Линктер

жекшемби, 19-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 07:44

Түндүк Американын түпкүлүктүү элдери - индейлерде өз ичинен чыккан салттуу аңгемечилер деп аталган өнөр адамдары бар. Алар элинин тарыхын жазуу булактарына катар элдик оозеки чыгармачылыктан: жомок, санжыралардан, ырлардан билип үйрөнүп, калайыкка айтып беришет.

Америкалык жазуучу Жозеф Бручектин англис тилиндеги “Түпкүлүктүү америкалыктардын жомоктору” китебин окуп жатып, бир нерсеге көңүл бурдум. Көрсө, Түндүк Американын индейлери Жерди кыргыздар сыяктуу эле Жер эне деп аташып, жерге адам баласына жашоо берген энедей, кадимки тирүү адамдай мамиле кылышат экен. Мисалы, Тынч океандын түндүк батышын байырлаган оканаган индейлери Жерди эне, Күндү ата дешет, жан-жаныбарларды бир тууган ага-эжебиз же ини-карындашыбыз деп билишет. Ал эми абенаки индейлеринин жомокторунда дүйнөнү, тирүүлүктү жаратуучунун аты - Кожоюн же Эге. Сууга чөкпөс, отко күйбөс амалкөй баатырын абенакилер Глускаби деп аташат. Глускаби кыргызчага которгондо “жомокчу” деген сөз. Глускаби жомокчу да Теңир сыяктуу эле жаратуучу.

Нью-Йорк штатында жашаган акын, жазуучу Жозеф Бручек (Joseph Bruchac) 120дан көп китептин автору. Бул чыгармалардын өзөгү - Түндүк Чыгыш Американы байыртан байырлаган түпкүлүктүү элдер менен англо-америкалыктардын жашоосу жана фольклору. Ал элдин үрп-адаты, салт-санаасы, тарыхына тиешелүү маалыматтарды, оозеки чыгармаларын жыйнап, кайра өздөрүнө айтып берген салттуу аңгемечи катары белгилүү.

Мындай санат сөз айткан адамдарды Түндүк Америка индейлери аңгемечи (storyteller) деп аташат. Жозеф Бручек салттуу аңгемечи, жомокчу болуп чектелбестен, индей карыялар айткан жомокторду, санат сөздөрдү, санжыраларды, эл тарыхын жыйнаган изилдөөчү, санжырачы, фольклорчу, этнограф да болуп саналат.

Абенаки индейлери Жозефти өз тилинде Сөзап деп чакырышат. 75 жаштагы калемгер өз чыгармалары үчүн Американын түпкүлүктүү элдеринин жазуучулар биримдигинин "Тирүүсүндөгү жетишкендиктери" сыйлыгы жана башка адабий сыйлыктар менен жогору бааланган.

Жозеф Бручектин тегинде индей, англис жана словак каны бар. Ата-тегим словак, ошол себептүү фамилиям Бручек деп баштады кепти ал:

Жозеф Бручек​: Апам тараптан биздин тегибиз Боуман. Түндүк Чыгыш Американын жергиликтүүлөрүндө Боуман өтө кеңири жайылган ысым. Биздин салтыбызда фамилия (тегат) деген жок. Бизде ар бирибиздин өзүбүзгө таандык уникалдуу атыбыз бар. Бул ат сага жаш кезиңде же сага кандайдыр бир жүйөлөр менен берилет, же өзүң эмгек кылып аласың. Менде ушундай жолдор

Жозеф Бручек редакциялаган индейлердин обондуу ырлар жыйнагы.
Жозеф Бручек редакциялаган индейлердин обондуу ырлар жыйнагы.

​менен берилген эки атым бар: Гаа-ней-гө-хи-йо (Gah-ney-goh-hi-yoh). Ирокез индейлеринин онондага тилинде “Акылы жакшы” дегенди билдирет. Мен онондага эли менен узак жылдардан бери көп иштерди бүткөрдүм. Алардын бир уруусунун энеси - Дивасента (Dewasentah) мага ушул ысымды берген. Менин дагы бир атым - Нохидасид (Nohidahzid). Бул ысым абенаки тилинде "Тынч", ”Жоош” дегенди түшүндүрөт. Бирок жалпы журт мени ырасмий түрдө Жозеф Бручек катары билишет.

"Азаттык": Cиз 100дөн көп китеп жазыптырсыз. Мен окуган маалыматтар боюнча, ал китептердин көбү фольклор менен байланыштуу экен. Сиз үчүн элдик оозеки чыгармачылык эмне? Жомокторго болгон кызыгууңузду эмнеге байланыштуу?

Жозеф Бручек​: Ооба, менин китептеримдин баарында болбосо да көбүндө Американын түпкү элдеринин, өзгөчө, абенакилердин салтынан алып жазылган фольклордук элементтер бар. Мен фольклор деп ата-бабаларыбыздын узак замандардан бери оозеки айтылып жана сакталып келаткан жомокторун, санжырасын, санат сөздөрүн, тарыхын жана салт-санаасын түшүнөм. Бул же тиги жомокту, аңгемени ким биринчи айтканын биз билбейбиз. Бул жомоктор адегенде кимдир-бирөө тарабынан айтылып, башкалар аны жаттап алып, муундан муунга оозеки берилип келген. Алардын көбү эми гана жазып алынып, кагазга түшүрүлдү. Мен өзүм уккан жомокторду жана ал жомоктордун кагазга түшүрүлгөн варианттарын элдик оозеки чыгармачылык деп атайм.

"Азаттык": Американын түпкү элдеринин оозеки чыгармачылык же фольклор менен мамилеси кандай? Алар үчүн фольклор эмне?

Жозеф Бручек​: Оозеки чыгармачылык салты биздин түрдүү элдердин маданиятынын чордонунда турат. Түндүк Американын түпкүлүктүү элдеринде үч жүздөн (300) көп уникалдуу тили жана маданий салты бар. Алардын баарында тең фольклор же элдик оозеки чыгармалар тарыхты иликтөө, жамаат менен карым-катнаш түзүү, биздин жаратылышка болгон мамилебизди түшүндүрүү жана бизди туура жашаганга үйрөтүү үчүн колдонулуп келет. Ушинтип элдик оозеки чыгармачылык коом үчүн философия, тарых жана адабият. Бул бүгүнгө чейин көңүл ачуу, ошондой эле таалим-тарбия жаатында кызмат кылат.

"Азаттык": Түндүк Америкалык түпкүлүктүү урууларда али да аңгемечилери барбы?

Жозеф Бручек​: Ооба, жергиликтүү америкалыктарда көптөгөн аңгемечилери бар. Мурда аларда мындай өнөрүн билдирген макамы да болгон болушу мүмкүн. Мисалы, биздин абенаки элинде аңгемени, жомокту мыкты айткан адам "нөдзлокад" деп аталат. Көбүнесе жомок же санат сөзүн айткан эркек балык уулоочу жана аңчылык кылуучу курактан өткөн,

Бручектин китептеринин биринин мукабасы.
Бручектин китептеринин биринин мукабасы.

​ал эми аял - бала төрөгөн жаштан өткөн адамдар болот. Себеби ​жомокчуда кышкысын бир айылдан экинчи айылга же бир алачыктан (вигвамдан) экинчи алачыкка барып, билген окуялары менен жомокторун айтканга бош убактысы жетерлик болушу абзел. Ошентип, ырасмий түрдө санат сөз айтчулар жана алар менен бир катарда эле жамааттагы бардык улуу адамдар эсинде калган жана жаш муундарга таалим-тарбия болчу окуяларды, жомокторду айтып беришет.

"Азаттык": Сиздердин аңгемечилер кыргыз манасчыларына окшош экен. Балким манасчылар тууралуу кабардар болсоңуз керек. Алар "Манас" эпосунан окуяларды бир саат, эки саат, атүгүл он күн бою же айлап айта беришет.

Жозеф Бручек​: Ооба, дал Түндүк америкалык түпкүлүктүү элдердин аңгемечилери сыяктуу жомокчулар кыргыз элинде да бар экенин эшиткенмин. Силердин манасчылар биздин Түндүк Америкалык индейлердин салтындагы жомокчуларга окшоп кетишет. Бардык көөнө салттарды муундан муунга эс тутуму жакшы, акылы тунук адамдар сактайт жана коомдун мүчөлөрү каада-салтты алардан үйрөнөт.

"Азаттык": Азыр манасчылардын эң кенжеси 4-5 жашта. Көпчүлүк манасчылар түш көрүп, түшүндө Манас менен кездешип, ошондон кийин “Манас“ эпосунан үзүндүлөрдү айта башташкан. Индейлер арасында да түш көргөндөн кийин жомок айта баштагандары барбы?

Жозеф Бручек​: Азыр биздин америкалык түпкү элдердин салт-санаасын жана маданиятын негизинен улуу курактагы адамдар карманышат. Биздин салт-санаабызды жаштар мурдакы кездердегидей аздектеп сактабайт. Бирок да кээ бир жаштар биздин салтыбызды изилдеп үйрөнүшүүдө. Биздин бүгүнкү коомдо бардык адамдар жашоонун тез агымына түшүп алып, түрдүү нерселерге, анын ичинде телеберүүлөр менен азгырылат. Атүгүл уюлдук телефондордо телеэкраны жана компьютери бар. Адамдар көп убактысын көгүлтүр экрандын алдында өткөргөндүктөн, жомокчуларга жана элдин оозеки тарыхын айткан адамдарга көп убакыт бөлүшпөйт. Ага карабай, жомок жана санат сөз айтчулар бар. Бирок алар өтө аз.

Бир нерсени баса белгилеп кетейин. Түш көргөндөн кийин өз кыялындагы нерселерди айтууга милдеттүүмүн деп сезген адамдар да бар. Алар айта баштаган окуяларын түшүндө көргөн болушу мүмкүн же аңгемечини угуп жатканда көзүнө көрүнүүсү мүмкүн. Мындай окуялар али да кездешет. Мен өткөн окуяларды түшүндө көргөн адамдарды билем. Алар түшүндө көргөн окуяларды мурда эч кимден угушкан эмес. Бул жагынан индейлер менен кыргыздар ортосунда параллель жүргүзсө болот, окшоштук бар. Түштүн күчү абдан маанилүү, өзгөчө маанилүү. Мен Мексиканы саякаттап жүрүп, майя элинин лакандон уруулары менен бир топ убакыт өткөрдүм.

Алардын 110 жаштагы Чан Кин Вьехо деген көсөмү ар күнү эртең менен мен түндө эмне түш көргөнүмдү сурап, анан түшүмдү жоруп берди, же түшүм мага жашоодо кандай таасир этерин айтып берип жатты.

"Азаттык": Мени өзгөчө индейлердин оканаган элинин Күнгө жана Жерге болгон мамилеси таң калтырды. Кыргыздар да Жерди "Жер эне" дешет. Минтип жерди "эне" деп атоо Түндүк Америка индейлерине мүнөздүү нерсеби?

Жозеф Бручек​: Жерди “эне” деп атоо Түндүк Американын түпкүлүктүү элдерине, анын ичинде абенаки тилинде сүйлөгөн этноско мүнөздүү көрүнүш. Абенаки тилинде биз Жер жөнүндө сөз кылганда “аки” деген сөздү колдонобуз. “Аки”- "биздин апабыз" дегенди билдирет. Биз жерди көбүн эсе “биздин энебиз” деп айтабыз. Түндүк Америкадагы биздин көпчүлүк урууларда жерди “биздин энебиз”, асман менен күндү “атабыз” деп билишет. Бул биздин аялдардын бала төрөгөнүн, Жердин бизге жашоо бергенин көргөнүбүздөй эле табигый жараян.

"Азаттык": Аңгеме-жомок айтуунун бул байыркы салты сакталып калыптыр. Аңгемечилердин бүгүнкү ролу, вазийпасы кандай?

Жозеф Бручек​: Менин оюмча, аңгемечилер көпчүлүк учурда - жашаган коомуна жараша - мурдакыдай эле өз коомунун окутуучусу милдетин аткарып жүрүшөт. Кээде алар аңгеме-жомок айтууну өз маданиятын өз жамааты жана бөтөн коом менен бөлүшүү деп билишет. Алар профессионал тарыхчы катары да иштешет жана мектептерде, фестивалдарда жана башка учурларда өз өнөрүн көпчүлүккө тартуулай алышат.

Менин досторумдун бири, могауктардын көсөмү Том Портерди дайыма эле "Кудайды алкоо күнү" түпкүлүктүү жана келгин адамдар үчүн салт болуп калган “Баарынан мурда айтылган сөз” (Words Spoken Before All Others) менен кайрылууга чакырышат. Ал өз кайрылуусунда Жер энеге, сууларга, өсүмдүктөргө, жаныбарларга, канаттууларга, шамалга, Күнгө, Айга, жылдыздарга өз-өзүнчө алкыш айтып, ыраазычылык билдирет. Том жана башка ирокездер Кудайды алкоо күнү кайрылуу жасап жатканда, Жер энеден тартып, бардык жылдыздарга чейин ар бири тууралу жомок айтышат.

Тамеки канжасын колдонуп ырым жасап жаткан индей айым.
Тамеки канжасын колдонуп ырым жасап жаткан индей айым.

Албетте, мен белгилгендей, түпкүлүктүү америкалык аңгемечилердин ролу ар бир жергиликтүү элде ар башкача. Кээ учурда икаячылар көөнө жөрөлгө же салттын бир бөлүгүн аткарышат. Мисалы, дине же навахо элинде "Түнкү зикир чалуу" (Night Chant) деген адамдарды айыктыруу жөрөлгөсү бар. Бул жөрөлгө маалында икая айтылат жана ошол икаянын маанилүү учурлары жерге кум жана башка заттар менен сүрөттөй кылып тартылат. Арийне, ар жердин өз каада-салты, жөрөлгөсү бар. Мен баары үчүн айта албайм. Мен мунун баарын жалпылап айтып жатам.

"Азаттык": Кыргыздарда жана коңшулаш казактарда жомокчу-санжырачыларды эки топко бөлсө болот. Бирөөлөр айтканын жаза билсе, экинчилер оозеки гана айтып, жазганды кесип кылышпайт. Түндүк Америка индейлеринде да ошондойбу?

Жозеф Бручек​: Кээ бир адамдар өз аңгемелерин, санжыра-жомокторун оозеки түрүндө гана айтып, кагаз бетине түшүрүшпөйт. Ошондуктан биздин түпкүлүктүү элдин маданиятынын айрым бир маанилүү жана кайталангыс элементтерин бөлөк адамдар билбей калат. Себеби алар жылдын тийиштүү бир мезгилинде же кайсы бир жөрөлгө учурунда гана айтылат.

"Азаттык": Сиз аңгеме-жомокту канча жашыңызда айта баштадыңыз? Сиз алгач жазуучу болдуңузбу же аңгемечиби?

Жозеф Бручек​: Мен өзүмдү аңгемечи деп эсептебейм. Мен салттык аңгемелерди билип алса маанилүү деп ойлоп, балдарыма айтып берип жүргөм. Анан 1974-жылы ошол аңгемелердин айрымдарын жазып берүүнү менден суранышты. Мен ошондон баштап эл алдына чыгып, икая айта баштадым. Мен билген аңгемелерди уруулар, этностор арасында жана тыш жактарда айтчу болдум. Ошого мен аңгеме айтууга заманабий тараптан, адеп жазуучусу болуп туруп кошулдум. Мен жазган ырлар жана көркөм чыгармалар ага чейин эле жарыяланып турган. Ошол эле учурда мен балдарымдын кашында салттуу аңгемелерди айтып берчүмүн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG