Линктер

дүйшөмбү, 15-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 14:18

Сын укпаган жазуучу аксай берет


Бишкек

“РухЭш” сайты ушул жылдын сентябрь айында адабий сын боюнча сынак жарыялап, жыйынтыгын 12-декабрь – Адабият күнүнө карата чыгармак. Бирок уюштуруучулардын айтымында, келип түшкөн материалдардын арасында башкы орунга татыктуусу жоктугунан улам анын мөөнөтү узартылды.

Адабий коомчулукта эгемендик жылдары адабий сын жанры таптакыр өнүкпөй калганы айтылып келет.

Анын себебин ушул тапта адабият, тил таануу багытында илим тармагы алсыраганы менен түшүндүргөндөр бар. Адабиятчылар өздөрү азыр алар үчүн кайсы бир көркөм чыгармага сын жазуу кирешесиз экендигин, анан калса мындай макалаларды бир да гезит баспай турганын айтып жүрүшөт.

Бирок, эми минтип “РухЭш” сайты мүмкүнчүлүк берсе да адабий сын сынагына катышкандар анчалык деле көп болгон жок. Бул тууралуу конкурстун калыстар тобунун мүчөсү Жолдош Турдубаев кеп кылды:

Жолдош Турдубаев.
Жолдош Турдубаев.

- Кечээ сынакта бизге келип түшкөн материалдардын баарын эле жарабайт деп айтканга болбойт. Ар кимиси колунан келишинче аракет кылган. Бирок негизи эле адабий сын кандай болушу керек? Көркөм чыгарма тууралуу жазган адам ким болушу керек? Сын жазууда эмнеге көбүрөк көңүл буруш керек? Бизге макаласы келип түшкөн авторлордун көпчүлүгү жогорудагы суроолор боюнча түшүнүгү жок экен. Арасында көптөн бери сын жазып жүргөн авторлордун кол жазмасы таанылып эле турат. Анткен менен алардын деле деңгээли ортозаардан өйдө болбой калып жатат.

Турдубаев сынакка келип түшкөн сын макалаларда тандалган темаларга да ичи чыкпай турганын кошумчалады. Анын айтымында, тандалган темалардын көбү буга чейин кайра-кайра жазылгандар, жаңыча эч кандай изилдөөлөр жок.

Акын Карбалас Бакиров совет мезгилинде адабий сын аркылуу ар бир жазуучу-акындын талант-дараметине таамай баа берилип, мыктылары Жазуучулар союзуна кабыл алынып, айтор келечегине кенен жол ачылып турганын жакшы билет. Акындын пикиринде, кыргыз совет адабиятында адабий сын идеологиялык маселелер менен гана чектелбей, жазылган чыгармалардын көркөм-эстетикалык салмагын ченеп берүүдө жогорку деңгээлдеги адискөйлүк кылган. Ал ​бир кезде коомчулук адабий сынга кандай мамиле кылганын эстеп отурду:

Жаңы чыккан ар бир чыгармага өз учурунда адабий сын айтылып турган. Жакшы чыгармаларга, жакшы китептерге мыкты баа берилер эле.

- Совет доорунда, мисалы, окурмандар "Кыргызстан маданияты" гезитине кайсы китеп же чыгарма тууралуу кандай сын макала чыгар экен деп күтүп турушар эле. Жаңы чыккан ар бир чыгармага өз учурунда адабий сын айтылып турган. Жакшы чыгармаларга, жакшы китептерге мыкты баа берилер эле. Мисалы, мен Жолон Мамытовдун 1969-жылы чыккан "Отту сүйөм" аттуу ыр жыйнагы чыкканда адабий чөйрөдө чоң окуя катары бааланганына күбө болдум. Чынында дүңгүрөп, жакшы кеп болгон. Мактагандарга каршы пикирин айткандар да чыккан. Сындын таасиринен улам акын ошол биринчи китеби менен эле адабиятка батыл аралашып, поэзиянын бийик чегинен орун алган.

Учурда Кыргызстанда массалык адабият өкүлү деп эсептелген авторлордун таламын талашып жүргөн Жаныбек Жанызактын пикиринде, бүгүнкү күндө ал өзү чыгарып жаткан китептер эч кандай адабий сынга муктаж эмес. Ал эми адискөй адабиятты сындай турган кесипкөйлөр жокко эсе:

- Мисалы, Султан Раевдин деңгээлиндеги жазуучуларды сындай турган кыргыз азыр жок. Кеңешбек Асаналиевдин бийиктигиндеги сынчылардын көзү өтүп кеткен. Ал эми Кадыркул Даутов агайыбыз сындан алыстап кетти окшойт. Алардан башка сынчыны мен азырынча бул тегеректен көрө элекмин.

Жанызактын көз карашында, бүгүнкү күндө таланттуу акын-жазуучунун эң мыкты сынчысы китеп базары. Эгерде өзүнүн чыгармалары мыкты өтүп жатса, анда демек ал чынында эле мыкты калемгер.

Деген менен адабиятчы Жолдошбек Турдубаев адабий сын кайсы заман, кандай иделогия болсо да зарыл экенин белгилеп, мында эң башкы маселе - ошол мезгилде жаралып жаткан чыгармалардын көркөм-эстетикалык бийиктигин ачып берүү экенин кеп кылды:

Табитти таптабаса болбойт. Ал үчүн сөзсүз түрдө сын болушу зарыл.

- Адабий сынга кесипкөй мамиле мамлекеттен да, коомчулуктан да, чыгарма жараткан авторлордон да болууга тийиш. Табитти таптабаса болбойт. Ал үчүн сөзсүз түрдө сын болушу зарыл. Негизи эле элдин, окурмандардын көркөм табитин калыптандырсак бул коомдун жалпы рухий турмушуна да сөзсүз таасир этет. Себеби "жакшы" деген сөз - бул жөн эле моралдык-адептик жагы эмес, көркөмдүк жакка да тиешелүү сөз.

Турдубаев ушундан улам адабий чөйрө, окурмандар, коомчулук адабий сын жанрына кайдыгер карабай, аны кайрадан калыптандыруу керек деп эсептейт.

"РухЭш" сайты адабий сын жанры боюнча жүрүп жаткан сынагынын мөөнөтүн жаз айына чейин узартты.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору.   

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG