Линктер

шаршемби, 22-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 23:02

Өткөн жумада Москвада кыргызстандык мигранттарды элчиликтин алдына нааразылык жыйынга чакырган видео кайрылуу интернетте таркаган. Алгач Одноклассники социалдык тармагында таркаган видео кайрылуу 85 миң жолу көрүлгөн.

Интернетте тараган видеодо жарандык активист Тилек Таалайбеков кыргызстандыктарды полициянын текшерүүлөрү күчөгөнүн айтып, мигранттарды элчиликке чогулууга чакырган. 9-декабрда мигранттарды элчиликтин алдында Орусиянын атайын даярдыктагы аскерлери менен беш автобус тосуп алган, консулдуктагы чогулуштан кийин башкы уюштуруучулар деп төрт жаранды полиция алып кетип, бир сааттан кийин коё беришкен.

Кыргызстандын ИИМнин Москвадагы өкүлү Аскат Алиев мигранттарды жергиликтүү бийликтин расмий уруксаты жок массалык түрдө топтолуп, өзү билемдикке барбоого чакырат.

Москвада мигранттар нааразылык билдиришти

Москвада мигранттар полициянын ыксыз текшерүүлөрү көбөйүп, кыргызстандыктарга кысым күчөгөнүнө нааразылык билдирип элчиликке барышты.

- Мыйзам боюнча кыргыз жараны биринчи элчиликке келип, уюштуруп жаткан иш-чаранын убактысы, максаты, катышуучулардын саны жөнүндө маалымдап, арызын жазып кетиши керек. Экинчиден, ошол массалык иш-чара өтчү жердеги тиешелүү жергиликтүү бийлик бөлүмдөрүнө барып, аларга кат жазып, уруксатын алуу керек. Алар маалыматты карап, иш-чарага уруксат берүүнү же бербөөнү өздөрү чечет. Уюштуруучулар биринчи кезекте мындай иштерге катышкандардын коопсуздугу, андан кийин коомдук тартип бузулбай, жергиликтүүлөргө тоскоолдук жаратпагандай жагдайларды ойлошу керек. Мен элчиликке келбегиле деп айтпайм, келишсин. Бирок социалдык тармактар аркылуу чакырыктарды жасап, анын натыйжасы оор кесепеттерге алып келсе, ошол чакырган киши жоопкерчилик алат.

Алиев Орусияда мигранттардын массалык жыйындарын жергиликтүү укук коргоо органдары тыкыр көзөмөлгө алганын эскертет. Буга жыл башында диний ишмерлер Абдышүкүр ажы Нарматов жана Чубак ажы Жалилов менен жолугушууга Москванын борбордук мечитинде 25 миңге чукул кыргызстандыктар стихиялуу чогулганы сыяктуу окуялар себеп.

- Эки-үч күндүн ичинде жарыялар болуп, анан эки сааттын ичинде Борбордук мечитке кыргызстандыктар толуп калган. Анын ичине 13-14 миң киши батат экен, тышында да 10 миңдей адам болгон. Тыгылышып, түртүшүп жатып жаңы салынган мечиттин эшигин сындырып коюшкан. Ичине кире албай калып, нааразы болуп, ышкырык, кыйкырыктар чыккан. Анын жанында үйлөр бар, элдер жашайт. Мындайча айтканда коомдук тартип бузулган. Ошондон кийин жергиликтүү укук коргоо органдары кыргызстандык мигранттар кандайча, кандай мөөнөттө тез арада чогула алышарын көрүштү. Бул бир эле мисал. Андан сырткары шаардык мечиттерде, мисалы, элчиликтин жанындагы мечитке жума сайын бир жарым-эки миң кыргызстандыктар чогулат.

Москвадагы кыргыз милициясынын өкүлү мигранттарды коомдук тартипти бузбай, Орусиянын мыйзамдарын сактоону эскертет.

- Биз бөтөн жерде жүрөбүз, биз бул жерде конокпуз. Мыйзамдары туура же туура эмес деп айта албайбыз. Социалдык тармакта отуруп алып, шаардын так ортосуна чогулгула деп өзү билемдик кыла берген дагы болбойт. Мисалы, августта 14 жараныбыз өрттө каза таап, ал жерде гүл коюп, эскерүү иш-чарасын өткөрөлү дегенде, биз укук коргоо органдарына билдирип, уруксат алганбыз. Анда мигранттардын коопсуздугу, жергиликтүү жашоочулардын тынчтыгы, коомдук тартипти сактоо үчүн төрт-беш унаа ОМОНдун кызматкерлери, жол кыймылын тескөөчүлөр турган. Анан дагы Орусиядагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн коопсуздугу, коргоо иштерине орус өкмөтү жооп берет, Кыргызстанда деле ошондой.

Алиевдин пикирине көңүл бурсак, массалык топтолуулар коомдук тартипти бузуп, жергиликтүү калктын нааразычылыгын гана туудурбастан, улутчулдук маанайдагы кагылышууларга дагы жеткириши мүмкүн. Азыркы кезде Москвада кыргызстандыктар эң көп чогулган Добрынинский метросундагы абал боюнча жергиликтүү калктын арыздары шаардык мэрияга жана элчиликке келип түшкөн.

- Андай катта “бизге кооптуу абал түзүп жатышат, тоскоол болушууда, түкүрүнүшөт” деп жазылып турат. Катты Москванын мэри Собянинге жазып, анан бир көчүрмөсүн элчиликке дагы жөнөтүшүптүр. Чара көргүлө дейт. Чындыгында метронун жанына барсаң, каякта жүргөнүңдү билбей каласың. Бир жагынан бозо, оромо, коньяк сатып жатышат, бир жагынан “документ жасайбыз” деп турушат. Жөн турбай күрөшө кетишет, насвай чегишет, шаардык велосипеддерге отуруп алышат. Канча түшүндүрүү иштерин жүргүзсөң деле болбойт. Ушундай фактылар болуп жатат.

Москвада кыргызстандыктар ачкан кафелер – мигранттар эң көп топтолгон жайлар. Андай жайларда болуп жаткан көрүнүштөр дагы коомдук тартипти бузуп, жергиликтүү калктын нааразычылыгына себеп болууда.

- Кыргызстандыктар эс алган элүүдөн ашык кафе бар. Биз той-торону жакшы көрөт экенбиз. Ээлери башка улуттан болсо деле, кыргызстандыктарды жумушка алып, биздин жарандарды тейлешет. Андай жерлерде жарандарыбыз ичимдик ичип алып, мушташып, согушуп, мас абалында көчөдө калган фактылар кездешет. Бул боюнча ал жерлердеги полиция бөлүмдөрүнө жергиликтүү жашоочулардан арыз түшүп жатса керек, аны так айта албайбыз.

Орусиянын мыйзамдары боюнча уруксатсыз митинг-акция, жүрүштөрдү уюштуруу жана андай иш-чараларга катышкан жарандарга 300-500 миң рубл айып пул түрүндө администравдик жаза же административдик камакка алуу каралган. Эгер жыйындар массалык баш аламандыкка айланып кетсе уюштуруучуларды 15 жылга чейин эркинен ажыратуу кылмыш жазасы каралган. Ал эми мындай иштерге кириптер болгон чет элдик жарандар Орусиядан токтоосуз чыгарылышы мүмкүн.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде окуйт. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетин бүтүргөн. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG