Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:57

“Манас" дастаны бурмаланып жатабы?


Бишкекте үлкөн окумуштуулар "Манас" эпосун жайылтуу жана аны ар кандай бурмалоолордон коргоо боюнча жыйынга чогулду.

Кыргызстандагы адабиятчы илимпоздор, чыгармачыл интеллигенция өкүлдөрү Бүбү Мариям өткөргүч болуп Жайсаң Үмөт уулунун арбагы аркылуу жазылган делген 10 томдук “Айкөл Манас” дастанын жактагандар жана аны айыптагандар болуп экиге бөлүнүп, идеялык катуу тирешүүгө өттү.

Улуу дастандын дөөлөттөрүн, нукуралыгын бурмалоого эч кимдин акысы жок, - деди “Азаттыкка” Кыргыз Республикасынын баатыры, Кыргыз эл жазуучусу Бексултан Жакиев:

- Учурда “Манасты” түшүнгөндөрү да, түшүнбөгөндөрү да беттерине кармап алып, каалагандай булгап жатат. “Манас” эпосуна чабуул мындан мурун, 1952-жылы болуп, анда Болот Юнусалиев, Түгөлбай Сыдыкбеков, Мухтар Ауэзов жана башка атактуу окумуштуулар, жазуучулар сактап калган эле. Азыр да Сагымбай менен Саякбайдын “Манасын” бурмалоо кайра башталып, кыргызды сактап келген улуу мурасыбыз бурмаланып жатат.

Чынында эле “Манас” эпосун бурмалап жатышат деген чуу эки жылдан бери уланып келатат. Бул тиреш Бүбү Мариям Муса кызы өткөргүч болду деп жазылган Жайсаң Үмөт уулунун "Айкөл Манас” аттуу чыгармасынан улам келип чыккан эле. Тагыраагы ал чыгарма элге тарагандан он жылдан ашык убакыт өткөндөн кийин айрым окумуштуулар, “Манас” изилдөөчүлөр Жайсаңды калмак, бул дастан калмактардын идеологиясын таратууда дешип сынга ала баштады.

Ал эми эпостун жаңы варианты катары “Айкөл Манас” чыгармасын асмандан же арбактан алынды деген тарап “Манас” дастанынын чыныгы түп нускасы катары сунуштап келатышат. Бирок каршылар “Айкөл Манас” улуу эпоско идеологиялык диверсия деп санап, аны окутууга таптакыр тыюу салууну талап кылууда.

23-октябрда Бишкектеги тарых музейинде өткөн конференция ушул темага арналды.

Мурдакы жыйындарда айтылган, жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланган 53 илимий-публицистикалык макала топтолуп, “Улуу Манас жана анын фальсификаторлору” аттуу жыйнак жарык көргөнүн китептин түзүүчүлөрүнүн бири Садык Алахан “Азаттыкка” айтып берди.

"Манас" бурмаланбаса...
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:39 0:00


Жыйындын катышуучуларынын көбү “жайсаңчылар” кайсы бир диний секта өңдүү ишмердик менен алектенерин, анткени булардын башын бириктирген “Кылым көчү” деген уюм “элдин башын” айланткан “сандырак китеп” чыгарган деп белгилешти. Ошондой эле алар Жайсаң Ата дегенге ант берип, чыпалагынан кан чыгарып убадалашарын, бул китепти мектеп программасына киргизүүгө аракет кылып жатышканы айтылды.

Окумуштуулар, коомдук ишмерлер эпостун бул адаттан тыш вариантынан этностор аралык тарыхый касташуу жана өч алуу, идеологиялык интервенция же диверсиянын элементтерин таап чыгууга да үлгүрүштү.

Бирок ошол эле учурда мындай катуу сынга кабылган "Айкөл Манас" чыгармасын колдогондор, аны эпостун жаңы варианты катары баалагандар да жок эмес.

Алардын бири, “Манас” изилдөөчү Гүлсара Мамбеталиеванын айтымында, Бүбү Мариямга медитациялык жол менен келип түштү делген бул чыгарма “Манас” эпосунун учур талабына ылайык берилген жаңы варианты:

- Бул дастанда мурда айтылбаган тарыхый маалыматтар, ыйык сырлар бар болгондуктан аны жерибей изилдөөгө алуубуз керек.

Конференцияга Бүбү Мариямдын чыгармасын “Манас” эпосунун жаңы варианты катары жактап келаткандар да чакырылган экен. Бирок алар жыйынга келбей коюшту.

“Айкөл Манастын” он томдугун китеп кылып чыгарган “Бийиктик” басмасынын кожоюну Жумадин Кадыровдун айтымында, Бүбү Мариямга "түштү" делип жаткан Жайсаң Үмөт уулунун дастанын бир жактуу карабоо керек жана анын жакшы жактарын да жокко чыгарууга болбойт:

- Биз окурмандарга "Айкөл Манас" дастанын таңуулаган жокпуз. Бул конференция биздин маселеге чекит коё албайт. Себеби алар бир жактуу гана пикир айтышууда. Мен чын десем биз чыгарган он томдук чын болуп калбайт. Же бирөө жалган десе жалган болуп калбайт. Бул маселени ар бир окурман өзү жеке чечиши керек.

Канткен менен “Манас” эпосунун айланасында чыккан мындай талаштын оту оңой менен жакын арада басаңдачудай көрүнбөйт. “Манаска” арналган илимий-конференцияда дастанды бурмалоого жол бербөө тууралуу атайын резолюция да кабыл алынды.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG