Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:05

Мигрант акчасы: максатсыз чыгымдар


Орусиянын Борбордук банкы быйыл Кыргызстанга которулган акча былтыркыга караганда көбөйгөнүн маалымдады. Буга Орусиядагы кризис азайганы себеп катары көрсөтүлгөн.

Жыл аягына чейин быйыл сырттан которулган акчалар 2013-2014-жылдардагы көрсөткүчкө жетип калары айтылууда.

Орусиядан которулган 1,9 млрд доллар

Орусиянын Борбордук банкы маалымдагандай, үстүбүздөгү жылдын тогуз айында Кыргызстанга жеке адамдар банк аркылуу 1,286 млрд доллар которушкан. Бул өткөн жылкы көрсөткүчкө караганда 21% көп. Бирок 2013-жылкы тогуз айда которулган акчанын көлөмүнөн 16% аздык кылат.

Кыргызстандын Улуттук банкы маалымдагандай, жалпысы болуп, быйылкы он айда сырттан которулган акчанын суммасы 1,940 млрд долларды түздү. Анын ичинен Орусиядан келген акча 1,9 млрд доллар, 3 млн ашуун АКШдан, 0,5 млн жетпеген акча Казакстандан которулган.

Орусияда иштеп жүргөн кыргызстандык мигрант Азизбек Асабала быйыл өткөн жылга салыштырмалуу үйүнө көп акча которгон. Ал буга өткөн жылкы кризис, жумушсуздук күч алганын себеп көрөт:

- Былтыркы жылы Кыргызстанда жүрүп, жаңыдан келгенде жумуш табалбай, улам чыгып калган жумуштарда иштеп жүрүп, айына 2-3 миң рублден эле жиберип жаткам. Быйыл кыйла жакшы. Азыр тапкан акчама жараша 10 миңден 20 миң рублге чейин жиберип калдым.

Иш табуу оңой болуп калды

Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө болуп кирүүсү мигранттардын кирешесин арбытууга негиз болуп бере алдыбы деген суроого мигранттар көбүнчө терс жооп беришет. Алар, тескерисинче, акыркы убактарда мигранттарга кысым күчөгөнүн белгилешет. Биздин маектешибиз да Кыргызстанга которулуп жаткан акчанын көбөйүүсүнө өлкөнүн ЕАЭБге киргени эч кандай деле таасир берген жок деп эсептейт.

Москвадагы кыргыз кафеси
Москвадагы кыргыз кафеси

Азизбек Асабаланын айтуусунда, кризистен кийин Москвада жумуш табуу оңой болуп калды, ошондуктан, Кыргызстандан келген мигранттардын саны да өсүүдө:

- Азыр иш табуу оңой болуп калды. Орус тилин билбей келген кыз-жигиттерге да оңой эле иш табылат. Себеби, өзүбүздүн мекендештер эле көп ашкана-кафелерди ачты. Сулуулук салондорун, базар иштеткендер бар. Ирденип калган кыргыздар көп эле. Бул жакта иштеп жаткандардын көпчүлүгү жаштар, 25 жашка чейин десек деле болот. Мектепти бүтүп келгени, бүтпөй келгени бар. Алар да тапкан акчасынын көпчүлүгүн үйүнө, ата-энесине салат.

Ал эми Москвада бир нече жылдан бери иштеп келе жаткан эркин журналист Мадина Жапарова Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болгону мигранттарга мамиле жумшарып, жумушка орношуу оңой болуп калды деген пикирин бөлүштү:

- Албетте, тиешеси бар деп ойлойм. Кыргызстан ЕАЭСке кирет-кирбейт деп жаткан учурда мигранттарыбыз бир топ кыйналган. Азыр кыйла стабилдешип калды, мурдагыдай эмес. Мурда өзбекстандык, тажикстандык мигранттар менен бирдей эле жумуштарды жасап келишсе, азыр биздикилерге бир топ жакшы болду. Көпчүлүгү ашпозчу болуп иштешет. Айлыктары 30 миң рублден жогору. 40-50-60 миң рубль алгандары бар. Мындан тышкары былтыр орустардын өзүндөгү кризис, экономикалык санкциялар да жүдөткөн болчу. Быйыл жылыш бар, мисалы, курулуш тармагы кайра жанданды. Биздин балдар көбүнчө курулушта иштейт.

Кыргызстанга Орусиядан эң көп акча которулган жыл болуп 2013-2014-жылдар эсептелет. Бул жылы мигранттардан которулган акча 2 млрд долларды түзгөн. 2013-жылы 2 млрд 80 млн доллар которулса, 2014-жылы мигранттар 2 млрд 26 млн доллар которушкан.

Кийинки жылы Орусиядагы кризиске, рублдин күчүн жоготуусунан улам, Кыргызстанга акча которуу эки эсе азайган. Өткөн жылы Орусиядагы мекендештерден 1,1 млрд доллар гана акча которулган. Эксперттер муну Орусияга салынган түрдүү экономикалык санкциялар, рублдин алсырашы менен байланыштырышкан.

Экономист Айылчы Сарыбаев быйылкы жылы Орусия аздыр-көптүр кризистен чыгып, өз алдынча иштөөнү колуна алганы ал жакта иштеп жаткан кыргызстандык мигранттарга оң таасирин тийгизди деп эсептейт:

- Былтыр санкциялар жаңыдан кирген мезгилде Орусияда катуу кризис болгон. Курулуштар токтой баштаган, өндүрүш жылбай калган. Кыскартуулар күч алып, адамдар ишсиз калып жаткан. Путиндин күчтүү экономикалык саясат жүргүзө баштаганынан улам өндүрүштө жылыш болду. Демек, жумушчу күчүнө кайрадан талап бар. Өзгөчө Кыргызстандан барган мигранттар сыяктуу арзан жумушчу күчүнө суроо-талап көбөйөт.

Орусияда иштеген кыргызстандык мигранттардын басымдуу бөлүгүн 18-35 жаштагылар түзөт. Бул курактагылар адатта үйлөнүп, үй-жай куруу максаты менен барышат. Андай учурда тапкан акчасын да негизинен үйүнө жиберет.

"Кенч-Казынанын" тагдыры эмне болду?

Мурунку жылдары мигранттардын ысык-суукта иштеп тапкан акчасы аш-тойлорго жумшалып жок болуп кетип жатат деген жүйөлөр көп айтылчу. Буга байланыштуу ЖИА Бизнес биримдиги мигранттардын акчасын иштетүү демилгесин көтөрүп чыккан. Алар атайын акционердик коом түзүп, ал аркылуу Кыргызстандын өзүндө ишканаларды ачууну көздөшкөн. Бирок демилге мигранттардын колдоосун таба алган жок. Бул демилгеге башынан сын көз менен карап келген ишкер Гүлжигит Исаков сунуш Орусиядагы кризис учуруна туш келип, ишке ашпай калды деген пикирде:

- “Кенч-Казына” акционердик коомун түзүү демилгеси жакшы болчу. Бирок анын түптөлүүсү дүйнөлүк кризистин учуруна туш келип калды. Орусияда санкицялар башталды. Ошондон улам да мигранттар акчаны катып турууну чечип, акция сатып алууга макул болушкан жок. Ошондуктан, бул демилге ишпей калды окшойт.

Ал эми экономист Айылчы Сарыбаев мындай демилгени мамлекет колдоп берүүгө тийиш болчу деп эсептейт:

- Алардын акчасын кайда, эмнеге, кантип жумшоону жана кайра кантип кайтарууну өкмөт өзү кепилдик берип, иштетиши керек эле. Ансыз деле эки жактан акча сурап жүрөбүз, бул мигранттардын даяр акчасын такыр жоготуп жибербей, иштетүүгө өкмөт кепилдик берсе болмок. Тилекке каршы, андай болгон жок. Кепилдик болбосо, кыйынчылык менен тапкан акчасын ким эле бере койсун?

Орусиянын Борбордук банкы Өзбекстан менен Тажикстанга которулган акчанын агымы, тескерисинче, төмөндөгөнүн да билдирүүдө. Алсак, Өзбекстанга тогуз айда 2,013 млрд. доллар которулган. Бул былтыркы көрсөткүчтөн 14,4% аз. Ал эми 2013-жылы которулган акчанын жарымына да жетпейт. Ал жылы Өзбекстанга мигранттар 6,5 млрд доллардан ашуун акча жиберишкен.

Тажикстанга болсо тогуз айда 1,432 млрд. доллар которулса, былтыр мындан 14,5% көп которулган. Тажикстандык мигранттар 2013-жылы мекенине 4 млрд. доллар акча которушкан.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG