Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:23

Казак муфтияты "Мухаммед" тасмасын көрбөөгө чакырды


Иранда илинип турган "Мухаммед" тасмасынын жарнагынын жанында өтүп бараткан адамдар. Тегеран, Иран, 14-сентябрь, 2015-жыл
Иранда илинип турган "Мухаммед" тасмасынын жарнагынын жанында өтүп бараткан адамдар. Тегеран, Иран, 14-сентябрь, 2015-жыл

Муфтият мусулмандарды Казакстанда коюла баштаган ирандык режиссердун “Мухаммед” аттуу тасмасын көрбөөнү сунуштаган фатва чыгарды.

Ирандык режиссер Мажид Мажиддин 2015-жылы мусулман пайгамбарынын өмүр баяны жөнүндө тарткан “Мухаммед” тасмасы Казакстандын кинотеатрларында көрсөтүлө баштады. Бирок, тасма прокатка чыккан күнү Казакстан Мусулмандар дин башкармалыгы элди бул фильмди көрбөөгө чакырган фатва чыгарды. Казак муфтиятынын жүйөсүндө, ислам дининде Мухаммед пайгамбардын элесин чагылдырууга тыюу салынган. Муфтияттын фатва бөлүмүнүн кызматкери Бауыржан Абдуали мындай деди:

- Биздин фатва бөлүмүндө адистерибиз бар. Алар жалпылап чечим чыгарышат. Көрсөк болобу, пайгамбардын ролун аткаруу шариятка туура келеби деген сыяктуу көптөгөн суроолор түшүп жатты. Фатва бул соттун чечими эмес. Биз шарият боюнча чечимди айттык. Эмне кылышты адамдар өздөрү чечет.

Муфтият кызматкеринин айтымында, айрым өлкөлөрдө дагы дин мекемелери бул тасмага ушундай фатва чыгарышканы эске алынган.

Иран кино тармагында "Мухаммед" көп каражат сарпталган тасмалардын бири, атап айтканда ага 40 миллион доллар жумшалганы айтылган. Бул фильмди көрүүгө Египет жана бир катар суннит мусулман өлкөлөрүндө тыюу салынган. Былтыр Орусиянын Түндүк Кавказында чыгарманын бет ачаары каршылык менен коштолгон.

Анткен менен кино таануучу Гульнара Абикеева мусулман пайгамбары жөнүндө тасма тартылышы кинематография тармагында жаңылык болууда дейт:

- Азыр дүйнөдө карама-каршылык болуп жатпайбы. Бирөө Будданын тарыхын, бирөө Иса Машаяктын тарыхын сунуштап жатышпайбы. Бирок, исламдын тарыхы кинодо аз чагылдырылат. Ошондуктан тартылганы жакшы.

21-апрелде Казакстандагы алты кинотеатрдын экөөндө тасманын бет ачаары өттү. Кинотеатрдын өкүлдөрү билеттер жакшы эле сатылып жана фильмге кызыккандар көп экенин айтууда. Алгач "Мухаммед" тасмасы февраль айында Алматыда атайын чакырылган конокторго сунушталган. Ага дин кызматкерлери дагы катышканы маалым.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG