Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:20

Москвада бир акын Ала Тоо үчүн үшкүрөт


Мигрант акын Азамат Төкөров. Москва.
Мигрант акын Азамат Төкөров. Москва.

“Тагдырды жасап алып, таарынып тагдырыма басып жүрөм”. Береги жанды чалгыдай шылыган саптар Азамат Төкөровго таандык. Бул жигит ырларын, анекдотторду, икаяларды Фейсбукта жарыялап жүрүп, адабият дүйнөсүнө кошулган.

Мен киммин? Пайдасы жок жүрө берген,

Кулакты ар ушакка түрө берген,

Ким чын да, ким төгүнүн ажыратпай,

Ажылдап машке иттей үрө берген

Ит КЫРГЫЗМЫН.

Мен киммин! Күндөп-түндөп колоктогон,

Той-ашка төгүп-чачып, шолоктогон,

Келечек үчүн бир саат ойлонбостон,

Өткөн бир бабаларын жомоктогон

Бир КЫРГЫЗМЫН.

Бул ыр “Мен киммин? Бир Кыргызмын” деп аталат. Ырдын автору бүгүн Москвада эмгектенип жүргөн мекендешибиз Азамат Төкөров. Ал алты жыл мурда сыртта жан багып жүргөн жүз миңдеген кыргызстандыктардын катарына кошулган. Бирок 37 жаштагы жигиттин ою-дили жатса-турса Ата-журтунда, айылында калган эки баласында, өзү сыяктуу бөтөн жерде мусапыр болуп жүргөн боордошторунун акыбалы качан оңолот деген ойдун туткунунда. Азаматтын “Мигрант уулун күткөн мекен” деген алты сабы эмчеги зиркиреп, уул-кыздарын күткөн мекен эненин зары.

Суз мүнөз - шаңы да жок андагыдай,

Жулунган шылууну көп, алда Кудай!

Мекеним - бели бүтүн, жүрөк дарттуу,

Дегенсип: "Жат эмессиң алдагыдай".

Тостуң да... кучагыңда аз алдейлеп,

Кайра эле жөнөтөсүң, алда күн ай!...

Мен өзүм Азамат Төкөровдүн ырлары менен оболу виртуалдык дүйнөнүн кан тамыры Фейсбуктан тааныштым. Фейсбук планетасы Кыргызстандагы жергиликтүү маалымат каражаттарынан алда канча популярдуу жана чек араны билбейт.

Азаматтын ырларын алгач публицист-калемгер Олжобай Шакир өзүнүн “РухЭш” сайтында былтыр декабрда жарыялап, ак батасын берди, адабият сүйүүчүлөргө тааныштырды. Фейсбуктан башталган бул таанышуу тууралуу Олжобай Шакир:

Олжобай Шакир.
Олжобай Шакир.

- Фейсбук аркылуу байланышым да кызыктай. Капкаяктагылар кат жаза берип жадатат да. Бул жигит менин ырларым бар эле, аны-муну дегендерден өзгөчөлөнүп, бир жолу аэропортко түшүп жаткан жеринен “Мобурекини карап бериңиз” деп бир ырын жөнөтүп ийди. Карасам жөн эле бир адабий ышкыбоз эмес, турмушта кагылып-согулган... Тургунбай Эргешовдун ырларыбы же башка эстен чыккан акындардын ырларынанбы деп ойлогом. “Сенин автордук ырыңбы?” десем “Ооба!” дейт. “Дагы барбы?” десем, бирин-экин ырларын салды. Аз эле, кыска экен. Кийин акындардын антологиялык котормолорун жарыялагандан кийин дагы байланышка чыгып калды. Ырлары эсиме келди. Ырларын карап, секирте турган ырларын көрдүм. Акын катары дүйнөнү өзүнүн ракурсунан караганы көрүнүп турат да. Турмушта аябай кагылып согулган жигит экен да. Себеби адабий мектептен мурда кээде турмушту көрбөгөн акындар бар эмеспи. (Азаматтын) дүйнөнү көрө билгени биринчи эле саптарынан көрүнүп турат:

Дубалсыз - турмуш деген абактагы,

Өмүрдүн жыртылууда барактары.

Тикчийип теше тиктеп турат тагдыр,

Каргадай - тарбайган бир дарактагы.

Ушундай төрт саптар көзгө урунгандан кийин бул жигиттен ырларын сурадым. “Мен акын деле эмесмин, байке, кечиресиз. Мен өзүмдү жамакчы деп эсептейм. Бирин-экин ушундай ырым бар”, - дейт. Кийин дагы жакшы ырларынын топтомун жиберди. Ошону менен ага тапшырма бере баштадым... Чыгармачылык жоопкерчиликти сезген жигит экен. Келечекте Кыргыз адабиятында бул жигиттин да жылдызы жанып каларына толук ишенем!

Мигранттардын арманын ырдаган акын
please wait

No media source currently available

0:00 0:15:19 0:00
(Радиоуктурууда Азамат Төкөровдун ырларын журналист Төрөкул Дооров окуду).​

Азамат Төкөровдун ырлары тууралуу башка акын-адабиятчылар кандай пикирде экенин билүү үчүн Фейсбукка баш багып, поэзияны ардактаган виртуалдык мейкиндиктеги досторума кайрылдым. Биринчи болуп, адабиятчы, филология илимдеринин доктору Садык Алахан ой бөлүштү:

- Азамат Төкөровду кадимкидей калыптанып калган акын деп айтса болот. “Хемингуэйдей алдыма улуу максат койгон эмесмин” деген маеги “РухЭш” сайтына чыккан. Ошондо “менин жазгандарым жамакчынын гана деңгээлинде” дейт. Бир жагынан, орусча айтканда, “скромничать” этип жатат да төш какпай... Экинчи жагынан, атайын адабий билими жоктугунан, адабияттын артынан сая түшкөн тагдыр буйрубагандыгынан ушундай пикирди айтышы мүмкүн да. Үчүнчүдөн, тескерисинче, дүйнөлүк адабиятты көбүрөөк окуп, дүйнөлүк поэзиянын кыл чокулары менен кеңири, терең таанышкан адам ушундай деши мүмкүн. Ошол эле маекте “жазбасаң туралбайсың” деген сөзү бар өзү жөнүндө. Мунун өзү А. Төкөровдун талантынын тубасалыгын, Жараткан жар болгон талант экендигин, үндөбөй койгонго мүмкүн эмес учурда сөзүн айтарын, болгондо да ыр менен айтарын далилдеп турат да. Азамат, чынында, бардык эле акындар сыяктуу турмуштун күрөө тамырын, адамдын ички сезимин, толгоолорун, маанайын кармап жазганга, кыял дүйнөсүнө сүңгүп киргенге аракет кылат.

Садык Алахан.
Садык Алахан.

Акын Атантай Акбаров болсо Азамат Төкөровду жарандык позициясы бар жана поэзия алдындагы жоопкерчилиги күчтүү акын экенин белгиледи:

- Төкөров поэзияга баш-оту менен берилип, ошонун жоопкерчилигин сезип, ырларында мигранттардын жашоо-турмушун, азап-тозокторун көтөрүп чыгып, ошол эле маалда өлкөбүздө болуп жаткан ар кандай коомдук маселелерге дагы батыл кирип, көйгөйлөрдү, кемчиликтерди алып чыгып көрсөтөт. Акындын жарандык үнү, пафостуу поэзиясы көңүл бурууга арзыйт. Ырларында метафоралары деле бар. Негизгиси, ырларында айтайын деген оюн жеткирип түшүнтө алганы жакты. Жатык тил менен жазганы, акын катары өзүнүн жан дүйнөсүн түз ачып бергендиги, поэзиянын көркөм кунун түшүнгөндүгү менен дагы баалуу деп айта алат элем.

Атантай Акбаров республикалык Молдо Нияз жана Алыкул атындагы адабий сыйлыктардын, ошондой эле Жалалиддин Руми атындагы эл аралык адабий сыйылыктын лауреаты.

Азамат Төкөров өзү турмуштун ак-карасын жеке тагдыры аркылуу түшүнүп, ырларында чагылдырганга аракет кыларын айтты:

- Көйгөйлөрдү көбүнчө өзүм аркылуу бергенге аракет кылам. Өзүмдүн тагдырыма, мага окшогон 100 миңдеген мигранттардын тагдырына бүгүнкү күн, миграция эмне берди? Ушул суроолор аркылуу жашоону бергенге умтулам.

Азамат Төкөров өзү сыяктуу Москвада эмгектенип жүргөн достору менен. 2016
Азамат Төкөров өзү сыяктуу Москвада эмгектенип жүргөн достору менен. 2016

Акын Алтынай Темированын айтымында, Азамат Төкөров чыгармачылык чеберчилигин жогорулатуу үчүн дагы көбүрөөк иштеши керек.

Нурлан Калыбеков: Бизде интеллигенция жок

Нурлан Калыбеков: Бизде интеллигенция жок

“Нурборбор” жаштар чыгармачылык академиясынын негиздөөчүсү акын Нурлан Калыбеков "Азаттыкка" маек курду.

Ага карабай, Азаматтын кээ бир ырларынан мигранттын жан дүйнөсүнүн абалын тамыр кармагандай сезилип турат дейт акын:

- Менимче, башталышы жаман эмес. Дагы көп изденип, көп окуп, өзүнүн жүзүн тапса болот да. (Таланты) бир аз, бир аз бар экен, албетте. Данек бар да. Көбүрөөк жазып, көбүрөөк изденип, дагы өркүндөтүшү керек. Албетте, ал жакта (Москвада) иштеп жүрсө, ага колу да тийбесе керек, убактысы аз болсо керек... Ошон үчүн кыска-кыска кылып, ара-чолодо жазып жүргөнү байкалып жатат да. Бирок ал өзүнүн жан дүйнөсүнөн, жүрөгүнөн чыккан саптары менен адамдын көңүлүн бура алат экен. Өзүнчө ой жүгүртүүлөрү, жан дүйнөсүндө кайнап аткан, пайда болуп жаткан сезимдерин жакшы, таамай сүрөттөгөнгө кудурети жеткен инсан экен. Мисалы, “Ай ким билет, кыяматтын күнүндө, /Күйгөн оттун арасында тирилем” деп өтө чечкиндүү айтат. “Бактысыздан экөө болсо – бирөө мен, /Бирөө болсо ошол жалгыз бирөөмүн” деген саптары Азамат Төкөровдун жан дүйнөсүнүн абалын абдан таасын берип жатат да! Миграцияда, алыс жерде жүргөндөгү бүгүн ушундайча билдирсе керек. Бөтөн жерде адам мусапыр болот да. “Баланын каты” деп аталган ыры өзүнүн тагдырына окшойт. Кичинекей баланын дүйнөсүнүн башка бактылуу адамдарды кабыл алуусун аябай таасын, жакшы сүрөттөгөн да. Бул жерде тил менен иштөө, ырдагы техника-баары жакшы сакталган.

Мигрант-акындын кыска төрт-беш сап ырлары да көркөмдүк жактан жогорку деңгээлде жазылганына Атантай Акбаров көңүл бурду:

- Негизи кыска жазган ырлары деле көркөм дүйнөнү ачып кетет. Мисал үчүн, “Дубалсыз - турмуш деген абактагы, /Өмүрдүн жыртылууда барактары.” Бул саптарда жан дүйнөнүн азаптарын укчу маселе турат. Ал эми “Сенин ордуң жылдыздарда - бийикте, /Мен аскага камалган бир кийиктей. / Уруп койбой мендеги ой-санааны, / Дүйнөң түшкүр, чимирилет ийиктей...” деп аялынын орду бийикте экенин айтса, “аскага камалган” деп автордун менин айтып атат да. Ошол эле маалда бул саптар турмуштун аны менен эсептешип койбой, ал “ийиктей чимирилип” баратканы жөнүндө.

Атантай Акбаров.
Атантай Акбаров.

Садык Алахандын баамдашынча, соңку мезгилде Азамат Төкөров америкалык новатор акын Уолт Уитмен, жаңычыл орус совет акыны Владимир Маяковский, көйгашка түрк акыны Назым Хикмет, замандашыбыз Шайлообек Дүйшеев сыңары саясий-публицистикалык темаларга көбүрөөк оой баштаган.

- Кийинки кездерде эмнегедир саясий-публицистикалык ырларга көбүрөөк ык коюп кеткендей таасир калтырды мага. Бул деле болсо, “Жерден жарака кетсе, ал акындын жүрөгү аркылуу өтөт” деген мурдатан келе жаткан чындыктын бир көрүнүшү деп ойлойм. Мисалы, (президент) Атамбаев тууралуу ыры чыгып, социалдык тармактарда аябай талкууга түштү. “Акылымда “сессия” өттү бүгүн,/ Парламентсиз мен сизге “талак” койдум” деген сабы бар ал ырда. Муну жан дүйнөсү ачуу кыйкырыкка толуп, психологиялык чыңалууга жеткен учурда гана кыйкырган саптар деп айтса болот. Себеби, бул ырдагы сөздөр, акын пайдаланган туюнтмалар өтө курч, элдик түшүнүктө намыска тие турган сөздөр.

Деги эле Азамат Төкөров өлкөдөгү жана сырт өлкөлөрдөгү саясий жараяндарга кылдат байкоо салып, ага катар карапайым адамдардын көйгөйлөрүн жүрөгү аркылуу өткөргөн инсан. Буга анын “Апрелде окко учкан досума”; Түркмөнстандын президенти Бердымухамедовдун күлүктөн учуп түшкөнүнө арналган “Улакчы хан”; Европага башпаанек издеп баратып, сууга чөгүп өлгөн үч жашар сириялык балага арнап жазган “Кечир, Айлан” деген ыры, “Манас” аэропортунун жанындагы конушка кыйраган жүк ташуучу учак карапайым жарандарга алып келген кыйраканга байланыштуу жазган “Талап”, жогоруда айтылган “Атамбаевге каты” жана башка ырлары күбө. Бул ырлар акындын бекем жарандык позициясын да билдирет.

Мигрант акындын “Хандын портрети” деген ыры:

Көздөрү кадимкидей кайгырат, күлүп турат,
Кадимки көп көздөрдөй жек көрөт, сүйүп турат.
А бирок карегинин артында көрүнбөгөн,
Ач көздүк, азезилдик, жырткычтык күйүп турат.

Жүрөгү кадимкидей кан чуркап дүкүлдөгөн
Жөнөкөй жүрөк эмес. Кыяндай күпүлдөгөн,
Жолунда жолукканды оп тартып жалмап кетер,
Унуткан "кудай жүрөк" өлүмдү күтүлбөгөн.

Сөөлөтү сулуу, бирок көөдөнү кара куурай,
Сөздөрү жылуу, бирок көңүлү жан алчудай.
Байлыкка манчыркаган, дүйнөнүн түркүгүндөй,
Бийликтин кумары-ов! Жердеги "бала-кудай".

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG