Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:02

Акбаров: Жараткан баарына тең мамиле кылат


Бишкек
Бишкек

Кыргызстанда интернеттеги коомдук тармактарда өлкөдөгү дин ишеними эркиндиги жана улуттук асыл-нарктар тууралуу кызуу жүрүп жаткан талкууга акын Атантай Акбаров блогу аркылуу өз үнүн кошот.

Айтылуу куудул, актер Күмөндөр Абылов: “Кыргыз мамлекетин, кыргыз улутун сактоо үчүн улуттук белгилерибизди, салт-санаабызды, ар-намысыбызды сактайлы. “Тушоо кесүү – бул ширк (күнөө) деп... ашыкча эле диний фанат боло бербейли,” - дегендей атуулдук ой айтып чыкты.

Куудул Күмөндөр Абылов. 10.3.2015.
Куудул Күмөндөр Абылов. 10.3.2015.

Өлкөдөгү айрым ашынган динчилер ага каршы жапырт чабуул коюп, Карыбек Байбосунов агабыз сыяктуу айрым атуулдар гана жөнбилги оюн айтып, сабырдуулукка үндөдү.

Эми, жөнөкөйлөтүп айтканда, алма алма бойдон, өрүк өрүк бойдон эле калышы керек. Анткени Алла Таалам аларды ошондой жараткан. Анын сыңары, араб араб бойдон, кыргыз кыргыз бойдон калышы керек. Анткени, Кудай ошондой жараткан. Эмесе, эгер кыргыздар араб болушу зарыл болсо, анда Жараткан-Эгем пенделерди минтип тытыштырбай эле кыргыздардын баарын араб кылып жаратып коймок. Демек, Алланын амирин бузууга болбойт.

Кыргызды арабдын артынан ээрчитүү, анын кийимин, салтын тутууга үндөө деген - бул өзү Аллага тикелей каршы чыгуу, тагыраак айтканда, тозоку иш! Анын үстүнө куру далбаса нерсе.

Маселен, совет маалында деле айрым кыргыздар орус болуп кетели деп аракеттенип, бирок орус боло алган жок. Анткени, андай өз улутун тангандар орустарга кереги жок экен. Бүгүн кыргызды сатса, эртең алар орусту да сатып кете берет дешкен. Ошон үчүн алардын далайы оруска кабыл алынбай, “киргиз” гана болуп калышты.

Руханий өксүктү динден издеген кыздар
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:41 0:00

Азыр араб болуп кетели деп далбас ургандар деле эртең араб боло алышпайт, арабдар аларды кабыл алышпайт да, араб эмес - “арабөк” болуп калышат.

Чыныгы мусулман болуш үчүн өз улутун жерип, талкалоонун эч зарылдыгы жок. Өз улутун танбай эле мусулман болуп жүргөндөр көп.

Кыргызстан сууга бай. Адам денесинин да 80 пайызы суудан турат. Эгер чөлдүктөрдүн Кыргызстанга Араб халифатын куруу ниети болсо, демек, алар Кыргызстанды диний фанаттар аркылуу талкалоону көздөшөт. Бирок бул ой ишке ашпайт! Кыргыздар унчукпай момун көрүнүп турганы менен эл-жерин сактап калуу маселесине келгенде эч нерседен кайра тартышпайт!

Анан да ашынган динчилер улам жаңыла бербеши үчүн Алланын өзү тууралуу да айта кетели. Алла – бул адам эмес, ал бүткүл он сегиз миң ааламды жана адамзатты жараткан Улуу Жаратуучу!

Алла - бул Кудай! Ал - Теңир. Орус христиандар айтмакчы - Бог! Пенделер аны өздөрүнө окшоштуруп алышып (атүгүл араб кийимчен, муруту жок сакалчан ж.б. элестетип), терең жаңылып жатышат. Негизи Куранды баш кылып диний китептерди деле кайрадан барактап көрсөңүздөр болот. “Алла – Улуу зат” деп турат. Демек, ал пенде эмес. Анын улуту да, ата-энеси да, үй-бүлөсү да жок. Эгер ал пенде болсо небак өлөт эле. Ал - түбөлүктүү!

Чынында, жөнү жок жажалай берген дөдөйлөрдүн зыяны исламга көбүрөөк тиет. Ары жагы Караханийлер сулалесинен (династиясынан) бери көптөгөн бабаларыбыз мусулман болгондуктан жана исламдын жакшы жактарын эске алып, анан диний ажырымдарды болтурбаш үчүн исламдын ханафий агымына артыкчылык берүү зарыл.

Ал эми динге жамынып алып, кыргыздын каада-салтын, дүйнө таанымын талкалап, же "Араб халифатын курам!" деп согуш чыгаргысы келген радикалдарды сөзсүз тизгиндөө керек!

Эгер биз бул ааламды бүтүндөй бир организм деп элестетсек, анда Жараткан - ошол организмдин мээси. Ооба, Ал - Жерди тынымсыз Күндү айлантып койгон, планеталар менен галактикаларды өз огунда айлантып турган, анын ичинде адамзат жашоосун да алаканында калчаган улуу акыл эс, улуу күч.

Кыргыз акыны Атантай Акбаров. 19.10.2016.
Кыргыз акыны Атантай Акбаров. 19.10.2016.

Андыктан, дененин түлөп түшө турган бир клеткасындай болгон пенделер өз ара бөлүнүп алып сунни, шийи болуп ж.б. тытыша бербей, Жараткандын (Алла-тааланын) алкышына арзыш үчүн ар дайым жакшы ойлорду ойлойлу, жакшы сөздөрдү сүйлөйлү, жакшы иштерди жасайлы. Бири-бирибизди басынтпай, бөлбөй, кыянаттык кылбай, акылдуу жана эстүү адам катары жардамдаш, ырыскылаш болуп, ынтымак-ырашкерликте өмүр сүрөлү.

Атантай Акбаров,

акын, Алыкул Осмонов атындагы сыйлыктын жана бир нече эл аралык сыйлыктардын лауреаты.

P/S: Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG