Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:47

Заманисттердин көз жашы


Калыгул Бай уулу (1785-1855). Сүрөт Кыргыз тарыхы энциклопедиядан алынды.
Калыгул Бай уулу (1785-1855). Сүрөт Кыргыз тарыхы энциклопедиядан алынды.
Биздин улуттук тарыхыбыздагы, руханий өнүгүүбүздөгү азыркыга чейин татыктуу баасын албай, мааниси аягына чейин ачылбай келаткан бир чоң этап - заманизм деген ат менен белгилүү болгон этап деп айтсак адилеттүүлүк болот го. Совет доорунда «заманисттер» дегенде кайнаса каны кошулбаган идеялык душмандарды, «реакционерлерди», «эски замандын саркындыларын» ж.б. деп түшүнүп жүрдүк. Алардын чыгармаларын окуп түшүнүү тургай, аттарын да атоо опурталдуу болгон убактар өттү. Ошондуктан заманизм же заманчылар деген эмне экенин, качан жана кантип пайда болгонун, тарыхый маанисин билиш үчүн аз да болсо тарыхка кылчая кетүүгө туура келет.
Заманизм өзүнчө бир саясий-идеологиялык көз караш, агым катары кыргыз тарыхында ХIХ кылымдын биринчи жарымында түптөлө баштаган. Ал эми ХIХ кылым биздин тарыхыбыздагы кандай оор жана татаал, кандай кыйчалыш кылым болгонун көпчүлүгүбүз жакшы билебиз. Бул кылымда кыргыз эли эки бийликтин - Кокон хандыгы менен Орус империясынын ортосунда далайга чайналды. Ырас, Кокон хандыгы биринчи кезекте кыргыздардын жардамы менен кыйрап жок болду, бирок анын ордуна орус колониализми орноп, акыры улуттук көз карандысыздыктан ажырадык, ошентип өз жерибизге өзүбүз ээ болбой калдык.

Ошол оомолуу-төкмөлүү ХIХ кылымдын биринчи жарымында эл келечегин ойлоп зарлап, алда кандай турмушка туш болобуз деп кооптонгон, алдуу да, азуулуу да орус бийлиги жер-суубуздан ажыратабы, кыргыздар өз жеринде өгөй болобу деп чочулаган акылмандар менен олуялар, акындар жана төкмөлөр чыкты. Башта эч качан угуп-билип көрбөгөн жаңы турмуштун келишин атактуу Калыгул олуя чын эле олуялык кылып:
Биз жашаган - тар заман,
Кийин келээр - зар заман­ - деп эң биринчилерден болуп айтты. Ошол эле Калыгул эски заман бүтүп, алда кандай жаңы заман келатканын, бирок жаңы заманда эл өзгөрөөрүн, «уй пул болоорун, кул бий болоорун, тоо токол болуп, талаа токойго айланаарын» алдын ала айтты. Кийинчерээк “тар заман” деген сөз “зар заман” деген сөз менен алмашылып, ал гана эмес кийин “акыр заман” деген сөз активдүү колдонгон туруктуу поэтикалык фигурага айланды. Келечек заманга, тарыхка болгон бул пессимисттик, эсхатологиялык көз караш Арстанбек, Молдо Нияз, Токтогул, Молдо Кылыч, Алдаш Молдо, Молдо Казыбек, кийинчерээк Молдо Ысак (Ысак Шайбеков) сыяктуу акындардын, анын ичинде жазгыч акындардын чыгармаларында андан ары уланды. Натыйжада кыргыз тарыхындагы бүтүндөй бир идеялык жана философиялык агым - заманизм агымы пайда болгон.
Тамшанткан, такылдаткан, таң калтырган,
Кийиктей эркин өскөн элиң кандай,
Бакыттуу бир күнсүң го түштөгүдөй,
Кайгысыз, убайымсыз ыр ырдаган,- деп кийинчерээк Касым Тыныстанов жазып чыккандай, илгертен келаткан ээн-эркин турмуш акыры аягына чыгып, башкаларга, атап айтканда “өңү сары, көзү көк” орустарга күнкор болуу азабы алдыда тургандыгын Калыгул менен Арстанбек башында турган заманисттер зор арман жана кайгы менен айтып чыгышкан.
Заманизм өзүнчө бир саясий-идеологиялык көз караш катары Орто Азиянын бир катар элдеринде да орун алганын баса белгилей кетели. Ал эми кыргыз элинде Калыгул олуя менен Арстанбек ак таңдай, анын соңунан тоо булбулу Токтогул, Молдо Нияз, Молдо Кылыч, Алдаш Молдо сыяктуу жазгыч акындар доор кай жакты көздөй бет алып, эл кай жакты көздөй сүрдүгүп баратканын өз чыгармаларында бул же тигил деңгээлде чагылдырышты.

Заманисттердин саясий көз караштары, идеологиясы кандай эле, эмнени жактап, кайсы көрүнүшкө каршы күрөшкөн деген суроо туулат. Кыскача айтсак, жооп мындай: заманчылардын дээрлик көпчүлүгү колониализмдин ар кандай формасына каршы турган, кыргыз жерине жат адамдардын, өзгө диндин жана маданияттардын келишин туура көрбөгөн, гомогендүү маданий өнүгүүнү жан дили менен жактаган адамдар болгон. Орус бийлигинин келишине, тили башка, дини башка элдердин кыргыз жерин капташына каршы болушса да, буга бөгөт боло турган эч бир күч жок экенин билген заманчылардын чыгармалары трагикалык мазмунга сугарылып, эсхатологиялык түргө ээ болгон.

Кыргыз заманчылары тууралуу сөз кылганда алардын атуулдук ачык позициясын, оюн ар дайым жашырбай айткан батылдыгын баса белгилешибиз керек. Алардын тарыхый сабагы, гуманисттик көз караштары азыр да сый-урмат менен айтууга арзыйт. Ушул жагынан караганда өз көз караштарын ачык айтып, ал үчүн нечен азаптарды тарткан кыргыз заманисттерин эң алгачкы кыргыз интеллигенттери десек адилеттик болооор эле.

Бирок кыргыз заманчылары тууралуу кеп кылып жатып, аларды өңчөй эле жаңы нерселерден жаа бою качкан консерваторлор, улуттук прогрессти эмес, улуттук изоляционизмди жактаган реакционерлер катары караган таптакыр туура эмес. Заманисттер колониализмге каршы катуу турганы менен турмуштагы жаңылыктарга да оң көз менен караган, ошол эле орус мадниятынын оң жактарын да калыстык менен белгилешкен. Айрымдары ошону үйрөнүүгө, туура кабылдоого, өздөштүрүүгө чакырган. Ошондуктан кыргыз заманизминин тарыхын конфликт, болгондо да катуу конфликт, ошону менен бирге тарыхый компромисс катары баалоо туура деп эсептесе болот.

Кыргыз заманизминин улуттук тарыхыбыздагы маани-маңызын түшүнүү үчүн атактуу англис тарыхчысы жана ойчулу Арнольд Тойнбинин бир пикирин эскере кетүү орундуу. Тойнби төл маданият менен өзгө маданияттын жолугушуусу, же бет келиши ар дайым драмалуу таризде өтүп, адегенде коркуу, чочулоо менен коштолуп, бирок акыры маданий жакындашуунун пайдасын түшүнүү болоорун, конфликт акыр аягында диалог, компромисс менен аяктаарын белгилеген. Бул көрүнүш бардык элдердин руханий турмушунда, анын ичинде эң эле өнүккөн деген маданияттарда да ар дайым орун алаарын, тарыхый прогресс ошентип ишке ашаарын англис тарыхчысы абдан ишенимдүү далилдер менен ачып көрсөткөн.

Чынында эле Калыгул менен Арстанбек, Нурмолдо менен Молдо Нияз, Молдо Кылыч менен Алдаш Молдо колониалдык доордун келишин зор кайгы, улуттук үзүлүш, качып кутулууга болбой турган оор тагдыр катары карашса да, ошол эле Молдо Кылыч орустардан да көп нерсени үйрөнүү керектигин айткан:

Сарт, ногойдун баарысы,
Шаар куруп, там салды.
Ойлосоңуз мынабу
Орус, кытай тууганды.
Чарбак куруп, бак тигип,
Калың терек, тал кылды.
Кызыл терек булуну,
Кымбат кылып, мал кылды ж.б.

Ал эми орустарга каршы сөзү менен эле эмес, иши менен, башкача айтканда 1898-жылдагы Анжиян көтөрүлүшүнө түздөн-түз катышуусу менен каршы турган Токтогул биринчи болуп “Айдалып кетип болуштан, Тууган таптым орустан” деген сөздү айткан.

Азыркы эгемен Кыргызстандын шартында жашап жатып, дээрлик бир жарым кылым башта жашап өткөн кыргыз заманчылары тууралуу эмне айтууга болоор эле? Биринчиден, заманисттер жалпы элдин маанайын, ойлогон оюн, кооптонуусу менен чочулоосун ачык чагылдырган патриот адамдар болгон. Экинчиден, жаңы заманда жок болуп кетпеш үчүн, кор болуп, азап чекпеш үчүн китеп билип, сабаттуу болуп, тил үйрөнүп гана элди-жерди сактап калууга болоорун эң биринчилерден болуп билген жана туйган заманчылар болгон. Ошолордун таасири менен эл илим менен билимге умтулуп, анын натыйжасында жаңы - Агартуучулар агымы тарыхка келген.

Ошондуктан кыргыз заманизмин тарыхыбыздагы маанилүү жана мыйзам ченемдүү көрүнүш, аттары эч качан өчпөй турган тарыхый этап катары карашыбыз керек. Башкача айтканда, орус колониализми заман агымынын жаралышына себеп болду, ал эми заманисттер Белек Солтоноев менен Осмоналы Сыдык уулу, Ишеналы Арабаев жана Касым Тыныстанов баштаган Агартуучулар доорунун жерпайын түздү.

Ошолордун жолун жолдоп, насаатын угуп отуруп, элибиз бара-бара илим-билимдин сересине жетти, ХХ кылымда улуттук Кайра Жаралуу доорун баштан кечирдик.

XS
SM
MD
LG