Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:19

Изилдөө: Медреселер чукул реформага муктаж


Тынчтык инновациялары боюнча Булан институту Кыргызстанда ислам диний билим берүү мекемелериндеги абал, анын ичинде медреселердеги көйгөйлөр, окуу программалары, светтик билимди интеграциялоо маселеси, каржылык булактары тууралуу изилдөө баяндамасын жарыялады.

Анда өлкөдөгү айрым медреселер Баш мыйзамды жана "Билим берүү жөнүндө" мыйзамдын талаптарын бузуп, медреселерге 9-классты бүтө элек өспүрүмдөрдү жана 7-8 жаштагы жеткинчектерди кабыл алган учурлар бар экени белгиленген.

Ошондой эле медресеге катталган балдардын саны муфтият көрсөткөндөн көп экени айтылат.

"Диний окуу жайды аяктаган улан-кыздар көп учурда жумуш таппай калат же андан ары окуусун уланта албайт. Себеби диний окуу жайлардын мамлекеттик лицензиясы жок, ошондуктан мамлекеттик стандарттагы диплом да бербейт. Булан институту Кыргызстанда диний билимге муктаждык бар болгондон кийин диний окуу жайлар иштеши керек деп эсептейт. Бирок ошону менен катар бул чөйрөнү тартипке салып, билимдин сапатын жогорулатуу үчүн чукул чараларды көрүү зарыл. Атап айтканда, мамлекет диний билим берүү мекемелерин реформалоо иштерин ыкчамдатып, каттоосу жок өз алдынча иштеп жаткан медреселерди тез арада жабуу керек" деп белгиленген изилдөөдө.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Заирбек Эргешов диний билим алган балдар боюнча мониторинг жүргүзүлүп жатканын "Азаттыкка" билдирди. Ал эми муфтияттын өкүлү Куштарбек Маматов медреселерден билим алгандардын саны 6 миңден ашуун экенин ырастады.

Тынчтык инновациялары боюнча Булан институту Борбор Азиядагы коопсуздук коркунучтарын жана конфликттерди алдын алуу боюнча иштеген бейөкмөт уюм. Баш кеңсеси Бишкекте, ал эми Женевада чакан эл аралык өкүлчүлүк кеңсеси бар.

Булан институту диний радикалдашууну алдын алуу, анын
ичинде Кыргызстанда диний билим берүү системасын реформалоого багытталган долбоордун үстүндө иштейт. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG