Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 08:39

Кыргыз Эл жазуучусу Өскөн Даникеевдин “Арман“ романы алгач 2005-жылы чыккан эле. Чыгарманын өзөгүн сүргүнгө айдалган апасы менен Түндүк Казакстанда жүрүп, ал жактан Кыргызстанга кайтып келген Сабырдын тагдыры түзөт.

...Айымкан эжем, анан калса артыкча эле го. Балалык асер, ал аердегилердин өзүнчө бир гүлү болчу. Өңүн айт. Керилген келбетин айт. Көздөрү көймөлө, көргөн жандын көңүл кушун көйгөйгө салып, басса, ак була булуттун үстүндө бараткандай согончогу тиер-тийбес сыза кайып... Кандай жоолук салынса, кандай кийим кийсе, баары-баары ага жарашып турчу. Саал кетирекей кырдач муруну, кыйгач серпим карлыгач каштары, жука эриндери анын эми-эми гана таң супа сала бергендеги агылжын нуру түспөл албырым дидарына төп келип, тирүү жан эмес, тек, сыйкырдын өзү тарткан сыйда –сылаң сүрөт сымал элестөөчү.

Айымкан - Өскөн Даникеевдин “Арман” романындагы, оорго сынбаган, жеңилге ийилбеген күчтүү каармандардын бири. Айымкандын күйөөсү кан майданда душман тарапка өтүп кеткен деп шектелип, анын кесепетинен жаш келин өз учурунда чыккынчынын бет терисин сыйрыбаган аялы катары Сибирге айдалган.

Айымкан Кыргыз балетинин легендасы Бүбүсайра Бейшеналиева сыяктуу эле согуш алдында Ленинграддагы Хореографиялык окуу жайдан окуп келген балерина. Бул ич дүйнөсү айланасын нурланткан кажыбас келиндин сүргүндөгү бейнесин жазуучу 10 жаштагы башкы каарман Сабырдын көзү менен сыпаттап берет.

«Ал кыялдан жаралган ,- деди бүгүн 83 жаштын кырындагы жазуучу Өскөн Даникеев. - Эми ошо убактагы маданиятка, адабиятка, искусствого болгон көз караштар, мамиле. Бийлик Айымкандай талантарды эл душманы деп, тиги буга аралаштырып, караган эмес дегендей ойду айтсам керек.»


“Арман” романы 60тан ашкан Сабыр аксакалдын өз өмүрүн эскерүүсү. Ал жана апасы «күнөөсүз күнөөлүүлөрдөн». Апасы согушта кан кечип жүрүп, дарексиз жоголгон күйөөсү чыккынчылык кылган деген жүйө менен сүргүнгө айдалып, өзү менен кошо тогуз жашар Сабырды ала кеткен. Апа-бала кадимки мал-жүк салынчу вагондо баратып, Алый аксакал жана анын зайыбы, ошондой эле Айымкан менен табышат. Бул бешөө сүргүндө мекенин саткан чыккынчы деп Кавказдан айдалып келген бир айыл эл жана эрди-зайып казак бүлө менен чогуу, ынтымак жашайт.

1941-45-жылдардагы Ата Мекендик согуш кездеги эл ичинен душман издөө.
1941-45-жылдардагы Ата Мекендик согуш кездеги эл ичинен душман издөө.

Сталиндик адамдарга ишенбөөчүлүк, кимден болсо да шектенүүлөр, бийликтин өз букараларын капастагы макулуктай көрбөгөн зулумдугу бир коктудагы ар кошкон адамдардын катаал жашоосу чыгармада өтө реалдуу сүрөттөлөт. Ошого менде Өскөн Даникеевдин ата-энеси да совет өкмөтүнө ишенимсиз элемент катары соттолгонбу деген ой пайда болуп, калемгерден “Романдагы баш каарман Сабыр өзүңүзсүзбү?” деп сурадым.

- Жок. Жок. Ал окуялар менин башымдан өткөн эмес, Алтынбай, -деп баштады жооптуу Өскөн Даникеев. -Мен балдарымды Алтынбай деп айтам. Ошон үчүн сага да Алтынбай деп атпаймынбы! Бул биздин айылда, биздин тегеректе болгон окуялар автор тарабынан иштелип чыгылган. Баарыбыз тең айылда чоңойгонбуз да. Ал менин өмүр баяным эмес.

Мен, бир кызыгы, жазуучулук өмүрүмдө Совет өкмөтүнүн дарегине, совет жетекчилеринин адресине бир да сын айтпаптырмын. Мен кесибим боюнча тоо инженеримин. Москвада институтта окуп жүргөндө ошо кездеги СССРдин территориясындагы эң жакшы делген кендерде өндүрүштүк практикага барчубуз. Чыгыш Казакстанда эки-үч чоң рудник бар эле. Мен ошол рудниктерден практика өткөм. Ошо убактагы кээ бир жагдайлар тууралуу жергиликтүү эл менен сүйлөшөсүң. Ошонун баарын алымдын келишинче калыпка салып, романдын каармандарын, анын ичинде Кавказ элдеринен айдалган адамдарды Чыгыш Казакстанга алып барганмын. Ошондо көргөнүмдүн, билгенимдин, укканымдын баарын жасалмалуулукка берилбей, фотографиядай кылбай көркөмдөп жазганмын. Аягында Сабыр Пишпекке келип жатпайбы! Анын биякка келгени да мен көргөн- билгендин көркөм туундусу деп коёлу. Баары (мен сүрөттөгөндөй) ошондой болгон да.

Анан кечээ эле Ооган согушу болуп, Сабырдын жалгыз баласы Ооган согушуна кетип, анын өлүү же тирүү экенин ал ачык билбей атпайбы! Бирок романды мен оптимизм менен аяктап атам да.

Бирок романдын соңунда Сабыр аксакал Ооган согушуна кетип, ошо боюнча дайыны жок уулу Мидин аман-эсен келсе, жаштайынан бийликтен көргөн бар жамандыктарды кечип, бул Жалгандын бары-жогуна ыраазы болмок элем деп арман кылат. Бул согуштун кесепети учкай баяндалганы менен анын кусуру бейпайда урушта уулдарынан айрылган ата-энелердин сайсөөктү сыздаткан үмүт-арманы аркылуу берилет. “Арман” романы, педагог-адабиятчы Бакыт Баймурзаевдин айтымында, мурда кыргыз адабиятында терең казылбаган тема: совет өкмөтүнүн өз жарандарын аёосуз куугунтуктоосу чагылдырылат.

- Бул роман кыргыз адабиятында мурда көп козголбогон темага арналды. Өзгөчө, өз эл-жеринен совет доорунун кээ бир зыяндуу саясатынын кесепетинен кыргыздар менен катар Кавказ элдерине тескери мамиле болгону тарыхтан белгилүү. Роман Сабыр деген жигиттин тагдырына арналат. Сабырды энеси экөөнү советтик система башка жерге айдап, ошо жакта жүргөн Сабырдын мекенине болгон сагынычы, кусалыгы, арманы чыгарманын өзөгүн түзөт. Автордун айтайын деген ою биз гүлдөгөн социализм деп мактап жүргөн, жыргалдуу заман деп баа берип жаткан убактагы элдин маңдайына жазылган кээ бир жакшылыктарга катар, коомго көлөкө түшүргөн саясаттагы одоно кемчиликтердин бетин ачып, андан адамдын ички жан дүйнөсүндө, тагдырында эмне деген өзгөрүүлөр, эмне деген жоготуулар болгонун; мунун пайдасы менен зыяны канча болду; улуттук көз караштан алганда, адамдын адам болуп калыптануусу, эли-жерине болгон сагынычы-бул чоң айтып бүтпөй турган, толук жеткире албай турган бир жоготуу ирети сүрөттөлөт бул романда,- дейт Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин филология факультетинин доценти Бакыт Баймурзаев.

9-май Жеңиш күнүн майрамдап жаткандагы райондук чекисттин сүргүндө жүргөн, бирок коруктагы жалпы эл катары жанын үрөп иштеген адамдарды силердин жеңиш үчүн кыпындай да салымыңар жок деп, ага кайчы сүйлөгөн шордууларды кызыл жака аскерлер сүйрөп-сабаган сценаны окуп жатканда денеңди калтырак басып, көздөн жаш айланат. Кыялыңда жеңиңди түрүп алып, бечараларга болуша кеткиң келет...

Жеңиш күнү. 9-май 1945-жыл.
Жеңиш күнү. 9-май 1945-жыл.

Чатакка өзүн Сталиндин угар кулагы, көрөр көзү деп эсептеген чекистин сөзү ширеңке жаккан жерди окуп көрөлү.

- Ошо, жолдоштор! Адилет-актык биз тарапта болчу да. Ошон үчүн жеңдик биз. Жеңдик! Береги саткынды, чыккынчылардын кыянатчылыгына карабай жеңдик! - дебеспи жүзүн үйрө. - Уялбай эми минтип биздин арабызда катар тургандарын көрбөйсүңөрбү кара беттердин...

Бул окуяда турмушта болгон окуяларга негизделип жазылганын айтты Өскөн Даникеев:

- Бул жазуучунун фантазиясы. Китепте жазылгандын так өзүндөй болбосо да, ошого окшогон эпизоддор, ошого окшогон окуялар болгон. Мен ага күбөмүн. Ошол окуяларды жалпылап кагазга түшүргөнмүн.

Шамсудин мурда чоң деңгээлдеги партиялык жана чарбалык жетекчи кызматтарда иштеген тажрыйбалуу ак жүрөк коммунист. Ал 9-май күнү райондук чекисттердин чоңуна каяша айтканы үчүн анын айылын кызыл жаканчандар ошо түнү белгисиз жакка жүктөп кетет. Өскөн Даникеев бул бейкүнөө элдин тагдыры аркылуу бүгүнкү сот, прокуратура, милиция органдарынын кызматкерлери, чоң кызматтагы адамдардын жөнөкөй букараларды эч тоготпой кодулап коркутуусу, тээп-тепсеп, жазасыз калган учурларын кыйыр чагылдырганбы деген күдүк ой жаралат. Бул ой канчалык негиздүү деген суроого сыпаа жазуучу мындай деди:

- Аа, балким. Балким. Эмне үчүн дегенде азыркы саясатты, турмушту көрүп да, башыбыздан өткөрүп да жатпайбызбы. Анан Алтынбай, мен өзүм турмушумда, табиятымда курч сөздөргө барбаймын. Кээде ойду каймана сөз түрүндө берип коём. Ушул Бишкектин тоо жагындагы жүзүмзарларды кийинки мезгилде жок кылып алдык. Кээ бир утурумдук нерселерге азгырылып, маданиятка да, ыйманга да тиешелүү мүчүлүштүктөргө жол бердик. Ал баарыбызга дайын.

Совет бийлиги - кечээги тарых. “Арман” романы – улуу муундун кубанычка да, оорчулукка да, жокчулукка да бай жашоосунун, орундалбаган үмүттөрүнүн көркөм тарыхы. Же доцент Баймурзаев айткандай, Сабырдын орду толбогон түбөлүктүү арманы.

- Чыгарманын аягында заман канчалык өзгөрүп, оңолуп, элдин жашоосу жакшырганы менен Сабырдын жан дүйнөсүндө толбос руханий боштук калып калат. Чыгарманын өзөгү Сабыр көргөн окуялар менен коштолуп отуруп, романдын аты айтып тургандай, өзүнчө бир түбөлүктүү арман сыяктуу калат. Автордун негизги айтайын деген ою дагы ошого барып такалат. Баягы “Өмүрүңдү коштоп жүрсүн бир арман“ деп айтылгандай эле. Сабырдын арманы - армансыз адам болбойт деген түшүнүктөн эмес, саясаттын, мезгилдин адам баласына алып келген орду бүткүс жоготууларынан болуп атат.

Өскөн Даникеевдин “Арман“ романы 12 жыл мурда басмадан чыкканы менен нускасы чектелүү эле. Эки мертебе басылып жатып, 1500 нускага жетти. Элдин мындай жакшы китепти окубаганы - бул да арман!

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG