Линктер

шаршемби, 22-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 05:40

1937: "Эркин Тоонун" биринчи редактору О.Алиевди да жок кылышкан


Кыргыздын туңгуч “Эркин Тоо” гезити 1924-27-жылдары кыргызча арап арибинде чыгып турган.

1930-жылдары сталинчил режимдин жазалоолорунун айынан жазыксыз мерт кеткен чыгаандарга арналган "Азаттыктын" түрмөгүнүн кезектеги чыгарылышы агартуучу, журналист Осмонкул Алиев тууралуу болмокчу.

Кыргыздын туңгуч гезити “Эркин Тоонун” алгачкы саны 1924-жылы 7-ноябрда Ташкенде чыккан. Улут тилиндеги алгачкы басма сөз ал жердеги азганакай чыгармачыл топтун аракети менен жарык көрүп, алты номуру чыккан соң, редакция Бишкекке көчүп келген.

Тун гезиттин аты да бир нече ирет өзгөрүлүп, большевиктик террор күчөй баштаган чакта “Кызыл Кыргызстанга”, кийин “Советтик Кыргызстанга”, эгемендик заманда “Кыргыз туусуна” айланды.

Тун гезитти туурга кондуруу

Осмонкул Алиев “Эркин Тоонун” биринчи редактору болгон. Анын тагдыры да башка курбалдаштарындай кандуу жазалоого туш келип, 35 жашында коммунисттик бийлик тарабынан атып жок кылынган.

Осмонкул Эгембай уулу Алиев (1903-1938).
Осмонкул Эгембай уулу Алиев (1903-1938).

Осмонкул Алиев 1903-жылы Сары Өзөн Чүйдүн батыш тарабындагы азыркы Жайыл районундагы Чолок-Арык айылында төрөлгөн. 1938-жылы Бишкекте атууга кесилип, сөөгү Чоң-Ташка жашырылган.

1991-жылы июлда табылган 137 кайрандардын катарында ошол жылы 30-августта “Ата-Бейитке” сөөгү арууланып коюлган.

Каргадай кезинен билим алуу мүмкүнчүлүгүнө жетишип, орус-тузем мектебинде окуган. Кийинчерээк билим алуусун ал кездеги Олуя-Ата азыркы Тараз шаарында улантып, 1919-1922-жылдары Ташкендеги казак-кыргыз агартуу институтун бүтүргөн.

Аны аяктагандан кийин партиялык-комсомолдук иштерге аралашып, 1924-жылы Орусия коммунисттик жаштар союзунун Кыргыз облустук комитетинин биринчи катчысы кызматына көтөрүлгөн.

Ушуга улай ал кездеги облустук партиялык жетекчилердин сунушу менен жаңы чыкчу “Эркин Тоо” гезитине редакторлукка дайындалып, бул иште эки жыл, андан соң дагы бир жаңы чыкчу “Коммунист” журналына редакторлукка дайындалган.

1927-жылы Москвадагы коммунисттик университетте окуп, аны бүтүрүп келгенден кийин аткаруу бийлигинин жооптуу кызматтарында, партиялык жетекчиликке көтөрүлүп, 1937-жылы Кыргызстандын эл агартуу комиссары болуп иштеп жаткан кезинде камакка алынып, бир жылга жакын созулган адам чыдагыс кыйноолордон кийин, 1938-жылы 5-ноябрда атылган.

Миллиондогон бейкүнөө адамдарды атып жок кылуунун артында бир партиянын гана бийлигин күчтөп киргизүү максаты турганын белгилүү окмуштуу Ишенгүл Болжурова мындайча сыпаттайт.

- Биринчиден, бул коммунисттик партияга баарын баш ийдирүү. Экинчи жагынан, булар Тоо облусу деп да чыккан да. Бул борборду бираз чочулатып койгон. Буларга кичине эркиндик берип койсо башаламандык болуп кетет деген, улутчулдук деген дооматтар болгон.

Ошон үчүн өкүмзор бийлик 1930-жылдары кыргыз интеллигенциясынын маданий, чарбалык-партиялык ишмерлердин эң мыктыларынын көзүн тазалап, жалаң Москванын гана көзүн карап, ошонун айткан-дегенин илгиртпей аткарууга көнгөн кошоматчыларды калтырган.

Караколдон Ташкенге чакырылган журналист

Кыргыздын жалпы улуттук тун гезитинин редактору Осмонкул Алиев басылмага жалаң партиялык же чарбалык темадагы гана материалдарды жарыялабастан, маданий, агартуучулук багытты көздөгөн макалаларга арбын орун берген. Гезит алгачкы жылдары нукура элдик басылма катары чыккан. Анда жаңыдан бутуна туруп келаткан кыргыз мамлекетинин коомдук-саясий, маданий турмушундагы күндөлүк окуялары, жаңылыктар, көпчүлүктүн көйүндөгү маселелер козголгон.

Алгачкы гезит араб тамгаында чыккан. 24 тамгадан, ага кошулуп үч тамганын ордуна кыбачы белгиси коюлган араб алфавитин кыргыз эли 1929-жылга чейин колдонуп, андан 1940-жылга чейин латын тамгасын урунган.

1930-жылдары өзгөчө күчөгөн сталиндик репрессиялардан кийин улуттук автономиялардын текши баары бир борборго бириктирилип, Москвадан башкарылып, маданий өз алдынчалыктын бир белгиси катары чыккан алфавит маселеси да мурдагыдай ачык-айкын талкууга салынбай, 2-дүйнөлүк согуштун экинчи жылы кыргыз эли кирил жазуусуна өткөн.

Ага чейин эркиндик маанайын баарынан жогору койгон гезит аты өзгөрүлүп, “Кызыл Кыргызстан” атына көчүп, басылма “эл душмандары” менен троцкийчилерге, бухаринчилерге, улутчул-буржуазиялык “элементтерге” элдешкис сокку урган кандуу бийликтин каардуу рупоруна айланып чыга келген.

Айтылуу илимпоз, сталиндик репрессиянын азабын эки ирет тартып, опсуз азап-тозоктордон аман калган ири окумуштуу Зыяш Бектеновдун ырасташынча, “Эркин Тоо” деген атты гезитке 1924-жылы Ташкендеги кара кыргыз илим комиссиясынын мүчөлөрү Ишеналы Арабаев, Базаркул Данияров, Касым Тыныстановдор беришкен.

“Ошол илимий комиссия өз ара акылдашып отуруп, газетага «Эркин Тоо» деген атты ыйгарышып, ал кат ЦК ВКП(б)нын Орто Азия бюросу тарабынан бекилет,- деп жазат Зияш Бектенов. - «Эркин Тоо» газетасынын биринчи номуруна Ишеналы Арабаевдин «Эркин Тоо» аттуу көлөмдүү макаласы жарыяланган. Ишеналы ал макаласында газетанын атын эмне үчүн «Эркин Тоо» деп койдук деген суроого жооп берген.

Макаланын кыскача мазмуну төмөнкүдөй: Эзелтен бери кыргыз элинин Мекени – Ала-Тоо, Тянь-Шань болгон. Саргарып, зарыгып алдыдан күткөн үмүтү – эркиндик, теңдик болгон. Мына эми, кыргыз элинин көптөн күткөн эркиндиги өз колуна тийип, эрктүү автономиялуу область, өзүнчө мамлекет болуп, түтүн булатып отурат. Ошондуктан, газетанын атын «Эркин Тоо» койдук. Эми «Эркин Тоону» колуңардан чыгарбай, мунун бетине арыз-муңуңарды жазып тургула.

«Эркин Тоонун» жооптуу редакторлугуна Ташкендеги казак, кыргыз эл агартуу институтун 1923-жылы бүтүргөн Осмонкул Алиев, жооптуу катчылыгына Сыдык Карачев дайындалат. Сыдык ошого чейин Алма-Ата, Ташкен шаарларында татар жана казак тилдеринде чыгып турган «Көмөк», «Тилчи» аттуу газеталарга ыр, аңгемелерди үзбөй жазып келген белгилүү акын-жазуучу жана басма иши менен жакшы тааныш болгон.

Алгач газетада төрт гана киши иштеген: адабият кызматчылары – Кусейин Карасаев, Мустафа Акматов (акыркы экөө – Ташкенттеги казак, кыргыз эл агартуу институтунун негизги класстарынын окуучулары) болгон. «Эркин Тоо» газетасынын биринчи саны 1924-жылдын 7-ноябрында жарык көрүп, ал санга Аалы Токомбаевдин «Октябрдын келген кези» аттуу ыры басылган”.

Ошентип өз эне тилинде басма сөздүн болушуна ынтызар жаштардын аракети менен Ташкенде кыргызча гезит чыгып, анын кабарчылары ал жерде окуган студенттер менен тунгуч кыргыз акын-жазуучулары болушкан. Бул иштин башында Осмонкул Алиев (1903-1938) турган.

Анын кыргыз басма сөзүнүн жаралышы, телчигиш, өнүгүшүнө кошкон салымын белгилүү публистчи, журналист Мундузбек Тентимишов мындайча белгилейт.

- 1924-жылы Түркстан автономиясы өз алдынча республикаларга бөлүнө баштаган чакта кыргыз автоном облусу түзүлүп атпайбы. Анан ошондо өзүнчө гезит чыгаруу маселеси көтөрүлүп, Түрк бюронун алдындагы комитет Осмонкул Алиевди редактор кылып дайындоону чечет да бул киши “Эркин Тоонун” 1-санына кол коёт. Гезит абдан кыйынчылык менен чыккан. Ал кезде кыргыздын гезити тургай китеби, алфавити жок кез болчу. Бирок ошондо эле татарча, казакча гезиттер чыгып турган экен, мына ошонун үлгүсүнө салып “Эркин Тоону” чыгарышкан. “Эркин Тоо” деген атты Ишеналы Арабаев койгон экен.

Ошол Ишеналы Арабаев, Осмонкул Алиев, Сыдык Карачев, Кусейин Карасаев, Мустафа Акматов деген аталар ошол алгачкы гезитти чыгарышкан.

Осмонкул Алиев абдан уюштургуч киши болгон экен. Журналист кадрларды, жазганга тажрыйбалуу жазгычтар жок деп Сыдык Карачевди атайын Караколдон алдырган. Корректор болуп берсин деп Ташкенде окуп жүргөн Мустафа Акматовду алдырат. Ошол жерде агартуу окуу жайында окуп жүргөн Кусейин Карасаевди бул ишке тартат. Ташкенде окуп жүргөн кыргыз интеллигенттерине атайын тапшырма берип жаздырган.

Ал кезде редакторлор бат-бат эле алмашылып турган. Алардын негизги иштери башка жерде болгон. Партиялык, комсомолдук, советтик кызматкерлер болушкан. Ошол эле кезде редактор да болушкан.

Осмонкул Алиев “Эркин Тоого” 1924-жылдан 1926-жылга чейин алты жолу редактор болгон киши. Ал Сыр-Дарыяда, Ташкенде иштеген. Кийин Москвага барып коммунисттик университеттен билим алган.

1930 – 31-жылы Кыргызстандын эл агартуу комиссары болгон, Борбордук комитетте иштеген. Бул кишинин болгон күнөөсү – Жусуп Абдыракмановдун шакирттеринин бири болгон, жанында жүргөн. 1923-жылдан тартып "Социал-туран партиясына мүчө болгон" деген айып менен 1938-жылы атылып кеткен.

Баштооч гезит университеттин, академиянын милдетин аткарган. Осмонкул Алиевдун бул иште эмгеги зор.

Жок партиянын жоопкерчилигин тарткандар

Ошентип, 1930-жылдары Осмонкул Алиевге да улутчул, Социал-туран партиясына мүчө болгон деген айып коюлган. Социал-туран партиясынын контрреволюциялык ишине баа берип, анын жетекчилерин эркинен ажыратуу 1934-жылы башталган.

А. Сыдыков, Солтоноев, С. Курманов, Т. Сопиев жана башкалар ошол кезде эле алды он жылга, арты беш жылга эркинен ажыратылып, алыскы Сибирге сүргүнгө жиберилген, бир өкүлү атууга өкүм кылынган. Социал-туран партиясынын үстүнөн болгон биринчи саясий репрессия ошону менен эле токтолуп калбастан, 1937–38-жылдары камакка алынган жетекчилердин баарына эң оор жаза - атууга өкүм кылынган. Осмонкул Алиевге аскердик төңкөрүш жасоого аракеттенген деп айып коюлган.

“Баарына куру жалаа жаап, айгак чыгышып, баарын атууга кетиришти. ОГПУ менен НКВДнын жазалоо органдарынын 30-жылдары тикелей же кыйыр, негиздүү же негизсиз кандуу жазага кириптер кылган иштеринин баары кайсы бир деңгээлде Социал-туран партиясы менен байланыштуу болгон”, - деп жазат тарыхчы С. Плоских партия тарыхына арналган эмгегинде.

(Айтмакчы, аталган тарыхчыны чекисттер жок жерден ойлоп тапкан партияны бар болчу деп жоромол кылганы үчүн башка пост-советтик тарыхчылар сынга алып чыгышты).

Аты аталган, заты жок партияга байлап коммунисттер өз катарынан эчендеген кесиптештерин төбө чачты тик тургузар айыптарды коюп, аларга актанууга эч бир мүмкүндүк бербей жок кылышты.

Ошону менен партия ичиндеги пикир алышуу, жүйөөгө жүйөө, аргументке каршы аргумент коюп, маселени дискуссия аркылуу чечүүгө бөгөт коюлду, болшевиктик партия ичиндеги демократия жоголуп, анын ордуна демагогия, курулай ураан, реалдуу турмуштан атчабым алыс программалар, максат-милдеттер коюлуп, алардын баары аягында келип коммунисттик партиянын ичтен ыдырашына, ал башкарган империянын тарых тактысынан шыпырылып түшүшүнө алып келди.

КПССтин программалык максаты ишке ашканда, анда совет эли 1980-жылдары "коммунизмде жашап" калышмак. А бирок ал утопияны “кайра куруу” жүрүмү да сактай албастан, ал майнапсыз реформа аракетинин соңунда СССР өлкөсү ичтен ыдырады да, коммунизмди бир өлкөдө куруу жөнүндөгү лениндик утопиялык идея биротоло жокко чыгарылды.

Окумуштуулардын ырасташынча, сталиндик атып жоготуулардын абдан күчөгөн кези 1937–38-жылдарга туура келген. Жалпы СССР боюнча эки жыл ичинде 7 миллионго жакын адам камакка алынып, анын 1 миллиондон ашууну атып өлтүрүлгөн.

Большевиктер репрессиясынын натыйжасында партияга революцияга чейин, анын алгачкы жылдарында мүчө болуп киргендердин 80% жок кылынган. Кандуу жазалоонун капканына 1920-жылдан 1953-жылга чейин 40 миллион ашуун адам кабылып, анын 7 миллиону 1935-жылдан 1941-жылга чейин атып өлтүрүлгөн.

Калкынын саны миллионго жетпеген Кыргызстандын өзүнөн эле 40 миң адамдын (эң биринчи кезекте - жигердүү айдыңдардын) жок кылынышы массалык кырып-жоюунун масштабдуу жүрүшүнөн кабар берет.

Кыргызстандык алгачкы муун интеллигенцияны кырып-жойгон мына ошол канды-булоонго туш келгендерге коюлганы деле белгилүү болчу. Баарына тең буржуазиялык улутчулдук, анан аты бар, өзү жок кайсы бир Социал-туран партиясына мүчө болгон деген жалаа жабылган.

Ишти кылдат тергөө айыпкердин актыгын же күнөөсүн далилдеген жүйөөсү жок, адам чыдагыс азап-тозокторду көрсөтүп, кыйнап, болбогон күнөөнү болду деп мойнуна алдырып, кыргыздын эчен мыкты азаматтарын атып тынышкан.

Чыныгы канды-булоон мына ушул 1937-38-жылдары жетер чегине жеткен. Совет бийлигинин нака жүзүн ачкан массалык репрессиянын жаалы кийинчерээк азыноолок кайтып, бирок да система өзүнө каршы чыккандарды, өз алдынча ойлонгондорду дайыма өзүнө душман көрүп, куугунтукка алып, камаганын камап, атканын атып, кийинчерээк эл аралык кысым-басымдан чочулап, орусиялык белгилүү диссиденттерди чет өлкөгө чыгаруу менен алектенип келди. Коммунисттик система баарына кыңк этпей баш ийген, каш кайтарууга жарабагандарды гана жактырган.

Осмонкул Алиев да мына ошол массалык курмандыктардын бири болуп атылып, сөөгү кайсы жерге жашырылганы арадан жарым кылым өткөндөн кийин ачыкка чыгып, Кыргызстан эгемендик алган жылдары толук акталды.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" интернет-редактору, журналист, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG