Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:23

Секулярдык билим алган кыргыз мусулман диниятчылары


Кыргызстанда ислам диниятчылары секулярдык билимге таандык кесиптерге ээ боло баштады. Буга казыят, мечит кызматкерлерине болгон жогорку билим алуу талабынын артышы негиз болууда.

Маселен, Жалал-Абад облусунун мурдагы казысы жана райондун баш имам хатиби быйыл мамлекеттик сынак тапшырып, журналист кесибине ээ болду.

45 жаштагы Талант ажы Жороев Сузак районундагы мечиттердин биринде имам. Ал буга чейин Жалал-Абад облусунда казы, Сузак районунда жана Көк-Жаңгак шаарында имам хатибдин милдетин аркалаган.

Быйыл Талант ажы Жороев сырттан окуу аркылуу журналисттик кесипке ээ болду. Буга чейин ал Бишкектеги Ислам университетин бүтүргөн. Азыркы жаңы кесибин диний журналистиканы өнүктүрүүгө салым кошуу максаты менен түшүндүрдү:

Талант ажы Жээнбеков
Талант ажы Жээнбеков

- Биз да силер сыяктуу укканыбызды, окуганыбызды коомго жеткирип турушубуз зарыл. Ушул максатта мурдатан эле журналистика кесибин тандап алып, алты жыл сырттан окуп бүтүрдүм. Мен окуп жүргөн маалда светтик билим тууралуу дин аалымдарына талап жок эле. Ал кийин гана пайда болду. Негизи Кыргызстанда диний журналистика анча өнүккөн эмес. Бул тармакта өзүмдү сынап көрсөм дейм.

Кыргызстандын президентинин аппаратына караштуу "Ыйман" диний маданиятты өнүктүрүү фондунун төрагасы Нуржигит Кадырбековдун билдиришинче, ушу тапта светтик билим алуу учур талабы. Ошол себептүү дин кызматкерлери арасында светтик билим алууга умтулгандардын катары калыңдаган.

- Учурда секулярдык (светтик) билимге умтулган дин аалымдары аябай көп. Айрымдары укук жаатында, педагогика жана теология багыттында окуп жатышат. Мисалы, Чубак ажы жакында эле Ишеналы Арабаев атындагы университетинин теология факультетинин магистратурасын аяктады. Ал эми Абдышүкүр ажы Ош юридика институтунун юридика факультетин бүтүрдү. Айтор бардык эле аракетер казыларда, имам хатибдерде болуп жатат, бул жакшы көрүнүш.

Дин кызматкерлери арасында диний жана секулярдык билимди айкалыштыруу аракеттеринин жүрүп жатышын жай тургундар да колдоп жатышат. Алардын бири, мамлекеттик кызматкер Абдуллабек Камбаров өз оюн мындайча негиздеди:

- Секулярдык билим - бул математика, химия, адамдын түзүлүшү жана тарыхты өздөштүрүү. Булар аркылуу адамдын мээси калыптанат экен. Ошондо гана муфтий жана имам же казы ар тараптуу болот. Кошумча диний билими болсо дагы жакшы. Мисалы, Египет менен Кувейттен эки дипломго ээ болуп келген кээ бир аалымдар "Алхамду-ли-лла" деп эле отурушат. Бирок аларда кеңири масштабдагы ой жүгүртүү жок, маданиятты, тарыхты билбейт. Ошондуктан дин аалымдары диний гана эмес бардык тараптан билимдүү болушу керек.

Кыргызстанда дин кызматкерлеринин атайын окууларды уюштуруу аркылуу квалификациясын көтөрүү жобосу Коргоо кеңеши 2014-жылы кабыл алынган диний концепцияга киргизилген. 2015-жылдан тарта ишке аша баштаган бул жобонун негизинде окуулар уюштурулуп келет.

- Бир жыл ичинде 2300дөн ашуун имам эки жумалык окуулардан өтүштү. Алар IT технология, маданият, риторика, укук, дин чөйрөсүндөгү саясаттар сыяктуу предметтерден сабак алышты. Ошондой эле Хитабат, Куран, Хадис сыяктуу өздөрүнүн предметтеринен да диний багытта билим алышты. 2016-2017-жылдагы кийинки этапта бир жумалык окуулар өттү. Анда 19 предмет боюнча эмес, 12 предмет боюнча бир жумалык сабактар өтүлдү. 3-баскычты, буюрса, июль айынан баштайбыз деп турабыз. Бул жолу биз окутууга башка предметтерди да киргизели деп жатабыз. Мисалы диндер арасындагы түшүнүү, конфессиялар ортосундагы диалог сыяктуу, - деди Нуржигит Кадырбеков.

Нуржигит Кадырбековдун айтымында, өткөн жылга жакын убакыт ичинде 2300 молдо диний жана секулярдык багыттагы кыска мөөнөттүк курстардан өтүштү.

Кыргызстанда бир ислам университети, алты ислам институту, 2600гө жакын медресе каттоодо турат. Бейрасмий маалыматтарга караганда, 2700 молдонун 15% гана жогорку диний билимге ээ. Ал эми 50% жакыны орто билим алган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG