Линктер

жекшемби, 27-май, 2018 Бишкек убактысы 21:55

Кыргыз Эл акыны Акбар Рыскуловдун быйыл жарык көргөн “Үмүт­-күдүк” аттуу жаңы китебин анын чыгармачылыгындагы бурулуш, жаңы этап деп тартынбай айтаар элем.

Акын - өз доорунун күзгүсү

Чыныгы акын бүтүндөй улуттун ички дүйнөсүн чагылдырып, доордун жарчысы, замандын бийик чыккан доошу катары саналат эмеспи. Маселен, Максим Горький орус коомунун XX кылымдын башындагы “бороон кабарчысы” катары адабият тарыхына кирсе, Владимир Маяковский азыркыга чейин Октябрь революциясынын жарчысы, советтик доордун адабияттагы эмблемасы катары кабыл алынып келатат.

Андай мисалдар биздин кыргыз адабиятында да бар. Совет өкмөтүнүн орношу, коллективизация жылдары Түгөлбай Сыдыкбековдун “Тоо арасында” романы баштаган бир катар чыгармаларында чагылдырылса, Экинчи Дүйнөлүк согуш жылдарындагы жана андан кийинки замандагы кыргыз элинин, дагы тактап айтсак, ар тарабынан жаңырган кыргыз элинин ойлогон ою менен тилеген тилегин биздин улуу акыныбыз Алыкул Осмонов чагылдырып кетти.

Ал эми Сүйүнбай Эралиев, Сооронбай Жусуев, Омор Султанов, Жолон Мамытов, Рамис Рыскулов сыяктуу акындар 70-80-жылдардагы “күмүш доордун” адабияттагы өкүлдөрү катары тарыхка киришти.

Суроо туулат: 80-жылдардын этегиндеги кризис, эгемендик доор, 90-жылдардын башындагы каатчылык, эл башынан өткөргөн социалдык жана руханий катаклизмдер кайсы акыныбыздын же жазуучубуздун чыгармачылыгында таасын көркөм-эстетикалык баасын алды? Эркиндик, эгемендик, өз алдынча мамлекеттүүлүк адабиятка таасир эттиби же жазуучуларыбыз менен акындарыбыз ошол тарыхый доордун поэтикалык сүрөтүн тартканга азыркыга чейин чабалдык кылуудабы? Бул чынында да оор суроолор жана буга жоопту дароо таба коюу же шашылыш бүтүм чыгаруу натуура болмок.

Акбар Рыскулов жана азыркы турмуш чындыгы

Менин оюмча, Кыргыз эл акыны Акбар Рыскуловдун быйыл жарык көргөн “Үмүт­-күдүк” аттуу жаңы китеби ушул суроолорго кайсы бир деңгээлде жооп тапкан сыяктуу.

Акбардын поэзиясына көптөн бери көз салып келаткан изилдөөчү катары мен ушул китепти анын чыгармачылыгындагы бурулуш, жаңы этап деп тартынбай айтаар элем. Анткени бул китеп – артыбызда калган 20-30 жыл ичиндеги биз санаган санаалар менен ойлогон ойлорду ортого салат; биз эңсеген тилектер менен аткарылбай калган үмүттөр да ушул китепте кандайдыр бир идеялык жактан актуалдашып, бирок токтоо, ошону менен бирге курч туюмдар, ачык боёктор, таамай акценттер аркылуу сөз болуптур.

Түн уйкумдан ойготту жамгыр мени,

Түн жамына айтылчу барбы кеби?

Жашын төгөт айнекке башын жөлөп,

Жамгыр ушу жаныма жан биргеби?

Тышка чыктым чүмкөнө чолок тонум,

Кышта жамгыр токтобой шолоктодуң.

Карды сенин көз жашың көзөп өттү -

Барбы сенин тапканың, жоготконуң?

“Кардын башын кар жутат” дейби жамгыр?

“Кандын башын кан жутат” дейби жамгыр?

Дейди ойлорду башымдан жууп-чайып,

Мейли кышты кыскартсаң, мейли, жамгыр!

Бул Акбар Рыскуловдун “Кышкы жамгыр” деген ыры. Терең ыр. Салабаттуу да, сабырдуу да ыр. Турмуштун ысыгы менен суугун баштан кечирип, тагдырдын нечен оомалуу-төкмөлүү ашууларынан, агымы катуу кечмелеринен өткөн ойчул инсандын жан сыры.

Ошону менен бирге бир эле адамдын жеке асирети же жан сыры эмес бул ыр. Бул бүтүндөй бир муунду түйшөлткөн ойлордун бир гана чети, акындын өз убагында, өз кыябында, таамай жана терең кылып кагазга түшүргөн руханий дүйнөсү. Дагы тактап айтсак, баарыбызды эртели-кеч түйшөлткөн күдүк ойлор менен жаркын үмүттөрдүн, өлкөбүздүн азыркысы менен келечеги тууралуу санаалар менен толгонуулардын ыр менен туюнтулган кардиограммасы.

Тагдыр мага табышмактуу көрүндү,

Оюм онго, санаам санга бөлүндү.

Ким тараткан үмүт менен күдүктү,

Ким жараткан өлүм менен өмүрдү?

Табышмактуу бир берилчү өмүрдү,

Талдайын деп кырк кабыргам сөгүлдү.

Ким калыптайт жыргал менен кууралды,

Ким аныктайт төрүң менен көрүңдү?, ж.б.

Бул саптар чоң акындын гана калеминен жарала турган саптар. Баса, чоң акын деп кимди айтабыз? Чоң акын деп турмуштун эзелтен келаткан ачуу чындыктарынан тайсалдабай жазган, өмүрдүн ачуусун да, таттуусун да тайманбай туруп ырга салган чеберди айтабыз.

Бул - орус адабиятында кадимки Пушкин менен Лермонтов түптөп кеткен салт. Бул салтты кыргыз адабиятында Токтогул менен Барпы, Жеңижок менен Молдо Кылыч, ал эми жаңы доордо Алыкул Осмонов менен Жоомарт Бөкөнбаев, Жусуп Турусбеков менен Аалы Токомбаев уланткан.

"Кыргызды кудай кыргыздан сакта, ичинен ирип бүлүнгөн..."

Акбар Рыскуловдун “Үмүт-күдүк” аттуу китеби, жогоруда айтылгандай, бүтүндөй бир доордо бизди тогуз толгонтуп, арыдан бери кетирген күдүк ойлор менен жаркын үмүттөрдүн, көкүрөктү зилдеткен атуулдук санаалар менен келечекке үмүт арттырган шоораттардын жана кыялдардын бул же тигил деңгээлде чагылдырылышы катары туюлат.

Китептин эң негизги сапаты - акындын поэтикалык интонациясынын табигыйлыгы, ойлорунун сабырдуулугу, чынчылдыгы, турмуштун улуу чындыктарына, трагикалык кубулуштарына токтоолук жана акылмандык менен таазим эткени болду.

Коомдогу кризис көп учурда адабиятка жаңы темалар менен идеяларды ыргытат эмеспи. Ал эми 80-жылдардын этегинде башталып, 90-жылдары эң жогорку чегине жеткен глобалдык кризис дале болсо биздин адабияттагы чоң полотного же поэтикалык ачылышка айлана элек. Маселен, көркөм прозада негизинен тарыхый тематика үстөмдүк кылып, ар кайсы өрөөндөн чыккан “баатырлар” маселеси дале болсо биздин белдүү деген прозаиктердин колун көптөн бери байлап келатат. Бирок нечен адамдардын тагдырын камырдай жуурган жылдар, социализмден капитализмге сүрдүктүргөн кыйчалыш замандар, доор алмашкан учурдагы кризис, үч уктаса түшкө кирбеген фактылар менен кубулуштар, бүтүндөй система алмашкан тарыхый жылдардын кенен панорамасы дале болсо тартыла элек.

Сыягы, Акбар Рыскуловдун “Үмүт-күдүк” аттуу жаңы китебин ушул ачыктан-ачык сезилип турган руханий боштукту же кенемтени кайсы бир деңгээлде толтурган саамалык, азыркы адабиятыбыздагы маанилүү табылга катары бааласак туура болчудай.

Кыргызды кудай кыргындан сакта,

Ош менен төштү тең бөлчү.

Төбөлдөр чапкан союлдан сакта,

Төбөңдү кандаар өңдөнчү.

Оргу да баргы сөзүңдөн сакта,

Оозу кыйшык байлардын,

Канталап күйгөн көзүнөн сакта,

Криминал деген айбандын.

Эриктүү заман тургузган чакта

Эмнеден элим түңүлгөн?

Кыргызды кудай кыргыздан сакта,

Ичинен ирип бүлүнгөн!

Акбар акындын үмүтү жана күдүгү...
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:07 0:00
Түз линк

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG