Линктер

жума, 24-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 00:57

“Бакшы менен Чыңгыс хан”. Арслан Койчиевдин бул романы басмадан чыкпай жатып, 2014-жылдын мыкты прозалык чыгармасы деп “Арча” сыйлыгына татыган. Бул китеп ”Улуттун уңгусу иденттүүлүгүн кантип сактаса болот?” деген суроонун жандырмагын издейт.

Романдагы эки доор

“Бакшы менен Чыңгыс хан” романын кайра-кайра окуп, улут канткенде өз уңгусун жоготпой сактап калат деген суроого жазуучу менен жооп издесеңиз болот. 2016-жылы басмадан чыккан китептин өзөгүндө Чыңгыз хандын урпактарынын бири-бирин аёосуз кыруусу жана совет бийлигинин 1930-50-жылдардагы зулумдуктары параллель көрсөтүлөт. Чыңгыз хандын тукумдары улуу бабасы түптөгөн империяны калыбына келтирүү үчүн эмес, топунун ордундай болгон өз хандыгында чексиз бийлик орнотуу үчүн өз боорлоруна кылбаган санатты кылат. Айтмакчы, Аксак Темирдин урпактары да ушул жолой менен өз тамырларын кыйып жок кылышкан. Ал эми Москванын атынан бийликтин камчысын чапкан партиялык жетекчилер менен чекисттер саясаттан бейкапар букараларды, анын ичинде улуу жетесинин өзү билген санжырасын дептерге түшүргөн Бакытгерей Избасаровду өз насилинен биротоло ажыратуу үчүн жүрөктөрүнүн сары суусун алып, эшектей жүгөндөп коюну көздөшөт. ““Бакшы менен Чыңгыс хан” романында эмне үчүн мына ушул эки окуя теңдеп каралып отурат? Бул суроого Арслан Койчуевдин жообу:

- Эки багыттуу союжеттик линияга азыркы заманды айкалыштырган себебим: мен айта турган сөзгө жана мен чагылдырайын деген идеяга, биринчиден, ушул Борбор Азия, Евразия элдеринин тарыхында ушул күндөрү дагы маанилүү роль ойноп келген адам тукуму деп коёлучу, ошо Чыңгыз хандын урпактары жакшы материал болуп берди. Экинчиден, эмне үчүн ушу сюжеттик линияны айкалыштырууну чечтим? Албетте, ар бир адам: сиз дагы, мен дагы тирүү жан болгондон кийин: биз кимбиз? Бул маселе бир учурда өтө актуалдуу болуп турду, туурабы? Биздин улуттук иденттүүлүгүбүз, аң сезимибиз кандай? Ал (иденттүүлүк) канчалык сакталат, деген маселе бизден мурунку жазуучулар, ойчулдар, окумуштуулар ар кандай деңгээлде аңдап түшүнгөнгө аракет кылышты. Анан тарыхтын мисалында караганда, адам канчалык бийик идеяны кыйкырбасын, канчалык бийик идеяны сүрөөнгө албасын, айланып келип эле өзү да байкабай калып, майдаланып кетет экен. Майдаланып алып, кайсы бир деңгээлде төмөндөрүн төмөндөп алып, өзү кайра бийиктикти самап жаткандагы суроо: биз кимбиз? Үч муунбу, төрт муунбу өтүп, адам өзүн унутат. Азыркы шартта ал андан бетер ачык көрүнүп атат. Адам өзүн унута түшөт дагы, кайра эле биз кимбиз, деген суроону бере берет. Ушу көрүнүш улам-улам кайталанып отурат го, кайталанып отурат го...Ушу суроонун тээ башында кандай күчтүү адам, кандай күчтүү личность турбасын - баары бир анын эпкини кайсы бир деңгээлде кайсы бир жылдарга чейин созулат экен дагы, барып-барып аягы басайып калат экен. Кайра толкундай түрүлүп келип, кайра изденип жүрүп отурабыз да. Эмне үчүн муну айтып атам. Маселен, Ч. Айтматов маңкурт темасын козгоду. Баарыбыз ойгонгонсуп калдык. Туурабы? Маңкурттук теманы Айтматов ачып берди. Адам турмушунда маңкурттук деген болот турбайбы?! Маңкурттук деген эмне? Бул өзүнүн тек жайын маданий жайын, улуттук аң сезимин унутуп калуу деп. Ошону менен ойгонуп кеттикпи? Жо-ок. Бул маселе адамды адам катары дайыма коштоп жүргөн көрүнүш экен, илгертен коштоп жүргөн көрүнүш экен. Бул дагы көп, дагы көп... Айта албайм качан барып токтойт. Бирок адам болгондон кийин коштоп жүрчү нерсе экен. Дагы токтобой турган көрүнүш экен.

“Бакшы менен Чынгыс хан” китебинин мукабасы.
“Бакшы менен Чынгыс хан” китебинин мукабасы.

Арслан Койчуев айткандай, Чыңгыз Айтматов 1980-жылы “Кылым карытар бир күн” романында маңкурттук темасын көтөрүп чыкканда, көпчүлүк кыргыз окурмандар биринчи кезекте эне тилин жоготуу коркунучу “дамоклдун шамшарындай” төбөдө салаңдап турганын сезишкен. А азыр эмне болгон коркунуч? Бул суроону ойлонгончо, жазуучу эмне үчүн башкы каарман катары ташкендик казак Бакытгерей Избасаровду алганын билели.

- Мен сөз башында айткандай, биринчи ойду чагылдырыш үчүн, көп материалдарды издедим да. Ошол материалды башка элдерди аралаштырбай туруп, кыргыздардын мисалында, кыргыз адамдын мисалында ачып көрүүгө материал издеп көрдүм. Бирок мен айтып коёюн, ушу чыңгызиддер деп коёбуз, ошолордун материалы көбүрөөк экен. Бул биринчиден. Экинчиден, мен жалаң эле кыргыз алкагында калып калбай, Кыргызстан менен чектелбей, кыргыз улутунун мисалы менен чектелбей, Борбор Азиянын масштабында сөз козгогум келди. Ошо себепетен романдын баш каарманы казак, чыңгызиддердин тукумунан. Дагы башка каармандарым: моңголдор, өзбектер. Кыргызга орун табылбай калды бул романда. Бирок эң башкысы, мен айтайын деген ойду Борбор Азия элдеринин мисалында чагылдыргым келди.

Мөөрүнхур черткен моңгол

Романдагы дагы бир каарман мөөрүнхур черткен моңгол. Жазуучу өнөрпоздун музыкалык аспап ойногонун минтип сүрөттөйт. “Сол колун сол ыйыгына таяган аспабына эптеди, оң колун кылдуу таягына эптеди. Сол колунун шадылуу манжалары өйдө-ылдый ойноп, таягын оң колдоп оңду-солду тарткан сайын аспап күңгүрөнө-күңгүрөнө күүгө келди. Таягын тарткан сайын күүлөнүп, күүлөнүп тарткан сайын күүгө келди. Бир күү келди. Оң ийнине ооп, оңго тартып, сол ийнине ооп, солго тартып, эки дүйнөнүн дабышын чакырды чагымда. Эки кылдуу аспаптын бир кылы бул дүйнөнүн, бир кылы тигил дүйнөнүн абанын чакырды чагымда, бир кылы чын дүйнөнүн, бир кылы жалган дүйнөнүн абанын чакырып, эки дүйнөнүн дабышын кылдуу таягы чабыштырып, аралаштырып атты чагымда.”

Байкагандырсыз, "эптеди, күүгө келди, оң,сол, бир кылы, чагымда" деген сөздөр ырдын кайырмасындай улам улум кайталанып отуру. Мындай кыргыз эпосторундагыдай кайталоолорду Арслан Койчиев көп колдонот. Бирок алар тажатпайт. Кайра сүйлөмдү күүгө салып, сөздүн кубатын арттырып отурат. Бул да жазуучунун табылгасы.

- Ушу романды жазуунун алдында көп материалдарды изилдедим. Анын ичинде моңгол тарыхын, моңгол маданиятын, моңгол күүсүн көп уктум. Моңгол ырларын көп угуп, таасирленгенге, ыргакты кармаганга аракет кылдым. Бул биринчиден. Экинчиден, моңголдордун мөөрүнхур деген керемет музыкалык аспабы бар. Муну мен ушул романда колдондум. Мөөрүнхурду моңголдордун тирүү аткаруусунда укканмын. Интернеттен да далай-далай уктум. Себеби романда ушу теманы ачыш үчүн бир эпикалык ыргак керек деген ойдо болдум. Ошон үчүн романда мүмкүн болушунча эпос жанрынын таасири сезилип тургандай болсун деп самагам. Ошол себептен ушул стиль колдонулду.

Ушуга окшош ыкманы француз тилинде жазган чех жазуучусу Милан Кундера да айрым чыгармаларында пайдаланат. Бирок ал бүтүндөй абзацты кайталап, мурдагы окуянын сюжет үчүн маанилүүлүгүн окурмандын эсине салат. Чыңгыз Айтматовдун “Кылым карытар бир күн” романында да кайрыма абзац бар. Бирок анын вазийпасы башка. Арслан Койчиевдин романынын окуп жатканда Бакытгерей Избасаров жана капитан Хамид Хайруллаев эмнегедир “Кылым карытар бир күндөгү” Абуталип менен лейтенант Таңсыкбаевди эске салат. Ошого “Бакшы менен Чыңгыс ханды” жазып жатканда Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары таасир эткен го деген ой туулат. Менин алдагыдай суроомо жазуучу өзү мындай деди.

- Биз баарыбыз бир топ жылдарга чейин раматылык Айтматовдун таасирин сезе берет болушубуз керек деп эсептейм. Албетте, адабий традиция деген көрүнүш бар. Чыңгыз Айтматовдун таасири мындан ара адабий традиция болуп дагы бир топ муундарга уланышы мүмкүн. Экинчиден, ошол таасир келип жатканда мен аны чанган жокмун. Танган да жокмун. Муну моюнга алышым керек. Себеби өзүмдүн оюмда Ч. Айтматов менен К. Жусубалиевдин стилин аралаштырып, комбинация кылса, кандай болот деген кыял болор эле. Ч. Айтматов менен раматылык Т. Касымбековдун стилин куюлуштурса, чапташтырса деген өзүмчө эксперименттик ойлор болор эле. Бул романда ал таасир көбүрөөк сезилип калды окшойт. Себеби романдын баш сөзүндө философия илимдеринин доктору Жамгырбек Бөкөшөв да айтып жиберди: Ч. Айтматовдун таасири сезилип туру деп....

Жакшы адабий чыгарманы окуганда каармандарды, окуянын чечмеленишин, сюжеттин мурда окуган китептериң менен салыштыруу турган иш. Бул бирок жазуучу дүйнөлүк классиктердин жолун кайталады дегенди билдирбейт. Тескерисинче, алардан кандай маани-маңыз издесең, өзүбүздүн чебер калемгерлерден да ошондой квинтэссенцияны изде. Табасың. Чыңгыз Айтматов башындагы муун түгүл Арслан Койчиев, Султан Раев, Бейшебай Усубалиев, Олжобай Шакир сыяктуу кийинки муундагы жазуучулар да бир окулуп унутулчу беллетристиканы эмес, прозанын устаттарынын тажрыйбасын чоң чеберчилик менен өздөштүрүп, жалпы адамзаттык маселерди козгогон жана дүйнөлүк адабий казынаны байытчу чыгармаларды жаратып калды дегенди жышааналайт. Мисалы, “Бакшы менен Чыңгыс хан” романында сот Избасарды 15 жылга Сибирге сүргүнгө кескендеги сценаны окуйлу.

- Кап, -деди атам жазасын укканда. -Туура эмес кестиң да! Жалпыбыз карап калдык атамдын оозуна тигилип. Атам өңчөй каратамандан чогулган соттун ишинен да чаласын тапкандай башын чайкагылап, шайдооттонуп алган.

- Эмнеси туура эмес? - деди сот чакчырылып.

- Кап, түз эле өлүмгө кессең болмок,-деп кейиди атам.

- Ии? Анча эмне болду?-деди сот.

- Атаңгөрү десе! Коркпостон өлүм жазасын бергениңде, өлүмгө кесилди деп менин атым калмак, баягы –баягы Избасарды өлүмгө кести деп сенин атың калмак!- деди атам.

Эми Михаил Булгаковдун “Мастер жана Маргарита” романындагы Иудейдин прокуратору Понтий Пилаттын Иешуаны өлүм жазасына айдаткандан кийинки абалын окуп көрүң.

“Өлбөстүк... Өлбөстүк келди…” Кимге өлбөстүк келди? Муну прокуратор түшүнгөн жок, бирок табышмактуу өлбөстүк жөнүндөгү ой аны Күндүн аптабында чыйрыктырды".

Понтий Пилат ошондо ал өмүр бою кан ичкич катары адамзаттын эсинде каларын түшүндү. Аны эки миң жыл бою Иешуанын каргышы коштоп жүрүп, андай тозоку азаптан Мастер бошотот. А Арслан Койчиевде Чыңгыз хандын арбагы урпактарынын эсине жооптуу учурларда өз уңгусун эсине салып турат. Эки жазуучу бир эле түбөлүктүү маселени эки башка жол менен, өздөрүнө гана таандык чеберчилик менен чечкен.

Чынгыс хан
Чынгыс хан

Эми кайра Арслан Койчиевдин Чыңгыз хандын урпактарынын бир жаатынын теңирчиликтен исламга, экинчи жаатынын христиан динине чокунуп, өздөрүнүн байыр заманга кеткен көөнө уңгусунан ажыраганын чыңгызий Избасаровдун жантүйшүгү аркылуу көрсөтүү максатын угалы.

- Мен Чыңгыз хандын урпактарынын мисалын көрсөтүп, атаңгөрү, бу дүйнөдө глобалдашуу деп жатпайбызбы, глобалдашуусуз мындан мурунку замандарда эле адамдын умтулуусу тарыхтын кайсы бир толкунуна туруштук бере бербейт турбайбы дегенди айткым келди. Бизден да күчтүү, өз доорунун, өз заманынын, эң бир күчтүү идеясына азгырылган муун дагы, керек болсо, айланып келип, тарых ар кандай нукта өнүгүп жатканда, ар кандай идеологиялардын, ар кандай диндердин таасири менен өзүнүн иденттүүлүгүн жоготуп иет экен, туруштук бере албайт экен.

Алар ага аңдап, аң сезимдүү түрдө барышабы же болбосо, агым менен ошо жакка кетип калдыбы? Мисалы, азыркы турмушта деле ушундай моментте турабыз. Улуттук мамлекетти куруп атабыз, улуттук мамлекетти куруп атат биздин жаныбыздагылар. Ошол биздин талпынуулар маселен, канчалык биз күткөн, биз каалаган үзүрүн берет? Ошон үчүн мындай ойлодум да: атаңгөрү, адамдын аң сезими, адамдын иденттүүлүгү, улуттун аң сезими, элдин аң сезими борпоң болот турбайбы? Кээде тарых кысымына туруштук бере албайт турбайбы? Адам баласы жоготорун жоготуп алат экен дагы кайра аны эки, үч кылымбы, бир нече муундан кийин издеп калмайы бар экен. Мына ушуну айткым келди.

Биз да жазуучу менен кошо кылымдарды карытып, өз уңгусун, этноcтук өзгөчөлүгүн балким инерция менен сактап келаткан элибиз азыркы аң сезимди маңкурт кылып келаткан диний караңгылыктын, глобалдашуунун жапырыгына туруштук бере алабы? Же кайсы бир капчыгы калың же эңгезердей кубаттуу өлкөнүн тонун кийип, келмесин кайталап калабы деп ойлонуп көрөлү!

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG