Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:55

Орусия мигранттарга талапты күчөтөт


Москва
Москва

Орусияда эмгек келишими жок иштеген мигранттарды депортациялоо, аларды милдеттүү геномдук дактилоскопиялык каттоого алуу сыяктуу мыйзам долбоорлору каралууда. Орусиянын Ички иштер министрлигинин бул демилгеси мигранттардын абалын дагы оорлотмокчу.

Сунушталган жаңы талаптар

Орусиянын Ички иштери министрлиги эмгек келишими жок иштеген мигранттарга алгач ирет 5 миң рублга айып салып, андан кийин өлкөдөн чыгаруу боюнча мыйзам долбоорун даярдоодо.

Мыйзам кабыл алынса, анын залакасы Евразия экономикалык биримдигиндеги мигранттарга дагы тиймекчи. Жеңилдик Беларустун жарандарына гана берилген.

Мигранттарды милдеттүү геномдук дактилоскопиялык каттоого алуу демилгеси болсо былтыртан бери талкууланып жатат. Геномдук каттоо Орусияда 2008-жылдан бери иштейт, бул биологиялык маалымат, башкача айтканда, кан, чач, шилекей тапшыруу дегенди түшүндүрөт. Аны азырынча Орусияда оор кылмыш иштери боюнча соттолгон кылмышкерлер гана тапшырат.

Москвада метро салып жаткан кыргыз мигранттары.
Москвада метро салып жаткан кыргыз мигранттары.

Орусия коомчулугунда жаңы мыйзам долбоорлору кызуу талкууга алынууда. “Мигранттар федерациясы” коомдук уюмунун президенти Вадим Кожинов геномдук дактилоскопиялык каттоо кылмышкер мигранттарды аныктоого жардам берет, ал эми мигранттардан эмгек келишимин талап кылуу менен алардын Орусиянын бюджетине төлөгөн салыктарын көзөмөлдөөгө шарт түзүлөт деген ойдо.

- Мен бул мыйзам долбоорлордон эч кандай көйгөй көргөн жокмун. Бул жакта Евразия экономикалык биримдигиндеги Армения, Казакстан жана Кыргызстандын мигранттары бар, ошондой эле биримдикке кирбеген Өзбекстан менен Тажикстандын мигранттары бар. Бул мыйзам долбоор бардык эмгек мигранттарга бирдей шарттарды түзөт. Иштегиси келген мигранттар эмгек келишимин алышы керек болот. Көйгөй деле чыкпайт. Орусияда бул өлкөлөрдөн келген мигранттар көп. Ал эми дактилоскопиянын киргизилишин биз мурунтан эле колдоп келебиз.

Мыйзамдын мигранттарга таасири

Орусиянын эмгек мигранттары профсоюзунун жетекчиси Ринат Каримов, тескерисинче, бул чаралар мигранттардын абалын оорлотот дейт. Биринчи кезекте бул кыргызстандык мигранттарга тоскоолдуктарды жаратарын айтууда:

- Биринчи адамдарды бул жакка “патентсиз иштейсиңер” деп азгырып алып, анан бир жыл өтпөй кайра патент системасынан дагы оор шарттарды киргизип жатышат. Патентке караганда мигрантка эмгек келишимин алган оор. Патентти акчасын төлөп ала алат, ал эми мигрантка эмгек келишимин берип, ага тийиштүү салыктарды төлөп иштетүүгө даяр жумуш берүүчүлөр Орусияда аябай аз. Эмне үчүн бул мыйзам долбоору көтөрүлүп жатканын эч түшүнбөйм. Бул биринчи кезекте Евразия экономикалык биримдигиндеги Кыргызстандын жарандарына тийиштүү болот. Булар Орусияга башкаларга караганда тез көнүп, жакшы аралашып калган эмгек мигранттары.

Каримовдун белгилешинче, эмгек келишими жок мигранттарды өлкөдөн чыгаруу боюнча мыйзам кабыл алынса, бул Орусиядан мигранттарды депортациялоону кескин күчөтөт.

Учурда миграциялык мыйзам бузуулар үчүн Орусиядан чыгарылып, “кара тизмеге” киргизилген кыргызстандык мигранттардын саны 116 миңдин тегерегинде.

Чет элдик мигранттарды милдеттүү дактиласкопиялык каттоого алуу боюнча мыйзам долбоору азыр Мамлекеттик думада каралууда. Ал эми эмгек келишими жок иштеген мигранттарды өлкөдөн чыгаруу боюнча Орусиянын ИИМи сунуштаган мыйзам долбоору коомчулуктун талкуусунда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG