Линктер

ишемби, 16-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 01:57

1-октябрда “РухЭш” коомдук агартуу багытында иш жүргүзүп келаткан сайттын тушоо кесүү аземи өттү. Анда эки адамга Салижан Жигитов атындагы “Улут абийири”, Ишенбай Абдуразаков атындагы “Руханий эш” сыйлыгы ыйгарылды. Бул наамдар мындан кийин жыл сайын улуттук жана мамлекеттик кызыкчылыкты коргоп келаткан инсандарга берилери айтылды. Иш-чаранын максаты – улут абийири саналып, улутка руханий эш болуп келаткан прогрессчил көз караштагы күчтөрдү калыптандыруу.

Салижан Жигитов атындагы “Улут абийири” сыйлыгы Нарын Айыпка жалпы коомчулуктун мүдөөсүнө шайкеш багыттагы туруктуу позицияны карманып келгендиги үчүн ыйгарылды.

Аталган сыйлык кандай критерийдин негизинде тапшырылгандыгы туурасында «РухЭш» сайтынын «Чеч-Дөбө» кеңешинин мүчөсү, белгилүү журналист Аскер Сакыбаева мындай дейт:

- Негизи ички руху күчтүү, жеке ишенимин, тутунган позициясын бийлик да, байлык да сындыра албаган мындай адамдар бардык доордо болуп келген. Ар бир доордо, ар бир мамлекетте колдун беш манжасы менен гана санала турган Нарын агадай адамдар коомду өнүктүрүп, цивилизациянын өзөгүн түзүп турат. Бийлик алар менен кармашып, отко, сууга салганда да, алар өз позициясын саткан эмес. Демек, мындай адамдар өлүмдөн да коркпойт. Мындай адамдык принцип, позиция кийинки муун үчүн кандай мыкты сабак болуп жатканын азыр аңдоого албаганыбыз менен, кийин баары бир таасири тийбей койбойт. Бийлик адилетсиздик менен, күчкө салып сындырып жаткан адамды абийир, ар-намысы бар коомчулук баалап, бүгүнкүдөй сыйлап жатканы демек, коомчулуктун сергек чөйрөсүнөн Кыргызстан такыр куржалак калбаганын көрсөтүп турат.

Нарын Айыпка сыйлыкты Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев тапшырды.
Нарын Айыпка сыйлыкты Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев тапшырды.

Сакыбаева Нарын Айып “Азаттык” радиосунда иштеп турган кезде кандай милдет аткарганын, анын Кыргызстандагы адам укугу, сөз, ой эркиндиги сыяктуу фундаменталдуу укуктар үчүн талбай күрөшүп, өз ишенимин, көз карашын жана позициясынан тайбай келе жатканын белгилеп өттү.

Нарын Айып 1993-2007-жылдары "Азаттык" радиосунун Мюнхен, кийин Прагадагы иш кеңсесинде редактор, директордун орун басары кызматын аркалаган. Кийинки жылдары Кыргызстанда "Кабар" маалымат агенттигин, КТРКнын жаңылыктар бөлүмүн жетектеген.

Азыркы тапта "Заноза" интернет сайтынын уюштуруучусу, журналист Нарын Айыптын үстүнөн жүрүп жаткан сот иши соңуна чыга элек. Ага саясий кырдаал, кыргыз президенти тууралуу жазган макалаларынын негизинде райондук жана шаардык соттун чечими менен бардыгы тогуз миллион сом айып тагылган. Анын кесиптеши, "Заноза" интернет сайтынын уюштуруучусу Дина Масловага үч миллион, ал эми "Заноза" интернет сайтынын ээси "ПроМедиа" фондуна 15 миллион сом айып коюлган. Башкача айтканда, аларга коюлган айып пулдун жалпы суммасы 27 миллион сом.

"РухЭштин" мүдөөсү

Сайттын тушоосун экс-президент Роза Отунбаева кести. Экс-президент кыргыз коому акыркы чейрек кылымда рухий байлыкка муктаж болуп турганын ортого салды:

- Биз 1960-70-жылдары студент кезибизде китепти сөзсүз окушубуз керек болчу. “Бул ушуну билбейт, караңгы, баланчанын китебин окубаптыр” деген атка калбайын деп америкалык авторлордун китептерин окудук. Мен бүгүн каалайт элем, эгер ким “РухЭш” сайтын окубаган, көрбөгөн киши болсо уят катары кабыл алынышы керек.

"РухЭш" сайтынын тушоо кесүү аземинде алгачкы сөздү экс-президент Роза Отунбаева алды.
"РухЭш" сайтынын тушоо кесүү аземинде алгачкы сөздү экс-президент Роза Отунбаева алды.

Отунбаева аталган сайттын балдар адабиятына да салым кошуп жатканы рухий дөөлөттөргө муктаж болуп турган бүгүнкү коомго зарыл экенин белгиледи.

Публицист Эсенбай Нурушев сайтта жарыяланып жаткан көркөм чыгармаларга, өткөрүлүп жаткан сынактарга жогору баа берди:

- Биринчи конкурс аялзатын барктоодон башталды. Аялдарга биздин кыргыздардын мамилеси кандай экенин билесиңер да. Ушул кезге чейин аялды сыйлаганды билбейбиз. Бул сайттын баштаган кадамы аябай туура болду. Андан кийин уюшулган котормолор сынагын да азыркы адабият талап кылып турган. Эми буюрса адабий сынчыларды козгойлу деген зор үмүт, тилек бар. Азыр сынчылар көрүнгөндүн тоюна барып сүйлөп коюп эле иш кылып жүрөбүз. Адабиятчылар андан бетер. Ушулардын да бир намысын козгой турган учур келди.

Иш-чарада адабиятчылар “Көркөм адабияттын ролу учурда кандай абалда?” деген темада баяндама жасады. Андан кийин таланттуу жазуучу Топчугүл Шайдуллаеванын “Кызыл өрүк” чыгармалар жыйнагынын, Роза Айтматова менен Асан Ахматов биргелешип жазган Чыңгыз Айтматовду эскерүү китебинин бет ачары өттү.

Филология илимдеринин кандидаты, адабият күйөрманы Ризван Исмаилова учурда мындай иш-чаралар адабияттын өнүгүшүнө жакшы таасир берет деген пикирде:

- Эгемендик жылдарынан бери жазуучулардын чыгармачылыгы тууралуу ой айткан, сындаган эч ким, эч бир уюм болбой келди. Чындап эле бул сайттын тегерегинде болуп жаткан адабий кыймылды биздин улуттук адабият үчүн жаңылык катары карасак болот. Анан калса азыркы мезгил жаңы технологиялардын заманы. Сайттын ачылышы азыркы заманга үндөшүп турат.

Коомду агартуу багытында канат жайып келаткан “РухЭш” сайтын бир жыл мурда жазуучу Олжобай Шакир өз демилгеси менен түптөгөн. Учурда анын беш миңден ашуун окурманы бар. Сайттын негиздөөчүсү кыргыз жазуучуларынын көпчүлүгү жаңы технологияга ыңгайлашпай, чыгармаларын интернет аркылуу окурмандарга жеткирүү ыкмаларын өздөштүрбөй жатканына кейиди:

- Коомдун алдыңкы өкүлү делген акын-жазуучулар бүгүнкү күндө интернет менен, компьютер менен иши жок болуп турганы кабырганы кайыштырат да. Булардын көпчүлүгү совет мамлекети учурундагы жашоо образы менен калып калды. Чыгармаларын сурасаң эле “меники кол жазма бойдон же машинкага терип койдум эле” дегенди угасың. Биздин коомдун алдыңкы өкүлдөрүнүн элдин көкүрөгүнө жарык бере албай жатканын бир кесепети ушул болуп жатат да. Чыгармалары элге жетпесе, баягы эски заман менен калса...

Олжобай бул сайт коомчулуктун колдоосу менен жалаң гана көркөм дөөлөттөрдү жайылтуу багытында кызмат кыларын белгиледи.

“РухЭш” сайты мындан сырткары география илиминин доктору, профессор Эмил Шүкүровго Ишенбай Абдразаков атындагы “Руханий эш” сыйлыгын ыйгарды. Сайттын бул наамдары мындан кийин улуттук жана мамлекеттик кызыкчылыкты коргоп келаткан инсандарга эки жылда бир жолу берилип турат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору.   

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG