Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:51

Жеңишбек Эдигеев: Ар бир ата китепке татыктуу


Сүрөт Фейсбуктан алынды
Сүрөт Фейсбуктан алынды

Китепкөйлөр арасында белгилүү журналист Жеңишбек Эдигеевдин “Дайралар артка агышпайт” китеби кызуу талкууга алынып, кызыгуу жаратууда. Китепте автор караниет адамдын колунан ажал тапкан атасы тууралуу кеп кылат. Чарбанын мыкты жетекчисинин киши колдуу болушу учурунда айтылбай, эки жашар кезинде атасынан ажыраган баланын кусасы чыгарманын сюжеттик өзөгүн түзөт.

“Азаттык”: Сиздин “Дайралар артка агышпайт” деген китебиңиз кандай жазылып калганы көпчүлүктүн көз алдында өттү. Себеп дегенде, социалдык тармакта бул китептин жаралышы тууралуу бир жыл бою жарыялап келдиңиз. Бул китептин жазылышына, жаралышына кандай себеп болду? Бул атага тургузулган сөздөн эстелик да. Ушул ишке кандайча киришип калдыңыз?

Көкүрөктү тырмаган дагы бир нерсе – кадырлуу адамдардын баары эле китеп болуш керекпи деген суроо турду. Себеби бизде айылда, райондо, облуста кадырлуу адамдар аябай көп. Алардын ар бирине эле бирден китеп арнай бериш керекпи дегенди мен да ойлондум.

Эдигеев: Социалдык тармак демекчи, кепти ошондон баштайын. Мен өзүмчө бир ыкма колдондум десем да болот, анын үстүнө замандын шары менен да болуп калды окшойт.

Бул китепти үзүк-үзүк кылып, кыска-кыска кылып гезиттерге, социалдык тармактарга бере баштагам. Мендеги негизги маселе – атам тууралуу китеп жазышым керек эле. Анан кантип деген суроо чыкты, бардык окурман окуй турган китеп жазылышын ойлоно баштадым. Муну мен адабияттын озуйпасы аркылуу карагым келди. Жеке өзүмдүн тагдырымды айтсам дагы адабияттын бир тепкичине көтөрүү аркылуу карап көрөйүнчү деген маселе болду. Ошентип кыска-кыска үзүндүлөрдү бере баштадым.

Буга чейин иштеп келген “Асаба”, “Агым” гезитиндеги айрым ыкмаларды бул жерде деле колдондум окшойт. Ата жөнүндө жазылып жаткандан кийин ыксыз тапандануу эмес, эң жөнөкөй, жасалмасыз баяндоо маселеси чыкты. Анан кантип кызык кылуу, баарысы окуй турган китеп жазуу милдети турду. Үзүндүлөр чыга баштагандан кийин мен тааныган-тааныбаган окурмандардан жакшы тилектерди, каалоо-пикирлерди уга баштадым. “Так эле менин тагдырым экен, мен өткөргөн күн турбайбы” дегендер болдум. Ошондо ойлоп аткан нерсем ишке аша баштаганын ойлодум. Ошону менен жазууну уланта бердим.

Атам кесиби боюнча ветврач, биздин райондогу кадырлуу адамдардын бири болгон. Жакшы башкаруучу, колхоз башкармасы болгон. Көкүрөктү тырмаган дагы бир нерсе – кадырлуу адамдардын баары эле китеп болуш керекпи деген суроо турду. Себеби бизде айылда, райондо, облуста кадырлуу адамдар аябай көп. Алардын ар бирине эле бирден китеп арнай бериш керекпи дегенди мен да ойлондум. Ар бир ата китепке татыктуу. Ушул нерседен мен кыйгап өтүшүм керек болду. Бул нерсени ошол тагдырга жууруп, жалпы тагдырга айлантып, аны жалпы адамзаттын кайгысына да, кубанычына да аралаштырып, ошолор менен бирге жазсам деп ойлодум. Ошентип китепти баштадым.

Жеңишбек Эдигеев жана "Азаттыктын" баяндамачысы Бекташ Шамшиев
Жеңишбек Эдигеев жана "Азаттыктын" баяндамачысы Бекташ Шамшиев

Анан менин алдымда кол созсом оңой менен жетпечүдөй болгон үч оордук турду. Анын биринчиси менин атамды көрбөй калышым, атам мен эки жашымда каза болгону. Таптакыр элеси калбай калганы, таптакыр көрбөгөн атаны кандай жазыш керек деген суроо турду. Экинчиси – ар бир иштин жасалар, чыга турган убакты-сааты болот экен. Мен муну колума калам алгандан тарта, мындан 20 жылдай мурда баштасам болмок экен. Бирок мен анда буга даай алган жокмун, сааты чыкпай жүрдү. Муну айтып атышымдын себеби – бул китепти жазууга жок эле дегенде 10-15 жыл кечигип калдым.

“Атаң өлсө өлсүн, атаңды көргөн өлбөсүн” деп менин ушул чакан айылымда мындан беш жыл мурда сакалын жайкалткан керемет адамдар бар эле. Мен ошол адамдардан кечиктим. Алардын ар бири мен үчүн казына болмок. Мен издеген кепти улап алар көп нерселерди айтып беришмек. Себеби алар атамды көрүшкөн болчу. Атам менен ийиндешип иштешкен адамдар эле. Былтыр ушул китепти баштаган маалда эстеп көрсөм ошол адамдардын дээрлик баарынын көзү өтүп кетиптир. Аябай суюлуптур.

Экинчи маселе - кимден келип жыйнаш керек деген суроо чыкты. Үчүнчү маселе - менин айылымда, болбосо Кыргызстанда эмес, чет өлкөдө туруп калышым. Чет жерден бул жакка аз эле убакытка келип атабыз. Мага убакыт аз болду. Материал жыйнаганга кенен шарт болбой, иштин 80% алыстан туруп жасоого туура келди. Телефон аркылуу сүйлөшүп же кат аркылуу жазышып турдук. Алыстык колду байлаган үчүнчү тоскоол болду. Бирок көкүрөккө жакшы ишти түйсөң, ал сөзсүз аткарылат экен. Ушул үчөөнөн тең жол таптым.

“Азаттык”: Ата, атага болгон куса жалгыз эле сенин башыңан өткөн иш эмес. Көтөрүлүп аткан бул проблема адамзаттык жалпы проблемага айланып кетет. Атага деген кусалык, атага деген баланын эңсөөсү сагынычы. Китеп чыгып-чыкпай эле өз ордун таап алды. Заман шарты менен сенин китебиң кандай жазылып атканы, эмне жазылып жатканы болочок окурмандарга алдын ала эле дайын болуп калды. Бул азыркы адабияттын бир өзгөчөлүгү болуп калды окшойт?

"Айтматов болгон теманын баарын жазып салды, бизге эч нерсе калтырбады" деп, кийинки жазуучуларыбыз айтып калышат го тамшанып. Тема эзели түгөнгөн эмес, түгөнбөйт дагы. Бул кылымда да, кийинки кылымда деле адамзаттын маселеси түгөнбөшү керек.

Эдигеев: Туура айтасыз, бул кайсыдыр бир ыкма. Адабият тууралуу айтсам, биздин кылымда ар бир жазуучу кичине бир өзгөчөлөнгөн олуттуу нерсе жаза алам, кантип ушул адабияттан ордумду таба алам деген ойдо жүрөт.

Ортодон дагы бир суроо туулат. Ушу тапта адабият өзү миссиясын аткарып бүттүбү деген. Менимче, андай эмес, адабияттын миссиясы түгөнбөйт. Буга чейинки доорду айтыш. Маселен, ошол эле Чыңгыз абабызды айтып жүрүшпөйбү. "Айтматов болгон теманын баарын жазып салды, бизге эч нерсе калтырбады" деп, кийинки жазуучуларыбыз айтып калышат го тамшанып. Тема эзели түгөнгөн эмес, түгөнбөйт дагы. Бул кылымда да, кийинки кылымда деле адамзаттын маселеси түгөнбөшү керек.

Автордун дүйнөсү каза берсе түгөнбөчү нерсе, ошон үчүн тема бүтпөйт. Анын ыкмасы да бүтпөйт. Туура, ошол эле Чыңгыз абабыздын аталары репрессияга туш болушуп, мурдагы тарых менен ал өзүнчө тагдыр болду. Кийин, биздин ата-энебиз, 70-жылдардагылар кандай болду? Бул совет доорунун гүлдөп турган учуру болчу.

Ошол СССР деген даңазанын алдында совет эли деген бар эле. Анда деле көрө албастык, ичи тардык жоголуп кеткен эмес. СССР тушунда да ушулар кайнап турган. Алар адамдардын тагдырына, өзгөчө элдин башындагыларга таасир этип келген. Ошол билинип-билинбеген СССРдин каргашалары, мисалы, ошол эле Султан Ибраимов, советтик гүлдөгөн доордо кандайдыр бир себеп менен каза болгон. Ушул сыяктуу эле Уркуя Салиева апабыздын тагдырын алсак. Совет доору жаңыдан башталып келаткан учурга туш келген тагдыр го.

Менин атам да совет доорунда, баары тең, жаман иштер болбойт деген учурда жаман иштин айынан, көрө албастыктын айынан болгон окуя эле. Ошол себептүү менин атам колхоз иши деп чуркап жүрүп курман болгондордун бири болгон. Атама иш убагында, отурган жеринде, терезеден мылтык сунулуп атылган болчу. Бул совет доорунун жагымсыз, ташбоор маселелеринин бири болгон.

“Азаттык”: Эми андай окуялар болгон эмес деп айта албайбыз, болгон. Албетте, андай иштер убагында айтылбай, көбү жабылып, басылып калган. Анан эми ошону кайра ачып, аларды жок дегенде абийир сотуна коюш керек го. Кылмышты жасаган кишилер жазасын алды. Бирок ошол кылмышка баргандын жанында туруп көрсө көрмөксөн, билсе билмексен болгон кишилер болгон. Ошолор абийир сотуна коюлуп атат. Себеби тарыхта болгон ар бир окуя изсиз калбайт. Сиздин китебиңизди окуп алып, андан окшош тагдырды таап, ошондогу арыз-арманын, кайгы-касиретин көргөндөр да аябай көп болбодубу. Аны социалдык тармактардан биз да окуп аттык.

Адабияттын кызыгы ушунда, жеке турмуш аркылуу жалпынын, жеке тагдыр аркылуу башкалардын тагдыры-ташпишин көрсөтүү – ошондо гана адабият болот да. Китептин жаралышына, каламыңыздын элпек шилтенишине сиздин социалдык тармактагы маанай да кайсы бир деңгээлде таасир эткен болуш керек. Социалдык тармак адабияттын жаңы түрүнүн жаралышына таасир тийгизип жатат. Жалаң ушул социалдык тармакта жазып, ошону китеп кылып чыгаргандар чыгууда. Мына сиз китепти жазып, айтчу сөздү айттыңыз. Эми алдыда кандай ой-максаттар бар?

Кыргыздар өзгөчө калкпыз деп айтабыз го. Бирок чынында эле бизди кармап турган нерсе - биздин туугандашып жашообуз. Элди эл кылып турган нерсе ушул, ал баарыбызды тагдырлаш кылып, биримдиктүү кылып турат экен. Биз биримдиктүү болушубуз керек.

Эдигеев: Ошол социалдык тармактагылар, элдин айтканы мага чоң түрткү берди. Менин мурдатан ойлоп жүргөн көп ойлорум бар. Азыр идея көп, кеп аны кантип турмушка ашырууда.

Мага өзгөчө таасир берген эки нерсе бар. Биринчиси, чет жерде жашап атканым. Эки бөлөк континент адамдарына аралашып жүргөнүм мага бөтөнчө сабак да, таасир да болуп атат. Акыркы он жыл ичиндеги чогулткан ойлорум бар. Буюрса жакшы иш айтылбай аткарылышы керек демекчи, жакынкыларын сиздерге алып чыгам деген ойдомун.

Сыртта демекчи, көп нерсе даана көрүнөт экен. Коомдогу өзгөрүүлөр мисалы. Ар бир жолу Женевадан Кыргызстанга келишим өмүрүмдөгү чоң бурулуш сыяктуу сезилет. Бишкектин өзгөрүшү, айылга бараткан жолдордун улам жаңыланып, айыл турмушунун өзгөрүп атышы таасир этпей койбойт. Ушул нерсеге кубанып, көз толуп атат. Кыргыздар өзгөчө калкпыз деп айтабыз го. Бирок чынында эле бизди кармап турган нерсе - биздин туугандашып жашообуз. Элди эл кылып турган нерсе ушул, ал баарыбызды тагдырлаш кылып, биримдиктүү кылып турат экен. Биз биримдиктүү болушубуз керек.

“Азаттык”: Жеңиш мырза, ишиңизге ийгилик каалайбыз!

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG