Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:46

Кыргыз адабияты: улуу көчтүн уланышы


Бишкектеги кыргыз китеп дүкөнү.
Бишкектеги кыргыз китеп дүкөнү.

Пост-советтик Кыргызстанда ар жылы 12-декабрда белгилене баштаган "Кыргыз адабиятынын күнүнө" арналган адабият таануу сереби.

Кыргыз адабиятынын күнүн белгилөө салты Кыргызстан эгемендик алгандан кийин жайылды. 12-декабрда кыргыз адабиятынын айтылуу классиги Алыкул Осмонов актыкка моюн сунуп, так ушул күнү доорубуздун улуу сүрөткери Чыңгыз Айтматов жарык дүйнөгө келген. Улут адабиятыбыздын өнүгүш тарыхынын эки учурун аныктап турган кош залкардын бир күнү көркөм сөз майрамы катары белгиленишинин ушундай символикалык маани-жайы бар.

Келер-кетер дүйнө

Алыкул Осмонов менен Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын билбеген кыргыз баласы жок деле болуш керек. Бул эки улуу сүрөткер менен окурман журту мектеп партасынан таанышып, эрезеге жеткенче алар жаратып кеткен көркөм дөөлөттөрдү аңдап-билүү аракетинде болот.

Ал эми улут көркөм сөз өнөрүнүн көгөрүп-көктөп чыгышы жоон топ сүрөткерлердин аракетине көз каранды. Кайталангыс таланттар жараткан гана көркөм дүйнө сөз өнөрүн сандык жана сапаттык жагынан байытып, адабий жүрүмдүн (процесстин) өнүгүү деңгээлин аныктайт.

Бул жагынан алганда Алыкул Осмонов менен Чыңгыз Айтматов феноменинин ортосунда орток жалпылык жана олуттуу дегидей өзгөчөлүк жатат. Алыкул Осмонов улут адабиятынын калыптануу, телчигүү доорунун, сапаттык жаңылануунун айныксыз бедели болсо, Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы кыргыз совет адабияты улуттук чектелүүдөн чыгып дүйнөлүк көркөм сөз казынасына кошулуу, адамзаттын рухий баалуулуктарына кыргыз баласынын ат көтөргүс салымы катары сыпаттасак болот. Айтматов - дүйнөлүк окурман журтунун алдына тоолор менен талаалардын кайталангыс сүрөтүн тартып берген ажайып сүрөткер, анын каламынан чыккан чыгармалардын көбү ушул азыр да окурмандарды таңдандырууда.

Эгемендикти ээрчий келген кризистик абал ушу кезге чейин кыргыз адабиятын бучкактап артынан калбай келатат. Анын үстүнө кыргызча чыккан китептердин окурмандары азайып, жаңы муун жапырт дегидей интернет мейкинине ооп кетти, дегеле көркөм адабияттын коомдук таасири азаюуда.

Жаңы муундагы окурмандардын көбү дүйнөлүк лөк тилдерге, миллиард калк сүйлөшчү тилдерде чыккан маалыматтарга ооп, базар мамилеси шартындагы атаандаштыктан кыргыз тили, кыргыз адабияты көбүрөөк жабыркап жаткан чагы. Негизи эле социализм заманында азыноолак калыптанып калган китеп окуу салтын жоготпой сактап калуу, кыргыз тилинде өрнөктүү текст жаратуу, окурмандардын эстетикалык табитин тарбиялоо сындуу актуалдуу деп эсептелген максат-милдеттер ушу тапта да өтүмдүү.

Акын Алыкул Осмонов.
Акын Алыкул Осмонов.

Кыргыз совет адабияты социализм заманынын камчысын чаап, кызыкчылыгын алдыга сүрөгөн көркөм форма болчу. Эми андагы нукура көркөм баалуулуктарды коммунисттик идеологиялык “чапанынан” ажыратып, эстетикалык ажарына көңүл бурулушу керек. Мындай аракет буга чейин эле жасалып, сапырылган сөз саманынан кызыл данын ажыратып алуу милдети турган.

Бул иш ийгиликтүү жүзөгө ашса көркөм адабияттын коомдук маани-мазмуну кыйла жогорулап, сөз өнөрүнүн жоопкерчилиги көтөрүлмөк. Албетте, кыргыз совет адабиятынын жаралыш, калыптаныш кезинде коммунисттик идеологиянын өктөм талабы айкүрүнөн коюлуп, адабияттын көркөм баалуулугу, эстетикалык “эн-тамгасы” унутта калган.

Андан да өкүнүчтүүсү, көркөм сөз өнөрүнүн башында турган сүрөткерлердин бир тобу, жаңы коомду жан дили менен жактырып, ага колунан келишинче жардам көрсөтүүгө, кол кабыш кылууга аракеттенген жигердүү калемгерлер куугунтукка кабылып, жок кылынган.

Касым Тыныстанов
Касым Тыныстанов

Мына, алардын толук эмес тизмеси: Касым Тыныстанов, Сыдык Карачев, Токчоро Жолдошев, Сатыбалды Нааматов, Шарип Көкөнов, Байсерке Калпаков, Ташым Байжиев, Тазабек Саманчин...

Система жаңы муундагы сүрөткерлерди жок кылганы аз келгенсип, алардын аттарынын аталышына, чыгармаларынын жарыяланышына тыюу салган.

Мунун натыйжасында кыргыз совет адабиятынын тарыхы кыйла жылдар үстүрт, бир жактуу сыпатталып, андагы карама-каршылыктуу процесстер эсепке алынбай, улут көркөм сөз өнөрүнүн өнүгүшү азыноолок гана чыгармачылык топтун аракетине байланыштуу сыпатталып калчу.

Кыргыз акын-жазуучулар тобу.
Кыргыз акын-жазуучулар тобу.

Арийне, сталиндик кандуу жазалоонун капшабына өзүн коммунисттик идеологиянын жоокери деп эсептеген Аалы Токомбаев менен кара сөз чебери Касымалы Баялинов, жалындуу акын Жоомарт Бөкөнбаев да кабылып, кыйлага чейин куугунтукта жүрүшкөн. Аалы Токомбаевдин сталиндик абакта эскерген айрым саптары үчүн “Момия” китеби тээ 1970-жылдары сатыктан алынып жок кылынган.

Белгилүү адабиятчы Искендербек Жумабаевдин баамында, большевиктик бийлик жазалоонун конвейердик системасын таап алган.

- Тап күрөшү совет бийлигине кызмат кылган адамдарга каршы багытталган. Чын дилден кызмат кылып аткандарды тегине карап камай беришкен. Биринчи муундагы агартуучулардын, жазуучулардын көбү репрессия болушкан. Анткени жанагы машина 30-жылдардан тартып күчөгөн. Маселен, “Ажарга” карата деле ошондой сөздөр айтылган. "Эмне үчүн элди көтөрүлүшкө баштап чыккан байлар?" дешкен. Кедейлер ичинен, азыркы тил менен айтканда, “лидерлер” чыккан эмес да.

“Калем – ок, калем – найза...”

Ошондон көркөм сөз өнөрү идеологияны гана алдыга сүрөй турган ыктуу форма, партиялык иштин айныксыз бөлүгү, саясий күрөштүн куралы катары эсептелген, “калем – ок, калем – найзага” айланып, сөздүн эстетикалык кунары кеткен.

"Ата Бейит" эскерүү жайындагы сталинизм курмандыктарынын эстелиги.
"Ата Бейит" эскерүү жайындагы сталинизм курмандыктарынын эстелиги.

​А бирок сталиндик кандуу жазалоонун аягы азыноолок сээлдей баштаганда кыргыз совет адабиятынын айдыңында Чыңгыз Айтматов сындуу кайталангыс улуу сүрөткер жарк этип чыккан. Анын чыгармалары аркылуу жамы дүйнө ХХ кылымдын татаал карама-каршылыктарынын чок ортосунда калган адамдын жашоо-турмушун, ой-кыялын, улуттук каада-салтын, кубанычы менен кайгысын, жыргалы менен азабын билди.

Жазуучунун учкул кыялынан жаралган дүйнөдө жер менен космос, чөл менен мухит, токой менен талаа, адам баласынын байыркы тарыхы менен азыркы учуру, келечеги биригип, карама-каршылыктуу кылымга туш келген пенде баласынын күлүк санаасы чабыттаган акыл-ой, туюму окуган адамды арбап, айланасында болуп аткандарга абай салып, терең ойлонууга түртөт.

Чыңгыз Айтматов өткөн кылым адабияты жетишкен баяндоо формаларынын бай мүмкүнчүлүктөрүн ыктуу пайдаланды, сыйкырдуу реализм, катаал реализм, романтизм, көркөм ойду ачыш үчүн миф, фантастика, аңыз кеп, жомок сындуу архаикалык деп элдик оозеки чыгармачылыктын энчисине өткөрүп койгондорун да жаңыртып, баяндоонун формаларын байытты, батыл чыгармачылык эксперименттерди жасады.

Ошондон анын колхоздун эгинин поюз жолго ташыган араба жолу, казак талаасынан катар-катар учкан космостук ракеталардын жер шарын каптап койчу “шириси”, суук деңизде бир ууртам суу көзүнөн учкан нивх аңчыларынын Кириск баланы сактап калыш үчүн кайыкты таштап акка моюн сунушу, акыл-эсинен ажырап өткөнүн унутуп калган маңкурттун трагедиясы жамы дүйнөдө жаңырыктарды туудуруп, акыл-эстен ажыраган адамдын энчилүү атына айланды.

Чыңгыз Айтматовдун каламынан чыккан чыгармалардын текши баары коомдук жаңырыктарды жаратып, окурман журтунун жарпын жазып, көркөм сөздүн таасирин арттырып келди.

Көркөм адабияттын өнүгүшү өкүмзор коомдо деле токтолбостугун, атүгүл анын эң мыкты үлгүлөрү кыйын кезеңде жараларын Чыңгыз Айтматов баш болгон кыргыз жазуучуларынын ондогон мыкты чыгармалары айгинелеп бере алат.

Мына, мезгили келген экен, адабиятка камкордук кылган саясий система кулап, чыгармачылык эркиндикке жол ачылды. Кыргыз адабияты эгемендиктин чейрек кылымга жакын убактысында кандай кыйынчылыктарга, оорчулуктарга кабылганын айтып отурса сөз узарып кетчүдөй.

Кыргыз эл жазуучусу Мар Байжиевдин пикиринде, жазуучулук өнөргө бел байлаган адамда сүрөткердик чынчылдык болушу керек. Бул кайсы бир системага же башка жагдайларга көз каранды болбой турган нерсе.

- Көрүнгөн киши эле жазуучу боло бербейт. Айрыкча проза менен драматургияга келгенде. Акындар чыга берет, алар жатып алып эле эргий беришет. Чүмкөнүп жатып алып деле ыр жаза беришет. “Көргөн-билгеними элге айтпасам бул кандайча?” дейт. Мына азыр экономикалык бир балакет болуп кетти. Акча-тыйын деген жалмаңдап, жанын жеп атпайбы. Биз башка турмушту көрүп калганбыз. Кандай гана ачка болбойбу, ар-намысты бийик сактачубуз. Ачка, жылаңайлак жүрсөк да абийирдүү элек. Мушташсак да таш менен урчу эмеспиз, бычакташчу эмеспиз. Анткени "жигит деген ушундай болуш керек" деген түшүнүгүбүз бар болчу. Бизге согуш да чоң таасир этти.

Адабиятта даяр жол жок

Жаңы доор, жаңы заманга туш келген улут адабиятынын бүгүнкүсү тууралуу кеп кылганда ириде өнүккөн адабий салты бар, кийинки муун калемгерлерге жетишердик тажрыйба, өбөлгө түзчү улуттук көркөм сөз өнөрү бардыгын эске алышы абзел. Мезгил сүрөткердин ким экенин иргеп, адабият тарыхында алчу ордун аныктап, нукура таланттын өзүнчөлүгүн аныктап коёт экен.

Мына ушул катарга Аалы Токомбаев, Түгөлбай Сыдыкбеков, Мидин Алыбаев, Алыкул Осмонов, Төлөгөн Касымбеков, Сүйүнбай Эралиев, Байдылда Сарногоев, Омор Султанов, Мар Байжиев, Бексултан Жакиев, Салижан Жигитов, Рамис Рыскулов, Ашым Жакыпбеков, Турар Кожомбердиев, Жолон Мамытов, Мурза Гапаров, Кубатбек Жусубалиев, Кеңеш Жусупов, Сагын Акматбекова, Казат Акматов, Анатай Өмүрканов, Шайлообек Дүйшеев дагы башка биртоп жазуучу акындарды кошууга болот.

Жазуучунун милдети - өзү жашаган коомду көркөм ачып берүү. Сүрөткер менен коомдун мамилеси тууралуу пикирин сурап Кыргыз эл жазуучусу Мелис Абакировду кепке тарттык:

- Ар бир жаңы доор, жаңы заман бул башка системага өтүүнүн доору болот. Ал эми жаңыга баарысы, анын ичинде адабиятчылар, жазуучулар дайым эле даяр эмес. Мынабу биздин система - таптакыр жаңы система, жаңы доор. Мурдагы системалар алмашты. Биздин мээбизге сиңген идеология таптакыр курчап, бизди “тушап” алган. Биз андан эмгиче чыга элекпиз. “Мен демократмын, жаңы заманга жаңыча жазам” деген жазуучу болсо - бул апырткандык эле. Эски идеологиядан кутулуу өтө оор. Жазуучу каалайбы-каалабайбы, кайсы бир системанын идеологу болот. Коммунисттикпи, капиталисттикпи, демократиянынбы, бирөөнүн идеологу болот. Системанын идеологиясы мээбизге аябай сиңген, биз партиянын аскери болчубуз. Анан биз азыркы заманды кантип чагылдыра алабыз?

Азыркы кыргыз адабияты опсуз көбөйгөн маалымат заманында окурман журтун өзүнө тартуу менен алек. Жазуучу аталыш, китеп чыгарыш жөнөкөй ишке айланып, сүрөткерлер ушу тапта өз арбайын өздөрү согуп калышкан чагы. Мындайда көркөм адабий процесстин ак-карасын иргеп турчу адабий сындын үнү бекем чыгып турушу керек эле.

Эмнеликтен “кыймылдагы эстетиканын” үнү чыкпай калганын айтылуу сынчы Кадыркул Даутов мындай жагдайларга байланыштуу түшүндүрөт:

- Бир учурда "кандидат, доктор болдум" дегендер – баары жазып киришкен. Көрсө, доктор болсо болот экен, кандидат болсо болот экен, бирок чыныгы сынчы болуш – бул таптакыр башка дүйнө экен. Башка шарт керек экен.

Кадыркул Даутов.
Кадыркул Даутов.

Кыргыз адабиятын жайылтуу, анын мыкты үлгүлөрүн окурмандарга жеткирүү машакатын өзүнө алып, сайт ачып, кыргыз жазуучуларынын китептеринин электрондук варианттарын түзүү жумуштары кийинки кездери кыйла жанданып баратат. Мындан улам улуттук көркөм сөз өнөрүнүн эртеңкиси бүдөмүк тартпай, заман талабына жараша жаңы формага көчүп, артта калбоонун аргасында.

Бул жүрүм мындан ары кыйла жанданып, улуттук адабият элибиздин рухий жашоосундагы өз ордун табат болуш керек деген көңүл ток болжол менен бүгүнкү сөзүбүздү жыйынтыктасак.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG