беилип атат. Адам акылы, жасаган технологиясы ай чапчып калганы менен адам табияттын алдында алсыз экени дагы бир ирет ырасталат. Шарты катаал тоодон эмне үчүн адамдар көчпөй жашашат? Анткени ал жерге киндик каны таамп, ата-бабасынан бери ошол жерге байланып калган. Аң-сезимибиз, туюмубуз ал жерди жакын көрүп, аны менен бир болуп калабыз да, ошон үчүн ал жер тууган жер деп аталат.

Табигый кырсыктан жабыркаган, жакындарынан айрылып, кайгыга чөгүп-мөгдөп калгандар көп. Алар тууралуу жаңылык-кабарларда, маалымат мейкининде көп эле кеп болот. Бир айылды кой, капкалуу шаарларды каптап кеткен топон суу, зилзала, жер көчкү, суу ташкыны, жалындаган өрт, кырсык курмандыктарынын арбып баратышы тууралуу деле көп кеп болот.

Бирок да, кайсы бир тоо боорунда калып кеткен жарыгы жок, жарытылуу жолу жок айыл, аны эш тутуп жашап келаткан момун элдин башына түшкөн мүшкүл Түгөлбай Казаковдун “Жалгыз кайык” аңгемесиндегидей эч ким тарабынан сүрөттөлө элек болчу.

Бир адамдын күйүтү дегенибиз барып келип бүтүндөй бир журттун, кичинекей айыл дегенибиз түптүү журттун арманы-күйүтүнө айланып кетүүдө. Жазуучунун ушул аңгемесинде ар бир детал, окуя ичара чырмалышып, баары биригип, автордук идеяны ырастап турарын “Рух Эш” сайтынын негиздөөчүсү, жазуучу Олжобай Шакир да белгилейт.

- Биз анча таназар албаган нерсе. Маалымат каражаттарында кабарланып, ошону менен катардагы жаңылыктын бири болуп калчу нерсе көркөм чыгармага айланганда башкача доош алып, адамды ойлонтууга мажбурлайт. Бул аңгемени катуу таасирленип алып эки-үч сыйра окудум. Бул - Түгөлбай Казаковдун шедеври. Чыгармадагы ар бир детал чоң көркөмдүк жүк көтөрүп, кабелтең сүрөткер экенин көрсөттү.Көз ачып-жумганча аңтар-теңтер болуп кеткен адам трагедиясын мынчалык терең чагылдырган сүрөткерди мен кыргыз прозасынан байкай элекмин. Ата-тегинин сөөгү жаткан жерди кыйып кете албаган камаарабаган кыргыз. Ошол трагедияны жазып атпайбы. Бул чыгарма бир алдын эскертүү да сыяктуу.

Түгөлбай Казаковдун “Жалгыз кайык” аңгемеси кийинки жылдары жазылган чыгарма. Автордун “Эсимде” эскерме баянында балалык кездин кызыктуу учурлары, көркөм асылдык дүйнөсүнө кантип аралашканы, жашоо-турмушунун армандуу-кызыктуу учурлары чагылдырылса, баяндын экинчи бөлүмүндө жаш таланттын жашоодон ордун табышы, өнөр адамдарынын калыптанышы жайында кеп болот.

“Жалгыз кайык” аңгемеси - автордун бул жаатта кадыресе тажрыйба топтоп, пенде баласынын арман-асиреттүү турмушун реалдуу чагылдырууга жетишкен чакта жараткан чыгармасы.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG