Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:07

Өзбекстан мигранттарын ишке даярдайт


Орусиядагы мигранттар
Орусиядагы мигранттар

Өзбек өкмөтү мигранттарды Орусияда жумушка орноштурууну колго алат. Өзбекстан менен Орусия макулдашкан келишим боюнча эки өлкөдө миграциялык өкүлчүлүктөр ачылып, өзбек өкмөтү мигранттарды жумушка орноштуруу ишин уюштурат.

Өзбекстан менен Орусиянын ортосунда мигранттарды жумушка орноштуруу боюнча атайын келишим кабыл алынды.

Ага ылайык, Өзбекстандын Эмгек министрлигинде түзүлгөн атайын агенттик Орусияда иштөөнү каалаган жарандардын кесиптик жарамдуулугун жана эмгек тажрыйбасын текшерип, орус тили, тарыхы жана мыйзамдары боюнча талап кылынган тесттерге даярдап, медициналык текшерүүлөрдөн өтүүнү уюштурат.

Өзбекстандын Ички иштер министрлиги мигранттардын сот жообуна тартылганы же тартылбаганы жөнүндө маалыматтарды тактайт. Ошондой эле өзбек тарап мигранттардын Орусияда эмгек келишиминин негизинде мыйзамдуу жумушка алынышын көзөмөлгө алат.

Орусия: мигранттардын "батир бизнеси"

Орусия: мигранттардын "батир бизнеси"

Жумуштун табылышына жараша кең Москвада көчүп-конуп жашаган мигранттар үчүн эң көйгөйлүү нерсе – батир маселеси.

Апрелде эки тараптуу кабыл алынган келишим өзбекстандык мигранттарды Орусияда кулчулуктан сактап, алардын укуктарын коргоого мүмкүнчүлүк бермекчи.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев бул келишимдер чет өлкөдө иштеген жаштардын коопсуздугун коргоо үчүн макулдашылганын белгилеген.

- Биздин балдар ал жакта иштеп жатат, биз үчүн алардын тынчтыкта жана бейкуттукта жашаганы маанилүү. Бул максатта эки тараптуу келишимдер кабыл алынды, - деген Мирзиёев.

Расмий маалыматтар боюнча ушу тапта Орусияда 2 миллиондон ашуун өзбекстандык мигрант эмгектенет, бейрасмий сан 3 миллионго чейин жетет. Былтыр алар Өзбекстанга Орусиядан 2,7 миллиард доллар каражат которгон.

Келишим боюнча ишке жашы 18ге толгон жарандар гана кабыл алынат. Өзбек өкмөтү аркылуу жумушка келген мигранттарга Орусияда артыкчылык берилет.

Орус тараптан Эмгек жана социалдык коопсуздук министрлиги эмгек рыногундагы жумуш орундары, айлык жана кесиптик талаптар жөнүндө маалымат чогултуп, ал эми Ички иштер министрлиги өзбекстандыктарга жумушка уруксат берчү документтерди алдын ала даярдап берүүгө жооптуу. Келишимде жумуш берүүчүлөр мигранттарды жатакана жана медициналык жардам менен камсыз кылууга милдеттендирилгени айтылат.

Москвадагы «Ватандош» бирикмесинин жетекчиси Усман Баратов расмий келишимде мигранттарга жакшы шарттар каралганы менен Орусияга иш издеп келген миллиондогон өзбекстандыктардын көйгөйүн толук чечпейт деген ойдо.

- Өзбекстандын Эмгек министрлиги Орусияда айрым мекемелер менен суйлөшүп, бул келишимдин негизинде өзбекстандыктарды жумушка орноштуруу аракеттери болуп жатканын угуп жатабыз. Бул жүз миң мигранттын көйгөйүн чечиши мүмкүн, бирок миллиондогон мигранттарга эч кандай таасир этпейт. Жай айларында өзбекстандык мигранттардын Орусиядагы саны 4 миллионго чейин көбөйүп кетет. Алардын баарын өкмөт аркылуу жумушка орноштуруу мүмкүн эмес. Буга абдан чоң ресурс керек. Өзбекстандыктардын көйгөйүн бир гана патент системасын жоюу менен чечүүгө мүмкүн.

Москвадагы кыргыз диаспорасынын өкүлү Турсунбай Кубатбеков кыргызстандык мигранттардын Орусияда жумушка орноштуруу ишин өкмөттүк деңгээлде уюштуруу сунушу кыргыз диаспорасы тарабынан бир топ жылдан бери айтылып келгенин белгилейт. Кыргызстандыктар Евразиялык биримдикте айрым миграциялык жеңилдиктерге ээ болгон менен деле чечилбеген маселелер барын белгиледи:

- Биздин жарандарды деле бул жакка жумуш берүүчүлөр менен алдын ала айлык акыны, медициналык камсыздоо, жатакана сыяктуу маселелерди сүйлөшүп, анан уюштуруучулук жол менен алып келсе, жакшы болмок. Азыр келип алып жатаканасы жок, каттоосу жок, айлык албай калгандар толтура болуп жатпайбы. Муну миграция кызматы жүргүзүшү керек да. Азыр Орусияда өкүлчүлүктөрү ачылды, алар деле ошол айлык албагандардын көйгөйү менен алек.

Өзбекстан менен Орусия мигранттарды жумушка орноштуруу ишин уюштуруу келишиминен тышкары, эки өлкөдө расмий миграциялык өкүлчүлүктөрдү ачууну макулдашкан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG