Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:34

Өзбекстан: динзарлардын "кара тизмеси" каралат


Самарканддагы мечит.
Самарканддагы мечит.

Анжиянда атайын топ исламдын тыюу салынган агымдарын карманат деп шектелген жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзө баштады. 15-июнда президент Шавкат Мирзиёев "кара тизмеге" негизсиз кирип калган адамдарды аныктоо тапшырмасын берген эле.

Президент Шавкат Мирзиёевдин бир апта мурдагы тапшырмасынан көп өтпөй Анжиянда динчилдер менен түшүндүрүү иштери башталганы белгилүү болду.

Милиция өкүлдөрүнөн, психолог жана имамдардан турган топ динди бекем карманган үй-бүлөлөрдү кыдырып, өзгөчө “кара тизмедеги” адамдар менен баарлашып жаткан экен.

Кеминде он кишилик топтун мүчөлөрү бул жол менен обочодо калган динчилдерди коомго аралаштырууну максат кылышууда. Үй-бүлөлөргө акысыз дарылануу жана жеңилдетилген насыялар да сунушталууда.

Сиздердин жүрүм-турумуңар үлгү болушу керек. Айткан сөздөрүңөр жаштардын көзүн жандырышы зарыл. 32 жарым миллион калктын тынчтыгын ойлошубуз керек. Ошону сиздерди бул жакка чакырып олтурам.

Алар күн сайын кеминде 10-15 үйдү кыдырып жатканын топтун атын атагысы келбеген өкүлү “Азаттыктын” өзбек кызматына билдирди:

- Биз менен чогуу жүргөн имам алардын биринен: «Эмне үчүн мечитке барбай калдыңыз? Намазыңызды эркин окуй бериңиз. Сизди эч ким куугунтуктабайт»,-деп айтты. Ал: “Биз коркконубуздан намаз да окубай калдык”,-деп ыйлап жиберди. Айрым жигиттер телефондорунан өздөрү деле жакшы түшүнбөгөн лекцияларды укканы үчүн “кара тизмеге” түшүп калышыптыр. Биз аларды актап жатабыз.

Шавкат Мирзиёев
Шавкат Мирзиёев

Имамдардын айтымында, мындан 15 жыл мурда экс-президент Ислам Каримовдун тушунда Муфтият “кара тизмеге” түшкөн адамдар боюнча фатва чыгарган. Ага ылайык, тизмедеги динчилдер менен байланышууга, аларды мечитке киргизүүгө тыюу салынган.

15-июнда президент Шавкат Мирзиёев Ташкентте “Социалдык-руханий чөйрөдө туруктуулукту жана ыйык диндин тазалыгын камсыз кылуу – мезгилдин талабы” аттуу ири жыйын өткөргөн. Ага жер-жерлерден жүздөгөн имамдар, муфтияттын кызматкерлери, диний билим берүүчү жайлардын өкүлдөрү катышканы кабарланган. Дээрлик жети саатка созулган жыйын аймактарга видео аркылуу көрсөтүлгөн.

Өзбек мамлекеттик медиасы жарыялагандай, Шавкат Мирзиёев дүйнөдөгү террорчул чабуулдарда өзбек жарандарынын аты аталганы жакшы эместигин айтып, имамдарды үлгү болууга чакырган:

- "Бул өзбек экен” деген сөздү угуу баарыбызга, мага башкача таасир калтырат. Ушунча тарыхыбыз болуп туруп бул иштерди кылганыбыз кандай.. Ушунча элибиз, ушунча уламаларыбыз, ушунча акылмандарыбыз турса, “бул ишти өзбек жасады, өзбек улутунун өкүлү кылды” деп айтышканда, бул мага жакпайт. Силерге кандай? Сиздердин жүрүм-турумуңуздар үлгү болушу керек. Айткан сөздөрүңөр жаштардын көзүн жандырышы зарыл. 32 жарым миллион калктын тынчтыгын ойлошубуз керек. Ошон үчүн сиздерди бул жакка чакырып отурам. Мен президент болуп туруп, силерге “жардам бергиле” деп айтып жатам. Эгер маалеңизде бир бала зыяндуу диний агымга азгырылса, аны бул жолдон кайтарууга аракет кылыңыздар!

Стогкольмдогу кол салууга шектелген өзбек жараны
Стогкольмдогу кол салууга шектелген өзбек жараны

Апрель айында Швециянын борбору Стокгольмдо төрт адамдын өмүрүн алган унаа кол салуусун Өзбекстандын жараны жасаганы аныкталган. Январь айында Түркиянын Стамбул шаарында 40тай адамды атып өлтүргөн киши да Өзбекстанда туулганы белгилүү болгон.

Бир апта мурда Ташкентте өткөн жыйында имамдар да диний саясатта кемчиликтер кеткенин мойнуна алышты. Алардын бири Анжиян облусунун башкы имамы Нуриддин Коликназаров:

- Имамдардын көзү ачылды. Эмне үчүн? Себеби, өзүңүз айткандай, өзүнүн жамаатын, калкын башка агымдардан сактоо – бул биринчи кезекте диний уламалардын вазыйпасы болчу. Тилекке каршы биз ушул жерде кемчилик кетирген экенбиз.

Сирия жана Ирактагы согушкерлердин катарында Өзбекстандын канча жараны согушуп жүргөнү так белгисиз. Бирок маалымат каражаттарында алардын саны кеминде 500 адам деп белгиленип жүрөт.

Советтер союзунда тарбияланган саясатчы, маркум президент Ислам Каримов көзү тирүү кезинде светтик көз караштарга шек келтирген аракеттерге катуу тыюу салганы белгилүү. Эми жаңы бийликтин жаңы дин саясатынан кандай натыйжа чыгат деген суроо азырынча жоопсуз турат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG