Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:17

Мирзиёев көп аял алууга каршы


Шавкат Мирзиёев жубайы менен.
Шавкат Мирзиёев жубайы менен.

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (12-19-июнь).

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 15-июнда өлкөнүн дин кызматкерлери менен болгон жыйында сөз сүйлөп, экинчи аялга нике окуган молдокелер мыйзам алдында катуу жазага тартыларын айтты. Анын бул видеосу Youtube каналында эң көп көрүлүп жана талкууланып жатат. Ал BBC дүйнөлүк кызматынын өзбекче сайтында да популярдуу болду. "Акыркы мезгилде аялдын үстүнө аял алып, шарият жолу менен нике кыйдырып алган орой учурлар аябай көбөйүп кетти. Мамлекеттик каттоодон өтпөй туруп мындай жосунга баргандар айрыкча Ташкент шаарында арбын. Экинчи аял болуп тийген аялдардан төрөлгөн мыйзамсыз балдардын эртеңи кандай болот? Урматтуу молдокелер, дал ушундай балдардын убалы силердин мойнуңарда болот", - деди. Президент ошондой эле расмий нике күбөлүгүн көрбөй туруп нике кыйган имамдарды жазалоо боюнча атайын мыйзам иштелип чыгарын да эскертти.

5 миллиард долларды чачкан Казакстан

Казакстанда өткөн дүйнөлүк EXPO көргөзмөсүнүн күңгөй-тескейин Foreign Policy журналынын талдоочусу Жеймс Палмер иликтеп, жазып чыкты. "2010-жылы Шанхайдагы көргөзмөгө да баргам. Ага катышкандардын саны 73 миллион эле. Ал эми Астанадагы EXPO жармаңкесине алгач 5 миллион катышуучу барат деп отуруп, акыры бул сан 2 миллионго түштү. Ачылыш аземине болсо 10 миң адам катышканын расмий адамдар билдиришти. Аңгыраган бош залдар, ээн павильондор мурдагы СССРдин аймагында биринчи өтүп жаткан бул иш-чаранын чыныгы жүзүн ачып берди. Болбосо Астана аны уюштурууга, заманбап жармаңке залын курууга 3 миллиард доллардан 5 миллиардга чейин каражат жумшаган", - деген автор EXPO көргөзмөсүнүн тарыхына да кайрылат. Алгач ирет Лондондо 1851-жылы өлкөлөрдү таанытуу үчүн башталып, 1889-жылы Парижде Эйфель мунарасынын жанында өткөн. 1939-жылы болсо Нью-Йоркто EXPO оту жанган. Кансыз согуш учурунда АКШ менен Советтер Союзу EXPOнун павильондорун атаандаштык талаасы катары көрүшүп, өндүрүштөгү артыкчылыктары менен жарышышкан. Бирок 1980-жылдан бери бул иш-чаранын Батыш дүйнөсүндөгү кадыр-баркы түшүп бара жатат. Казакстанда аны уюштуруу 76 жаштагы президент Нурсултан Назарбаевдин жеке дымагынан келип чыккан демилге болду окшойт. Анткени Олимпиада оюндарындай эле EXPOну уюштуруу көп күч жана каражатты сарптоочу иш-чара. Бул өлкөдө жөнөкөй калк айына 70 долларга жашап жатканда Астананы жаркыраган имараттарга толтуруп, 2012-жылдан бери көргөзмөгө даярдануу Казакстанга арзанга турган жок деген пикирде Жеймс Палмер.

БУУ Борбор Азиядагы адам укугун унуттубу?

The Diplomat журналына кыргызстандык талдоочу Чолпон Орозобекованын Улуттар уюмунун баш катчысы Антонио Гутерриштин Борбор Азияга болгон иш сапары менен БУУнун аймактагы саясатын талдаган көлөмдүү макаласы жарык көрдү. Анда аталган уюм канчалык чөлкөмгө жакындоо аракетин көрбөсүн, өлкөлөрдөгү адам укуктары маселесине көз жумуп жатканы тууралуу сөз болот. БУУ баш катчысы Казакстанда расмий өкүлдөр менен жолугушуп, жарандык коом же укук коргоочулар менен такыр байланышкан эмес. Казакстандагы адам укугун коргоочу алдыңкы активисттердин бири Бактыжан Торегожина: "Эгер ага жолуксак өлкөдөгү чыныгы кырдаалды айтып бермек элек", - деди. Казакстандан кийин Өзбекстанга барган Гутерриштин иш сапары учурунда болсо климаттын өзгөрүүсү, Арал деңизи кырсыгы гана козголуп, адам укугу темасы айтылбады. Human Rights Watch уюму Гутерришке иш сапары учурунда дал ушул адам укугу маселесин көңүл жаздымдан чыгарбай, Борбор Азиянын лидерлерине эскертүүсүн суранган эле. Бишкекте да жогорудагыдай эле сценарий кайталанып, БУУнун баш катчысы бийлик уюштурган "Таза коом" форумуна катышты. Укук коргоочу Азиза Абдрасулова: "Улуттар уюму адам укуктарына көңүл бурушу керек эле, бирок бул маселеге кайдыгер болууда"-, деген. Мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов Гутерриштин сапарын тек гана расмий зыярат катары баалап, БУУ баштаган эл аралык уюмдар авторитардык бийлик жана адам укуктарына карата алсыз болуп баратышканын айтты.

10-кабаттан энеси ыргыткан бала аман калды

Лондондун Кенсингтон аймагындагы энеси 10-кабаттан ыргытып аман калган наристенин окуясы Британ басма сөзүндөгү эң көп окулган макала болду. 14-июнда өрттөнгөн Гринфелл мунарасында өрт жалындап жатканда адамдар онунчу кабаттагы терезеден колуна баласын кармап айласы кеткен аялды көрүшкөн деп баяндайт The Telegraph. Окуяга күбө болгон Самира Ламрани: "Аял айласын таппай баламды тосуп алгыла дегендей ишарат берди. Анан эле бир киши чуркап барып, баланы ыргыт дегендей кылды. Анан аял баласын ыргытканда ал киши тосуп алды", - деп эскерет. The Sun гезити кийин ал кишинин аты Пэт экенин, кырк жаштагы жергиликтүү тургун төрт жашар кызды өлүмдөн сактап калганын сүрөт баян кылып чыгарды. Бирок кыздын энеси өрттөн кайтыш болгону айтылууда. Кенсингтондогу Гринфелл мунарасы толугу менен өрттөнүп, 58 киши өлгөнү кабарланды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG