Линктер

дүйшөмбү, 11-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 10:12

Сөз зергеринин сексенинчи жазы


Кубатбек Жусубалиев менен Кеңеш Жусупов маркум Мурза Гапаровдун 80 жылдык юбилейинде. Бишкек, 25.3.2016.

25-апрелде Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада Эл жазуучусу, Токтогул сыйлыгынын лауреаты Кеңеш Жусуповдун чыгармачылыгына байланыштуу “Ой алпы, сөз зергери” аттуу китеп жана сүрөт көргөзмөсү да ачылды.

Кеңеш Жусупов өмүр жолунда кыргыз маданиятына, адабиятына жазуучу-агартуучу катары олуттуу салым кошкон.

Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев кутман курактагы жазуучуну ар бир сүйлөмдү өз орду менен кынаптай билген көркөм сөз чебери, улуттук маданий жана тарыхый баалуулуктарды аздектеп, жыйнап, тизмектеп берген агартуучу, ошол эле учурда адамдык асыл сапаттарга ээ инсан катары сыпаттады.​

- Быйыл "Адеп, ыйман, маданият" жылы. Кеңеш байкеден адептүү, ыймандуу, маданияттуу ким бар экен? Ошондуктан президенттик администрациядан быйылкы жылды "Кеңеш Жусупов жылы" деп жарыялоону суранбайлыбы. Кыргыздын абийир кодексин жазалы десек - ал Кеңеш Жусуповдун абийиринин негизинде түзүлүшү керек.

Кеңеш Жусуповдун алгачкы аңгемелери 1958-жылдан баштап гезит-журналдарга жарыяланып, тунгуч китеби 1965-жылы "Жашоо кумары" деген ат менен жарык көргөн. Ага удаа "Каралдым тоолор", "Жүрөгүм менин тоолордо", "Ыр сабындагы өмүр", "Күлгүн курак", "Тоолуктар баяны" аттуу китептери басылып чыгып, окурмандарга өз үнү, өзгөчө изи бар калемгер катары таанылган.

Кремлде кыргыз жазуучулары. 1986-жыл. Солдон оңго карай: К. Жусупов, К. Артыкбаев, С. Жусуев, Т. Сыдыкбеков, Ч. Айтматов, З.Сооронбаева, М. Абылкасымова, Т. Касымбеков, М. Мураталиев. Сүрөттү тарткан Н. Кочнев.
Кремлде кыргыз жазуучулары. 1986-жыл. Солдон оңго карай: К. Жусупов, К. Артыкбаев, С. Жусуев, Т. Сыдыкбеков, Ч. Айтматов, З.Сооронбаева, М. Абылкасымова, Т. Касымбеков, М. Мураталиев. Сүрөттү тарткан Н. Кочнев.

Адабиятчы Садык Алахандын пикиринде, совет доорунда адабиятка келген Жусупов - окурмандар жаңылыктарды эңсеп турган заманда жол очерктери аркылуу улут адабиятына өз чыгармачылыгынын дагы бир багытын ачып берип, заманбап жазуучуга айланган:

- Кайра куруу заманынан кийин Кеңеш Жусупов жол очерктеринин сериясын жаратты. Бул адабияттагы таанып-билүүчүлүк жактан өзгөчө багыт болуп калды десек болот. Жазуучу белгилүү философ, окумуштуу Асанбек Табалдиев тууралуу Америка жазуучуларынын өрнөктүү салтын улап автобиографиялык мыкты чыгарма жараткан. Бул залкарлардын өмүр-таржымалын чагылдыруу жаатында жазылган өзгөчө чыгарма болгон. Тактап айтканда, Алыкул Осмонов тууралуу жазган "Ыр сабындагы өмүр" китебинен уланган нук болуп калды.

Адабиятчы бул багытта жазуучунун "Микеланжело мекенинде", "Кан жолдогу ойлор", "Сапар китеп" сыяктуу башка өлкөлөргө, бейтааныш жерлерге барганда ал жактын эли-жери, маданияты, дүйнө таанымы, үйрөнө турган жакшы жактары тууралуу жазган китептерин окурмандар жакшы кабыл алынганын сөз кылды.

Кыргыз Эл жазуучусу Асан Жакшылыков маараке ээсинин чыгармачылыгына баа берип жатып, ал кыргыз прозасы Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары аркылуу дүйнөлүк деңгээлге чыгып турган доордо адабиятка келген муун өкүлү экенин белгилеп, Жусуповдун башкалардан өзгөчөлүгүнө токтолду:

- Кеңеш Жусуповдун палитрасын карасак: назик жүрөктүү, сулуулукту аздектеген, романтикалык маанайда табият менен адамзаттын жакшылыгын көрө билген жазуучу. Чебер аңгемечи. Кыргыз табиятынын ички туюмдарын жакшы билет.

Жакшылыков Жусуповдун он томдон ашык "Кыргыздар" аттуу китепти түзүп, балдарга арнап "Манас" эпосун кара сөз түрүндө жазып чыкканы анын мээнеткечтигин далилдей турганын айтты.

Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада өткөн көргөзмөдө жазуучу өзүнүн 80 жылдык маарекесине карата “Кыргыз акылмандыгы”, “Байыркынын издери” аттуу эки китеп чыгарганын, маараке алдыда Түрксой уюму тарабынан Түркияда да белгиленерин билдирди.

Кеңеш Жусупов 1937-жылы 14-апрелде Нарын облусунун Тянь-Шань районуна караштуу Он-Арча айылында туулган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору.   

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG