Линктер

жекшемби, 19-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 15:01

Медициналык камсыздандыруу полиси боюнча кабар мигранттарды күмөн санатты.

Бул тууралуу Кыргызстандын Москвадагы элчилиги маалымат таратты. Анткени 1-январдан ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн келип иштеп жаткан мигранттар медициналык камсыздоо боюнча жергиликтүүлөр менен бирдей укукка ээ болот. Бирок мигранттар бул кабарга ишенбестик менен карашууда. Бул боюнча Москвадагы Кыргыз ишкерлери бирлигинин төрагасы Кубанычбек Кожоевди кепке тарттык.

“Азаттык”: Орусияда жүргөн кыргызстандык мигранттар медициналык камсыздандыруу полисин албаса деле боло турган болсо шарттар кандайча өзгөрүүдө?

Кожоев: Алгач түшүндүрүп өтөйүн. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасы бул Орусияда мыйзамдуу иштеп жаткан кыргызстандыктарга гана тиешелүү. Ал үчүн атайын келишим менен мыйзамдуу иштеп жаткандардын айлыгынан медициналык камсыздандырууга акча бөлүнүп турат. Бирок бул процедуранын дагы ички макулдашуулары бар да. Мисалы, Орусиянын ар бир аймагынын өзүнүн ички мыйзамдары бар, ага ылайык Москвада мигранттарды медициналык камсыздоого алуу татаалдашкан. Аны менен чогуу Орусиянын медицина тармагында деле каражат өтө тартыш. Ошондуктан эртең эле Орусиянын бардык бейтапканалары биздин жарандарды медициналык жактан тейлеп калат деген ойдон алыс болушубуз керек.

Мигрантты "байлаган" энелик капитал

Орусияда орус жарандыгын алып, Энелик капитал деп аталган мамлекеттик программанын негизинде берилчү каражатка үй же жер алууну көздөгөн кыргызстандык мигранттардын саны арбыды.

Биздин мигранттардын жарымынан көбү келишим түзбөй эле иштеп жатат. Ошондой эле жумуш берүүчүлөр дагы салыктан качып, мыйзам бузуп, келишим түзбөй иштетүүгө кызыкдар. Андыктан кайрадан эле биздин мигранттар текши медициналык камсыздоого ээ болуп калат деген ойдон оолак болушубуз керек.

Жаңы өзгөртүүлөр өзүн так, мыйзамды билип ишке кирген кыргыздар арасында иштеши мүмкүн. Ошондой учурда деле сунушталып жаткан толуктоолор иштеп кетиши үчүн кеминде бир жыл же андан ашык убакыт керек.

“Азаттык”: Бүгүнкү күндө ыктыярдуу медициналык камсыздандыруу полиси канча рубль турат жана бул документ жок учурда биздин мигранттар айып пул төлөп калабы?

Кожоев: Эми 1-январдан баштап бекер болуп калат деп жатышат, бирок ага чейин ыктыярдуу медициналык полистерди сатып келишти. Камсыздандыруу компаниялар берген полистерде ар кандай чектөөлөр бар. Мисалы: айына бир же эки жолу барып, бейтапканага көрүнсө боло турган полистер бар. Эгерде өз маалында барып көрүнбөсө камсыздандыруу баракчалары күйүп кетет. Ал эми баасына кайрыла турган болсок, полистердин эң арзаны 3 миң рублдан 5 миң рублга чейин. Бирок чындыгына келгенде эгер биздин жарандар Орусияда ооруп, бейтапканага кайрыла турган болсо, баары бир он миңдеген рубль менен дарыланып чыгат.

Чындыгында ыктыярдуу полисти биздин жарандар полиция же миграция кызматы текшергенде айып салбашы үчүн гана алат.

“Азаттык”: Жаңы өзгөртүүлөргө ылайык ЕАЭБга мүчө өлкөлөрдөн келип иштеп жаткан мигранттар медициналык камсыздоо боюнча жергиликтүүлөр менен бирдей укукка ээ болот деген сөз иш жүзүндө ойлогондой болбойбу?

Биздин мигранттардын жарымынан көбү келишим түзбөй эле иштеп жатышат. Жумуш берүүчүлөр дагы салыктан качып, мыйзамды бузуп, келишим түзбөй иштетүүгө кызыкдар. Андыктан кайрадан эле биздин мигранттар текши медициналык камсыздоого ээ болуп калат деген ойдон оолак болушубуз керек.

Кожоев: Эми анын ишке ашуусу абдан кыйын. Тажрыйба деле көрсөтүп жатпайбы, мына ЕАЭБге киргенде айыл чарба жемиштерин тоскоолдуксуз экспорттойбуз деп айтышты эле, иш жүзүндө андай болгон жок да. Чек аралар деле ачылды, бирок эт-сүтүбүз өтпөй жатпайбы. Бул жерде деле ушундай эле кеп болуп жатат. Кайсы бир биздин жаран Орусиядагы бейтапканага келип, “мен ооруп атам” деп айтып көрсүнчү, кабыл албайт. Андыктан бул азыр декларативдүү негизде эле айтылып жатат, бирок иш жүзүндө өтө кыйын болот.

Бир кубандырган жери - азыр полиция кыргыз жарандарынан полисти анчалык сурабай калды. Мурда бул үчүн айып салчу, азыр болсо өзбек жана тажик жарандарынан көбүрөөк текшерип, биздикилер болсо өз ыктыяры менен гана полисти алып жатышат.

Анткен менен келишимде жазылганда кыргыздар медициналык камсыздандыруу жаатында тең укукка жетип, ооруканага барып көрүнгөнгө мүмкүнчүлүк алса болмок. Бирок, бул азырынча кыял бойдон жана кандай макулдашуулар болбосун жакынкы арада ишке ашуусу мүмкүн эмес.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG