Линктер

ишемби, 16-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 17:16

Элдик мурас: Туяк ырчы Эрназар уулунун кайыптан кайра жаралуусу


"Туяк ырчы" жыйнагынын мукабасы

Былтыр Туяк ырчынын туулгандыгынын 160 жылдыгы Баткендеги Кадамжай районунда өкмөттүк деңгээлде белгиленди жана бир томдук жыйнагы жарык көрдү. Туяк ырчы Эрназар уулу окурман журтка эмнеге мынча кечигип келди?

Чаавайдын башы Чап-Коргон,

Аминдин кызы Актолгон.

Ак жүзүңдү көралбай

Айылдын баары дак болгон.

...... ...... ......

Кара мейиз жегениң,

Карайласам келбедиң.

Карасан болуп калсам да

Кабагың кандай дебедиң.

Кызыл мейиз жегениң,

Кылыктанып келбедиң.

Кыш өтсө да кылчайып

Кабарың кандай дебедиң.

Эшигиңдин алдында

Тытың болуп калсамчы.

Очогуңа от жаксаң

Түтүн болуп калсамчы.

Өзүң менен биригип

Бүтүн болуп калсамчы.

Жүрөгүңдү жүгүрткөн

Күчүң болуп калсамчы.

Дидариңди көралбай,

Өлөйүн деп өлалбай.

Бүтпөс болду арманым

Бетиңден бир өбалбай.

Бул ырды бала кезимде күйөө жандаган от жалын жигиттерден укканым бар. Былтыр 2016-жылы чыккан “Туяк ырчы“ жыйнагы колума тийбесе, алдагы ырдын чыныгы автору ким экенин билмек да эмесмин.

Көрсө, сиздер уккан саптар Туяк ырчынын чаавайлык сулууга арнаган “Актолгон“ деген ырынан үзүндү экен. “Актолгонду“ жыйнактын түзүүчүсү, маркум Эгемберди Эрматов чаавайлык Беккелди Жоробаевдин оозунан 1989-жылы жазып алыптыр. Бул мисалга токтолгон себебим - Туяк ырчынын бардык ырлары дээрлик эл арасынан чогултулган.

2 миң нускада чыккан “Туяк ырчы“ жыйнагына Туякка таандык делген 17 ыр, эскерүүлөр жана илимпоздордун макалалары кирген.

Эгер кечээ 2005-жылга чейин көпчүлүк түгүл адабиятчылар чөйрөсү үчүн деле Туяк ырчы белгисиз, жат болгонун эске алганда, ал кыргыз адабиятындагы жаңы ысым.

Туяк ырчынын ысымын бүгүн арабызда жок көрүнүктүү акын жана коомдук ишмер Эгемберди Эрматовдун аракети менен акыркы он жылда көпчүлүк эл учкай билип калган.

Бирок, адабиятчы Абдыкерим Муратов калыс айткандай, жалпы журт үчүн Туяк ырчы “туюк” бойдон эле кала берүүдө.

- Биз үчүн Туяк ырчы “туюк ырчы“ болчу да. Эч ким жакшы билчү эмес. Ал киши ар кандай адабий тизмелерде дагы, акындардын хрестоматияларында дагы, адабий портреттеринде дагы, окуу китептеринде, ЖОЖдордун окуулуктарында таптакыр эскерилген дагы эмес, аты дагы аталган эмес. Мында чоң эмгекти маркум Э. Эрматов сиңирген. Ал Кадамжай районундагы бир топ кишилерден Туяк ырчы жөнүндөгү материалдарды жыйнап, башка да кишилер аракет кылып, ошол отуз-кырктай ырын табышкан. Бул ырлардын бардыгы толук эмес да: үзүндү түрүндө же болбосо бир-эки кол эмес, бир нече колдон өткөн материалдай болуп турат. Ушундай шартта былтыркы “Туяк ырчы“ деген жыйнактын чыгышы биздин адабий жана маданий коомчулугубуз үчүн чоң окуя болду. Китеп чыгар замат эле бет ачары болуп, Туяк ырчынын 160 жылдыгына карата Кадамжай районунда мамлекеттик деңгээлдеги чоң иш-чара өткөрүлдү.

Пум айылы бүгүн
Пум айылы бүгүн

Туяк ырчы, болжолдуу алганда, 1856-жылы азыркы Кыргызстандын Баткен облусуна караштуу Кадамжай районундагы Майдан айыл өкмөтүнүн аймагындагы Пум айылында жарык дүйнөгө келген.

Ырларына караганда, Туяк Эрназар уулу Паргана өрөөнүн жана Кыргызстандын түштүгүн бүтүндөй кыдырып чыккан көрүнөт. А бизге жеткен маалыматтар боюнча, Туяк кылычтай курч курагы - жыйырмага толо элек маалында Исфайрам өрөөнүндөгү белгилүү Садыр миңбашыны жандап, Коконго барып, Худаяр ханга каяша сүйлөгөн.

Туяктын өкүмдарлар алдында оюн эркин айткан тайманбастыгын ак таңдай ырчы Коргол Досу уулунун мына бу саптары күбөлөйт:

Испайрамди бойлогон

Ырчылык менен тойлогон.

Кудаяр ханга тийишип,

Бул мээнет ишти ойлогон.

Кызыл тилдин айынан

Кылычтан жерге жойлогон

Кайран ырчы,

Туяк да өткөн дүйнөдөн.

Туяк өз доорундагы байлар менен молдолордун кемчилигин шылдыңдап ырдоо менен бирген өз сезимин да ачык айткан. Мунусу, арийне, жергиликтүү бек-болуштарга жаккан эмес.

Мисалы, Тайир казынын кызы Моллайымга ашык болуп ырдаган ыры үчүн Туяк акын жер төлөгө отургузулганын минтип ырга салган:

Казынын кызын ырдайм деп,

Калдым кара балаага.

Болбогон жерден күнөөлөп,

Болуштар жыкты жалаага.

Жанымда келип тургандар,

Түшалбады арага.

Туяктын дал ушундай тайманбастыгы анын өлүмүнө себеп болгон. Ырчынын чебереси Жумабай Миталиповтун эскерүүсүнө караганда, илгери 1930-40-жылдары Туяк ырчынын ырларын жыйнайбыз деген адамдар Бишкектен бир нече жолу келип, бирок алар жазып кеткен ырлар жарыяланбаган экен.

Анын болжолдуу себебин профессор Абдыкерим Муратов мындайча түшүндүрдү:

- Мурда Илимдер академиясы көп жыйнаган убакта эки-үч критерий менен карашкан. Биринчи критерий, ичкилик зонасындагы акындардын ырлары адабий тилдин нормасына туура келбейт деген. Алардын тилинде диалектикалык өзгөчөлүк көп болот деп туруп, Ботобайдын чыгармалары жазылса да жарыяланбаган. Молдо Нияздын ырлары да көпкө чейин жарыяланган эмес. Туяк ырчынын ырлары адабий тилдин нормасына туура келбегендиктен улам жарыяланбай калышы мүмкүн. Экинчиси, СССР кезинде эле адабиятчылар чөйрөсүндө деле бөлүнүү болгон да. Ар ким өзүнүн туугандарын, жердештерин биринчи орунга алып чыгып жатып, Туяк ырчыга кезек келбей калгансыйт да. Анан үчүнчү чоң себеби, Туяк ырчынын, мисалы, Алла жөнүндө, пайгамбар жөнүндө ырлары бар да. Анда диний мазмундагы ырлары көп. Ошондуктан да Илимдер Академиясынын Кол жазмалар фондунда Туяк ырчынын ырлары болсо да кезегин күтүп жата берген да. Эгемберди Эрматов чыгарган жыйнактагы ырлар Кол жазмалар фондунан эмес, эл арасынан жыйналган боюнча алынган. Бул иште Кадамжайдагы мугалимдер менен журналисттер чоң эмгек сиңиришкен. Белгей кетчү нерсе, Туяктын ырлары үзүндү түрүндө болуп, толук бойдон жок. Бирок ошол үзүндүлөрдүн өзүнөн Туяк ырчынын мыкты акын экени көрүнүп турат.

Туяктын ысымы жалпы журтка белгисиз болуусун таанымал изилдөөчү Омор Сооронов 2006-жылы жазган макаласында эки жагдай менен түшүндүргөн.

Биринчиси, “Канчалык зор акын болбосун ырларынын тексти элге жетпесе, башкача айтканда, жасаган иши көрүнбөсө, ал жөнүндө миң жолу айтып, жүз жолу “илим(ий)“ макала жазганың бир тыйынга арзыбай, жомок сыяктуу “болгон экен..." делген боюнча кала берет.

Экинчи себеби, “ ...бир кезде Борбордук Азия элдери биргелешип пайдаланган жазма тил - чагатай тилинин негизин түзгөн ичкилик диалектисин, б.а. ичкиликтердин тилин, фольклорун, тарыхын, маданиятын иликтөө, тийип-качып жасаган аракеттерди эске албаганда, таптакыр эле колго алынбай келет", - деп жазат Омор Сооронов.

Туяк ырчы, албетте, орус оторчуларынын басып кириши менен Фергана өрөөнүндө башталган өзгөрүүлөрдү байкап отуруп, коом кайда барат, болочогубуз эмне болот деп тынымсыз ойлонгон.

Ырчынын “Акыр заман” деген ыры анын келечек жөнүндөгү ой толгоосун, ошол эле маалда XIX кылымдын аягы - XX кылымдын башындагы элдин коомдогу саясый-экономикалык жараяндарга болгон мамилесин да билдирет.

Акыр заман болордо -

Уулуң кетет Урумга,

Кызың кетет Кырымга.

Окуганың кат болот.

..........

Аялың сөзүңдө

Бетиңе карай дап коет.

Ыймандан чыгып кары-жаш

Ыдыраган чак болот.

Акыр заман болордо

Темирди жиптей өрөсүң,

Ааламды үйдө көрөсүң.

Желмогуз менен бир басып

Жакалашып жүрөсүң

Кой-ай деген кожоң жок,

Өзүңө өзүң төрөсүң...

Арам-алиш нерсени

Арам деп аста сезбейсиң.

Уят-сыйтты жоготуп,

Катып калган бездейсиң,

Базарга кетсе аялың

Кайсы пурчтан издейсиң?

Туяк ырчынын “Не болосуң замана” деген ыры да ушундай замана темасына арналган.

Ушундан улам адабиятчы Абдыкерим Муратов Туяк ырчына заманачы акындардын тобуна кошот.

- Туяк ырчыда заман идеясы - биз заманачыл акындар деп айтпадыкпы - Молдо Кылыч, Арстанбек, Калыгул депчи. Анык заманачы акын ушул Туяк ырчы болгон да. Ал акыр замандын белгилерин айтып атпайбы... Акыр заман болгондо кыздарың алыска кетет, аялдар эркектерге башчылык кылып калат, аялдар базарга чыгып кетет деген деген идеяларды 100 жыл мурда эле көрүп тургандай айткан... Бул жагынан биз Туяк ырчыны олуя ырчы деп жатабыз да. Олуялык анын ой жүгүртүүсүнүн мыктылыгында, логикалык чабытынын кенендигинде...

Туяк ырчынын досу Абдирайыим медреселерде окуган абдан билимдүү киши болгон экен да. Туяк ырчы ошол досунун катуу таасири астында жүргөнсүйт... Өзүнүн медреседе окуганы тууралуу так маалымат жок. Бирок ал адамдардын пейилиндеги өзгөрүүлөрдү шарияттын жолунан бурулуу катарында түшүнгөнсүйт.

Анан дагы Туяктын ырчылыгындагы бир чоң булак: анын башкаруучуларга каршы чыккандыгы, революциялык духунун бардыгында. Садыр миңбашы менен конфликт болуп атпайбы... Туяк ырчы Коконго барып, хан сарайында да жүргөн экен. Бирок ордодогулар менен батыша албай калган. Демек бул кишиде революциялык дух, бунтарлык мүнөз бар сыяктанат да. Туяктын өлүмүнө да өзүнүн мүнөзүндөгү бунтарлыгы, келишпестик таасир эткенсийт.

Туяк ырчынын ырларында кыргыздын алгачкы жазгыч акындарынын бири Молдо Нияздын ырларындагыдай араб, фарси сөздөрү жокко эсе. Эки залкардын айылдарынын ортосу жакын жана бир учурда жашашканы менен, берегидей айырмачылыктын себеби эмнеде деген суроо туулат. Анын себебин адабиятчы А. Муратов эки себеп менен чечмелеп берди:

- Молдо Нияз аябай билимдүү киши болгон. Ал арап, фарси, чагатай тилдерин жакшы билген, Алымбек датканын Оштогу атактуу медресесинде сабак берген, чоң аалым болгон. Ал географиялык алкактан алганда, азыркы Кытайдын, Өзбекстандын, Тажикстандын, Тоолуу Бадакшандын, Кыргызстандын Түндүк-Түштүгүн кыдырып көргөн. Бул өзүнчө энциклопедист киши болгон да. Молдо Нияздын “Санат дигарастары” чыкпады беле. Ал жыйнактагы ырлардын баары биринчи колдон. Өзү кандай жазган болсо, ошол бойдон жетти. Ал ырларын медреселердин окуу китеби катары жазган да. Ошого парсы, араб жана эски чагатай сөздөрү Молдо Ниязда аябай көп да.

Ал эми Туяк ырчы, Ботобай ырчы - булар төкмөлүк багыттагы ырчылар болгонсуйт. Демек, төкмө болгондон кийин алардын ырлары дароо жазылып калбай, жазуу булагы аркылуу келбестен, ооздон оозго өтүп туруп, улам кийинки айтуучулар кийинки убактын тилине жакындатып отуруп, балким биринчи айткан булагы сакталбай калгандыр. Бул бир.

Экинчиси, түзүүчү кандайдыр бир редакцияларды жүргүзгөнсүйт. Ошондуктан экөөнүн айырмасы келип чыгып жатат.

Болбосо экөө бир эле региондон, жашаган доорлору да жакын. Алардын таанышты жөнүндө так билбейм. Бирок бирдей турмуштук шартта, бирдей доордо жашаса дагы алардын тилдик өзгөчөлүктөрү бир топ сезилип турат.

Анан Болот Мураталиевич Юнусалиевдин айтканы бар да. Кыргыздын адабий тилин байыта турган, кыргыздын тилдик байлыктарына чоң салым кошо турган нерсе - бул ичкиликтердин поэзиясы да. Демек ичкиликтердин адабияты ушул эки акында тең көрүнөт. Бирок өзгөчөлүктөрү менен көрүнөт.

Анан Молдо Нияздын жазма адабияттын өкүлү болгондугу азыркы күнгө чейин Баткен, Лейлек, Кадамжай жактан чыккан жазгыч акындардын чыгармаларында дагы, кийинки Абдырайым Шамандан тартып азыркы Турбай Жороев, Нооман Сайдулаевге чейин өзүнүн таасирин тийгизген да.

Байлар Туякты калың эл алдында ырдап, бизди шерменде кылат, салтка сыйбаган ырларды ырдайт дешип, 1912-жылы анын көзүн тазалашат.

Өткүр ырчынын кандайча мерт кылынгандыгы тууралуу Туяк ырчынын ырларын чогултууга салымы бар Баткен университетинин окутуучусу Абдулазиз Көчкөновдун кеби:

- Канткен күндө да Туякты өлтүрөбүз дешип, өз айылынан Молдо Исак, Кара-Кыштактан Абдували үкаси менен жана Молдо Кошмурат болуп, Туяк ырчыны Үч-Коргонго сыйга чакырышат. Сый үстүндө Туяк ырчыны ырдатып, чер жазышат. Отуруш бүтүп, кокту менен сай бойлоп өйдө жөнөшөт. Туяк ырчыда улоосу жок болгондуктан, Молдо Ысакка учкашат. Жолдо күүлдөп баратышканда, алдын ала даярдап коюлган кысыйтмакты Туяк ырчынын мойнуна салып, ээрдин кашына басып, атка сүйрөтүп өлтүрүшөт. Оозунан ыры төгүлүп бараткан ырчыны ушинтип тынчытышат.

Баса, Туяк ырчы өзү:

"Өмүрүм өтүп баратат,

Карарган доол-куюнда

Артымда калбайт өңдөнөт,

Жол эмес жалгыз чыйыр да",

-деп, ырларым элге сиңдиби? дегендей суроо салат.

Туяк ырчынын чыгармаларынын былтыр жарык көргөн жыйнагы 115 жыл мурда дүйнөдөн өткөн залкар ырчыга тургузулган эч бузулбас эстелик болуп калды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG