Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:00

Кожобаев: Мигранттар үчүн чуркап иштейбиз


Төлөнбай Кожобаев
Төлөнбай Кожобаев

Орусияда Кыргызстандын Мамлекеттик миграция кызматынын өкүлчүлүгү ачылып, иштей баштады. Азырынча анын Москва, Казан жана Красноярск шаарларындагы бөлүмдөрү эмгек мигранттардын көйгөйлөрүн чечүүгө көмөктөшмөкчү. Кийин Орусиянын башка аймактарына да ачылат. Өкүлчүлүктүн жетекчиси Төлөнбай Кожобаев “Азаттыкка” курган маегинде учурда жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолду.

“Азаттык”: Мамлекеттик миграция кызматынын өкүлчүлүгү качан иштей баштады? Канча кызматкериңиздер бар? Алардын мигранттардын көйгөйүн чечүүдө даярдыгы кандай?

Кожобаев: Биздин өкүлчүлүк сентябрдын этегинде, октябрдын башында иштей баштады. Жумуш жаңы болгондуктан, көбүнчө уюштуруу иштери менен жүрдүк. Өкүлчүлүктүн иштеши үчүн токтомдор чыгып, кызматкерлерди аккредитациялоо, атайын паспорттор менен камсыздоо, кеңсе ачуу, каржылоо маселелерин чечүү керек эле. Бул маселелерди чечип отуруп, декабрдын аягында толуккандуу ишке кирдик десем болот. Эми Москвада алты кызматкер, ал эми региондордо үч-төрт өкүл иштейт деп турабыз. Кызматкерлерибиз мамлекеттик кызматта көптөн бери иштеген, тажрыйбалуу, илимдүү-билимдүү балдар, юристтерибиз дагы бар. Мен өзүм буга чейин Екатеринбургда башкы консул болуп иштегем, миграция көйгөйлөрүн жакшы билем.

“Азаттык”: Бир айдан бери иштеп жатабыз дедиңиз, азыркы кезде мигранттар арасында кандай көйгөйлүү маселелер бар экен? Кандай иштер жүргүзүлдү?

Кожобаев: Башкы көйгөй – мигранттардын жашаган жери боюнча каттоого тура албай жатканы, андан депортация көйгөйү келип чыгат. Мындан тышкары кийинки кезде Орусияда болуп жаткан турмуштун таасири мигранттарга дагы тийип жатса керек, эмгек акыны ала албай калган жарандарыбыз көп. Мигранттардын мыйзамсыз болушуна кызыкдар жумуш берүүчүлөр дагы кездешет. Күнүнө 10-15 жаран ар түрдүү маселелер менен кайрылат, ушуга чейин 50-60 арыз түштү. Мисалы, акыркы жумада 27 арызга 120 жараныбыз кол коюп, жалпысынан 5 миллион 607 миң рубль эмгек акыны ала албай жатышканын билдиришкен. Ошонун 1 миллион 243 миң рублын иш орундарына барып, жумуш берүүчүлөр менен жолугуп, жарандарга кайтарып бердик. Элчиликтин кызматы башка, алар жарандарды кабыл алып иштеши керек. Ал эми биз эл менен аралашып, күнү-түнү же дем алыш болобу, депортация, эмгек акы жана башка маселелер боюнча окуя болгон жерге барып, чуркап иштейли деп кызматкерлерди үгүттөп жатам.

“Азаттык”: Өкүлчүлүктүн кызматкерлери Орусияда мигранттарды сот иштеринде, Сахарово сыяктуу камоочу жайларда жана полиция бөлүмүндө толуккандуу коргой алышабы, ыйгарымдуу укуктары барбы?

Кожобаев: Бар. Элчиликке ыраазычылык айтыш керек. Алардын жардамы менен кызматерлерибиз атайын аккредитациядан өтүштү, баарынын колунда дипломатиялык картасы бар. Мисалы, биздин кызматкерлер бир айдын ичинде үч жолу Сахарового барып келишти. Жакында кыргыз жамаатынын демилгеси менен дагы барып, ал-акыбалын сурашып, көйгөйлөрүн уктук. Менин билишимче, ал жакта азыр 87 жараныбыз бар. Бул сан туруктуу эмес, азайып же көбөйүп турат экен. Бул көйгөйдү чечүү үчүн өзүбүздүн жарандардын арасында мыйзам бузууну кыскартышыбыз керек. Азыр мыйзамдуу жумушка орношуу, эмгек келишимин түзүү, миграциялык документтерди алуу, жүрүм-турум жана башка ушул сыяктуу маселелер боюнча кыргыз тилинде түшүндүрмө китепчелерди басып чыгарып, мигранттар көп чогулган жайларда таркаталы деп турабыз.

“Азаттык”: Өкүлчүлүккө мигранттар дагы кандай маселелер менен кайрыла алышат?

Биздин кызматкерлер бир айдын ичинде үч жолу Сахарового барып келишти. Жакында кыргыз жамаатынын демилгеси менен дагы барып, ал-акыбалын сурашып, көйгөйлөрдү угуп келишти. Менин билишимче, ал жакта азыр 87 жараныбыз бар. Бул сан туруктуу эмес, азайып же көбөйүп турат экен.

Кожобаев: Жарандар менен иштөө боюнча элчилик менен өкүлчүлүктүн ортосунда кабыл алынган атайын иш тартиби бар. Биз эмгек акы ала албай же жумуштан жүйөсүз бошотулган жарандардын, административдик мыйзам бузуулар үчүн Орусиядан чыгарылгандардын маселелери боюнча түздөн-түз иштейбиз. Ошондой эле сотко чейинки тергөө иштерине катышып, жарандарыбыздын укуктарын коргой алабыз, ал эми иш сотко өтсө, элчилик менен биргеликте алып барабыз. Андан сырткары, "жүк -200" маселесин дагы карайбыз. Анан, албетте, кыргыз жамааты, коомдук уюмдар жана бирикмелер менен тыгыз байланышта болуп, мигранттар арасында түшүндүрүү иштерин дагы жүргүзөбүз. Негизи, регламент менен чектелбей эле мигранттарыбызга байланышкан бардык маселелерге аралашып иштеп, колубуздан келген жардамды беришибиз керек.

Мамлекеттик миграция кызматынын Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн дареги: Москва шаары, Полянка метросу, Малая Полянка көчөсү, 12А үйү. Байланыш телефону: +7 926 734 91 08

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG