Линктер

шаршемби, 15-август, 2018 Бишкек убактысы 15:46

Ошол Салима сенсиңби?..


"Сүйүү", Асатилла Тешебаевдин сүрөтү. (Архивден алынды)

Ашым Жакыпбековдун кайталангыс керемет чыгармаларынын бири деп “Көздөн учкан ак кайык” аңгемесин айтса жарашат. Чыгарманын сюжеттик курулушу жөнөкөй, композициялык чечмелениши жагынан деле өзгөчөлөнбөйт.

Бирок да ал бир окуган адамдын эсинен өмүр бою чыкпай, тестиер кездеги арзуу ышкысынын арманын эске салып, аялуу сезимди этият сактоого чакырат.

Бала кездеги аруу сезим арманы өмүр бою оор жүк бойдон калары эскертилет. “Азаттыктын” бүгүнкү кыргыз аңгемесинин классикасы тууралуу берүүсү Ашым Жакыпбековдун “Көздөн учкан ак кайык” аңгемесине арналат.

Таржымачылыктын таанылган чебери

Ашым Жакыпбеков. 1935-1994.
Ашым Жакыпбеков. 1935-1994.

Ашым Жакыпбеков көзү тирүүсүндө “Жаралуу көгүчкөн” (1961) аңгемелер жыйнагы баш болгон “Катаал багыт” (1966), “Биз атасыз өскөнбүз” (1981), “Кыргыз жеринин жомоктору” (1981), ”Шаа-Ата” (1990) китебин жарыялаган. Ал эми “Теңири Манас” роман-эпосу (1995), “Шекерден Теңирге” күндөлүгү (2004) жазуучунун көзү өткөндөн кийин чыкты. Кырк жылдан ашуун убакытка созулган таланттуу сүрөткер үчүн жогоруда саналган чыгармалар аябай эле аздай сезилери бышык. Бирок Ашым Жакыпбеков кыйла убакты-саатын котормо ишине, кино тармагынын өнүгүшүнө, редакторлук жумушка арнаган. Жазуучуну жакындан билген замандаштары калп айттыра койбос, анын чыгармачылыгы баралына келип турган түшүмдүү жылдарынын кыйласы Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын орусчадан кыргызчага которууга кетти. Шекер айылынан чыккан эки улуу таланттын чыгармачылык эриш-аркактыгы кандай шартта, кандайча башталып калганы тууралуу маалыматтар аябай эле аз. Айрым кабарларга караганда, доорубуздун улуу жазуучусу айылдаш инисине роман-повесттерин кыргызчага оодарууга убактысынын жоктугун айтып, өтүнүч кылган шекилдүү. Чыңгыз Айтматовдун дүйнөгө таанымал чыгармаларын Ашым Жакыпбеков гана кемелине келтирип кыргызча сүйлөтө аларын, андан кийин бул иштин өтөлүн алчу азаматтар Аман Токтогуловдон кийин калбай калганын убакыт көрсөтпөдүбү. Ашым Жакыпбековдун колунан чыккан көркөм текст кыргыз сөзүнүн коңулда жаткан сыйкырын ачкан, аны кол менен кармап көрсө болчудай деңгээлге чыгарганын жазуучунун оригинал чыгармаларын, котормолорун окуган адам жаземдебей баамдайт.

Чыңгыз Айтматовдун Ашым Жакыпбеков которгон чыгармалары.
Чыңгыз Айтматовдун Ашым Жакыпбеков которгон чыгармалары.

Ашым Жакыпбеков орус классикасын жана дүйнөлүк классиканы мыкты билген, көркөм чыгармачылыктын табиятын кылдат туйган кара сөз чебери болчу. Анын сүрөткерлик чебердигин бажырайта ачып берген кыргыз аңгемесинин классикасына айланып кеткен “Улуу тоо” новелласынын экинчи бөлүмү катары жарыкка чыккан “Көздөн учкан ак кайык”, китепкөйлөргө “Салима” катары жакшы тааныш аңгемеси да ырастап бере алат. “Улуу тоо”, “Көздөн учкан ак кайык” 70-жылдары “Ала-Тоо” журналына жарыяланган. Барктуу адабий журналга чыккан мыкты чыгармалар ал учурда адабий чөйрөдө кыйла уу-дуу кепке арзып, окурмандардын баамына илинчү.

Ак көпөлөк татынакай кыз

Аңгемеде сүрөттөлгөн окуялар деле жөнөкөй, шаар жашоосунан тажаган каарман ден соолугунун айынан көлгө эс алууга келип, пляждан бир кезде ашык болгон классташ кызына кездешип калат. Арадан кыйла жылдар өткөн, экөө тең үй-жай күтүп, бирин бири унута баштаган чактагы капыс жолугушуу каарманды алдастатып, бир кездеги “ак бантикчен апакай кыздын” алдында апкаарыйт.

Иллюстрация
Иллюстрация

“Салима! Салима!.. Чын эле ушул сенсиңби? Теңге чөпкө конгон ак көпөлөк тариздүү татынакай, кичинекей, апакай кыз сен белең? Алтынчы класста экөөбүз бир партага отуруп окубадык беле?.. Балдар бизди "бири-бирин сүйөт" деп тамашалачу эле. Ага арданчу элек, айрыкча мен… Ортобузда чын эле кандайдыр сезимтал жакындык бар эле. Бирок аны сүйүү деп оюбузга да, оозубузга да алган эмеспиз. Ал бир өзүнчө жүрөктүн толтосун ысыткан жагымдуу сезим эле… Ошол Салима сенсиңби?.. Сен шакылдаган ачык-айрым, бажырайган бото көз, күлгөнү да, ыйлаганы да (ооба, бир ыйлаганын билем) сүйкүмдүү кыз элең. Мен болсо, сезимдерин ыйык көрүп ичине терең каткан, сага да айткысы келбеген, түнөргөн кара бала элем. Ошол Салима сенсиңби?.. "Бирин бири сүйөт" деген балдардын тамашасын шылдың көрүп корунуп, ал кордуктан кутулуш үчүн, мен бир жолу сага орой айттым. Сен бакырайып тиктеп алып, анан ыйлап жибердиң. Ошол түрүңдү көрүп алып, кайра жети өмүрүм жерге кирген. Баарыңар тарап кеткиче, ээн жолдо эңгиреп жалгыз отурупмун…

Андан кийин экөөбүз жолуктукпу же жокпу, билбейм. Бирок мен жолугууну каалаган эмесмин. Анткени өз күнөөмдү моюнума алышка батынбагам, сенин жүзүңү кайра көрүштөн жүрөксүнгөм. Ошол күндөрдүн биринде сенин туулган күнүң болмок эле. Сен мурда мени чакыргансың. Мен эмне белек алпарарымды билбей жүрсөм, апам эки тал чийге кызыл-тазыл жибек ороп, куурчак жасап берген, "ошону алпар" деген. Апам сени билчү, атүгүл экөөбүздү бирибиздикине бирибиз катташып, баш тийиштирип бир отуруп сабак окуганыбызды билчү, эми ойлосом ошого апамын ичи жылып, жетине албай жүргөн белем. Алиги куурчакты ошол үчүн жасап берген тура. Ага мен уялып… Анан силер көчтүңөр. Көчөр алдында сен биздикине келипсиң, мен жок элем. Келсем апам айтты. «Эмнеге барбайсың, белегиңди али берген жоксуңбу?» – деп жемеледи. Сенин көчөрүңдү укканда мен коркуп кеттим. Куурчакты алган бойдон жүгүрдүм. Көчөнүн башына жеткенде жүгүңөр салынган машина айылдан чыга берди. Жүктүн үстүндө сен, папаң экөөң (шаарда өскөндүк кылып атаңы «папа» дечү эмес белең) отуруп баратканыңарды алыстан көрдүм. Чымын-куюн болуп артыңардан жүгүрдүм. Бирок машинага жетмек кайда, көчөдөн чыккан жерде машинанын чаңына аралашып кала бердим… Ошол Салима сенсиңби?..”

"Сен баягы эле бойдон турбайсыңбы"

Жолугушуудан кийин каарман өткөнүн эстейт, айылдагы балалыгы, тестиер кезиндеги арзуу сезими, корунчактыгы, тартынчактыгынын айынан жетпей калган сүйүүсү кайра козголуп, Салиманы көргөндөн кийин алапайын таппай, жанын коёрго жер таппайт. Жазуучу салттуу баяндоо аркылуу капыс кездешүүдөн өрөпкүп, сөз таба албай толкунданган жигиттин абалын ишенимдүү психологиялык деталдар аркылуу берет.

“Ал түшүндү, абалымы сезди. Ушунча жылдар бою көрүшпөй, көрүшүүнү ойломок турсун, унутушуп баратканда жолуксаң, мурдагы күнү көргөн таанышың менен сүйлөшкөнсүп жөнөкөй ал-жай сураша албайт экенсиң. Же ысык кучакташып калар да жөнүбүз жок эле. Башка сөз керек болду, аны мен таппадым. Бала кездеги мамилебизди тапатандан эскерте кетүү ылайыксыз болду”.

Кыйла жылдардан кийин капыс жолуккан каармандардын жолугушуусу канчалык тез болсо ажырашуусу деле ошондой ыкчам өтөт. Салима көлдө эс алып жаткан күйөөсүн көргөнү келген экен, эртеси үйүн карай жол тартат. Каарман кандай да болсо Салима менен сүйлөшүш үчүн аны жарым жолго чейин узатып келет.

“– Салима, калчы? – дедим.

Салима күлдү.

– Сен баягы эле бойдон турбайсыңбы…

Ал колун сунду. Мен колун алып, кучактоого өзүмө тарттым.

– Кой,– деди Салима,– таза нерсе таза бойдон калсын.

Муну айтарын айтып алып, жакшынакай көзүнө жаш кылгыра түштү. Мен кайра умтулбадым, бирок ичим куйкаланып, жанында араң бараттым. Бактан чыга бериште коштоштук. Автобуска чейин узатып барышымды ал каалабады, мен да туура көрдүм: баары түшүнүктүү болуп турганда куру сыпайкерчиликтин кереги эмне.

Ошентип, Салима кетти. Жол боюнда мен дагы жалгыз калдым. Тегерегимде эл көп эле, бирок мен ээн талаада барар жагы, издээр максаты жок кишидей ичим эңшерилип, жалгыз турдум.

Ал күнү санаторийге кеч кайттым. Көңүлүм бузулуп, адатымча өзүмөн өзүм чөгүп ичтим. Жалгыз отуруп ичкендерге таң калчу элем, көрсө болот экен. Санаторийге жеткенимде түнкү саат он-он бир болуп калган эле. Тоодон шамал катуулап согуп, асман алай-дүлөй болуп келатты. Көлгө барып бир чөмүлүп кайткым келди.

Жээктеги оттор толкундардын жалында сүрдүү ойноп, көл бетин караңгы түн басып түнөртүп турган экен. Жээк шарпылдап, толкун күчөй баштаптыр. Мен жээкке жакындаганда толкундарга чайпалган жалгыз кайык көрүндү.”

Махабаттын айыкпаган жарасы

Каармандын кайыкты кармап алайын деген аракети ишке ашпай, толкундар арасында калган жигит артына кайтат. Эки ирет Салиманын артынан кууп жете албай, эки ирет ара жолдо калган каарман ак кайыкка да жете албай, бошонгон ак кайык бийик толкундар арасында караан үзөт. Чыгармадагы символикалык маани-мазмунга карк мына ушундай эпизоддор жашоо-турмуш толкунунда алдастап, багытынан адашкан сүйүү ышкысынын арманы, аны өмүр бою коштоп жүрчү ички күйүтү катары эсте калат.

"Махабаттан калган жараат эч качан өлтүрбөйт, бирок эч качан айыкпайт" деген сөздү Ашым Жакыпбековдун ушул аңгемесин окуган сайын эстей берем.
Эсенбай Нурушев

Белгилүү адабиятчы-публистчи Эсенбай Нурушев “Көздөн учкан ак кайык” автордун жекече өмүр турмушуна байланышкан, эмоционалдык таасири күчтүү чыгарма деп эсептейт

- Ким окубасын, кандай адам окубасын биринчи өткөн балалыгын, ошондогу таза аруу сезимдерин эстеп алат деп ойлойм. Бул сүйүү, махабат темасындагы чыгармалардан өтө өзгөчөлөнүп турган аңгеме. Бир караганда жөнөкөй эле чыгарма. Бирок бул аңгеме окурмандын сезимин козгоп иет, ар кандай ассоциацияларга жетелеп кетет. Окуган адам андан улам сөзсүз башынан өткөн кезин эстейт, чыгарма эстетет. Чыгарманын соңундагы боосунан бошонуп кеткен кайыкка жетем деп, арыраак сүзүп барып жете албай, эси ооп жээкке келип сулап жатып калат эмеспи. "Махабаттан калган жараат эч качан өлтүрбөйт, бирок эч качан айыкпайт" деген сөздү Ашым Жакыпбековдун ушул аңгемесин окуган сайын эстей берем. Жеке менин көз карашымда бул аңгемени Ашыкенин чыгармачылыгындагы туу чоку деп айтса деле болбойт. Бирок махабат темасындагы, сүйүү темасындагы чыгармалардын эң мыктысы деп эсептейм. Мүмкүн өз башынан өткөндүр, турмушунан алынган аңгеме болсо керек деп ойлой берем.

Ангемедеги окуялар Салима менен каармандын ортосунда гана жүрөт, эпизоддук каармандар жардамчы функцияны аткарышат. Классташтар балалык ышкы сезимге арбалган экөөнүн ортосундагы ышкы сезимин шылдыңга алса, каармандын апасы тескерисинче тартынчаак уулуна белек жасап, Салима экөөнүн мамилесинин тереңдешине шарт түзөт. Аңгемеде бала кездеги аруу сезимдин улуулугу, андан ажыраган адам өмүр бою өткөндү эңсеп өксүп өтөрү ынанымдуу баяндалат.

«Эмне үчүн мен ушундай жаралгам? – деди жүрөк өзүнчө сыздап. – «Курдаштардын тамашасынан корунуп, бала күнүмдө Салимадан айрылдым. Балдар Салимага жетпегени үчүн ошентишти, а мен колумдагы ырысымды төктүм. Бул эмне, мүнөзбү, же табиятымбы?»

«Табиятыңан начарсың» – деди ой дароо.”

Адабиятчы, Жалал-Абад университетинин профессору Дилбар Чокоева чыгармада символдук белгилер, ойду туюнтуунун тикелей жана кыйыр ыкмасын колдонуу аңгемеде жогорку чеберчиликте ишке ашырылган дейт.

Жакшы сүзө албаган каарман орто жолдон коркуп артына кайтат. Чарчап-чаалыгып эптеп жээкке жетип караса кайык кетип бараткан болот. Салиманын артынан барып да орто жолдон кайтат.

- Символдук түрдө берүү, символдоштуруу жагынан Ашым Жакыпбеков күчтүү эмеспи. Ал ыкма мында да кеңири колдонулган. Чыгарманын финалындагы бошонуп кеткен кайыкка артынан сүзүп каармандын жетпей калгандыгын алалы. Жакшы сүзө албаган каарман орто жолдон коркуп артына кайтат. Чарчап-чаалыгып эптеп жээкке жетип караса, кайык кетип бараткан болот. Салиманын артынан барып да орто жолдон кайтат, Салиманын артка кайрылгыс болуп кеткенин көрөт. Өзү жакшы адам, бирок алдыга койгон максатына көшөрө түшүп, ал үчүн күрөшпөгөн адам, бул анын кемчилиги. Антип арасат калган жүүнү бош адамдардын бир тибин жараткан. Менде ушундай ой пайда болду.

Жазуучунун жүрөк менен сезим диалогунда да Салима арманы башкы орунга чыгат.

«Анан сага окшогондор Салимасынан айрылып, жел кыялы менен кур жалак калат дечи?»

Ашым Жаыпбеков чебер стилист, көркөм сөз кереметин кылдат туюнган автор катары кыргыз адабиятында үлгү катары каларлык өрнөктүү тексттерди жаратып кетти. Анын жазуучулук таланты көбүнесе кара сөздө көрүндү. Ошон үчүн анын Чыңгыз Айтматовдон котормолору нукура кыргыз тилинде, кыргыз жазуучусунун гана колунан чыккандай таасир калтырат. Мындай деңгээлге “онунчу музага” кайрылгандардын баары эле жетише бербейт. Ал эми анын “Улуу тоо” новелласы, “Көздөн учкан ак кайыгы” мезгил сынынан ноюбай өтүп, улут көркөм сөзүнүн эң мыкты үлгүлөрүнүн катарында эстетикалык жамалын жоготпой келе жатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG