Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:12

Мигранттар бир азаптан кутулабы...


Москвадагы мигранттар
Москвадагы мигранттар

1-январдан тарта Орусияда жүргөн кыргызстандыктар медициналык камсыздандыруу полисин албай койсо болот.

Бул тууралуу Кыргызстандын Москвадагы элчилиги маалымат таратты. Ага ылайык эми ЕАЭБга мүчө өлкөлөрдөн келип иштеп жаткан мигранттар медициналык камсыздоо боюнча жергиликтүүлөр менен бирдей укукка ээ болот. Бирок мигранттар бул кабарга ишенбейт.

Атын атагысы келбеген Орусиядагы мекендешибиз автокырсыктан жабыркаган. Ушул тапта ал дарылана албай келет. Мунун себебин ал каражатка байланыштырды:

- Биринчиден, медициналык камсыздандырууң жок болсо эч ким карабайт. Москвада ушул күнгө чейин ооруканалап жүрөм. Бирок жакшылап текшериле албадым. Коммерциялык ооруканага барсаң, алар көп сурайт. Бизге окшоп сырттан баргандар жатып дарылана турган болсо, бир күнгө төрт миң рубл алат экен. Операция кылуу керек дешкенинен макул болсом, ага 64 миң рубл төлөйсүң дешти. Ага менин чама-чаркым жеткен жок.

Мигранттар: иште да, төрөттө да бөтөн паспорт...

​Мигранттар: иште да, төрөттө да бөтөн паспорт...

Мигранттардын айтымында, жасалма кыргыз паспортун метро-вокзалдардагы далдалчыларга жасатып алуу текейден арзан. Андан тышкары ич ара паспорт алмашып, бирөөнүн паспорту менен жумушка орношкондор, жадакалса чоочун адамдын паспорту менен ооруканага катталып, төрөгөндөр да кездешет.

Бул чет жерде дарыланууга муктаж мигранттардын бири гана. Ал эки жыл мурун Орусиядан медициналык камсыздандыруу баракчасын албай калганы үчүн "кара тизмеге" киргизилип, өлкөдөн чыгарылган экен. Кыргызстандан жарытылуу иш таппай, аты-жөнүн өзгөртүп кайрадан Москвага барганда күтүүсүз кырсык тооруган.

Орусиядагы кыргыз элчилиги эми кыргызстандыктар медициналык камсыздандыруу полисин албай койсо болорун, бул макулдашуу ЕАЭБ уюмунун алкагында жетишилип, күчүнө киргенин маалымдады.

Маалыматта Орусиянын Ички иштер министрлиги полиси жок чет элдиктер жоопкерчиликке тартылбасы тууралуу аймактык органдарга эскертүү бергени айтылган.

Элчиликтин маалымат катчысы Гүлбарчын Байымбетованын айтымында, эми ЕАЭБга мүчө өлкөлөрдө расмий эмгек келишимдин негизинде иштеген, каттоосу бар жарандар ыктыярдуу медициналык жардам алса болот:

- Мыйзам 1-январдан тарта күчүнө кирет деп чыкты. Бул боюнча негизи Москвада иштеген ЕАЭБ уюмунун кызматкерлери жакшы билет. Мыйзам боюнча Орусияда иштеген мигранттар аталган өлкөнүн жарандары сыяктуу ыктыярдуу медициналык жардам алууга укуктуу. Орус мыйзамдарына ылайык, ыктыярдуу медициналык жардам бекер.

Мындан сырткары билдирүүдө медициналык камсыздандыруусу жок болгону үчүн депортацияланган кыргызстандыктар Кыргызстандагы миграциялык кызматка кайрылып, аларды "кара тизмеден" чыгаруу боюнча арыз жазуусу керектиги да айтылган.

"Бекер дарыланууга ишенбейм"

Анткен менен бир канча жылдан бери Орусияда жашап, иштеп жүргөн Жамила Бекиева Бажы биримдигинин сөз болуп жаткан идеяларынын көбү ишке ашпай жатканынан кабардар экен:

- Бир кезде милдеттүү камсыздандыруу полицияга кошулуп, алар текшере баштаган. Ошол учурда көптөгөн жарандарыбыз "кара тизмеге" илинип, депортация да болгон. Биз далайларын чырылдап жүрүп алып калдык. Сүйлөшүүлөр жүргөндө эки өлкө ортосундагы эле каалоо-тилектер болбостон ЕАЭБ уюмунун башка мүчөлөрүнүн да кызыкчылыгы эске алынышы керек турбайбы. Ошолордун макулдугу жок көп идеялар ишке ашпай калат.

Бекиева буга улай мигранттардын көбү милдеттүү медициналык жана социалдык камсыздоого маани беришпегенин, аны жалпы элге жалпак тил менен айтып түшүндүрүү зарылдыгын белгиледи.

Чолпон Осмонова
Чолпон Осмонова

Көп жылдан бери мигранттардын турмушун жакындан билген Чолпон Осмонова болсо мигранттардын медициналык камсыздоо укугуна ээ болушуна ишенбейт:

- Мен ага ишенбейм! Макул, тез жардам чакырганда келет. Анысы бекер. Ал эми дарылоону да бекер кылат дегенге эч качан ишенбейм. Биринчиден, алар мигранттарды тоноп көнүп калган. Баары бир акча алат. Акча бербей койсоң алар деле биздей, карабай коет.

Ошонтсе да биримдикке мүчө өлкөлөрдөгү орток мыйзамдарга ылайык, биринен экинчисине өткөн мигранттарга социалдык жана медициналык камсыздоо аларды кабыл алуучу өлкөлөрдүн жарандары менен бирдей шартта жүргүзүлүүгө тийиш.

Элчиликтин маалымат катчысы Гүлбарчын Байымбетова кыргызстандык мигранттардын медициналык камсыздоо боюнча жергиликтүүлөр менен бирдей укукка ээ болуу иш-чарасы 9-январда Москвада өтө турган ЕАЭБ уюмунун тармактык жыйынында талкууланарын белгиледи.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG