Линктер

жума, 20-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 07:43

1937: Сатыбалды Нааматов: адабиятчы, агартуучунун армандуу тагдыры


Сатыбалды Нааматов (1905-1938) - кыргыздын чыгаан агартуучусу.

1930-жылдардагы сталиндик жазалоолордун курмандыктары тууралуу эскерме баяндарыбыздын кезектегиси - кыргыз совет адабиятынын баштоочуларынын бири Сатыбалды Нааматовдун (1905-1938) бейнесине арналат.

Кыргыз совет адабиятынын баштоочуларынын бири Сатыбалды Нааматовдун көркөм чыгармалары 1930-жылдардан тарта чыкпай калган. Антишке кыргыз жазуучуларынын арасында “жат элементтерден” тазалануу, “бай-манапчыл жазуучу-акындар жоголсун!” ураанынын күчөшү себепкер болгон.

Бай баласы, иштемчил усулчу

Бай баласы Сатыбалды Нааматов ал арада болгон аракетин эл агартуу ишине, калктын сабатын жоюуга жумшайт, бир топ илимий-усулдук эмгектерин жазат. Ага карабастан 1938-жылы “эл душманы” катары атылып, кыйла жылдар аты аталбай келди.

Социалисттик коомду “эл душмандарынан”, “жат элементтерден” тазалоо аракети коммунисттер бийликте турган кезде үзгүлтүксүз жасалып келди. Тек ал бирде күчөп, кээде басаңдап, а бирок жазалоо механизми токтолбой, жалаңкат коммунизм идеясынын артында кандай кандуу иштер жасалганы, андан канча адамдар азап тартышканы система тарых тактысынан кулап түшкөнчө так айтылбай, жабылып-жашырылып турбадыбы.

Кыргызстанда советтик доордогу айдыңдардын алгачкы муунунун өкүлдөрүнүн кыйласы 1928-38-жылдары жок кылынган. Бай-манап тукуму, колунда бар кишинин уулу деп билимдүү мыктылардын көбү иштен айдалып, “эл душманы”, “буржуазиячыл-улутчул”, аты-жыты жок “социал-туран партиясынын мүчөсү”, “алаш-ордочул” жарлыгы тагылып, массалык түрдө атылып кетти.

Сатыбалды Нааматов мына ошол кандуу “тазалоого” туш келген таланттардын бири. Анын адабияттагы ийгиликтүү башталган аракетин кандай да болсо бууп ташташ амалында атаандаштары аны Касым Тыныстановдун идеялашы, жолун улоочусу катары айыптап, көркөм чыгармачылыктан четтетишкен. Табиятынан зирек, элинин сабатсыздыктан эртерээк арылышына кызыкдар талант балдар менен чоңдорго арнап окуулуктарды жазып, усулдук иштерге баш-оту менен киришет.

Бай-манаптар, бардар адамдардын балдары кодулана баштаган чакта жалаң эле Сатыбалды Нааматов көркөм чыгарма жазууну токтотпостон, аты чыгып калган акын Жума Жамгырчиев менен Бөрү Кененсариев да каламдан оолакташкан.

Чыгарманын көркөмдүк жагына көңүл бурулбай, жалаң идеологиялык кынтык издөө күчөйт. К. Тыныстанов, С. Карачев, К. Баялинов, Ж. Жамгырчиевдин чыгармалары бул кезде партиялык жыйындарга салынып, большевиктер партиясынын идеологиясына каршы экендиктери айтылып, авторлору куугунтукка алынган.

Ошентип, жаңыдан каз-каз туруп келаткан улут адабиятынын асманында кара булут айланып, адабият асылдык дүйнөсүнүн бир бутагы экени эске алынбай, партиялык иштин бир бөлүгү катары каралып, ал эми жазуучу-акындар большевиктердин идеологиялык жоокерлери деп эсептелген.

Ыбырайым Абдрахмановдун окуучусу

Сатыбалды Нааматов 1905-жылы Ат-Башы районундагы Балагазы (азыркы Жаңы-Күч) айылында төрөлгөн. Айрым изилдөөчүлөрдүн маалымдашынча, ал Ыбырайым Абдрахмановдон сабатын ачып, кийинчерээк орус-тузем мектебинен окуган.

Совет бийлиги орношуп калган чагында 1926-27-жылдары Алматыдагы Казак-кыргыз агартуу институтунда окуган. Студент кезинен адабий ишке аралашып, алгачкы аңгемелерин гезиттерге жарыялап, көркөм чыгармачылыкка кызыга баштаган.

Окууну бүтүп келгенден тарта басма иштеринде, агартуу комиссарлыгында усулчу, бир аз убакыт Кыргыз педагогикалык техникумда окутуучу болуп иштеген.

1937-жылы “эл душманы” катары камакка алынып, бир жылдан кийин атылган, сөөгү кайсы жерге жашырылганы белгисиз. Кийин 1957-жылы күнөөсү жоктугуна байланыштуу акталган.

Сатыбалды Нааматовдун балдар үчүн жазылган “Жөжөлөр. Молдо Сасык” ангемелер жыйнагы 1928-жылы жарык көргөн.

Мындан тышкары анын “Тынымкан”, “Ким жазыктуу” аңгемелери, “Барса келбес сапар” повести мезгилдүү басма сөзгө жарыяланган.

Анын чыгармачылыгынын алгачкы жылдарында азыноолок ыр, курбалдаштарынын жазгандары тууралуу сын пикирлер жарыя кылганы белгилүү.

Касым Тыныстановдун демилгеси менен жазылган “Академиялык кечелерге” Сатыбалды Нааматовдун 1916-жылкы Үркүн тууралуу жазган пьесасы кирген.

Адабий чыгармачылыктан четтегенден кийин Сатыбалды Нааматов 1930-жылдары кыйла убакты-саатын илимий-усулдук эмгектерди жазууга жумшаган. Анын балдар, чоңдор үчүн жазылган сабатсыздыкты жоюуга арналган эмгектери мына ушул жылдары жарык көргөн.

Сатыбалды Нааматовдун агартуу ишмердигин изилдеген академик Эсенбек Мамбетакуновдун айтуусунда, жазуучу-илимпоздун эмгектери ири нускада жарыкка чыгып, калкыбыздын сабатсыздыгын жоюуга чоң салым кошкон.

- Агартуунун башталышы, ошол иштин башында турган Ишенаалы Арабаев, Касым Тыныстанов, Токчоро Жолдошев, Алыйман Шабданов, Султан Курманов, Сатыбалды Нааматовдор болушкан. Сатыбалды Нааматов 1928-жылы Алматыдагы Агартуу институтун бүтүп келген. Ошондон 1937-жылга чейин “Чоңдор үчүн алиппеден” 7 китеп жазып чыгарган. “Балдар үчүн алиппе” 1930-жылдан 1934-жылга чейин 5 китеп, окуу китептери 1929-жылдан 1935-жылга чейин 12 китеп жазып чыгарган.

Методикалык китептери 1930 – 1935-жылдары 5 китеп, 1932-жылдан 1934-жылга чейин окуу программаларынан алтыны жазып чыгарган. 1926-жылдан башталып, бирок айрыкча кийинки 1935 –1937-жылдары 9 китеп которуп чыгарган. Журналдарда 1928-жылдан 1937-жылга чейин 11 макала жазган. Булар сабатсыздыкты жоюу, эне тилин окутуу, эне тилин окутуунун методикасы, политехникалык билим берүүнү ошол учурда биринчилерден болуп жазып чыккан.

1938-жылы 14-февралда атылган. Бул жөнүндө документи бар экен. Бирок кайсы жерде атылганы белгисиз.

Ага окуу китептерине Тыныстановдун идеяларын киргизип, балдар үчүн аңгемелер жазган экен. Ошолорго эскини көксөө деген айып коюшуп, институттан бошотушкан. Менде буйругу турат. Карасаев экөөнү бир бошотушкан. Тыныстановдун идеяларын окуу китептерде чагылдырганы үчүн кызматтан бошотулсун деген буйрук турат. Ошондон кийин Нааматов котормочулукка киришиптир.

Биздин туугандарыбыз айтат, Акматаалы Карыбеков деген токсонго чыгып каза болгон агабыз, ошол киши айтат, техникумда окуп жүрүп Нааматовго жолуккан экен. “Китеп жазып мынча акча алчу эмес элем, азыр котормого жакшы акча алып калдым” деген экен. Ал Горькийдин “Егор Булычев жана башкалар” пьесасын, Фурмановдун “Козголоң” романын, Шолоховдун “Тынч Донун”, Гоголдун “Текшерүүчүсүн” которгон экен.

Рекордчул автор

Жазуучу-публицист Ысмайыл Кадыровдун белгилешинче, С.Нааматов “1928-35-жылдары «Сабатсыздык жоюлсун» (чоңдор үчүн алиппе), «Кичинекей колхозчу» (балдар үчүн алиппе), «Окуу китеби» (2 бөлүктөн турат, 3 жолу басылган), «Сабаттуу колхозчу» (7 жолу басылган), «Тунгуч» (аялдар үчүн окуу китеби) ж.б. китептерди жазган. Бул окуу китептерине башка акын-жазуучулардын чыгармалары менен катар эле өзүнүн чыгармалары да кирген. С.Нааматов “Анык политехникелешкен мектеп үчүн күрөшүү”, “Тилибиздин методикасынан” (1932) деген кыргыз тили боюнча усулдук эмгектерди да жазган.

Ошол мезгилде элдин сабатсыздыгын жоюу, алиппени окутуу усулу боюнча көп эмгектенген. Бардыгы кыркка чукул китептин автору болгон. 1929-жылы кыргыз жазмасы араб алфавитинен латын алфавитине өтө баштаган. Демек, латын алфавити менен чыккан алгачкы китептерди жазган да ушул киши болгон. 1930-35-жылдардын аралыгында эле анын балдар үчүн 5, чоңдор үчүн 7 алиппеси жарык көргөн. Ошентип С.Нааматов алгачкы агартуучу, башкача айтканда, ошол кездеги мугалимдердин мугалими болгон”.

Ысмайыл Кадыров изилдөөчүлөргө Сатыбалды Нааматовдун 1928-1935-жылдардагы гана эмгектери белилүү экенин белгилеп, жети жыл ичинде ал кыркка жакын китеп даярдап, “ошол кездеги жазуучулардын, агартуучулардын ичинен эң көп эмгек, эң көп китеп чыгарып, рекорд койгон адам болгон. Ал окумуштуулук даража албай туруп эле угуттуу илимий иштерди жасаса болорун да далилдеди”, - дейт.

Авторду камакка алганда коопсуздук кызматкерлери алып кеткен илимий эмгектеринин дарек-дайыны жок.

Табылбаган кол жазма

Репрессия курмандыктарынын кол жазмалары менен китептерин өрттөп же аларды дайынсыз жок кылуу ал кездеги көнүмүш иш болгон. Кандуу жазалоонун желдеттери илимпоздордун эмгектеринин, кол жазмаларынын барк-баасын билишкен эмес.

Маселен, Кыргыз ССР илимдер академиясыын президенти Иса Ахунбаев 1957-жылы республикалык партиялык жетекчилерге Касым Тыныстановду актоо тууралуу кайрылганын Зияш Бектенов “Замандаштарым жөнүндө” эскерүү китебинде минтип жазганы бар:

“Касым камалганда, И.Батманов понятой болуп, Касымдын китептери менен кол жазмаларын органдын кишилери бир машинага толтура салып кеткен экен. Ошол бойдон Касымдын ал архибинен эч дайын жок. 1957-жылы бир күнү Ыйса Ахунбаев мени чакырганынан барсам, Касымды актатыш үчүн, Кыргызстан ЦКсынын бюросуна беш бет арыз жазган экен. Ыйса мага:

– Зияш, сен Касым менен көп жылы бирге иштешип калдың эле. Анын аткарган илимий иштерин сен жакшы билесиң. Ал жөнүндө менин жазган арызымды толуктачы, Касымды камаганда, үйүнөн алып кеткен кол жазмаларын органдын архибинен бир гана эмес, үч жолу издеттим, анын бир дагы барак кагазы табылган жок, – деди.

– Ыйса, сен Касымдын архибин органдардын архибинен убара болуп бекер издеткенсиң, анын архибин «төбөсү тешиктердин» үйүндөгү архибинен издетсең гана тапмаксың, – дедим мен Ыйсага.

Ыйса мени көпкө чейин тиктеп турду да, мага эч сөз айтып, жооп кайтарган жок. Ошентип, Ыйсага Касымдын мен билген илимий эмгектерин айтып берип, ал арызына толуктап жазып алган эле”.

Эшик суук, баткак болчу

Жалаң чыгармачылык иш менен алектенген Сатыбалды Нааматовдун камакка алынганга чейинки эки жыл бою эч нерсе жасабай кол куушуруп отуруп калышы мүмкүн эмес.

Философия илимдеринин кандидаты, белгилүү саясий ишмер Алмазбек Акматалиевдин айтуусунда, Сатыбалды Нааматов өтө зор иштерди аткарганы менен билинбей көмүскөдө калып кеткен улуу инсан.

- Көмүскөдө калган, билинбей, көкүрөгүн койгулабай, мактанбай эле өтө зор иштерди жасаган адамдардын тизмесине мен Сатыбалды Нааматовду киргизер элем. Бул киши чоң кызматтарда деле турбаптыр. Болгону азыркы педагогика институтунун башаты болуш керек, илим-изилдөө институтунун жетектөөчү илимий кызматкери болуп иштеген.

Сатыбалды Нааматов атындагы НМУнун эн белгиси.
Сатыбалды Нааматов атындагы НМУнун эн белгиси.

Нарын мамлекеттик университетине Нааматовдун атын берип аткан кезде санап көрдүк, жазган китептери ошол кезде 6 миллион нускада чыккан экен. Кээ бир алиппелери Ташкенден 1 миллион 200 миң нускада чыккан экен.

Элди агартыш керек, элге билим бериш керек деген ой менен ушул ишке аябай берилген адам болгон экен. Жапжаш бойдон кетип калган киши.

Бир топ кишини Касым Тыныстановго байлап, аны менен үзөнгүлөш, тобунда болгон деген шылтоо менен жок кылышкан. Касым өзү улуу инсан болгон үчүн жанында шакирттери көп.

Сатыбалды атабыздын кызы менен жолуккам. “Бир түндүн ичинде бизди квартирадан чыгарып, сандык, жүгүбүздү эшикке алып чыгып, үйдү кулптап, кагаз илип кетип калышты. Ошондо жамгыр жаап аткан. Эшик суук, баткак болчу деген.Ошентип көчөдө калганда ичим ушунчалык күйдү эле. Ушунчалык ыйлап, ушундай да болобу дедим эле. Ошол сезимди, көчөдө суукта жамгыр алдында калганыбызды мен өмүр бою жүрөгүмдө алып жүрдүм”, - деп айтты эле.

Элдин көбү билим баркын билбей турган чакта алыскы Ат-Башыдан Алматыга барып агартуу институтунан окуп келип, жазуучулукка кызыгып, бирок ал жактагы адабий чыгармачылыкка жолу буулгандан кийин алакан жайып отуруп калбай, илимий-усулдук иштерге киришип, котормочулукка өтүп, улам сыртка чыгарып койгон системадан үмүт үзбөй, адилеттик акыры орун аларына үмүт артып, 33 жашында атылып кеткенге чейин жаратмандык менен жашаган кыргыздын улуу инсанынын кызыктуу чыгармачылык өмүрүн сталиндик кандуу жазалоонун огу өчүрүп, анын кайсы жерге жашырылганы белгисиз, көп курмандыктардын бири катары унутта калтырылып келди.

С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети.
С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети.

Сатыбалды Нааматовдун аты Кыргызстан эгемендикке жетишкенден кийин гана ачык аталып, адабий чыгармалары бейкүнөө атылып кеткен алгачкы кыргыз совет жазуучуларынын катарында жакында өзүнчө китеп болуп чыкты.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" интернет-редактору, журналист, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG