Линктер

шаршемби, 22-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 15:22

Кыргыз Эл акыны, драматург, коомдук жана саясий ишмер Эгемберди Эрматов узак оорудан кийин 66 жаш курагында дүйнө салды.

Эгемберди Эрматов кыргыз адабиятына “Шаар жана тоолук”, “Махабат” баштаган жоон топ ыр китептерди, “Аксаткын жана Мырза уул” драмасын, “Мухамбет пайгамбар” дастанын мураска калтырды. Өмүрүнүн акыркы беш-алты жылында Жогорку Кеңештин депутаты, президентке караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы болуп иштеп турду. Ошондой болсо да Эгемберди Эрматов бардык учурда өзүнүн чыгармачылык ааламын алдыңкы орунга койду. Бул тууралуу ал өткөн жылдын ноябрь айында “Азаттыкка” берген сыябан-маегинде айткан эле.

“Азаттык”: Эгемберди мырза, жакында эле сиздин чыгармачылыгыңызга арналган конференция болуп өткөн экен...

Эрматов: Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик университетинин Тил жана маданият институту өздөрү демилге көтөрүп, илимий конференция уюштурду.

“Азаттык”: Илимде Эрматов таануу деген нук пайда болгон турбайбы.

Тил комиссиясы: журналисттерге доомат көп

Президентке караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы журналисттерге кыргыз тилинде сүйлөө жана жазуу эрежелери боюнча устаттык сааттарды өткөрүүнү болжоп жатат.

Эрматов: Ооба. Буга чейин чыгармачылыгым боюнча Баткен Мамлекеттик университетинин алдындагы Кызыл-Кыядагы Гуманитардык педагогикалык институтунда Курсан Пакыров деген агай “Эгемберди Эрматовдун чыгармачылык изилдөөлөрү” деген кандидаттык диссертация жазган. Андан кийин илимий негизде макалалар чыкты, ар кайсы университеттерде дипломдук иштер жазылды.

“Азаттык”: Негизи эле кыргыз адабиятын таанууда поэзия изилденип жатабы?

Эрматов: Бул өтө олуттуу маселе. Союз учурунда биздин көптөгөн мыкты илимпоздорубуз бар эле. Алар кыргыз адабиятын, болгондо да кыргыз поэзиясынын оош-кыйыш жактарын изилдеп китеп чыгарып, диссертацияларды жазып жүрүшкөн. Эгемендик жылдары поэзиянын акыбалын изилдеген окумуштууларыбыз, сынчыларыбыз дээрлик жокко эсе. Сынчыларыбыз болсо дагы алар азыр башка тармактарда иштешет. Кээ бири саясатка өтүп кетишсе, кээ бири илимдин башка тармактарында жүрүшөт. Поэзия эмне болуп жатат? Биздин чарбабызда кандай өзгөрүүлөр, ийгиликтер жана кемчиликтер бар? Бул жөнүндө кеңири айтылбай калды.

Эки жүздүүлүктү көрүп мандатын тапшырган...

“Азаттык”: Саясатка өтүп кетти десеңиз өзүңүздүн саясатка өтүп кеткениңизди ойлоп атам. Ушул канчалык сиздин чыгармачылык дүйнөңүзгө дал келди? Эмне үчүн саясатка кеттиңиз?

Эрматов: Эми саясатка барганым деле кокустук эмес. Себеби адабияттын өзү саясат. Поэзиянын өзү саясат. Дүйнөлүк адабиятты карап көрсөк мен-мендеген дүйнөлүк улуу классиктердин бардыгы саясатка аралашкан же саясат жөнүндө сүйлөгөн. Өз элинин проблемаларын өздөрүнүн чыгармаларында көтөрүп чыккан. Биз, маселен, кантип Александр Сергеевич Пушкинди же Лермонтовду саясатчы эмес деп айта алабыз?

“Азаттык”: Бирок алар поэзия менен жашаган да.

Эрматов: Алар поэзия менен жашаган, саясатты жазышкан. Саясатка аралашкан дүйнөдө чоң акын, жазуучулар бар. Чыгыштын улуу акыны Алишер Навои улуу мамлекеттик ишмер болгон.

“Азаттык”: Бирок, мен ойлойм, бул менин жеке оюм, саясаттагы ыплас оюндарга, саясаттын тар чөйрөсүнө сиздин акындык дүйнөңүз батпай, чыдабай койгон болушу керек. Ошол үчүн кетип калдыңызбы деп ойлойм. Же андай эмеспи?

Эрматов: Туура, ошондой эле. Мен да саясатка өзүм аралашып алып, эки жарым жыл Жогорку Кеңеште депутат болуп турдум. Элибиз руханий деградацияга, руханий жакырланууга келип жаткандыгы жөнүндө көп ой-пикирлеримди айтып элге, депутаттарга, саясатчыларга жеткирип турдум. Бирок, ал жерде тургандан кийин мен өзүм башка бир чөйрөгө келип калгандыгымды көрдүм, байкадым. Өзүмдү ал жерде начар сездим.

Саясатчылардын турмушун, алардын трибунага чыгып бирди, башка жакка барып башканы сүйлөп, айткан сөзүнө турбаган эки жүздүүлүгүн, жан дүйнөлөрүнүн ыпыластыгын көрүп, чыдабай мандатымды тапшырып, баса бердим.

"Мени элет сактап калды"

“Азаттык”: Эгемберди Эрматов бир кезде күпүлдөп чыгармалыгы ташкындап турган кезде элетти көздөй баса берген эле. Бул кайсы бир деңгээлде түшүнүктүү. Бирок, чыгармачылык дүйнө жашап турган борбордон чегинип, элетке кетмен көтөрүп кетип калганыңыз мага өтө кызык сезилди эле. Эмне себеп болду эле кеткениңизге?

Эрматов: Бул дагы замандын оош-кыйыш мезгили келип, биздин акын, жазуучулар ушунчалык баркталбай, бааланбай, чыгармаларыбыз чыкпай калган эле. Бүт басмалар, гезит-журналдар чыкпай жабылып калды. Жазуучулар тиричилигин өткөрө албай, бүтүндөй заманабыз аңтар-теңтер болуп кетти. Мына ушул маалда элдин бардыгы, айрыкча акын, жазуучуларыбыз өздөрүнүн бала-чакаларын бага албай калган учурда мен айылга кеттим.

“Азаттык”: Сиз өз жаныңызды өзүңүз бага албай калдыңызбы? Же...

Эрматов: Мен өз жанымды гана эмес, бала-чакамды да бага албай калдым. Бир гана мен эмес, бүтүндөй интеллигенция, акын, жазуучуларыбыз ушуга туш келди. Базарга чыгып же базардын оокатын кыла албадык. Алып сатарлык колубуздан келбейт экен. Анан эмне кылабыз? Анан мен айылга кеттим дагы тиричилигимди өткөрүп, кыйын заманда өзүмдү да, балдарымды да аман алып калдым.

“Азаттык”: Демек сизди элет сактап калды?

Эрматов: Мени элет сактап калды. Элет жерине бардым дагы ошол жердеги тазалыкта, карапайым элдин арасында жашап өзүмдүн руханий дүйнөмө кайтып келдим. Ошол жердеги бейпилдикте, тазалыкта баш отум менен чыгармачылыкка кирдим.

“Азаттык”: Анан саясий өзгөрүүлөр борборго алып келдиби сизди же маалы келген үчүн кайтып келиш керек деген чечим болдубу?

Эрматов: Жок, саясий өзгөрүүлөр борборго алып келди десем деле болот. Себеби ошол маалда саясатта абдан кыйын учур болгон. Мен ошол Социал-демократтар партиясы түзүлгөндөн баштап партиянын мүчөсү болуп жүрдүм эле. Тиричилигим менен кошо жергиликтүү уюмун түзүп, ошол маалдагы ар кандай саясий окуяларга катышып, оппозицияда жүргөн адам катары бир топ чыңалдым. Ошонун негизинде айыл жеринде бир топ куугунтукка дагы учурадым. Райондун, облустун деңгээлинде, анан иштеп жүргөн жеримден. Ошол кездеги ахыбалымды Борбордук шайлоо комиссиясы жакшы билчү эле. 2010-жылы шайлоодо мени партиялык тизмеге кошуп, депутат болуп келип калдым. Ал жерде менин саясий ишмердигим деле чоң роль ойногон жок. Менин ошол адабияттагы жүргөн ордум ошол жерге келүүгө түрткү берди.

“Азаттык”: Эми дайыма коом оош-кыйыш. Кыргызстан андан бетер чыңалган, оргуштаган, өркөчтөнгөн заманды баштан өткөрдү. Бүгүнкү коом, бүгүнкү өнүгүү, бүгүнкү тенденцияга кандай баа бересиз?

Эрматов: Бүгүнкү коомубуз менин оюмча бир топ жакшы деңгээлде эле өнүгүп келе жатат. Биздеги эң негизги өзгөрүү, эң негизги жетишкендик - бул биздин эркиндигибиз. Биздеги сөз эркиндиги. Ойду ачык, таамай айта алабыз. Былык иштерди катып койсок биздин коомубуз жакшы өнүгүп, өспөйт эле. Бир топ жетишкендиктерибиз бар. Акыркы, 2010-жылдардан берки жетишкендиктерибизди дайыма айта жүрүшүбүз керек.

15 жыл жазылган китеп

“Азаттык”: Сиз “Махабат” ырларына көп кайрылчусуз. Поэмаңыз бар. Кийинки кездери ажыга барып келип, мусулманчылыктын жолуна түшүп, беш убак намаз окуп жүрөсүз. Ээленген акындык дүйнө менен мусулманчылык эрежелерин кантип жан дүйнөңүзгө чогуу батырып жүргөнүңүз мага кызык.

Эрматов: Курани карим ыр менен жазылган. Болгондо да керемет араб поэзиясынын үлгүсү.

“Азаттык”: Демек, адам исламды, куранды дагы өзүнүн жеке таанымы аркылуу өткөрүп тааныш керек...

"Мухаммед пайгамбар" дастаны өзбекче да сүйлөдү

Кыргыз Эл акыны Эгемберди Эрматовдун “Мухаммед пайгамбар” дастаны быйыл Бишкекте жана Стамбулда түрк тилинде жарык көрүп, анан июнь айында өзбек тилинде басмадан чыкты. Дастанды өзбек тилине акын-жазуучу Рахим Карим которгон.

Эрматов: Албетте. Чыгыштын улуу акындарын алалы. Омар Хайям, Низами, Хавис, Жалалидин Руми, Навои... Булардын бардыгы мусулманчылыкты туу туткан, ислам дүйнөсүнүн генийлери. Дүйнөлүк адабияттын менмин деген Пушкин, Лермонтов, Гете, Гейне сыяктуу дөө-шаалары Низамиден окушкан.

“Азаттык”: Сурайын деп атканым: дин өзү адамдын көкүрөгүндө жашаш керек, ага үгүттөгөнгө, ашыкча даңазалаганга болбойт деп коюшат го. Мисалы, сиздин айтылуу “Мухамбет пайгамбар” дастаныңызга байланыштуу ушул нукта кимдир-бирөө тарабынан доомат уккан жоксузбу?

Эрматов: Жок. Аны жазууга 15 жыл даярдандым. Дүйнөлүк диндердин тарых-таржымалын окуп, үйрөндүм. Дүйнө коомчулугундагы динсиздик, ыймансыздык, бири-бирин сатып кеткен адамгерчиликсиз заманда мен үлгү тута турган адам Мухамбет пайгамбар деп таап, анан дастан жаздым. Он алты жыл ичинде үч-төрт жолу кыргыз тилинде басылды. Анан өзбек, түрк, орус, англис тилдерине которулуп чыкты. Мен ал жерде Мухамбет алейхи саламдын образы, жашоо-турмушу аркылуу адам кандай болуш керек, кандай ишке барбаш керек, канткенде адам боло аласың, канткенде жан дүйнөңдө ырааттуулук, гармония болот деп, диндин акыйкаттыгы жөнүндө поэма жараткам.

“Азаттык”: Ооба, албетте, окугам. Бирок, азыр мен Эгемберди Эрматовдун айтылуу ашыктык ырларынан уккум келип турат.

Эрматов: Жакында жазган бир ырым:

“Жаштык, сүйүү ырыңда агып турчу.

Дене бойдон кан сымал агып турчу.

Жаным жыргап окусам көңүл эргип,

Кудуретти туйчумун айыктырчу”

Дедиң карап менин каш-кабагыма.

Сезим туйлап аялуу жамалыңда.

Ар мезгилдин ыры бар ырдай турган,

Ар курактын ар башка талабы да.

Аруу ойду түшүндүм дилиңдеги,

Жүгүм оор артынган ийиндеги,

Көйгөйүнө замандын көмүлбөсөм,

Кечиришпейт урпактар кийин мени.

“Азаттык”: Мен башка ырыңызды эсиңизге салайын:

Көңүлүң таппай жасагам түркүн амалды,

Парпирек болуп туюкка жүрөк камалды.

Кызганам сага, бөлөгүн айтып не кылам,

Чачыңды сылап өтсө да кокус желаргы!

Эрматов: (күлүп) Ар мезгилдин ыры болот экен. 25-30 жаш курагымда ушул сен окугандай ырларды жазышым керек эле да. Жазгам. Тулпар тушундай дейт.

“Азаттык”: Албетте. Бирок, Гетенин ырларычы?

Эрматов: (күлүп) Гете 70ке чыгып калганда 24 жаштагы кызды сүйүп калса кантет, бечара, жазат да.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG