Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:18

Акмат Яссавинин Өзгөндө калган издери


Кимсанбай Абдыразак уулунун китеби
Кимсанбай Абдыразак уулунун китеби

Жакында эле Кыргызстанда “Жазылык Кул Кожо Акмат” деген китеп жарык көрдү. Китептин автору Кимсанбай Абдыразак уулу дүйнө жүзүнө таанымал сопу Кожо Акмат Яссавинин Кыргызстандын Өзгөн шаарынан экендигин жазып чыкты.

90 жаштагы бул аксакалдын айткандарын белдүү илимпоздор да колдоого алууда. “Азаттык” Акмат Яссавинин казалдарын которгон акын Эгемберди Эрматов жана түрколог Кадыралы Конкобаев менен бул темада маектешти.

“Азаттык”: Кимсанбай Абдыразак уулунун айтуусу боюнча дүйнө жүзүнө таанымал Акмат Яссави казакстандык эмес эле, Кыргызстандын Өзгөн шаарынан турбайбы. Анда Жазылык Кул Кожо Акмат кандайча Акмат Яссави болуп калды?

Кадыралы Конкобаев: Түрк тилинде Хожа Акмат Йесеви деп аталган Жазылык Кул Кожо Акмат түрк адабий тилинин таасири менен Акмат Яссави деп таанымал болуп калган. Кыргызчада Жазылык Кул Кожо Акмат жана анын адабий мурасы түрк дүйнөсүндө “Хикмет” деп аталган казалдары менен белгилүү Хожа Акмат Йесеви катары билинет.

Кадыралы Конкобаев
Кадыралы Конкобаев

Китеби жарык көргөн Кимсанбай Абдыразак уулу Өзгөн элинин арасында көп жылдардан бери Акмат Яссавиге байланыштуу айтылып келген сөздөрдүн негизинде өз иликтөөсүн жүргүзгөн.

Чындыгында эле Өзгөн шаары Караханийлер доорунда илим, билим, маданият жана диндин борбору болгон. Акмат Яссавинин казалдарында айтылган Арсланбаба (Арсланбап) жана Салам-Алик деген жерлердин аттары Акмат Яссавинин өзгөндүк экендигин бекемдеп турат. Өзгөндүктөр Жазылык Кул Кожо Акматка байланыштуу уламыш жана аңгемелерди азыркыга чейин айтып келишет. Кул Кожо Акмат куш салган жерлер, ал суу ичкен булак тууралуу нагыз сөздөр Өзгөн элинин аң-сезиминде, тарыхый эс тутумунда сакталып келген.

please wait

No media source currently available

0:00 0:12:14 0:00

“Азаттык”: Казак туугандардын Акмат Яссавиге байланыштуу аргументтери кандай?​

Эгемберди Эрматов: Акмат Яссавини казактар, өзбектер жана көптөгөн элдер талашып келет.

Эгемберди Эрматов
Эгемберди Эрматов

Мен Кул Кожо Акмат Яссавинин 140 казалын-насаатын которуп чыккам. Ошол казалдарынын биринде "Мен Жазы дарыясынын жээгинде төрөлгөм" деп айтууда. Ал эми Казакстанда Жазы деген дарыя жок. Жазы дарыясы Өзгөндө экени баарыбызга маалым. Дагы бир насаатында “менин ата-бабам куш салган” деп айтууда. Өзгөндүктөрдүн Кул Кожо Акмат куш салган жерлерге тиешелүү уламыш, кептери муну бекемдеп турат. Кул Кожо Акматтын образын Өзгөн эли муундан-муунга өткөрүп берип келген.

Буга кошумча кандайча Кул Кожо Акмат Арсланбабаны устат кылып алганын, Арсланбап кайсыл жерде экенин ойлонуп карап көрбөйлүбү?! Салам-Алик Арсланбаба менен Кул Кожо Акмат саламдашкан жер. Кул Кожо Акмат салам айткан, ал эми Арсланбаба алик алган.

  • 16x9 Image

    Маметбек Мырзабаев

    "Азаттык" менен кызматташкан авторлордун бири. Ислам изилдөө илимий институтунун директору, дин социологиясынын доктору.

XS
SM
MD
LG