Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:34

Орусия: учу-кыйыры көрүнбөгөн "кара тизме"


Москва.
Москва.

Орусиянын аймагына кирүүгө тыюу салынган кыргызстандык мигранттардын саны бүгүнкү күндө 110 миңден ашат. Кыргызстандын Миграция кызматынын маалыматы боюнча быйыл бул “кара тизмеден” 40 миңге жакын адам чыгарылышы мүмкүн.

Элүүгө таяп калган Гулнара Москвада тамактануучу жайда пол жууп иштейт. Эки жыл мурун жолдошу миграциялык кагаздарды өз убагында узарта албай калып, Орусиядан сот аркылуу чыгарылган.

- Жакшы эле иштеп жүргөн. Үй-бүлөбүздө кырсык болуп, ошону менен жүрүп, жашаган жери боюнча каттоосун узарта албай калыптыр. Анан ошол каттоосунун мөөнөтү бүткөн күнү полиция кармап жатпайбы. Сот аркылуу чечим чыгарылып, анан Кыргызстанга чыгарылган. Жүрөт эми айылда. Ошондо он күндүн ичинде адвокат жалдасак болмок экен. Эми үй-бүлөнү өзүм жалгыз багып жатам. Балдарды окутуп, үйлөндүрүш керек.

Орусиянын Ички иштер министрлигинин миграция боюнча башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык, 116 миңдей кыргыз жаранына Орусиянын аймагына кирүүгө тыюу салынган. Алардын жарымына убактылуу тыюу салынган болсо, калганы соттун чечими менен депортацияланган.

Быйыл Кыргызстандын Мамлекеттик миграция кызматынын маалыматы боюнча бул “кара тизмеден” 40 миңге жакын жаран чыгат. Башкача айтканда бул мигранттардын Орусияга кирүүсүнө тыюу салынган мөөнөт бүтөт.

2012-жылы Орусиядан чыгарылган Өмүр Нуридинов ушул тапта миграциялык кызматтар аркылуу өзүнүн “кара тизмеден” чыккан-чыкпаганын текшерип жатканын айтат:

- Москвага барганда документтер даяр болгуча деп дароо эле жумушка чыга бергем. Ишке барган күнү эле Федералдык миграциялык кызматтан текшерүү келип, кармалып калгам. Былтыр "Домодедового" барсам, “кара тизмеде” барсың деп киргизбей коюшкан. Кыргызстандын Миграция кызматы жана “кара тизмеден” бар-жогуңду текшерип берем деген жеке агенттиктер бар экен, ошолор аркылуу текшертсем, тизмеде жок экем. Билбейм эми, Орусияга барамбы же жокпу.

Мамлекеттик миграция кызматынын Москвадагы өкүлчүлүгүнүн адиси Марлес Шаршеев быйыл “кара тизмеден” чыкчу жарандарды Орусияга дароо ашыкпай, биринчи кезекте өздөрүн Орусиянын миграция башкармалыгындагы тизмелерден тыкыр текшерүү керектигин айтат.

- Былтыр жыл аягында орусиялык тарап менен сүйлөшүүлөр болгондо 36 миң жарандын Орусияга кирүүгө тыюу салынган мөөнөтү аяктайт деген маалымат берилген. Быйыл “кара тизмеден” чыгам, мөөнөтүм бүттү дегендер Кыргызстандын Бишкектеги жана Оштогу миграция кызматтарына арыз менен кайрылып, качан жана кандай себептер менен чыгарылганы тууралуу маалымат бериши керек. Миграциялык кызмат маалыматты топтоп, анан бул жакка атайын расмий билдирүү жөнөтөт. Андан сырткары, үй-бүлөнүн бир мүчөсү Орусиянын жараны болсо, бул жакта окуган студенттер, дарыланам деген адамдар жана жогорку квалификациялуу адистер “кара тизмеден” чыкканга жеңилдиктер бар. Ошондой эле, эскертип кетиш керек, сот чечими менен Орусиядан чыгарылгандар 10 күндүн ичинде кайрадан сотко кайрылып, сот чечимин жокко чыгарууга аракет кылышса болот.

Москва.
Москва.

Быйыл Орусияга кирүүгө тыюу салынган мөөнөтү соңуна чыкчу жарандар Кыргызстандагы Миграция кызматынын “Справочник мигранта” мобилдик тиркемеси (Android колдонуучулары үчүн Play Market те) аркылуу же Орусиянын ИИМнин миграция боюнча башкармалыгынын сайтынан өздөрү тууралуу маалыматты текшере алышат.

Былтыр жыл башында Орусияга кирүүгө тыюу салынгандан кыргызстандык мигранттардын саны 180 миңге чейин көбөйүп кеткен. Кыргыз-орус өкмөттөрүнүн сүйлөшүүлөрүнөн улам жыл ичинде бул “кара тизме” 70 миңге чейин кыскарган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG