Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:27

Мигранттар айрым мекендештерге капа


Москва
Москва

Москвада Кыргызстандын элчилигинин алдында нааразы болуп чогулган мигранттар орусиялык күч органдарына карматты деп айрым мекендештерин айыптап жатат.

Анда кыргыз диаспорасынын өкүлү Улан Кошматовдун аты аталган. Кошматов “Азаттыкка” курган маегинде мындай дооматтарды четке какты.

Мындан бир апта мурда орус полициясынын соңку аракеттерине, мигранттардын негизги маселелери чечилбей жатканына нааразы болгон 30дай адам чогулган. Төрт адамды ошол жерден полиция кармап кетип, кийин кое беришкен.

Москвада мигранттар нааразылык билдиришти

Москвада мигранттар нааразылык билдиришти

Москвада мигранттар полициянын ыксыз текшерүүлөрү көбөйүп, кыргызстандыктарга кысым күчөгөнүнө нааразылык билдирип элчиликке барышты.

Тилек Таалайбеков мигранттардын азыркы абалы, элчиликтин иши тууралуу нааразылыгын айтып, бир канча видео кайрылуу жарыялады. Ал эң оболу тилектеш мекендештерди элчилик алдына чогулууга чакырган. 9-декабрда отуздай адам чогулганда уюштуруучулары катары беш адам камакка алынган.

Тилек Таалайбеков кармалып чыккандан кийинки видео кайрылуусунда бул боюнча кыргыз диаспорасынын өкүлү Улан Кошматовду айыптаган:

- Органда иштеген кыргыз байкелерибиз эле бизди көрсөтүп коюшуптур. Сүйлөп жаткан, чогултуп барган балдардын паспортторун алып, кылмышкерлерди кармагансып колубузду кайрып, бутка тепкилеп автобуска салып кетишти. Бизди салып кеткенде милицияда жашыруу иштеген байкебиз биз менен кошо барганы азыр билинди. Ошол байкебиз аралашканбы же жокпу менде азыр так факт жок. Бирок биз менен чогуу отурган. Муну эмне максатта жасашканын билбейм. Мен азыр элчиликке баргандан деле коркуп калдым. Мындан ары эмне кылышарын билбейм.

Нааразы мигранттар
Нааразы мигранттар

Тилек Таалайбеков акыркы видео кайрылуусунда коркутуу башталганын айткан, бирок ким коркутуп жатканын кийин жарыяларын эскерткен. Таалайбеков элчиликте иштегендерди, мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн кыйыткан:

- Ал жерде кызматынан кыянаттык менен пайдалангандар көп. Бизди салып бере тургандар көп. Биз азыр деле кооптонуп жүрөбүз. Негизи биздин мамлекеттик органдарга ишеним болушу керек эле. Биз ошолорго ишенишибиз керек эле. Кыргызстандын элчилиги болгондон кийин эркин, коркпой барышыбыз керек болчу. Азыр бизге кандай нерсе даярдалып жатканын билбейбиз. Бизди азыр айрым бир кишилер аркылуу коркутуу болуп жатат. Эртең ар кандай окуялар болушу мүмкүн. Ушундай болуп кетсе деп видеолорду даярдап койгонбуз. Ал видеолордо бардыгы бар. Бизди кимдер карматкан, кимдер салып бергендердин баары бар. Биз алардын аттарынан бери айтканбыз. Азыр көбү "аябай кооптуу адамдар менен душман болуп алдыңар" деп айтып жатышат. Бирок мен андай нерседен коркпойм. Жок дегенде бир адам Орусияда кыйналып жаткан эже-апаларыбызды, элчиликтин кемчиликтерин айтышы керек.

Улан Кошматов (сүрөт Фейсбуктагы баракчасынан алынды)
Улан Кошматов (сүрөт Фейсбуктагы баракчасынан алынды)

Биз мындай дооматтар боюнча Москвадагы кыргыз дисапорасынын өкүлү Улан Кошматовго кайрылдык. Ал элчиликке барганын, нааразы болуп чогулгандардын уюштуручусу катары кокусунан кармалып калганын айтып берди. Орус күч органдарына атайын карматты деген айыпты негизсиз деп айтты:

- Мен чогулуп жатканда барып карап турдум. Мен алардын көпчүлүгүн тааныбайт экем, интернеттен эле көрүп жүргөм. Жыйын бүткөндөн кийин эшикте ызы-чуу болуп жатканда эмне болуп кетти деп мен дагы аралашып калдым. Кармагандарга кошуп мени дагы алып кетип калды. Ошол балдарды уюштургандардын башчысы деп мени да кошуп коюптур. Менин буларга тиешем жок, аны далилдей алам, буларды тааныбайм, эч кандай тиешем жок деп чыгып кеттим. Анан бул балдар Улан байке аралашып жүргөн, ошол салып бериптир деп ойлошуптур. Мен "аларга ушул сөзүңөр, ушуну жарыялаганыңар үчүн жооп бересиңер. Же соттошобуз же эркекче сүйлөшөбүз" дедим. Ким ал балдарды полицияга салып берди, ким буйрук берди деп азыр мен деле териштирип жатам. Анткени бул мага да керек, мен ыңгайсыз абалда калдым.

Улан Кошматовдон Кыргызстандын Ички иштер министрлиги менен байланышы тууралуу да сурадык. Ал кайсы бир маселелерди чечүүдө ортомчулук кылып акча алат, уюшма кылмыш топторго байланышы бар деген сөздөр боюнча да комментарий берди:

- Кыргыз диаспорасынын атынан ИИМге кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча коомдук жардамчы болуп абдан көп кызматтарды аткарам. Бул жакта 15 жылдан бери жашагандыктан, бардык маалыматты билгендиктен, ким эмне менен алектенери тууралуу маалыматым болгондуктан өкүлчүлүккө жардам берип жүргөм. Мени көбү ИИМдин өкүлү, элчиликтин кызматкери же дагы башка деп ойлошот. Эгер ортомчулук кылган болсом, “каралар” менен байланышым бар дегендер менин бетиме айтсын. Мен алар менен бетме-бет сүйлөшөм. Диаспора бар, чогулабыз. Бул жакта өзүмдүн иштерим бар. Машина, такси, дагы башка иштерим бар.

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Москвадагы өкүлү Аскат Алиев Улан Кошматов боюнча арызданып, расмий кайрылгандар жок экенин айтып берди. Ушул тушта кыргыз милициясына эч кандай тиешеси жоктугун белгиледи:

- Бизге Улан Кошматов боюнча эч ким арыз менен кайрыла элек. Ал тууралуу ар ким ар кандай айта берет экен. Бирок расмий кайрылуу жок. Кыргыз дисапорасынын активдүү мүчөсү болуп, жамандык-жакшылыктарда жүрөт.

Аскат Алиев
Аскат Алиев

Биз Аскат Алиевдин өзү тууралуу айтылган дооматтар боюнча түшүндүрмө сурадык. Кымбат баалуу унаа айдайт, шектүү топтор менен коюн-колтук алышып алган деген сөздөрдү жокко чыгарды. Өзүн таза кызматкер деп ишендиргенге аракет кылды:

- Мен милицияга кирген күндөн баштап таза иштеп, элге кызмат кылайын деп карьера үчүн иштеп жүрөм. Мен тууралуу ар кандай сөздөр чыгып жатат. Бишкекте айдап жүргөн унаамды сатып, ошол акчага бул жактан автоунаа алгам. Кызматтык автоунаа жок, Москва аябай чоң, күнү-түнү иштеген учур болот. Кымбат баалуу эмес. Эгер кайсы бир шектүү топтор менен байланышым болсо анда ачыкка деле чыгат эле да. Бул жакка келип иштеп жаткандан бери эки чоң уюшма кылмыш тобун чачыраттык. Кыргыз мигранттарын тоноп, күн көрсөтпөй жүргөндөрдүн баарын кармап, ушундай көрүнүштөрдү жойдук. Өзүбүздүн элибизди салып берип койду деген ар кандай чагым болуп жатат. Орусиянын мыйзамын сыйлап, мыйзамды бузбайлы деген эле чакырык болгон. Мен көйгөй жок, баары жакшы дегенден алысмын. Болгону маселени мыйзам бузуу аркылуу чечкен болбойт, анын башка мекендештерибизге кесепети тийип калышы мүмкүн, биз тууралуу терс пикир түзүлүп калат деген ниетте кайрылгам.

Расмий маалымат боюнча, Орусияда жүргөн кыргыз мигранттардын саны жарым миллиондон ашат. Акыркы учурда орус бийлиги кыргыз жарандарына мамилени катаалдатты жана бул Москва мэри Сергей Собяниндин сындаган билдирүүсүнөн кийин күчөдү.

Москвада мигранттар нааразылыкка чыкты
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:11 0:00

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG