Линктер

бейшемби, 23-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 07:59

Болот Юнусалиев кыргыз илиминдеги беш манжа менен саналчу залкарлардын бири. XX кылымдагы чыгаан кыргыз илимпозу Болот Юнусалиевдин тагдыры тууралуу Б.Шамшиевдин блогу.

Академик Болот Мураталы уулу Юнусалиев (Жунушалиев; 1913-1970) кыргыз илиминдеги беш манжа менен саналчу залкарлардын бири. Илимий эмгектерин кыргыз-орус тилинде эркин жаза алган, принципиалдуу маселеге келгенде эч качан позициясынан тайбаган, өзү туу туткан акыйкатты коммунисттик бийлик алдында да тартынбай коргоп, куугун-кысымга карабай, калыстыкты бекем кармап жашаган улуу инсан.

Анын артында калган илимий эмгектеринин барк-баасы арадан жарым кылым ашуун убакыт өткөнүнө карабай эч кемибей, түркологиянын классикалык үлгүсү катары жаңы муундагы окумуштууларды кызыктырып келатат. Улуу окумуштуунун бийик кадыр-баркы үчүн сталиндик парттөбөлдөр аны камоого батына алышпай, бирок дайым басым-кысым көрсөтүп келишкен.

Касым Тыныстановдун тартынбас жактоочусу

Академик Болот Юнусалиевди көрүп-билип калгандардын текши баары ал кишинин өзгөчө принципиалдуулугун, илимий акыйкаттык үчүн кандан-бектен, оттон-суудан кайра тартпас көкжалдыгын айтышат.

Акыйкатта да, академик Болот Юнусалиев илимий принципти бекем тутунган, калыстыкты баарынан жогору койгон. Антип адамдык принцибин бекем сактап, абийир-аброюн коргоп калуу биздин заманда оголе оор жумушка айланып калбадыбы. Юнусалиев мындай сыноодон ийгиликтүү өткөн. Жашоо-турмушунда принципиалдуулугунан бир да ирет кайтпаганын, эч качан абийирине камчы чаппаганын замандаштары бир ооздон ырастап келишет.

Негизи илимпоз атын жаманатты кылуу ал кишинин оюна деле келбесе керек. Мындай кишилерди “акыл-эстин лөктөрү” деп аташат. Өмүрүн илимге жумшап, андан улам жаңы ачылыштарга кез келип, ошону менен жашап, “ийне менен кудук казуунун” түйшүгүнө биротоло бышкан адам гана өзү ачып алган акыйкатын аздектеп, аны бийик көтөрүп өтөт.

Касым Тыныстанов.
Касым Тыныстанов.

Болот Юнусалиев улуу кесиптеши Касым Тыныстановдун (1901-1938) кыргыз тили, адабияты үчүн төө көтөргүс улуу иштерди жасап, кандуу бийликтин капшабына кабылып, ак жеринен атылып кеткенин жакшы билген. Анын илимий табылгаларынын барк-баасын кылдат туйган.

Ошон үчүн кызматтан алынып, басым-кысымга кабылганына карабай, Касым Тыныстановдун илимий эмгектерин кайра басып чыгаруу, аны окуп-үйрөнүү маселесин алдыга коюп, айткан-дегени эки болбогон парттөбөлдөргө каршы чыгып отурат.

Азыркы заманда кыргыз тили, кыргыз тарыхы, улуу кыргыз тууралуу канча айтса да, канча жазса да эч ким сынга кабылбайт, куугунтукка алынбайт. Ошондон калам кармагандардын кыйласы жамырап патриот болуп чыга келишти. Болот Юнусалиев өкүмзор бийликтин казабына калган, аты аталышына тыюу салынган кыргыздын бир мыктысынын таламын талашып, бийлик куугунтугуна кабылганына кайыл болуп, өмүрү өткөнчө өзү катарында турган коммунисттик партиянын жасалма саясатына каршы болуп келди.

Касым Тыныстановдун илимий эмгектерин басып чыгаруудан тышкары академик Юнусалиев “Кыргыз диалектологиясы” аттуу фундаменталдуу эмгегинде Молдо Нияздын санаттарын изилдөө, анын тилдик өзгөчөлүгүн ачып берүү маселесин алдыга жайган.

Академик Болот Юнусалиев илимдин кайсы тармагына кайрылбасын ой жүгүртүү масштабы кенен, маселени ар тараптан, терең иликтей ала тургандыгын көрсөткөн окумуштуу болгон. Маселен, ал кыргыз тилин түрк тилдеринин тутумунда, тарыхый арымы тээ тереңден башталарын ырастап, бай илимий-фактылык материалдарга таянган. Академик Болот Юнусалиев тушунда Кыргызстан жаамы түркологдордун такай чогулчу жайы, кеп-кеңеш, илимий дискуссиялар өтүп турчу илимий борбор таризинде болгон.

Академиктин өмүр баяны биралдын жөнөкөй, социалисттик революциянын шарапаты менен советтик мектептен билим алып, анысын чоң борбор Москвадан улантып, ошол себептүү орус-кыргыз тилдеринде эркин ойлонуп, эркин жаза алган деңгээлге жетип, түркология илиминин таанымал авторитеттеринин бирине айланган.

Б.Юнусалиев 1913-жылы Кемин районундагы Үч-Урук айылында (азыркы Кичи-Кемин) төрөлгөн. Совет доорунда Фрунзеде (Бишкек), кийинчерээк Москвада билим алган.

Улуу Атамекендик согушка катышып, андан келгенден кийин биртоп жылдар жооптуу кызматтарда, агартуу министри, республикадагы жападан-жалгыз университетте ректор болуп иштеген. 1970-жылы Фрунзе шаарында каза болгон.

“Манастын” таламын талашкан

Юнусалиев кыргыз тил илиминин тарыхы менен теориясы боюнча ири адис, кыргыз лексикологиясы, диалектологиясы, жазмасы тууралуу фундаменталдуу эмгектерди жараткан окумуштуу.

1952-жылкы “Манас” эпосунун айланасындагы талкуудан кийин жарыкка чыккан бириктирилген варианттын 1-томуна баш сөз жазган фольклорчу, Кыргыз ССР илимдер академиясынын академиги.

Көзү өткөндөн кийин, эгеендик доорунда, тил илими боюнча Касым Тыныстанов атындагы мамлекеттик сыйлыктын алгачкы лауреаттыгына татыктуу болгон окумуштуу.

Касым Тыныстановдун аты аталбай, жазган эмгектери жок кылынып, бирок да хрущевдук “алабаардын” аркасы менен акталып, аз өтпөй кайра тыюу салынып турган арасат чакта аны айдан ачык коргоп чыккан. Мындай аракети үчүн чоң кызматтан алынып, куугунтукка кабылганына карабай, биринчи кыргыз илимпозунун эмгектерин чыгаруу маселесин көтөргөн жана партиялык басым-кысымга карабай, бул позициясын өлөр-өлгүчө коргоп келген инсан.

Юнусалиев биринчилерден болуп кыргыз тилинин түштүк-батыш диалектин, социализм заманында аты аталбай келген улуу акын Молдо Нияздын санаттарын илимий алкакка киргизген, кыргыз тилинин өткөнүнө өзгөчө кылдат мамиле жасап, илимий булактарды таап, кыргыз тилинин тарыхын жазган, анын фундаменталдуу проблемаларын изилдеген жалпы түркология тармагында белгилүү окумуштуу болгон.

Анын жакын шакирттеринин бири - белгилүү окумуштуу, акын Омор Соороновдун устаты тууралуу пикирин угуп көрөлү.

- 1959-жылы университеттин журналистика факультетине сырттан окууга өтүп, анан ошондо Юнусалиев агайды дарс окуп жүргөндө көргөм. Бир жолу университеттин алдында турабыз, агай келатат. Жанында эки-үч киши бар экен, элдин ушунчалык сыйлаганын ошондо билдим, жанагы көп эл жапырт жол ачып, чоң коридор түзүп, ал киши кирип кеткен. “Ушул Болот Мураталиевич Юнусалиев” дешти.

Анан экинчи көргөнүм аскерге барып келгенден кийин филфакта окуп калгам. Аскерден коммунист болуп келгем. Студент коммунист болуп Болот агай менен университеттин партиялык чогулуштарына катышып калдым. Юнусалиевдей кишилер менен бир отуруп, алардын сүйлөгөн сөздөрүн уккандан кийин партияга өткөнүмө ыраазы болдум.

Болот агай ар кандай нерсенин чындыгына бекем турган киши эле. Кимдир бирөөлөр туура эмес сүйлөсө туруп “жок, мындай эмес” дечү. Эч нерсеге кайдыгер карачу эмес. Чындык үчүн күрөшкөн киши. Чындык үчүн өмүр бою күрөшкөн киши.

Молдо Нияздын кол жазмаларын тапканда аябай сүйүнгөн. Көзү өтөргө жакын партвзнос алайын деп үйүнө барсам, үйүнөн чыгып мынабу Киев көчөсүнө келгиче, мага Молдо Ниязды айтып келди. Муну азыркы тамгага көчүрүш керек. Молдо Нияздын санаттары кыргыздын жазмасы алда канча мурун жаралганын далилдейт, деди.

Ошол кол жазманы таптырып, алып келүүгө канча аракет кылды, бул жерде кишилер бар, бул ишке катуу турган. “Манас” боюнча ага баяндамачылыкты мындай кой, катардагы сөзгө жазган эмес. Ага чейин эл Москвадан келген профессорлорго ооп баратканда 18-болуп чыгып сүйлөп, бүт агымды оңго – “Манас” жакка бурган.

Ошол талкуунун материалдарын Топчубек Тургуналиев чыгартып койду, баары турат. Билбегендер Мухтар Ауэзов мындай кылды, тигил мындай кылды деп атышпайбы. Молдо Кылыч боюнча доклад жасаган. Молдо Кылычты агай өмүр бою колдоп келди.

“Манас” качан жаралган?

Академиктин “Манас” кыргыз элинин баатырдык эпосу” деген айтылуу эмгеги 1958-жылы жарыяланган. Анда “Манас” дүйнөдө теңдешсиз чыгарма экени, көлөмү жагынан ал Гомердин “Илиада” менен “Одиссейинен” 20 эсе көптүгүн, Фирдоусинин “Шахнаме” дастанынан 5 эсе, индиялык “Махабхарата” дастанынан 2,5 эсе арбындыгын мисалга тартып, мындай сөз өнөрүнүн опсуз көлөмгө ээ болуп калышынын себеби катары кыргыз эли башынан кечирген тарыхый оор кырдаалдарды атап өткөн.

Бишкектин "Ала-Тоо" аянтындагы Манастын айкели. 24.9.2011.
Бишкектин "Ала-Тоо" аянтындагы Манастын айкели. 24.9.2011.

Болот Юнусалиевдин ырасташынча, “Манаста” кыргыздар менен кидандардын (кара кытайлардын) ХII кылымдагы урушу, ХIII кылымдагы монгол жапырыгы, XVI – XVIII кылымдардагы кыргыз-калмак согуштары чагылдырылган.

Мындай оор согуштардан айрым элдер, уруулук бирикмелер тарых бетинен биротоло сүрүлүп жок болуп кеткен. Баатырдык менен эркиндикти баарынан жогору койгон намыскөй эл кылымдардын оор сыноосунан өтүп, биздин күндөргө жеткени эмгекте баса белгиленет.

Эпосто жалаң эле тарыхый окуялар сүрөттөлбөстөн, элдин жашоо-турмушу, чарбасы, каада-салты, маданияты, акыл-эс туюму, түшүнүгү, этникалык курамы, табият менен мамилеси, дини, поэтикасы менен тили, элди эл, калкты калк кылып турган “эн-белгилердин” баары чагылдырылганы ырасталган. Эпос азыркы деңгээлине жетиши үчүн эпсиз кылымдар жол басканы, ага идеясы жагынан үндөш жомоктор, болмуштар, поэмалар кошулуп кеткени жазылган.

Окумуштуу “Көкөтөйдүн ашы”, “Алмамбет менен Жолойдун баяны” сындуу эпизоддор мурда өзүнчө чыгарма катары жашап келгенине токтолгон. Кыргыз элинин жашоо-турмушун, тарыхын, философиясын, этнографиясын, психологиясын изилдөөдө “Манас” баа жеткис булак катары кызмат өтөрүн белгилеген.

XVI кылымдагы жазма эстелик “Мажму ат-таварихте” “Манастагы” эпизоддор XIV кылымдагы окуялар катары сыпатталары белгиленген. Изилдөөчү “Манас” алгач баатырдыкты даңазалаган аңгеме, кара сөз түрүндө жаралышы мүмкүн экендигин ырастап, аны таланттуу акындар кийин ырга айлантып, анан ал кылымдардан-кылымдарга айтылып, эпос азыркы деңгээлине жетиши мүмкүн экенин жазган.

Болот Юнусалиев эпос алгач бир эле чыгарма катары чыгып, аягы “Чоң казаттагы” баатырлардын баарынын набыт болушу менен жыйынтыкталган болуш керек деген пикирин ортого салган.

“Манас” эпосун андан ары улаган “Семетей” эпосунун тарыхый фону катары XVI – XVIII кылымдардагы окуялар, кыргыздарга жунгар калмактарынын кол салуулары алынган болуш керек деген оюн билдирген. “Семетей” менен “Сейтекте” баатырлар ички душмандардын колунан мертинет.

Болот Юнусалиев “Манас” үчилтигинин поэтикасын, чыгарманын сюжеттик курулушун, каармандар системасын, стилдик өзгөчөлүгүн, тилдик байлыгын кенен сыпаттап, улуу эпостун эл турмушундагы, тарыхындагы маани-мазмунун ачып берет.

Буга чейин кыргыз эпосу тууралуу орус жана башка улут өкүлдөрүнүн белгилүү окумуштууларынын пикирлери, байкоолору жарыяланып келсе, Болот Юнусалиев өзүнө чейинки айтылгандарды жалпылап, көбүнесе идеологиялык талаштын айлампасына түшүп калган элдик чыгарманын маани-маңызын нукура илимий негизде ачып бергендиги менен баалуу.

Илимге арналган өмүр

“Манас” тууралуу мына ушул жүйөөлүү эмгектен кийин кыргыз элинин оозеки чыгармачылыгын иликтөө иштери кыйла жанданып, манас таануучулардын өзүнчө бир мууну илимге кошулду.

Болот Юнусалиевдин шакирти, филология илимдеринин доктору, профессор Шералы Жапаров устатынын илимге мамилеси кандай болгонун мындайча эскерет.

- Бир жолу агай менен дачага барып калдык. Ал жерде агай Түгөлбай Сыдыкбеков менен абдан тамашалашып сүйлөшкөн. Агай эртең менен туруп алып иштечү. Башка кишилерди түштөн кийин кабыл алчу. Ал эми мени болсо өз баласындай эле көрүп калган. Болот агай принципиалдуу, күчтүү адам.

Болот Юнусалиевдин бул дүйнөдөн өтүшү менен кыргыз тил илиминин өзүнчө бир доору аяктады, түркологиянын таанымал классигинин мыкты эмгектеринин экинчи өмүрү башталды.

Орусиялык, европалык тилчи окумуштуулардын бийик салтын улаган окумуштууга дурус дегидей шарт түзүлсө, анын жазгандарынан идеялык кынтык издеп, аягы бүтпөгөн партиялык чогулуштарга салып, андан идеялык ката издеп, такай басым-кысымдын алдында жүрбөсө, анда Болот Юнусалиев дагы көп эмгектерди жаратмак. Анткени анын илимий потенциалы бийик, илимий ишти баарынан жогору коюп, кыргыз тили менен “Манас” эпосунун фундаменталдуу проблемаларын дагы тереңдетип, тарыхый-теориялык эмгектерди жаратмак.

Улуу окумуштуунун партиялык басым-кысым алдында жараткан эмгектеринин илимий баалуулугу жыл санап артып баратат. Окумуштууга мындан артык эстелик, сый-урмат болбосо деле керек.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" интернет-редактору, журналист, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG