Линктер

ишемби, 18-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 01:54

1937: Кемелине толгон кезде жайран болгон Сыдык Карачев


Кыргыздын туңгуч “Эркин Тоо” гезитинин алгачкы жооптуу катчысы - Сыдык Карачев болгон.

Кыргыз профессионал адабиятын түптөөчүлөрдүн бири Сыдык Карачев чыгармачылык баралына келип турган маалында жалган жалаа менен камакка алынып, 37 жашында атылып кеткен.

Айрым маалыматтар боюнча, 1937-38-жылдары өзгөчө күчөп кеткен сталиндик аёосуз жазалоого бир нече миллиондогон киши кириптер болгон. Илимпоздордун ырасташынча, сталиндик репрессияга ишке жарамдуу калктын ар бир үчүнчүсү туш келген. Андай армандуу тагдырлардын болжолдуу саны Кыргызстанда 40 миңден ашуун.

Жазыксыз набыт кеткен кыргыз айдыңдарынын бири Сыдык Карачев (1900 - 1937) тууралуу азыноолак сөз кылмакчыбыз.

“Эрик таңында” менен “Ажардын” куугунтукка кабылышы

Кандайынан келгенде да Сыдык Карачевдин ​ адамдык, адабий тагдыры тууралуу өкүнүч менен кеп кылууга туура келет. Коммунисттик бийликтин жалындуу жактоочусун жаштайында жайралтып салышпаса, андан кара сөздүн мыкты чебери, таланттуу акын, таасын драматург чыкмак. Антип болжол курушка Сыдык Карачевдин артында калтырган адабий мурасы толук мүмкүндүк берет.

Сыдык Карачев (Сыдык Карач уулу, 1900 - 1937).
Сыдык Карачев (Сыдык Карач уулу, 1900 - 1937).

Сыдык Карачев Кыргызстандын азыркы Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районундагы Жылуу-Булак айылында 1900-жылы бай үй-бүлөдө дүйнөгө келген. Жаштайынан ата-энесинен жетим калган.

Сыдык жаш чагында Каракол шаарына келип, Салих аттуу татар мугалимдикине үй кызматкери болуп орношот. (Тарыхчы Аида Кубатованын тактоосуна караганда, анын тегаты - Надыршин болгон). Ошол жадидчи, реформатор агартуучу С.Надыршиндин жардамы менен Сыдык шаардагы татарча жаңы усул (усул-и жадид) мектебинен окуйт.
1919-жылы атуулдук согуш курчуп турган мезгилде жергебиздеги улуттук жигиттерден кызыл гвардия бөлүмү түзүлгөндө, Сыдык да ага катталат.

Бул жерде ал улуу манасчы Саякбай Каралаев, темир комузчу Адамкалый Байбатыров менен бирге аскердик машыгуудан өтүп, Казакстандын Лепси аймагында, анан атаман Анненков башчылык кылган ак гвардиячыларга каршы согушуп, кийин Бухара эмирдигин кулатууга катышкан.

С.Карачев 1920-1922-жылдары Ташкендеги аскер мектебинде окуп, бирок ден соолугуна байланыштуу бул окуудан чыгып, Караколдогу Союз кошчу уюмунда иштейт.

"Эркин-Тоо" гезитинин туңгуч саны жарык көрөөр алдында аны Ташкенге атайын чакыртышып, гезитке жооптуу катчы кылып дайындашат. (Сыдык буга чейин эле, Алматыда чыкчу "Көмөк" газетасында 1919-жылдары аз убакыт болсо да иштеген деген божомол бар).

Сыдык Карачев табиятынан көркөм сөзгө жөндөм-шыктуу, адабий табити сезимтал жан болгон. Кыска убакта, ара-чолодо жазган чыгармалары аны менен адабиятка чогуу аралашкан каламдаштарынан кыйла айырмалантып турушу көп нерсени ырастап турбайбы. Анан да Сыдык Карачевдин кыйла убакты-сааты гезит чыгаруу, журналистикага корогон. Текст менен иштөө, сүйлөм куруу, образ тузүү жагынан ал башкалардан чынында эле айырмаланып турган.

Сыдык Карачевдин журналисттик ишмердигине, анын адабий чыгармачылыгына белгилүү журналист, изилдөөчү Мундузбек Тентимишов да кызыккан.

- Бул киши да "Социал-туран партиясына тийиштүү" деген айып менен кеткен. Мен кызыгып изилдегем. Аны 1928-жылдан кийин эле четтетүү аракети башталган. Касым Тыныстановго тийген токмоктун баары эле буга тийген. Касымаалы Баялиновдун “Ажарына” тыюу салган учурлар болгон. “Ажарды" зыяндуу чыгарма деген 1933-жылы ВКП(б) обкомунун токтому чыккан. Ошонун бир капшыты Сыдык Карачевге тийип калган. Бул байдын тукумунан чыккан. Ал кездеги биздин интеллигенция экиге бөлүнүп калган. Бир тарабын Аалы Токомбаев, экинчи жагын Касым Тыныстанов баштаган. Сыдык Карачевдин “Эрик таңында” повести жакшы чыгарма болгон. Ал Касымалы Баялиновдун “Ажары” менен бирге катуу сынга алынган.

Ушундан улам, деги эле 1920-30-жж. сталиндик кандыбулоон, өз элине карата жасалган катаал жазалоонун, миллиондорду кабыргасы кайышпай, атып жок кылышынын, андай болбогонун абакта кыйнашынын, жер которуштуруп айдап ийүүнүн себеп-жөнү, адам өмүрү түккө турбаган катаал мезгилдин трагедиясы буга чейин жетиштүү айтылбагандай, ар тараптуу изилдене электей таасир калтырат.

Белгилүу тарыхчы, тарых илимдеринин кандидаты Аида Кубатова XX кылымдын башындагы кыргыз агартуучуларынын тагдыры жөнүндөгү теманы кыйла жылдардан бери изилдеп келатат.

- Совет бийлиги келгенден кийин буларды пантүркчүл, панисламчы деп куугунтуктай баштаган. Булардын өзөгү - XX​ кылымдын башындагы жадидчилик кыймылы болгон. Анда алдыга умтулуу, элди агартуу максаты коюлган.

Сталинчил репрессия кыргыз интеллигенциясынын алгачкы муунун чалгы менен чапкандай шылып кеткен.

Профессор Токторбек Өмүрбеков. 18.7.2009.
Профессор Токторбек Өмүрбеков. 18.7.2009.

Анын себеп-жөнүнүн бир өңүтүн тарыхчы, тарх илимдеринин доктору, КУУнун профессору Токторбек Өмүрбеков "таптык күрөш" деген сталинчил талапка баш ийдирилген жосунсуз жаатчылык жагдайына байланыштуу түшүндүрөт.

- Бул жерде жаатчылык деген болгон. Ал эми уруучулук дегенден кичине алысыраак болушубуз керек. Айрым элементтери болгондур. Жаатчылык болгондо, эми азыркыча айтканда, партия да. Тигил партия менен бул партиияда өзүнүн уруулашы болуп калышы мүмкүн да. Бирок ачыктан ачык уруу-уруу болуп бөлүнүп алган деген чындыкка жакындай бербейт. Бул жерде жеке кызыкчылык, топтун кызыкчылыгы деген өзүнчө бир кичи партиялар, кичи жамааттар түзүлүп, ошондон кеткен да.

Жаңы заман жактоочусу жана курмандыгы

Сыдык Карачев жаңы заманды жактыруу менен кабыл алган. Жогоруда учкай айтылгандай, Кеңеш бийлигин сүйүңкүрөбөгөн душмандарына каршы күрөшкөн кызыл аскер, кызыл гвардиячы болгон, аз убакыт болсо да, 1920-22-жылдары Ташкендеги советтик аскердик мектепте окуган. Мурдагы далай бай-манаптардын, бийлердин көптөгөн урпактары деле Кеңеш бийлиги тарабында болуп чыккан.

Өз башынан өткөргөн мына ушул карама-каршылыктуу мезгилди кийин С.Карачев чыгармаларында чагылдырган. Жаңы заман буга чейин кош эзүүдө басылып келген карапайым элге эркиндик, бакубат турмуш алып келерине айныксыз ишенген. Өзүнүн жаңы заман жарчысы экенин чыгармачылыгында далилдеген.

Сыдык Карачев адабий чыгармачылык менен журналистиканы эриш-аркак ала жүргөн. Караколдо иштеп жүргөн жеринен Ташкенге чакырылып, 1924-жылы "Эркин тоо" гезитинин алгачкы сандарын чыгарып, андан кийин да Бишкекте туңгуч кыргыз басылмасында жооптуу катчысы болуп алты жыл иштеген.

Каршылаштарынын чагымынан чочулап, 1930-жылы борбордон алысыраак Ош шаарында чыгып аткан "Кызыл пахтачы" гезитине жооптуу катчы кызматына которулган. Баары бир "пролетарчыл" сынчылардын бутасынан качып кутула албаган.

Сыдык Карачев өзүнүн эч күнөөсү жоктугун билип турса да, ушундай кылсам бир айласы табылар деп санап, Кыргызстан жазуучуларынын I курултайы ачылар алдында: "Эгер (болшевиктик) партиянын Борбордук Комитетинин адабият уюмдарын кайра куруу жөнүндөгү 1932-жылкы токтомуна чейин мен майда буржуазиячыл маанайдын туткунунда жүрсөм, кийинки учурларда улутчул көз караштарыма катуу, катаал карап, андан биротоло кол үздүм", - деген маанидеги интервью берүүгө аргасыз болгон ("Советская Киргизия", 1934, 21-апрель).

Артынан аңдыган саясий куугун аны менен токтолуп калбай, акыры жалган жалаа менен камакка алынып, буржуазиячыл улутчул, бай-манап тукуму айыбы менен атылып кеткен.

Ошону менен кыргыз профессионал адабиятын түптөөчүлөрдүн биринин - улуту үчүн колунан келген аракетин жасап, анын тезирээк билимдүү, алдыңкы калктардын катарына кошулуусуна кызыкдар азаматтын көзүн тазалашкан.

Аз убакыт ичинде жасалган албан иштер

Сыдык Карачев да ал кездеги көпчүлүк жазуучулардай эле чыгармачылык жолун ыр жазуудан баштаган. Ал ырларда жаңы заманга куттук айтуу, өзгөрүлгөн турмуш, аялдар тендиги сындуу заман талабына шайкеш келген темалар чагылдырылган.

Акындын "Шаңдан, жүрөк", "Айылдагы курбума", "Досума", "Эркин-Тоого", "Май", "Жаңы турмуш - жарык күн", "Эмгек таңында" сындуу ырларын ушундай десек болот. Маселен, "Шаңдан, жүрөк" деген ыры мындайча башталат:

Адашкан эл-журтунан мен бир безген,

Илим деп эл-жеринен эчак кеткен,

Мойнума эл милдетин артып алып

Түйшүктө нур жылдарым - жаштык өткөн.

Көркөм шөкөттөлүшу кыйла эле жупуну көрүнгөн ырдын жыйынтык куплетинде акындын айтайын деген негизги ою ачыкка чыгат.

Жаңы доор, жаңы турмуш кызыгына

Журөгүм толкундады оттой жанды.

Кайгылуу өткөндөгү муңдуу күнүм,

Кан кечип, эрксизден мен күлгөмүн,

Кетти изсиз элим менен сан күрөшкө.

Ат салыш (толку), шаңдан, эт жүрөгүм.

Сыдык Карачевдин адабий чыгармачылыгы алдыга илгерилеген сайын анын саясий каршылаштарынын аракети күчөгөн, өз элин билимдүү, маданияттуу болушун жактаган жазуучуга улутчул жарлыгын тагып, бай-манаптын тукумуна жаңы адабиятта орун жоктугун ачык эле айта башташкан.

Каршылашына таптын мүнөздөгү оор саясий айып тагуу ал кездеги идеологиялык күрөштөгү негизги курал болгон. Касым Тыныстанов менен бирге чыккан Карачев, Көкөнов, Баялинов, Жамгырчиев, Кененсариевди жаңы адабиятка жакындатпаш керектигин ал кезде идеячыл сынчы Ыбырайым Тойчинов айтып чыккан.

Кыргыз адабият тарыхын изилдөөчүлөрдүн пикиринде, Сыдык Карачевдин адабий шык-жөндөмү көбүнесе кара сөздө көрүнгөн. "Сүйгөнүнө кошула албады", "Үйлөнүүдөн качты", "Эрик таңында" сындуу аңгемелеринде көөнө адат-салттардын жаңы заманга коошпой калышы, жаңыны жактоочулардын жеңиши негизги сюжеттик мотив катары чыгат.

1928-29-жылдары Сыдык Карачевдин төрт китеби жарыкка чыккан. Анын ичинде "Төрага Зейнеп", "Теңдик жолунда" деген эки пьесасы да бар. Баш-аягы алты-жети жыл аралыгында Сыдык Карачевдин колунан чыккан адабий чыгармалар төрт китеп болуп жарыкка чыгып, жаңыдан телчигип келаткан улут адабиятынын арымы кеңейе баштаган. Бирок да бул жүрүмдүн алдыга жылышына 1930-жылдардагы сталиндик кандуу жазалоо тоскоол болуп, Сыдык Карачев репрессиянын курмандыгына чалынган.

Касым Тыныстанов.
Касым Тыныстанов.

Сыдык Карачев, өзү жакшы көргөн профессор Касым Тыныстановдон (1901-1938) айырмаланып, болгон аракетин жалаң адабият, журналистикага жумшаган. Анын кара сөз, ыр, драмалык чыгармалары катарлаш каламдаштарынан кыйла айырмаланып турган.

С.Карачев 1958-жылы акталып, андан соң анын мурда жарыяланган чыгармалары топтолуп, 1967-жылы "Эрик таңында" деген ат менен жарыяланган.

Ал ушунчалык кыска мезгилде улут адабиятына чыйыр салган бир топ мыкты чыгармаларды артына калтырып кеткен.

Кыргыз улуттук адабиятынын XX кылымдын башындагы тарыхына кайрылган изилдөөчүлөрдүн бир да бирөө кыйгап өткүс феномендин кыскача тарыхы ушундай.

Редакциянын окурманга өтүнүчү. Урматтуу замандаш! Эгерде Сизде 1930-жылдары жазыксыз жазаланган Сыдык Карачевдин жана башка айдыңдардын тагдырына жана дооруна байланыштуу дурус сүрөттөр бар болсо, анда бул даректүү маалыматты биздин интернет редакторлорубузга жөнөтүп коюуңуздарды өтүнөбүз. Биз бул сүрөттөрдү жана башка мултимедия материалдарын окурмандарыбызга агартуучулук максатта акысыз сунуштамакчыбыз.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" интернет-редактору, журналист, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG